Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w00 1/3 15—20-бб.
  • Ыйсадай иш-аракет кыласыңарбы?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Ыйсадай иш-аракет кыласыңарбы?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2000
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Рухий муктаждыктарды канааттандырган
  • Ал башкаларды Кудай жөнүндө күбөлөндүрүүгө үндөгөн
  • Бүгүнкү күндө Христостун акылы менен жүрүү
  • «Боору ооруду»
    «Менин жолдоочум бол»
  • Машайактын сүйүүсүн таанып-билүү
    Жахабага жакында
  • Жахабадай боорукер бол
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Кызматыбызды адамдарга боор ооруу менен аткаралы
    Падышалык кызматыбыз—2006
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2000
w00 1/3 15—20-бб.

Ыйсадай иш-аракет кыласыңарбы?

«Ыйса... ушунча көп адамды көргөндө, аларга боору ачыды, анткени алар кайтаруучусу жок койлордой болчу; анан аларды... үйрөтө баштады» (Марк 6:34).

1. Адамдарда суктанарлык сапаттар болору эмне үчүн түшүнүктүү?

АДАМЗАТ тарыхында көптөгөн инсандар суктанарлык сапаттарды көрсөтүшкөн. Эмне үчүн экени түшүнүктүү. Иегова Кудайда сүйүү, боорукердик, марттык жана башка баалуу сапаттар бар. Ал эми адамдар Кудайдын образы боюнча жаратылган. Ошондуктан, басымдуу көпчүлүк абийирге ээ болгондой эле, эмне үчүн көптөр кандайдыр бир деңгээлде сүйүүгө, боорукердикке, аёо сезимине жана башка сапаттарга ээ экени түшүнүктүү (1 Муса 1:26; Римдиктер 2:14, 15). Бирок бул сапаттарды айрымдар башкаларга караганда көңүлдөнүү менен көрсөтүшөрүн билет чыгарсыңар.

2. Адамдардын, болжолу, Ыйсаны туурап жатам деген ой менен жасаган жакшылыктарынын айрымдары кайсылар?

2 Кыязы, силер оорулууларга барып көрүп турган же аларга кол кабыш кылып жүргөн, майып-мунжуларга кайрымдуу жана жакырларга март эркектер менен аялдарды билсеңер керек. Ошондой эле кайрымдуулугунан өмүрлөрүн лепрозорийлерде же жетимканаларда иштеп өткөзүүгө түрткү алган, өз ыктыяры менен ооруканаларда же кайрымдуулук мекемелеринде эмгектенген, үйсүз калгандарга же качкындарга көмөктөшүүгө аракеттенген адамдарды ойлоп көрсөңөр. Болжолу, алардын кээ бирлери жолдоочуларына үлгү калтырган Ыйсаны туурап жатам деп ойлойт чыгар. Инжилдерде Ыйса Машайыктын оорулууларды айыктырганы жана ачка болгондорду тойгузганы айтылат (Марк 1:34; 8:1—9; Лука 4:40). Ыйсанын сүйүү, боорукердик жана аёо көрсөткөнү — асмандагы Атасын туураган «Христостун акылын» чагылдырганы (1 Коринфтиктер 2:16, «Инжил»).

3. Ыйсанын жакшылыктарын туура түшүнүү үчүн, эмнеге көңүл бурушубуз керек?

3 Бирок Ыйсанын сүйүүсү жана кайрымдуулугу менен таасирленгендердин ичинен көптөр бүгүн Христостун акылынын негизги өзгөчөлүгүн көңүлгө алышпаганын байкадыңарбы? Марк китебинин 6-бабын кунт коюу менен талдап, биз ал өзгөчөлүк жөнүндө түшүнүк ала алабыз. Ал баптан адамдар Ыйсага айыктыртуу үчүн оорулууларды алып келишкенин окуйбуз. Ошондой эле Ыйса ага келген миңдеген адамдардын ачка болгонун көрүп, аларды кереметтүү жол менен тойгузганын контексттен билебиз (Марк 6:35—44, 54—56). Оорулууларды айыктыруу жана ачкаларды тойгузуу мээримдүүлүктүн, аёо сезиминин укмуштуу көрсөтүлүшү болгон, бирок бул Ыйсанын башкаларга жардам берүүдөгү негизги ыкмасы болгонбу? Ыйса Иеговадан үлгү алгандай, биз кантип Ыйсанын сүйүү, боорукердик жана аёо сезимин көрсөтүүдөгү жеткилең үлгүсү боюнча жүрө алабыз?

Рухий муктаждыктарды канааттандырган

4. Марк 6:30—34-аяттардагы окуя качан жана каерде болгон?

4 Ыйса айланасындагы адамдарга негизинен алардын рухий муктаждыктарынан улам боор ооруган. Ал муктаждыктар тулку-бой муктаждыктарынан да маанилүү болгон. Марк 6:30—34-аяттарда жазылган окуя Галилея деңизинин жээгинде, б.з. 32-жылындагы Пасах майрамынын алдында болгон. Расулдар кубанычка батып турган жана буга жөндүү негиз бар эле: алар көп жерлерди кыдырып келип, болгон окуяларды Ыйсага айтып берүүгө ынтызар болуп, анын жанына келишет. Бирок ошол учурда эл да чогула калат. Эл ушунчалык көп болгондуктан, Ыйсага жана анын расулдарына тамактанууга да, эс алууга да мүмкүнчүлүк болбойт. Ыйса расулдарына: «Ээн жерге обочо барып, бир аз эс алгыла»,— дейт (Марк 6:31). Чамасы, Капернаумга жакын жерден кайыкка отуруп, алар тынч жай издеп Галилея деңизинин аркы өйүзүнө жөнөшөт. Бирок эл жээкти бойлоп жүгүрүп, кайыктан мурда жетип келет. Ыйса муну кандай кабылдаган? Обочолоно албай калганы үчүн Ыйсанын маанайы пастаганбы? Түк да.

5. Ыйса ага келген элди көргөндө, анда кандай сезим пайда болгон жана ал эмне кылган?

5 Ыйса миңдеген адамдарды, алардын ичинде аны чыдамсыздык менен күтүп турган оорулууларды көргөндө, бул анын жүрөгүнө катуу таасир этет (Матфей 14:14; Марк 6:44). Ыйсанын боор оорушуна эмне түрткү болгонуна жана ал эмне кылганына көңүл буруп, Марк мындай деп жазган: «Ыйса... ушунча көп адамды көргөндө, аларга боору ачыды, анткени алар кайтаруучусу жок койлордой болчу; анан аларды көп нерсеге үйрөтө баштады» (Марк 6:34). Ыйса сүрмө топту эмес, рухий муктаждыктары бар инсандарды көргөн. Алар коргой турган же көк жайытка ээрчитер койчусу жок адашкан койлордой болушкан. Камкор кайтаруучу болуунун ордуна, жүрөгү таш диний жетекчилердин, чындыгында, карапайым элди жек көрүшкөнүн жана анын рухий муктаждыктарын көңүлгө алышпаганын Ыйса билген (Иезекиил 34:2—4; Иоанн 7:47—49). Элге ал мүмкүн болушунча жакшылык кылып, такыр башкача мамиле жасаган. Ал аларды Кудайдын Падышалыгы тууралуу окута баштаган.

6, 7. а) Инжилдерден айкын болгондой, Ыйса адамдардын эң оболу кайсы муктаждыктарына кам көргөн? б) Кабар айтууга жана окутууга Ыйсага эмне түрткү берген?

6 Бул окуяга окшош билдирүүдө артыкчылык эмнеге берилгенин жана бул эмнени билдирерин байкасаңар. Ал билдирүүнү дарыгер жана адам саламаттыгынын сак болушуна кызыкдар Лука жазган. «Эл... Аны [Ыйсаны] ээрчип жөнөштү; Ал аларды кабыл алып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө алар менен аңгемелешип, айыктырууну суранышкандарды айыктырды» (Лука 9:11; Колоссадагылар 4:14). Керемет көрсөтүлгөн ар бир окуяда болбосо да, бул учурда Луканын билдирүүсү көңүлдү ириде эмнеге бурат? Ыйсанын элди окутканына.

7 Бул, чынында, Марк 6:34тө баса белгиленген ойго шайкеш. Ал аяттан Ыйсанын боор ооруганы ага негизинен кандай түрткү бергени даана көрүнүп турат. Ал адамдардын рухий муктаждыктарын канааттандырып, аларды көп нерсеге үйрөткөн. Ыйса кызматынын баш ченинде: «Мен бөлөк шаарларга да Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар таратуум керек, анткени Мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лука 4:43). Бирок эгерде Ыйса өз милдетин аткаруу үчүн гана Падышалык кабарын тараткан деп ойлосок, бизден жаңылыштык кетмек жана кабар айтуу ишин Ыйса жүр нарыга салып аткаргандай болуп калмак. Адамдар менен жакшы кабарды бөлүшүүгө Ыйсага негизинен аларга болгон сүйүүсү, аёо сезими түрткү берген. Ыйсанын атүгүл оорулууларга, жин бийлеп алгандарга, кембагалдарга же ачка болгондорго кылган жакшылыктарынын эң жакшысы аларга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыкты билүүгө, кабыл алууга жана сүйүүгө жардам берүү болгон. Падышалыктын ролу Иегованын эгедерлигин актоо жана адамдардын ар убак бата алышын камсыздоо болуп саналгандыктан, ошол чындык эң маанилүү болгон.

8. Ыйса кабар айтуу жана окутуу ишине кандай мамиле кылган?

8 Ыйсанын жерге келгенинин негизги себеби Падышалык тууралуу жигердүү түрдө кабар айтуу болгон. Ыйса жердеги кызматынын этек ченинде Пилатка мындай деген: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүүгө туулгам жана дүйнөгө келгем; чындыктан жаралган ар ким Менин үнүмдү угат» (Иоанн 18:37). Өткөн эки макаладан биз Ыйсанын сезимтал, камкор, жөнөкөй, башкаларга көңүл бөлгөн, ишеним көрсөткөн жана эң негизгиси, мээримдүү инсан болгонун көрдүк. Христостун акылын баамдоону чындап кааласак, биз анын ошол сапаттарын баалап-барктай билишибиз керек. Муну менен бирге Христостун акылы Ыйсаны туурап кабар айтуу жана окутуу ишин артыкчылыктуу орунга коюуну камтый турганын түшүнүү да маанилүү.

Ал башкаларды Кудай жөнүндө күбөлөндүрүүгө үндөгөн

9. Кимдер кабар айтуу жана окутуу ишин артыкчылыктуу орунга койгон?

9 Сүйүүнүн жана боор ооругандыктын көрсөтүлүшү болгон кабар айтуу жана окутуу ишин Ыйсадан башка анын окуучулары да биринчи орунга койгон. Ал өз жолдоочуларын анын иш кылууга түрткү берүүчү ниетинен, артыкчылыкты эмнеге бергенинен, жасаган иштеринен сабак алууга үндөгөн. Маселен, Ыйса өзүнүн 12 расулун тандагандан кийин, алар эмне кылууга тийиш эле? Марк 3:14, 15-аяттарда: «Өзү менен бирге болуу үчүн жана үгүт таратуу [«кабар айтуу», СК] үчүн, жана ноокастарды айыктыруу үчүн, жиндерди кууп чыгарууга бийлигинде болуу үчүн, алардын арасынан он экини тандап алды»,— деп айтылат. Расулдар биринчи кезекте эмне кылууга тийиш болушканын байкадыңарбы?

10, 11. а) Расулдарды жөнөтүп жатып, Ыйса аларга эмне кылууну буйруган? б) Расулдарды жиберердин алдында Ыйса эмнеге көңүл бурган?

