Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Машайак — «Кудайдын күчү»
    Жахабага жакында
    • 18—20. а) Ыйсанын күчүн кандайча колдоноруна эмне таасир этчү? б) Ыйсанын дүлөй адамга жасаган мамилеси жөнүндө ойлонгонуңда кандай сезимдерди туясың?

      18 Башкалардын муктаждыгына жана кайгы-капасына кош көңүл караган бийлик башчыларынан Ыйса, абдан күчтүү адам, кандай гана айырмаланган! Ал башкаларга кам көргөн. Бактысыздардын аянычтуу кейпин көргөндө эле анда алардын кайгысын жеңилдетүүгө болгон күчтүү каалоо пайда болчу (Матай 14:14). Адамдардын сезимин, муктаждыктарын эске ала билгени ага күчүн кандайча колдоноруна таасир берчү. Буга Марк 7:31—37-аяттарда баяндалган сезим козгоорлук окуя мисал боло алат.

      19 Ыйсага оорулууларын алып көптөгөн адамдар келет, ал болсо баарын айыктырат (Матай 15:29, 30). Бирок бир адамга Ыйса өзгөчө көңүл бурат. Ал адам дүлөй да, кекеч да эле. Ыйса анын өзүн ыңгайсыз сезип, абдан тынчсызданып жатканын байкаса керек. Ошондуктан аны акырын элден бөлүп чыгып, эмне кыларын түшүндүрөт. Ал «колунун эки манжасын анын кулагына киргизип, анан түкүрүп, анын тилине тийгизет»c (Марк 7:33). Андан кийин Ыйса асманды карап, терең дем алат. Муну менен ал тиги адамга: «Мен кыла турган нерсе Кудайдын күчүнүн аркасы менен болот»,— деп түшүндүргөн көрүнөт. Акырында Ыйса: «Ачыл»,— деп айтат (Марк 7:34). Ошо замат тиги адамдын кулагы угуп, кадимкидей сүйлөй баштайт.

  • Машайак — «Кудайдын күчү»
    Жахабага жакында
    • c Шилекей жүйүт жана башка элдерде айыктыруунун символу болуп эсептелип, дарылоочу каражат катары колдонулчу. Дарылоодо шилекейдин колдонулганы раббин жазууларында да айтылат. Түкүрүү менен Ыйса ал адамга, балким, айыктырарын эле билдиргиси келген. Кандай болсо да, Ыйса шилекейди дарылоочу каражат катары колдонгон эмес.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү