Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Иегова — пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу Кудай
    Күзөт мунарасы—1998 | октябрь 1
    • 9, 10. а) Ысырапчынын абалы өзгөрүлгөндө, ал эмне кылган? б) Бүгүн чыныгы сыйынууну таштаган кээ бирөөлөр ысырапчыныкындай абалга кабылганына мисал келтиргиле.

      9 «Бардыгын түгөтүп бүткөн соң, ал жерде чоң ачарчылык башталып, ал жокчулуктун азабын тарта баштады; ал жердин бир адамына барып жалданды; ал адам аны өз чочколорун жаюуга талаага жиберди; ал чочколордун жеген ар кандай кабыгы менен өз курсагын тойгузганына да ыраазы эле, бирок аны да ага эч ким бербеди» (Лука 15:14—16).

  • Иегова — пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу Кудай
    Күзөт мунарасы—1998 | октябрь 1
    • 11. Ысырапчынын абалы кантип ого бетер начарлаган жана кээ бирөөлөр дүйнөнүн азгырыктары ‘курулай адаштыруулар’ экенин кантип түшүнүшкөн?

      11 Ысырапчынын оор абалы ‘ага эч ким [эч нерсе] бербегендиктен’ да ого бетер начарлаган. Анын жаңы достору кайда? Эми колунда эч нерсе жок кезде, каймана түрдө ал алардын ‘жек көрүндүсүндө’ калган (Аңгемелер 14:20). Ысырапчыга окшоп, ишенимди таштагандардын көбү бул дүйнөнүн азгырыктары жана көз караштары ‘курулай адаштыруулар’ экенин табышууда (Колоссадагылар 2:8). Кудайдын уюмун бир аз убакытка таштаган жаш аял мындай деген: «Иегованын жетекчилиги жок мен аябай азап чектим жана кайгыга баттым. Бул дүйнөгө көнгөнгө аракет жасадым, бирок башкаларга окшошпогондугуман алар мени кабыл албай коюшту. Мен өзүмдү атасынын жетекчилигинен айрылган кичинекей баладай сездим. Мына ошондо Иеговага муктаж экенимди түшүндүм. Эми эч качан андан көз карандысыз болуп жашагым келбейт». Ыйсанын каймана аңгемесиндеги ысырапчы да ушундай жыйынтыкка келген.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү