Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 34-бөл. 82-б.—83-б. 6-абз.
  • Иса Машаяктын 12 элчисин тандашы

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Иса Машаяктын 12 элчисин тандашы
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйса расулдарын тандайт
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Исанын алгачкы жолдоочулары
    Улуу Окутуучудан үйрөн
  • Ыйса тоодо окутат
    Ыйык китептик аңгемелер
  • Иса 12 элчисин тандайт
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 34-бөл. 82-б.—83-б. 6-абз.
Иса пайгамбар тоого чыгып баратат

34-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын 12 элчисин тандашы

МАРК 3:13—19; ЛУКА 6:12—16

  • 12 ЭЛЧИ

Чөмүлдүрүүчү Жакан Иса Машаякты «Кудайдын Козусу» деп айткандан бир жарым жылдай өттү. Машаяк кабар айта баштагандан тартып Андрес, Симон Петир, Жакан, кыязы, Жакып (Жакандын бир тууганы), Филип, Барталамей (Натанаел деп да коюшчу) деген жүрөгү таза кишилер анын шакирттери болушту. Убакыттын өтүшү менен башка кишилер да анын жолун жолдой башташты (Жакан 1:45—47).

Эми Иса пайгамбарга элчилерин тандоого убакыт келип жетти. Алар — аны дайыма жандап жүрө турган, андан өзгөчө билим ала турган кишилер. Бирок аларды тандаардан мурун Иса пайгамбар, калыбы, Галилея деңизинин жанындагы, Капернаумдан анча алыс эмес жердеги бир тоого барат. Ал Кудайдан акылмандык, бата беришин сурап түнү бою тиленип чыккан көрүнөт. Эртеси шакирттерин чакырып, арасынан 12 элчисин тандайт.

Ошентип, жогоруда айтылган алтоо жана салык жыйноочу Матай элчи болуп тандалат. Калган бешөө булар: Жүйүт («Жакыптын уулу» же Тадай деп да коюшчу), Симон Кананей, Томас, Алпейдин уулу Жакып жана Жүйүт Искариот (Матай 10:2—4; Лука 6:16).

Иса пайгамбар тоого чыгып баратат

Тандалганга чейин ушул 12 киши Иса пайгамбарды коштоп жүргөн. Устаты аларды абдан жакшы билчү. Алардын айрымдары Иса пайгамбардын туугандары болчу. Мисалы, Жакып менен Жакан анын бөлөлөрү болгон көрүнөт. Кээ бирлер Алпейди Иса пайгамбардын асырап алган атасы Жусуптун бир тууганы болгон деп эсептешет. Эгер ошондой болсо, Алпейдин уулу Жакып анын аталаш тууганы болгон.

Иса пайгамбар өзүнүн элчилеринин атын жакшы билген. Ал эми сен алардын атын жатка билесиңби? Эстеп калуунун оңой бир жолу мындай: Симондон — экөө, Жакыптан — экөө, Жүйүттөн — экөө. Симондун (Петир) Андрес деген бир тууганы, ал эми Жакыптын (Зебедейдин уулу) Жакан деген бир тууганы болгон. Сегизөөнүн атын ушинтип эстеп калсаң болот. Калган төртөө салык жыйноочу Матай, кийинчерээк шектенген Томас, анжир дарагынын түбүндө отурган Натанаел жана Натанаелдин досу Филип болчу.

Элчилердин он бири Иса пайгамбар чоңоюп-өскөн Галилеянын шаарларынан болгон. Алсак, Натанаел Каана шаарынан болсо, Филип, Петир, Андрестер Бетсаида шаарынан болушкан. Петир менен Андрес кийинчерээк, кыязы, Матай жашаган Капернаум шаарына көчүп барышкан. Жакып менен Жакан да Капернаумда же ага жакын жерде жашап, балык уулап жан багышкан. Ал эми кийин Устатын сатып кеткен Жүйүт Искариот Жүйүт жеринен чыккан жалгыз элчи болгон көрүнөт.

  • Түнү бою тиленип чыккандан кийин Иса пайгамбар кандай чечим чыгарган?

  • Иса Машаяктын элчилери кимдер болушкан жана алардын атын кантип эстеп калса болот?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү