Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 52-бөл. 128-б.—129-б. 7-абз.
  • Миңдеген кишилерди тойгузушу

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Миңдеген кишилерди тойгузушу
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйса керемет аркылуу миңдеген адамдарды тойгузат
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Иса миңдеген кишилерди тойгузат
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Ыйса көп элди тойгузат
    Ыйык китептик аңгемелер
  • Элди тойгузушу, ачыткы жөнүндө айтышы
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 52-бөл. 128-б.—129-б. 7-абз.
Иса пайгамбар беш нан менен эки балыкты бөлүп, элге таратышы үчүн, шакирттерине берип жатат

52-БӨЛҮМ

Миңдеген кишилерди тойгузушу

МАТАЙ 14:13—21; МАРК 6:30—44; ЛУКА 9:10—17; ЖАКАН 6:1—13

  • ИСА ПАЙГАМБАР 5000 КИШИНИ ТОЙГУЗАТ

Галилеяны кыдырып кабар айткан 12 элчи кубанып кайтып келет да, Устатына «эмне кылышканын жана элди эмнеге окутушканын айтып беришет». Элчилердин аябай чарчаганы айтпаса да түшүнүктүү. Келген-кеткендер көп болгондуктан, алардын тамак ичкенге да убактысы болгон жок. Андыктан пайгамбар: «Ээн жерге барып, бир аз эс алып алгыла»,— дейт (Марк 6:30, 31).

Алар, кыязы, Капернаумдун жанынан кайыкка түшүп, Бетсаидадан ары, Иордан дарыясынын чыгышындагы ээн жерге жөнөшөт. Көптөр алардын кеткенин өз көздөрү менен көрүшсө, айрымдары башкалардан угушат. Жээкти бойлой алардан мурун чуркап келген эл кайык жээкке келип токтоору менен аларды тегеректеп калат.

Иса пайгамбар калың элди көрүп, боору ооруйт. Алар койчусу жок койлордой эле. Андыктан аларды Падышалык жөнүндө «көп нерсеге окута баштайт» (Марк 6:34). Оорулууларын да айыктырат (Лука 9:11). Бир топ убакыт өткөндөн кийин шакирттери: «Бул жер ээн экен, анын үстүнө, кеч да болуп калды; элди тарат, айыл-кыштактарга барып, тамак-аш сатып алышсын»,— дешет (Матай 14:15).

Иса пайгамбар: «Аларга тамак-ашты силер бергиле»,— дейт (Матай 14:16). Ал эмне кылышты жакшы билсе да, Филипти сынап: «Бул элге нанды кайдан сатып алсак болот?» — деп сурайт. Анткени Филип Бетсаиданын чет-жакасында чоңоюп-өскөн. Нан сатып келген күндө да, 5000дей кишини кантип тойгузушмак? Аялдар менен балдарды кошкондо элдин саны эки эсе көп болуп кетмек. Филип Мырзасына: «Эки жүз динарга [1 динар 1 күндүк эмгек акы] нан сатып алып, ар бирине кичинеден бергенде да, жетпейт»,— деп жооп берет (Жакан 6:5—7).

Кыязы, калың элди тойгузуу мүмкүн эмес экенине көзү жеткен Андрес: «Бул жерде бир баланын беш арпа наны, эки кичинекей балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге бул эмне болмок эле?» — деп айтат (Жакан 6:9).

Б.з. 32-жылынын жаз айы болчу. Пасах майрамына аз калган. Жер жашыл кымкап жамынып турган маал эле. Машаяк шакирттерине элди 50дөн, 100дөн кылып чөпкө отургузууну айтат. Беш нан менен эки балыкты алып, Кудайга ыраазычылык билдирген соң нанды сындырып, балыкты бөлөт. Анан шакирттерине берет, шакирттер болсо элге таратат. Таң калыштуусу, баары тоё жешет.

Кийинчерээк Иса Машаяк шакирттерине: «Жегенден калганын чогултуп алгыла, эч нерсе ысырап болбосун»,— дейт (Жакан 6:12). Алар арткан нанды чогултканда, 12 себет толот.

  • Эмне үчүн Иса Машаяк элчилерине ээн жерге барууну айткан?

  • Иса пайгамбар шакирттери менен каякка барган жана ал жерден эмне болгон?

  • Шакирттери Иса пайгамбарга эмне дешкен? Ал элдин курсагын кантип тойгузган?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү