Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»
    «Менин жолдоочум бол»
    • 9 Бир жолу салык жыйноочулар Петирден: «Устатыңар ибадаткана салыгын төлөйбү?» — деп сурашканда, ал ойлонбой туруп эле: «Ооба»,— деп жооп бергенc. Анан Иса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Симон, жердеги падышалар киши башына төлөнчү салыкты же алымды кимден алышат? Өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» — деп сурайт. Петир: «Бөтөн кишилерден»,— деп жооп берет. Иса ага: «Демек, уулдары салык төлөбөйт турбайбы»,— деп айтат (Матай 17:24—27). Петирдин Исанын айтайын деген оюн түшүнгөнү шексиз, анткени падышанын үйүндөгүлөрү салык төлөчү эмес. Ал эми Иса асмандагы Падышанын сүйүктүү уулу болгондуктан жана адамдар ибадатканага келип анын Атасына сыйынгандыктан салык төлөөгө тийиш эмес болчу. Иса Петирге дароо эле ток этер жерин айтып коё алмак, бирок сылыктык менен суроолорду берип, ага туура жыйынтык чыгарууга жана жооп берерден мурун жакшылап ойлонуу керектигин түшүнүүгө жардам берген.

  • «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»
    «Менин жолдоочум бол»
    • c Жүйүттөр жыл сайын ибадатканага эки күндүк айлык акыны түзгөн эки драхма төлөшчү. Бир эмгекте: «Ал салык күн сайын элдин күнөөсү үчүн чалынган бүтүндөй өрттөлүүчү жана башка курмандыктарга кеткен чыгымдарды жабууга жумшалчу»,— делет.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү