-
Жоголгон уулдун кайтып келишиИса Машаяк - жол, чындык, өмүр
-
-
Ошол учурда тун уулу талаада эле. Пайгамбар ал жөнүндө мындай дейт: «Талаадан кайтып келаткан тун уулу үйгө жакындаганда ырдап-бийлегендердин үнүн угат да, кызматчылардын бирин чакырып, эмне болуп жатканын сурайт. Ал: „Иниң келди. Анын аман-эсен кайтып келгенин көрүп, атаң семиз торпок сойду“,— дейт. Муну укканда ал ачууланып, үйгө кирбей коёт. Атасы сыртка чыгып, андан үйгө киришин өтүнө баштайт. Ал болсо: „Мен сизге ушунча жылдан бери кулдай кызмат кылып, сөзүңүздү эки кылган эмес элем. Сиз болсо мага досторум менен көңүл ачканга улак да берген жоксуз. Ал эми мүлкүңүздү бузулган аялдар менен түгөткөн бул уулуңуз келгенде, семиз торпок сойдуңуз“,— дейт» (Лука 15:25—30).
Карапайым, күнөөкөр кишилерге көңүл бурган кайрымдуу Иса пайгамбарды, тун уулдай болуп, кимдер сындашкан? Албетте, китепчилер менен фарисейлер. Андыктан алардын мерез экенин беш колдой билген пайгамбардын ушундай мисал келтиргени жөндүү болгон. Дегеле Кудайдын күнөөкөрлөргө ырайым кылганын сындагандардын баары ушул мисалдан сабак алууга тийиш.
-
-
Жоголгон уулдун кайтып келишиИса Машаяк - жол, чындык, өмүр
-
-
Мисалда тун уулдун андан ары эмне кылганы айтылган эмес. Ошентсе да Машаяк өлүп, кайра тирилгенден кийин, «дин кызматчылардын ичинен... көптөр ишенимди кабыл алышкан» (Элчилер 6:7). Алардын арасында так ошол таасирдүү мисалды пайгамбардын өз оозунан уккандар да болсо керек. Ооба, атүгүл алардын да акылына келип, өкүнүп, Кудайга кайрылууга мүмкүнчүлүгү болгон.
-