10 Кийинчерээк Ыйса 12 расулун башкаларды сакайтууга жана жин перилерди кууп чыгууга жарамдуу кылган (Матфей 10:1; Лука 9:1). Кийин Ыйса аларды «Израилдин үйүнөн жоголуп кеткен койлоруна» жөнөткөн. Эмне максат менен? Ал мындай көрсөтмө берген: «Барып: „Асман Падышалыгы жакындады“,— деп жарыялагыла; ооруларды айыктыргыла, ала кишилерди тазарткыла, өлгөндөрдү тирилткиле, жиндерди кууп чыгаргыла» (Матфей 10:5—8; Лука 9:2). Алар эмне кылган? «Алар барып, тобо кылгыла деп [1] үгүт [«кабар», СК] таратышкан; [2] көп жиндерди кууп чыгарып, көп оорулууларды зайтун май менен майлап айыктырышкан» (Марк 6:12, 13).

11 Окутуу тууралуу бардык учурларда биринчи айтыла бербеген соң, жогорудагы ыраатты баса белгилөө артыкчылыкка же иш кылууга түрткү берүүчү ниетке өтө чоң маани бергендикке жатабы? (Лука 10:1—9). Кандай болбосун, көп учурда окутуу айыктыруудан мурда келгендигин капарга албай койгонго болбойт. Окуяны контексти менен карап көрөлү. Он эки расулун жөнөтөр алдында Ыйсанын жүрөгүн элдин абалы козгогон. Ал тууралуу мындай деп айтылат: «Ыйса бардык шаарларды жана кыштактарды кыдырып, синагогаларында окутуп, Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялап, кишилердеги ар кандай дарттарды жана алсыздарды айыктырып жүрдү. Ал жыйылган калың элди көрүп, алар үчүн Анын боору ооруду, анткени алар кайтаруучусуз калган койлордой чачылып, жүдөп, шайы ооп калган. Ошондо Өз шакирттерине айтты: „Оруу-жыюу көп, бирок жумушчулар аз; демек, оруу-жыюу Мырзасына сыйынгыла, Өзүнүн оруу-жыюусуна жумушчулар жиберсин“» (Матфей 9:35—38).

12. Ыйсанын жана расулдардын кереметтери дагы кандай максат менен көрсөтүлгөн?

12 Ыйса менен жүрүп расулдар Христостун акылын анча-мынча өздөштүрө алышкан. Алар адамдарга чындап сүйүү жана боорукердик көрсөтүүгө Падышалык тууралуу кабар айтуу жана аларды окутуу кирерин сезе алышкан. Кабар айтуу, окутуу алардын кайрымдуулук иштеринин негизги жагы болууга тийиш эле. Демек, оорулууларды айыктыруу сыяктуу жакшы иштер муктаждыгы бар адамдарга жардам берүү үчүн гана көрсөтүлгөн эмес. Кээ бирлердин сакайтууларга жана керемет жолу менен берилген тамак-ашка кызыгып келгени айтпаса да түшүнүктүү (Матфей 4:24, 25; 8:16; 9:32, 33; 14:35, 36; Иоанн 6:26). Бирок ошол иштер саламаттыкка гана пайда алып келбестен, байкоочуларга Ыйсаны Кудайдын Уулу жана Муса алдын ала айткан «пайгамбар» катары таанууга түрткү берген (Иоанн 6:14; 5 Муса 18:15).

13. 5 Муса 18:18-аяттагы пайгамбарлыкта келе турган «пайгамбардын» кайсы ролу баса белгиленген?

13 Ыйсанын «пайгамбар» болгону эмне үчүн маанилүү болчу? «Пайгамбар» үчүн алдын ала айтылган негизги роль эмнеде эле? «Пайгамбар» кереметтүү айыктыруулары же боору ооругандыктан ачка болгондорду тоюндурушу менен белгилүү болгонбу? 5 Муса 18:18де: «Мен алардын боордошторунун ичинен, сен [Муса] сыяктуу, аларга пайгамбар чыгарам жана Анын оозуна Менин сөздөрүмдү куям жана Мен буйрук кылгандардын баарын аларга айтып берет Ал»,— деп күн мурун айтылган. Расулдар жылуу сезимдерди өрчүтүүгө жана иш жүзүндө көрсөтүүгө үйрөнүү менен бирге өздөрүнүн кабар айтуу жана окутуу ишинде да Христостун акылынын айкын көрүнүп турушу керектигин аңдай алышмак. Ошентип алар адамдарга эң зор жардам бере алышмак да, оорулуулар жана жакырлар кыска өмүрүндө чектелген пайдаларды же азыноолак күл азык гана эмес, үзгүлтүксүз пайдаларды ала алышмак (Иоанн 6:26—30).

Бүгүнкү күндө Христостун акылы менен жүрүү

14. Бизде Христостун акылы бар экендиги кабар айтуубузда эмнелерден көрүнөт?

14 Христостун акылы I кылымдагыларда эле: Ыйса жана анын алгачкы окуучуларында гана болбогону ачык-айкын. Өзүн ошол окуучулардын катарына кошуп, расул Павел: «Бизде Христостун акылы бар»,— деп жазган (1 Коринфтиктер 2:16, «Инжил»). Биз да кабар айтып, окуучуларды даярдашыбыз керек, муну эч кимибиз танбайбыз (Матфей 24:14; 28:19, 20). Ошентсе да, ал тапшырманы ак пейилден аткарып жатабызбы деп ой жүгүртүү пайдалуу. Ал ишти милдет катары кароо менен гана жасабоого тийишпиз. Биздин кызматка катышып жатканыбыздын негизги себеби — Кудайга болгон сүйүү. Ошондой эле, чындап Ыйсадай болуу үчүн, кабар таратууга жана окутууга бизге боор ооругандык түрткү бериши зарыл (Матфей 22:37—39).

15. Эмне үчүн аёо сезими кызматыбыздын зарыл бөлүгү болуп саналат?

15 Ырас, ишенимибизди жактабагандарга, айрыкча көңүл кош болгондорго, кабарды четке каккандарга же каршылык көрсөткөндөргө боорукердик көрсөтүү дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок, эгерде биз адамдарга карата сүйүүбүздү жана аёо сезимибизди жогото турган болсок, биз кызматка катышууга түрткү берүүчү өтө зарыл нерсени жоготуп алабыз. Анда эмесе, адамдарды аёого кантип үйрөнө алабыз? Биз, Ыйсага окшоп, адамдарды «кайтаруучусуз калган койлордой чачылып, жүдөп, шайы ооп калгандардай» көрүүгө аракет кылып көрсөк болот (Матфей 9:36). Бүгүн көптөгөн адамдардын түрү ошондой эмеспи? Жалган диний кайтаруучулардын айынан алар кароосуз калышкан жана рухий көздөрү сокур болуп жүрүшөт. Ошонун натыйжасында алар Ыйык Китептеги ишеничиликтүү жетекчиликти да, Кудайдын Падышалыгы жакында жерге алып келе турган бейиш заман тууралуу да билишпейт. Алар Падышалыкка болгон үмүткө ээ эмес жана турмуш түйшүктөрүнө, анын ичинде жакырдыкка, үй-бүлөдөгү чыр-чатакка, оору-сыркоого жана өлүмгө кабылышууда. Бизде алар муктаж болгон нерсе — азыр асманда орнотулган Кудайдын Падышалыгы тууралуу, өмүр тартуулоочу жакшы кабар — бар!

16. Эмнеликтен жакшы кабарды башкалар менен бөлүшүүнү каалашыбыз керек?

16 Айланаңардагы адамдардын рухий муктаждыгын ойлогондо, аларга Кудайдын сүйүүгө толгон ой-ниети жөнүндө айтып бериш үчүн колдон келгендин баарын кылууга жүрөгүңөр түрткү бербейби? Ооба, кызматыбызды биз аёо сезими менен аткарабыз. Ыйсага окшоп, адамдарга боор ооруганыбыз үнүбүздүн тонунан, жүзүбүздөн, окутуу манерабыздан айкын билинет. Булардын баары кабарыбызды «түбөлүк өмүргө тандалгандар» үчүн дагы да кызыктуураак кылат (Расул 13:48).

17. а) Биз башкаларга кандай жолдор менен сүйүү жана аёо сезимин көрсөтө алабыз? б) Жакшылык кылуу же кабар айтууга катышуу деп, экөөнүн бирин тандоо эмне үчүн туура эмес?

17 Биздин сүйүүбүз жана аёобуз, албетте, бүт жашоо жолубуздан айкын көрүнүшү керек. Бул бей-бечараларга, оорулууларга жана жакырларга кайрымдуу болууну, алардын оордуктарын жеңилдетүү үчүн колдон келгендин баарын жасоону билдирет. Ошондой эле жакын туугандарынан айрылган адамдардын күйүтүн көтөрүшүүгө сөз менен да, иш менен да аракеттенүү зарыл (Лука 7:11—15; Иоанн 11:33—35). Бирок биз гуманисттердей болуп сүйүү, боорукердик жана аёо сезимин көрсөтүүнү жакшы иштерибиздин негизги бөлүгү кылбоого тийишпиз. Аракеттерибиз Кудай берген жогорку сапаттардын түрткүсү менен жасалышы керек, ал эми кабар айтуу жана окутуу ишине катышууда ал аракеттердин көрсөтүлүшү көбүрөөк мааниге ээ. Ыйсанын иудей дин башчылары жөнүндө айткан сөздөрүн эстесеңер: «Жалбыздын, ашкөктүн жана зиренин ондон бирин бергениңер менен заңмыйзамдын негизгисин: адилеттикти, ырайымды жана ишенимди таштадыңар; муну кылуу керек эле, жана тигини да калтыруу керек эмес» (Матфей 23:23). Ыйса муну же тигини: адамдарга жардам берүүнү же аларды өмүр тартуулоочу рухий нерселерге окутууну тандап, экөөнүн бирин гана жасаган эмес. Ыйса экөөн тең кылган. Ошентсе да, анын окутуу ишин биринчи орунга койгондугу айкын, себеби ошол жакшылык түбөлүк жардам алып келе алмак (Иоанн 20:16).

18. Христостун акылын таануу бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

18 Иегованын бизге Христостун акылын ачып бергени үчүн кандай гана ыраазы болсок болот! Инжилдер аркылуу биз качандыр бир убакта жашаган эң улуу адамдын ойлору, сезимдери, сапаттары, иш-аракеттери жана эмнеге артыкчылык бергенин биле алабыз. Ыйык Китептин Ыйса тууралуу ачып бергендерин окуйбу-окубайбы, иш жүзүндө колдонобу-колдонбойбу жана алардын үстүнөн ой жүгүртөбү же жокпу, муну ар ким өзү чечет. Ыйсадай иш-аракет жасоону кааласак, жеткилеңсиздигибизге карабай биз адегенде мүмкүн болушунча ага окшоп ойлонууга, сезип-туюуга жана ар бир маселеге ал сыяктуу баа берүүгө үйрөнүшүбүз керек. Келгиле эмесе, Христостун акылын өзүбүздө өрчүтүүгө жана аны иш жүзүндө көрсөтүүгө бел байлайлы. Биз үчүн да, башкалар үчүн да жашоонун, адамдар менен мамилелешүүнүн жана Ыйса жеткилең түрдө туураган ырайымдуу Кудайыбыз Иеговага жакындоонун мындан өтөр жолу жок (2 Коринфтиктер 1:3; Еврейлер 1:3).

Эмне деп жооп бермексиңер?

◻ Муктаждыгы бар адамдарга Ыйсанын адатта жасаган мамилеси тууралуу Ыйык Китепте эмне айтылган?

◻ Ыйса өз жолдоочуларына көрсөтмө берүүдө эмнени баса белгилеген?

◻ Биз «Христостун акылын» кылган иштерибизде кантип көрсөтө алабыз?

[18-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочуларынын башкаларга жасай ала турган эң чоң жакшылыгы кайсы?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү