Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Иегова — пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу Кудай
    Күзөт мунарасы—1998 | октябрь 1
    • 12, 13. Кээ бирөөлөр үчүн эсине келүүгө эмнелер жардам берген? (Рамканы карагыла).

      12 «Өзүнчө ойго батып, айтты: „Атамдын канча жалчылары курсактарын нанга тойгузуп жүрүшөт, ал эми мен болсо ачтан өлүп баратам! Туруп атама барам да ага айтам: Ата! Мен асманга каршы жана сенин алдыңда күнөө кылдым, азыр мен сенин уулуңмун деп айтууга татыбайм; мени жалчыларыңдын катарында кабыл ал“. Туруп, өз атасына жөнөдү» (Лука 15:17—20).

  • Иегова — пендесин сүйгөн жана эң ырайымдуу Кудай
    Күзөт мунарасы—1998 | октябрь 1
    • 14. Ысырапчы эмне кылууну чечкен жана чечимин аткарып жатып, кантип момундук көрсөткөн?

      14 Бирок, адашып жүргөндөр өз абалын жакшыртуу үчүн, кандай аракеттерди жасай алышат? Ыйсанын каймана аңгемесиндеги ысырапчы атасынын үйүнө кайтып барууну жана андан кечирим суроону чечкен. Ысырапчы чечкиндүү түрдө: «Мени жалчыларыңдын катарында кабыл ал»,— деп айткан. Жалчы бул күнүгө жалданган жана ээси каалаган убакта иштен кетире алган жумушчу болгон. Анын абалы, жадагалса, үй-бүлөнүн кандайдыр бир мааниде мүчөсү болуп саналган кулдан да төмөн эле. Ошон үчүн ысырапчынын мурдагыдай уул наамын суроого дити барган эмес. Атасы менен болгон мамилелерди бара-бара жакшыртуу үчүн, ал эң төмөн абалды ээлөөгө даяр болчу. Бирок атасынын кылганы ысырапчы үчүн таң калыштуу болгон.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү