Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө көңүл бургула!
    Күзөт мунарасы—2000 | апрель 1
    • 5. Ыйсанын кубулуусун өз сөзүң менен кантип сүрөттөөр элең?

      5 Анын кубулуусунда пайгамбарлык маани камтылган. «Адам Уулу Өз Атасынын даңкында, Өз периштелери менен келет... Чынын айтып жатам: мында тургандардан кайсы бирөөлөр, Адам Уулу Өз Падышалыгында келе жатканын көргөнгө чейин, өлүмдүн даамын татыбайт»,— дейт Ыйса (Матфей 16:27, 28). Ыйсанын «Өз Падышалыгында келгенин» расулдарынын кээ бири чын эле көрдү беле? Матфей 17:1—7-аяттарда мындай деп айтылат: «Арадан алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Пётрду, Жакыпты жана анын бир тууганы Иоаннды алды да, алар менен бийик тоого чыкты жана алардын алдында башка түр алып, өзгөрдү». Бул ушундай бир таасирдүү окуя болгон! «Анын жүзү күндөй жаркырады, Анын кийимдери болсо нур сыяктуу агарды. Жана мына, Муса менен Илия пайда болуп, Аны менен маектешти». Анан тегерегин «жарык булут каптап», аларга: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, мен Ага ыраазымын; Аны уккула»,— деген Кудайдын өзүнүн үнү угулат. «Шакирттер муну угуп, чочуп кетишти да жүзтөмөндөп жыгылышты. Бирок Ыйса жакын келип, аларга кол тийгизди да: „Тургула, коркпогула“,— деди».

  • Кудайдын пайгамбарлык сөзүнө көңүл бургула!
    Күзөт мунарасы—2000 | апрель 1
    • 7. Пётрдун кубулууну эсине бек тутуп калганын биз эмнеден улам белебиз?

      7 Ыйсанын кубулуусу анын жолдоочуларынын жыйналышында башкы роль ойногон үч расулдун ишениминин бекемделишине өбөлгө болгон. Ыйсанын бетинин жаркырашы, кийиминин нурланышы жана Кудайдын өз үнү менен Ыйса жөнүндө «Менин сүйүктүү Уулум, аны уккула» деши — мына ушулардын баары ошол расулдардын ишенимин курчутуу максатында көрсөтүлгөн. А бирок алар көргөндөрүн Ыйсанын тирилгенине чейин эч кимге айтпоого тийиш эле. Арадан 32 жылча өтсө да, ошол көргөнү Пётрдун эси-көөнүндө тунук бойдон сакталып турган. Көрүнүштүн маанилүүлүгүн айткысы келип, ал мындай деп жазат: «Теңирибиз, Ыйса Христостун кудуретин жана келишин арам ойлуу тамсилдер менен жарыялаган эмеспиз, бирок Анын шаңдуулугун өз көзүбүз менен көргөнбүз. Себеби Ал, Кудай Атадан чоң маанилүү атактан бир үн жеткенде, абийир жана даңк алды. Ал үн мындай эле: „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын“. Асмандан чыккан бул үндү биз, Аны менен бирге ыйык тоодо болгонубузда уктук» (2 Пётр 1:16—18).

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү