-
Өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берет?Күзөт мунарасы—2014 | март 15
-
-
8, 9. а) Жарды жесир аялдын жагдайы кандай болгон? б) Тартуу кылып жатканда жесир аял өзүн кандай сезиши мүмкүн эле?
8 Бир жолу Иса Машаяк Иерусалимдеги ибадатканадан бир жесир аялды көргөн. Ал аялдын үлгүсү, Кудайга кызмат кылууда мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгонуна карабай, өзүбүзгө карата туура көз карашта болгонго жардам берет. (Оку: Лука 21:1—4.) Анын жагдай-шарты жөнүндө бир аз ойлонуп көрөлү. Ал күйөөсүнөн айрылып, күйүт тарткандан сырткары, диний жетекчилерден да запкы жеген. Себеби алар ага окшогон жетим-жесирлерге кам көргөндүн ордуна, алардын «мал-мүлкүн талап-тоношкон» (Лк. 20:47). Ал аял ушунчалык кедей болгондуктан ибадатканага наркы өтө төмөн эки тыйын тартуу кылган. Ал акчаны катардагы жумушчу бир нече эле мүнөттүн ичинде таба алчу.
9 Анын ошол тыйындарын кармап алып ибадаткананын короосуна кирип баратканда өзүн кандай сезгенин элестетсең. Балким, ага күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө алып келген тартууларына салыштырмалуу ошол тартуусу жарыбаган эле нерседей сезилгендир. Же алдында тургандардын чоң өлчөмдө тартуу салып жатканын көрүп, өзүнүн тартуусунан уялып, оңтойсуздангандыр. Кандай болбосун, ал чыныгы сыйынуу үчүн колунан келгендин баарын кылган.
-
-
Өзүбүз жөнүндө туура көз карашта болууга эмне жардам берет?Күзөт мунарасы—2014 | март 15
-
-
11. Жесир аял жөнүндөгү билдирүү бизди эмнеге ынандырат?
11 Жагдай-шартың Жахабага канчалык көп бере аларыңа түздөн-түз таасир этиши мүмкүн. Алсак, айрымдар карылыктын же оорунун айынан кабарга аз эле чыга алышат. Ошентсе да алар кылган кызматын отчётко жазуудан тартынбашы керек. Атүгүл жаш, күүлүү-күчтүү болсоң да, кылган кызматың өзүңө Жахабанын бүтүндөй эли жыл сайын аткарып жаткан кызматка салыштырмалуу деңиздеги тамчыдай эле сезилиши ыктымал. Бирок, жесир аял жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Жахаба ал үчүн кылган ар бир ишиңди, айрыкча, оор шарттарда аткарган кызматыңды абдан баалайт. Өткөн жылкы кызматың жөнүндө ойлонуп көрсөң. Бир эле саат кабар айтыш үчүн аябагандай көп күч-аракет жумшаган учуруң болду беле? Эгер ошондой болгон болсо, Жахаба ошол сааттын ичинде кылган кызматыңды өзгөчө баалаарына эч шектенбе. Жесир аялга окшоп, Жахаба үчүн колуңдан келгендин баарын кылып жатсаң, «ишеним жолунда жүргөнүңө» такыр күмөн санаба.
-