Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 85-бөл. 198-б.—199-б. 3-абз.
  • Өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн кубанышат

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн кубанышат
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Жоголгонду издөө
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Жоголгон уулдун кайтып келиши
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • «Бири-бириңерди сүйгүлө»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2003
  • «Менден үйрөнгүлө»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 85-бөл. 198-б.—199-б. 3-абз.
Аял жоготуп алган тыйынын таап алып, кубанып жатат

85-БӨЛҮМ

Өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн кубанышат

ЛУКА 15:1—10

  • ЖОГОЛГОН КОЙ ЖАНА ТЫЙЫН ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

  • АСМАНДАГЫ ПЕРИШТЕЛЕР КУБАНЫШАТ

Иса пайгамбар момун болуунун маанилүүлүгүн далай жолу баса белгилеген (Лука 14:8—11). Ал Кудайга кызмат кылгысы келген момун аялдарды да, эркектерди да дайыма издей турган. Алардын айрымдары күнөөгө белчесинен баткан кишилерден болгон.

Чекесине тумар тагынган жүйүт киши жекире карап турат

Фарисейлер менен китепчилер киши катарынан чыгарып койгон карапайым кишилердин Иса пайгамбарга тартылып, сөздөрүн угууга куштар болгонун байкабай коюшкан эмес. Алар муну жактыра бербей: «Бул күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бирге тамак ичет»,— дешкен (Лука 15:2). Негизи, эч кимди теңине албаган фарисейлер менен китепчилер карапайым кишилерди буттагы чаңдай эле көрүшчү. Алар андай кишилерге карата «жердин адамдары» деген маанини туюнткан амхааретс деген сөздү колдонушчу. Бул сөз диний жетекчилердин көкүрөгүндө уялаган жек көрүү сезимин чагылдырып турган.

Ал эми Иса пайгамбар бардык адамдардын кадыр-баркын сыйлаган, боорукер, кайрымдуу киши болгон. Ошондуктан басынтылган кишилердин баары, анын ичинде күнөөкөр катары таанымал болгондор анын жанында болгусу келишчү. Карапайым кишилерге жардам бергени үчүн айыпталганына ал кандай жооп кайтарат?

Ал Капернаумда айткан жүрөк козгоорлук мисалына окшош дагы бир мисал айтат (Матай 18:12—14). Ал мисалда адилсинген фарисейлер Кудайдын оторунда коопсуз жүргөн койлор катары сүрөттөлсө, карапайым кишилер адашып, жоголуп кеткен койго салыштырылган. Бул туурасында пайгамбар мындай дейт:

Жоголгон коюн таап алган койчу кубанып, аны ийнине көтөрүп келатат

«Араңардан кимиңер жүз коюнун бирин жоготуп алса, токсон тогузун ээн талаага калтырып коюп, жоголгон коюн тапмайынча издебейт? Тапканда аны ийнине көтөрүп алып, кубанган бойдон үйүнө келет да, достору менен кошуналарын чакырып: „Мага кошулуп кубангыла: жоголгон коюмду таптым“,— дейт» (Лука 15:4—6).

Пайгамбар бул мисалды кантип талдап берет? Ал: «Силерге айтып коёюн, өкүнүүгө муктаж болбогон токсон тогуз адил адамга караганда өкүнгөн бир күнөөкөр үчүн асманда көбүрөөк кубаныч болот»,— дейт (Лука 15:7).

Анын өкүнүү жөнүндө кеп козгогону фарисейлерге октой эле тийсе керек. Өздөрүн такыбаа деп эсептеген фарисейлер өкүнүүнүн зарылдыгын көрүшкөн эмес. Алардын айрымдары Машаякты бир нече жыл мурун салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондо отурганы үчүн айыпташкан эле. Ошондо ал: «Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деген болчу (Марк 2:15—17). Адилсинген фарисейлер өкүнүүнүн зарылдыгын көрбөгөндүктөн, асманда алар үчүн эч ким кубанмак эмес. Ал эми чындап өкүнгөн күнөөкөрлөр үчүн асманда зор кубаныч болмок.

Күнөөсүн мойнуна алган күнөөкөрлөр үчүн асмандагылардын кубанарын дагы бир ирет баса белгилеш үчүн Иса пайгамбар мындай мисал келтирет: «Он күмүш тыйыны бар аял бир тыйынын жоготуп алса, чырак күйгүзүп алып, аны тапмайынча үйүн шыпырып, жакшылап издебейби? Тапканда достору менен кошуналарын чакырып: „Мага кошулуп кубангыла: жоготуп алган тыйынымды таптым“,— деп айтат» (Лука 15:8, 9).

Бул мисалдын да мааниси жоголгон кой жөнүндөгү мисалдыкына эле окшош болчу. Пайгамбар: «Силерге айтып коёюн, ошо сыяктуу эле, бир күнөөкөрдүн өкүнгөнүнө Кудайдын периштелери кубанат»,— дейт (Лука 15:10).

Күнөөкөрлөрдүн оторго кайтып келишине периштелер абдан кызыкдар экени жөнүндө ойлонуп көрсөң! Бул абдан маанилүү ой. Себеби өкүнгөн жана асмандагы Падышалыкта бийлик кылууга татыктуу болгон кишилер периштелердикинен да жогорку абалды ээлешет! (1 Корунттуктар 6:2, 3). Бирок периштелер аларга көз артышпайт. Анда биз да күнөөкөр кишилердин өкүнүп, Кудайга кайрылып келгенине кубанышыбыз керек эмеспи?!

  • Эмне үчүн Иса пайгамбар күнөөкөрлөр менен мамилелешкен?

  • Фарисейлер карапайым кишилерге кандай карашкан? Ал эми Иса пайгамбар аларга кандай мамиле кылган?

  • Иса пайгамбар эки мисалдын жардамы менен эмнени үйрөткүсү келген?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • Кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү