-
Иегова жан–дилден кызмат кылууну баалайтКүзөт мунарасы—1998 | апрель 1
-
-
16. а) Ыйса эмнеден улам жесир аялдын курмандыгына көңүл бурган? б) Бул тыйындардын баасы канча эле?
16 Бир нече күн өткөндөн кийин, 11-нисанда Ыйса күндүн көбүн ийбадатканада өткөргөн; душмандар анын бийлигине шек келтирип жатышты, а Ыйса салыктар, тирилүү жана көптөгөн башка татаал суроолорго күтүлбөгөн жоопторду берип жатты. Ыйса фарисейлерди жана окумуштууларды ‘жесир аялдардын үйлөрүн жеп-жутушканы’ үчүн да айыптайт (Марктан 12:40). Андан кийин ал иудейлердин салты боюнча 13 кенч салгыч турган аялдардын короосунда отурса керек. Ыйса адамдардын кенч салгычка курмандыктарын кантип салып жатышканын байкап отурган. Ал жерге байлар да көп келип атты, алардын кээ бирлери, кыязы, өздөрүн такыбаа эсептеп, бергендерин мактанып салып жатышты. (Матфейден 6:2ни салыштыргыла.) Ыйса бир аялга көңүл бурду. Кимдир бирөө ал аялдан же анын белегинен таң калардык бир нерсе тапмак эместир. Бирок адамдардын жүрөктөрүн көрө алган Ыйса анын «бечара жесир аял» экенин билген. Ыйса жесир аялдын курмандыкка канча акча салганын да билген: «эки жез тыйын»b (Марктан 12:41, 42).
-
-
Иегова жан–дилден кызмат кылууну баалайтКүзөт мунарасы—1998 | апрель 1
-
-
b Ошол убакта жез тыйын еврейлердин эң майда акчасы болгон. Эки жез тыйын бир күндүк кирешенин 1/64 түзгөн. Матфейден 10:29га («Жаңы котормо») ылайык, бир тыйынга (тактап айтканда, сегиз жез тыйынга) эки таранчы — жардылар тамак катары колдонушкан эң арзан канаттууну — сатып алууга болмок. Демек, жесир аял абдан жарды жашаган: бул а түгүл бир жолу тамактанганга да аздык кылган, себеби бир таранчы эки эсе кымбат турган.
-