-
Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?Күзөт мунарасы—1999 | октябрь 1
-
-
3, 4. а) Иегова бизден азыркы күндө, негизинен, эмнелерди талап кылат? б) Эмне үчүн биз Ыйсанын «изи менен... жүрүүбүз» керек?
3 Ыйсанын жердеги кызматынын акыркы жылы расулдары Пётр, Жакып жана Иоанн аны менен бийик тоого, кыязы, Ермон тоосунун чокусуна чыгышат. Ал жактан аларга Ыйсанын кереметтүү даңкы алдын ала көрсөтүлгөн жана алар Кудайдын: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен ага ыраазымын; Аны уккула»,— деген үнүн угушкан (Матфей 17:1—5). Негизи, Иегова бизден мына ошону — Уулунун айткандарын угуп, андан үлгү алып, окутууларын үйрөнүшүбүздү — талап кылат (Матфей 16:24). Ошондуктан расул Пётр: «Христос да биз үчүн азап тартып, биз Анын изи менен ээрчип жүрүүбүз үчүн, бизге үлгү калтырды»,— деп жазган (1 Пётр 2:21).
-
-
Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?Күзөт мунарасы—1999 | октябрь 1
-
-
5. Ыйсанын жолдоочулары кайсы мыйзамга баш иет жана ал мыйзам качан күчүнө кирген?
5 Ыйсанын айткандарын угууга жана андан үлгү алууга эмнелер кирет? Антүү кандайдыр бир мыйзамга баш ийүү дегенди билдиреби? Павел: «Өзүм мыйзам алдында болбосом да...» — деп жазган. Бул сөздөрү менен ал өзүнүн «Байыркы Осуяттын» — израиль уулдары менен түзүлгөн Мыйзам келишиминин — алдында эмес экенин айткысы келген. А бирок Павел «Христостун мыйзамы астында» экенин билдирген (1 Коринфтиктер 9:20, 21; 2 Коринфтиктер 3:14). Мыйзам келишиминин аякташы менен «жаңы келишим» аркылуу «Христостун мыйзамы» күчүнө кирген, мына ушу мыйзамга Иегованын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын баары баш ийүүгө тийиш (Лука 22:20; Галатиялыктар 6:2; Еврейлер 8:7—13).
-