Окурмандардын суроолору
Иса Машаяк 12 элчисин кабар айтууга жибергенде аларга таяк алышы жана сандал кийиши керектигин айтты беле?
Айрымдар үч Инжилде камтылган Исанын өз элчилерин кабар айтууга жибергени туурасындагы билдирүүлөр бири-бирине карама-каршы келет деп ырасташат. Бирок аларды салыштыруу менен биз кызыктуу тыянакка келебиз. Алгач Марк менен Луканын жазгандарын салыштырып көрөлү. Марктын билдирүүсүндө: «[Иса] жолго таяктан башка эч нерсе: нан да, азык салынган баштык да, акча да, эки ички кийим да албоону жана сандалдарын кийүүнү буйруду»,— делет (Мр. 6:7—9). Ал эми Лука: «Жолго эч нерсе: таяк да, азык салынган баштык да, нан да, күмүш акча да, эки сыйра ички кийим да албагыла»,— деп жазган (Лк. 9:1—3). Адеп караганда, бул жерде карама-каршылык бардай сезилет. Марктын билдирүүсүндө элчилерге таяк алышы жана сандал кийиши керектиги айтылса, Луканын билдирүүсүндө эч нерсе, атүгүл таяк да албашы керектиги айтылган. Мындан сырткары, Марктан айырмаланып, Лука сандал жөнүндө эч нерсе деген эмес.
Ошол окуяда Исанын кандай ойду айткысы келгенин түшүнүү үчүн үч Инжилде тең кездешкен сөз айкашына токтололу. Жогоруда айтылган жана Матай 10:5—10-аяттардагы билдирүүлөрдө элчилерге «эки ички кийим» кийбеши же жанына албашы керектиги айтылган. Сыягы, ар бир элчи бирден ички кийим кийип жүргөн. Ошондуктан алар жолго кошумча кийим албашы керек болчу. Ошо сыяктуу эле, алар сандал кийип жүрүшкөн. Марк алардын «сандалдарын кийиши», тагыраак айтканда, кошумча сандалдарды албашы керектигин баса белгилеген. Ал эми таяк жөнүндө эмне айтууга болот? «Жүйүт энциклопедиясында»: «Байыркы эврейлерде таяк алып жүрүү жалпыда кабыл алынган салттардын бири болгон көрүнөт»,— деп жазылган (Башт. 32:10). Марк элчилердин жолго Иса көрсөтмө берип жатканда жанында болгон «таяктан башка эч нерсе... албашы» керектигин айткан. Демек, Инжилдин жазуучулары Исанын өзүнүн шакирттерине кошумча бир нерсе алуу үчүн жолго чыгууну создуктурбоону буйруганын баса белгилешкен.
Бул ойду ошондо Исанын буйругун уккан жана ал жөнүндө жазган Матай да баса белгилеген. Иса мындай деген: «Жолго деп бел капчыгыңарга алтын, күмүш же жез тыйын салбагыла. Ошондой эле азык салынган баштыгыңарды, эки ички кийим, кошумча сандал же таяк албагыла, себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу» (Мт. 10:9, 10). Ал эми элчилердин бутундагы сандалдары жана колундагы таяктары жөнүндө эмне айтууга болот? Иса аларда бар нерселерди ыргытып жиберүү керектигин эмес, андай нерселерди албоо керектигин айткан. Ал эмне үчүн ошондой көрсөтмө берген? «Себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу». Исанын Тоодогу насаатындагы: «Эмне жеп, эмне ичериңерди... жана эмне киериңерди ойлоп... тынчсызданбагыла»,— деген чакырыгына шайкеш келген ушул ой анын жогорудагы көрсөтмөсүнүн өзөгүн түзгөн (Мт. 6:25—32).
Инжилдеги билдирүүлөр бир караганда бири-бирине карама-каршы келгендей сезилсе да, алардын баарында бир ой камтылат. Элчилер кошумча бир нерселерди алат элек деп алаксыбай, ошол учурда эмнеси болсо, жолго ошол бойдон чыгып кетиши керек эле. Эмне үчүн? Анткени Жахаба аларга кам көрмөк.
Миң жылдыктын аягында боло турган акыркы сыноодон кийин адамдар күнөө кетириши жана өлүшү мүмкүнбү?
Аян китебиндеги эки аят бул суроого жооп алууга жардам берет. «Өлүм менен көр оттуу көлгө ыргытылды. Оттуу көл экинчи өлүмдү билдирет» (Аян 20:14). «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4).
Ушул окуялардын качан болоруна көңүл бурсаңар. «Өлүм менен көр» оттуу көлгө Армагедондон аман өткөн, андан кийин төрөлгөн жана тирилтилген адамдар «түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык», башкача айтканда, Жахабанын миң жыл ичинде адамзатка берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, соттолгондон кийин ыргытылат (Аян 20:12, 13). Элчи Жакан Аян китебинин 21-бөлүмүндө айтылган, Иса Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда аткарыла турган дагы бир көрүнүштү жазган. Бирок ал көрүнүш миң жылдык Сот күнүнүн аягында гана толугу менен аткарылат. Ошондо Иса Падышалыкты Атасына өткөрүп берет да, Жахаба адамзат менен толук мааниде «жашайт». Башкача айтканда, өз эли менен дайыма, эч кандай ортомчусуз рухий мааниде жашайт. Машаяктын куткаруу курмандыгынын баасы толугу менен колдонулуп, адамзат жеткилеңдикке жеткенде, сөздүн толук маанисинде «өлүм болбойт» (Аян 21:3, 4).
Ошентип, жогорудагы аяттарда айтылган өлүм — Адам атадан өткөн өлүм — Машаяктын куну аркылуу жок кылынат (Рим. 5:12—21). Адамдар биринчи адам баласынан тукум кууп өткөн өлүмдөн арылганда Адам атанын жаңы жаратылган кезиндегидей болушат. Адам ата жеткилең болгон, бирок бул анын таптакыр өлбөй турганын билдирген эмес. Жахаба ага: «Жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың»,— деген (Башт. 2:17). Ал атайлап жасалган күнөөнүн кесепетинен болгон өлүм болчу. Адамдар Миң жылдык башкаруунун аягындагы акыркы сыноодон өткөндөн кийин да чечим чыгаруу эркиндигине ээ болушат (Аян 20:7—10). Алар мурдагыдай эле Жахабага кызмат кыла берер-бербесин өздөрү чечишет. Ошондуктан бир да адам эч качан, Адам атадай болуп, Кудайдан баш тартпайт деп айтууга болбойт.
Акыркы сыноодон кийин өлүм же көр жок кезде адам Кудайга каршы чыкса, аны менен эмне болот? Ал убакта Адам атадан өткөн өлүм да, көр да (тириле турган адамдар жаткан жалпы мүрзө) болбойт. Ошентсе да Жахаба ага каршы чыккан адамды оттуу көлдө жок кыла алат, бул анын кайра тирилбей турганын билдирет. Ал өлүм Адам атадан тукум кууп өткөн өлүмдөй эмес, Адам ата менен Обо эненикиндей болмок.
Бирок сөзсүз ушундай болот деп күтүүгө эч кандай негиз жок. Акыркы сыноодон өткөндөр Адам атадан бир жагынан абдан айырмаланышат: алар толук сыналган болушат. Акыркы сыноонун кылдат жүргүзүлөрүнө шектенбесек болот, анткени Жахаба адамдарды жүрөгүнүн түпкүрүнө чейин изилдей алат. Акыркы сыноодо өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин кыянат колдоно турган адамдын жок кылынарына толук ишенсек болот. Демек, акыркы сыноодон өткөндөр Кудайга каршы чыгып, жок кылынышы мүмкүн болсо да, каршы чыга тургандардын болору аябай эле күмөн.
[7-беттеги сүрөт]
Акыркы сыноодон кийин адамзат кандай мааниде Адам атага окшош болот?