Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 60-бөл. 144-б.—145-б. 7-абз.
  • Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Машайыктын Падышалык даңкынын көрүнүшү
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Ыйса Падышалык даңкында келгенде
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1997
  • Илияга окшоп, силер ишенимдүү болосуңарбы?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
  • Ал Кудайдын жардамы менен кайраттанган
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 60-бөл. 144-б.—145-б. 7-абз.
Петирдин, Жакыптын, Жакандын көз алдында Иса Машаяктын көрүнүшү өзгөрөт; Муса менен Илияс пайгамбарлар көрүнөт

60-БӨЛҮМ

Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү

МАТАЙ 16:28—17:13; МАРК 9:1—13; ЛУКА 9:27—36

  • МАШАЯКТЫН КӨРҮНҮШҮНҮН ӨЗГӨРҮШҮ

  • ЭЛЧИЛЕР КУДАЙДЫН ҮНҮН УГУШАТ

Иса пайгамбар элди Хермон тоосунан 25 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Филип Кесариясында окутуп жатканда элчилерин таң калтырган сөздөрдү айтат. Ал: «Ишенип койгула, бул жерде тургандардын айрымдары адам Уулунун падыша катары келатканын көрмөйүнчө өлүшпөйт»,— дейт (Матай 16:28).

Шакирттер мунун мааниси жөнүндө ойлонушса керек. Бир жумадай өткөндөн кийин Устаты Петирди, Жакыпты, Жаканды алып, бийик тоого чыгат. Үчөөнү уйку басканына караганда, түн ортосу болсо керек. Машаяк тиленип жатканда, элчилердин көз алдында анын көрүнүшү өзгөрөт. Анын жүзү күндөй, кийими көз уялткыдай жаркырап, аппак болуп калат.

Анан бир маалда шакирттер Муса менен Илияс пайгамбарлардын пайда болгонун көрүшөт. Пайгамбарлар Иса Машаяк менен анын «дүйнөдөн кетүүсү, башкача айтканда, Иерусалимде боло турган окуялар тууралуу сүйлөшүшөт» (Лука 9:30, 31). Машаяктын дүйнөдөн кете турганы анын өлүп, кайра тирилерин билдирген көрүнөт. Ал өзү да шакирттерине ушул тууралуу айткан болчу (Матай 16:21). Алардын сүйлөшкөнү Петирдин Мырзасына мурунураак айткан сөздөрүнөн таптакыр айырмаланган, анткени Машаяк кордук көрүп өлүшү керек эле.

Көздөрү умачтай ачыла түшкөн үч элчи таң калып туруп калат. Көрүнүш чынында болуп жаткандай сезилгендиктен, элчи Петир кошо аралашып: «Устат, бул жер бизге абдан жакты. Ушул жерге үч алачык жасайлы: бири сага, бири Мусага, бири Илияска болсун»,— дейт (Марк 9:5). Элчи Петир көрүнүштүн андан ары да уланышын каалагандыктан ушинтип айткан көрүнөт.

Петир сөзүн аяктай электе эле, аларды жаркыраган булут каптап, булут ичинен: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула»,— деген үн угулат. Шакирттер катуу коркуп, жүзтөмөндөп жыгылышат. Ошондо Мырзасы: «Тургула, коркпогула»,— дейт (Матай 17:5—7). Башын көтөрүп өйдө болушса, Устатынан башка эч ким жок экен. Ошентип, көрүнүш соңуна чыгат. Күн чыкканда, Иса пайгамбар шакирттери менен тоодон түшөт. Жолдон аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көрүнүш жөнүндө эч кимге айтпагыла»,— деп буйруйт (Матай 17:9).

Шакирттер көрүнүштө Илияс пайгамбардын пайда болгонуна таң калып: «Эмне үчүн китепчилер: „Адегенде Илияс келиши керек“,— деп айтышат?» — деп сурашат. Иса пайгамбар: «Туура, Илияс келип, бардыгын калыбына келтирет. Силерге айтып коёюн, Илияс келген, бирок алар аны таанышкан жок»,— деп жооп берет (Матай 17:10—12). Ал кызматы Илияс пайгамбардыкына окшош болгон Чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жаткан эле. Илияс пайгамбар Элиша пайгамбарга жол даярдагандай эле, Чөмүлдүрүүчү Жакан да Машаякка жол даярдаган.

Бул көрүнүш Иса Машаякка да күч-кубат берип, элчилеринин да ишенимин бекемдегени шексиз. Шакирттер Машаяктын даңкка бөлөнүп, падышалык бийликке ээ болорун элестете алышкан. Ооба, алар, Мырзасы убада кылгандай эле, «адам Уулунун падыша катары келатканын көрүшкөн» (Матай 16:28). Тоодон алар «анын улуулугуна» күбө болушкан. Фарисейлер Машаяктан Кудай тандаган Падыша экенин далилдеш үчүн жышаан көрсөтүшүн талап кылганда, ал баш тарткан болчу. Бирок Падыша болорун далилдеген көрүнүштү өзүнө жакын шакирттерине гана көрсөткөн. Ал көрүнүш пайгамбарлардын Падышалык жөнүндө айткандары сөзсүз аткарыларын тастыктап турган. Ошондуктан элчи Петир: «Биз пайгамбарлык сөзгө мурдагыдан да көбүрөөк ишенебиз»,— деп жазган (2 Петир 1:16—19).

  • Айрымдар кандайча көзүнүн тирүүсүндө эле Машаяктын Падыша катары келатканын көрүшкөн?

  • Көрүнүштө Муса жана Илияс пайгамбарлар Иса Машаяк менен эмне жөнүндө сүйлөшүшкөн?

  • Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшү анын жолдоочуларынын ишенимин кандайча бекемдейт?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү