Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w97 1/8 4—8-бб.
  • Бул күндөр чын эле акыркы күндөрбү?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Бул күндөр чын эле акыркы күндөрбү?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1997
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Ыйсанын окуучулары маанилүү суроо беришет
  • Иерусалимдин кыйрашы
  • Акыркы күндөрдөгү согуштар
  • Белгинин башка өзгөчөлүктөрү
  • Так биздин муун алдын ала айтылган беле?
  • Жакшы кабар
  • Азыр акыркы күндөр экенин кайдан билебиз?
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кайдан билебиз?
    «Кудай бизге кам көрөбү?»
  • Иса пайгамбар бүткүл дүйнө жүзүндө боло турган окуяларды айткан
    Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1997
w97 1/8 4—8-бб.

Бул күндөр чын эле акыркы күндөрбү?

СИЗ шар аккан суунун агыны алып жөнөгөн кайыктын тумшугунда отурасыз. Килейген жумуру таштар көбүктүн жана чачырандылардын араларынан араң эле айырмаланат. Силер алар менен кагылышып калбаганга аракеттенип жатасыңар. Кайыктын арткы бөлүгүндөгү шеригиңер, чынында, кайыкты башкарганга жардам бериши керек эле, бирок анын тажрыйбасы аз. Андан да жаманы — силерде картанын жоктугу, жана силер суунун бул шар аккан жери эмне менен: тынч агын менен же шаркыратма менен бүтөрүн такыр билбейсиңер.

Мындай сценарий жагымсыз, туурабы? Анда келгиле өзгөртүүлөрдү киргизели. Сиздин шеригиңиз суу алдындагы ар бир ташты жана суунун ар бир бурулушун билген тажрыйбалуу жол көрсөткүч экенин элестетсеңиз. Ал мурун эле суунун шар ага турган жери башталарын, агын кайда алып барарын жана жолдун ошол бөлүгүнөн кантип өтүү керек экенин билген болсун. Эми бир топ эле коркунучсуз болуп калдыбы?

Чындыгында, биз баарыбыз ушуга окшогон кыйын абалда турабыз. Биз, өз күнөөбүздүн айынан болбосо да, адамзат тарыхынын шар агынына түшүп калдык. Мындай абал канчага чейин созуларын, жеңилдөө болорун же болбосун жана ошол мезгилден канткенде аман-эсен өтүүгө болорун адамдардын көбү такыр билишпейт. Бирок үмүттү үзүп жана колду куушуруп отура бербөө керек. Биздин Жаратуучубуз бизге тарыхтын ушул кайгылуу маалын жана анын эмне менен бүтөрүн алдын ала айтып, ошондой эле бизге аман калуу үчүн керек болгон жетекчиликти сунуш кылып жаткан жол көрсөткүч берген. Ошол жол көрсөткүч — Ыйык Китеп. Анын автору, Иегова Кудай, өзүн Улуу Тарбиялоочу деп атайт жана Исаия аркылуу бизге: «Эгерде силер оң жакка ооп кетсеңер, жана эгерде силер сол жакка ооп кетсеңер, кулактарың сенин артыңдан: „Мына жол, ушуну менен жүргүлө“,— деген сөздү угат»,— деп убада берет (Исаия 30:20, 21). Силер ушундай жардамды албай коёт белеңер? Келгиле анда, чынында эле Ыйык Китепте биздин күндөрдүн кандай болору алдын ала айтылган экенби карап көрөлү.

Ыйсанын окуучулары маанилүү суроо беришет

Ыйсанын окуучулары таң калышкан болуш керек. Азыр эле Ыйса башкаларга терең таасир калтыруучу иерусалимдик ийбадаткананын толугу менен талкаланары жөнүндө даана айтты. Мындай пайгамбарлык таң каларлык болгон. Андан кийин көп узабай эле Зайтун тоосунун үстүнөн төрт окуучу Ыйсадан: «Бизге айтсаң, бул качан болот? Жана Сенин келишиң [«катышууңдун», ЖД] жана дүйнөнүн акыр заман белгиси кандай болот?» — деп сурашкан (Матфейден 24:3; Марктан 13:1—4). Алардын түшүнгөндөрүнө же түшүнбөгөндөрүнө карабастан, Ыйсанын жообу бир гана аткарылгандан көбүрөөктү камтыган.

Иерусалимдик ийбадаткананын талкаланышын жана иудей нерселеринин түзүлүшүнүн аякташы менен белгиленген маал, Ыйсанын катышуусу жана нерселердин дүйнөлүк түзүлүшүнүн аяктоо маалынан айырмаланып турат. Ошондой болсо да, Ыйса кенен-кесири жооп бергени менен, суроонун ар кандай тараптарын чеберчилик менен түшүндүрүп кеткен. Ал окуучуларына Иерусалимдин так талкаланар алдында эмне болорун айтып берген; дагы Ыйса, өзү асмандагы Падыша болгондо, өзүнүн катышуусунун убагында, нерселердин дүйнөлүк түзүлүшүн жок кылганга чейин дүйнө кандай боло турганын айтып берген.

Иерусалимдин кыйрашы

Адегенде, Ыйсанын Иерусалимдин өзү жөнүндө жана иерусалимдик ийбадаткана жөнүндө айтканын караштырып көрөлү. Дүйнөдөгү көрүнүктүү шаарлардын бири болгон ушу шаарга болуп көрбөгөндөй кыйын мезгил келе тургандыгын Ыйса отуз жылдан ашыгыраак убакыт мурун алдын ала айткан. Анын Лукадан 21:20, 21-аяттарда жазылган: «Иерусалимди аскерлер курчап алганын көргөнүңөрдө, анын ээн кала турган убагы жакындаганын ошондо билесиңер. Ошондо Иудеяда болгондору тоолорго качып кетсин; шаарда болгондору андан чыгышсын; айланасында болгондору ага киришпесин»,— деген сөздөрүнө өзгөчө көңүл бургула. Бирок эгерде Иерусалим аскерлер менен курчалган болсо, «шаарда болгондор», Ыйсанын буйругун аткарышып, кантип ‘андан чыгып кете алышмак’ эле? Ыйсанын ал үчүн мүмкүнчүлүк болору жөнүндө айткысы келгени түшүнүктүү. Чындыгында эмне болду эле?

Цестий Галлдын жетекчилигинин алдындагы римдик аскерлер б.з. 66-жылы иудейлик козголоңчуларды Иерусалимге кайтып келгенге мажбур кылган жана шаарды курчоого алган. Римдиктер шаарды басып алганга да аракет жазашкан жана ийбадаткананын дубалына чейин келишкен. Бирок аңгыча болбой жоокерлер Галлдан эч күтүлбөгөн буйрук алышкан. Ал артка чегинүүгө буйрук берген! Кубанган иудейлик жоокерлер качып бараткан душманга сокку берип, римдиктердин артынан кууп жөнөшкөн. Ошентип Ыйса пайгамбарчылык кылган качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Чыныгы христиандар эскертүүгө тил алышкан жана Иерусалимден чыгып кетишкен. Алар ошентип акылмандык кылышкан, себеби төрт жылдан кийин эле римдиктер генерал Титтин жетекчилиги алдында кайтып келишкен. Бул жолу качып кетүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Римдик аскерлер Иерусалимди кайтадан курчап алышкан; шаардын тегеретесине учталган шиш казыктардан чеп курушкан. Ыйса Иерусалим жөнүндө: «Анткени сенин үстүңө күндөр келет, ал убакта сенин душмандарың айланаңды казып, [«жана сага каршы сенин душмандарың жыш шиш казыктарды тургузушат», В. В. Ребриктин сөзмө-сөз котормосу], сени курчап жана ар тараптан кысымга алат»,— деп пайгамбарчылык кылганa (Лукадан 19:43). Иерусалим тез эле кулады, анын башкаларга терең таасир калтыруучу ийбадатканасы түтөп жаткан урандыларга айланган. Ыйсанын сөздөрү майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган!

Бирок, Ыйса Иерусалимдин талкаланышынан да көбүрөөктү айтып кеткен. Окуучулары анын катышуусунун белгилери жөнүндө да сурашкан. Алар Ыйса асмандагы падышалык бийликти кабыл ала турган убакка тиешелүү суроону, өздөрү аны билбей туруп эле, ага беришкен. Ал алдын ала эмнелерди айтты эле?

Акыркы күндөрдөгү согуштар

Ыйык Инжилдердеги Матфейден 24—25-баптарды, Марктан 13-бапты жана Лукадан 21-бапты окуп жатып, силер Ыйса биздин убакыт жөнүндө айткан экенинин калетсиз далилин көрөсүңөр. Ал согуштардын боло турган убактысын алдын ала айткан — адамзаттын тарыхын дайыма булгап турган жөнөкөй эле «согуштар жана согуш кабарларын» айткан эмес, а ‘элдин үстүнө эл көтөрүлүш чыгарган, жана падышалыктын үстүнө падышалык’ каршы чыккан дүйнөлүк деңгээлдеги улуу согуштардын боло турган убактысын айткан (Матфейден 24:6—8).

Биздин кылымдагы согуштар бардык башка согуштарга караганда эмнеси менен айырмаланып жатканын бир паска ойлонуп көрсөңүз. Илгери, согуш бири бирине карама-каршы турган эки элдин аскерлеринин кагылышуусу гана болгон кезде, кылычтар менен чабышуу же ал түгүл от менен атылуучу куралды колдонуу — бул бир топ эле коркунучтуу окуя болчу. Бирок 1914-жылы дүйнөлүк согуш тутанган. Уланма реакцияга окшоп, улам бир элдин артынан экинчи эл дүйнөлүк чоң өрткө — биринчи бүткүл дүйнөлүк согушка, кийлигишкен. Улам барган сайын алысыраак аралыктагы көбүрөөк адамдарды өлтүрүү үчүн, автоматтык куралды ойлоп табышкан. Пулемёттор окторду аёосуздук менен чачкан; горчица газы миңдеген солдаттарды күйгүзгөн, кыйнаган, майып кылган жана өлтүргөн; күркүрөгөн танкалар, мунара куралдарынан от чыгарышып, душмандардын коргонуу чектерин ырайымсыздык менен басып өтүшкөн. Согуш сахнасында, өздөрүнүн үрөй учурган тукумдарынын байкуш прототиптери гана болгон аэропландар менен суу астында сүзүүчү кемелер пайда болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш он миллиондогон адамдарды өлтүрүп биринчисинен алда канча өлчөмдө ашып түшкөн. Килейген авианосецтер — калкып жүргөн чыныгы шаарлар — деңиздерди кесип өтүшкөн жана асмандан, душмандарга өлүмдү жаадыруу үчүн, согуштук самолётторду коё беришкен. Суу астында сүзүүчү кемелер душмандын кемелерине карай торпеда жиберип чөктүрүшкөн. Ар бирөөсүнүн таш талканды чыгарган жарылышы көп миңдеген адамдардын өмүрлөрүн алып кеткен атомдук бомбалар ташталган! Ыйса пайгамбарчылык кылгандай эле «коркунучтуу көрүнүштөр» ушул согушчан доорду белгилеп кетти (Лукадан 21:11).

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин согуштар тынчып калдыбы? Ооба деп айтуу кыйын. Кээде, мисалы үчүн, биздин акыркы он жылдыкта, курмандыкка миллиондогон өмүрлөрдү талап кылып, бир жылдын ичинде дароо бир нече согуш башталып жатат. Согуштун курмандыктары да бүгүн башкалар. Негизинен солдаттар өлүшкөн жок. Азыркы убакта согуштардагы негизги жоготуулар — курман болгондордун 90дон ашык пайызы — граждандык адамдар.

Белгинин башка өзгөчөлүктөрү

Согуш — бул Ыйса айтып өткөн белгинин бир гана өзгөчөлүгү. Бирок ал ошондой эле «ачкачылык» болот деп эскерткен (Матфейден 24:7). Бул пайгамбарлыктар дагы аткарылды, Жердин бардык адамзатты азыктандырууга керек болгондон көбүрөөк азык-түлүк өндүрүп жатканы таң калыштуу эмес болсо да, айыл чарба илими адамзат тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй өнүксө да, тамактануучу азык-түлүктөрдү дүйнөнүн каалаган жерине жеткире ала тургандай болуп, жүктөрдү ташуу кызматы ушунчалык ылдамдыкка жана ийгиликке жетишсе да. Ушуларга карабастан, болжол менен Жер калкынын бештен бир бөлүгү ачка калууда.

Ыйса ошондой эле «катуу оорулар» болот деп алдын ала айткан (Лукадан 21:11). Жана кайрадан биздин мезгилде болбошу керек болгон карама-каршылыкты башынан өткөрүүдө: дарылоонун мурда болуп көрбөгөндөй мыкты жолдору, технологиялык жетишкендиктер, кеңири белгилүү оорулардын вакциналары бар болуп турса да, эпидемиялык оорулар укмуштуудай ‘ийгиликтерге’ жетишүүдө. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин эле согушка караганда көбүрөөк өмүрлөрдү алып кеткен «испанка» сасык тумоосу келген. Кээ бир шаарларда, мисалы, Нью-Йоркто чүчкүрүп койгондугу үчүн эле адамдарга штраф салышкандары же аларды түрмөгө камагандары оорунун канчалык жугуштуу болгонун көргөзүп турат. Рак жана жүрөк оорулары азыркы мезгилде, жыл сайын миллиондогон өмүрлөрдү алып кетип, анык кыргындуу «катуу ооруларды» алып келүүдө. Чынында айыктырылгыс СПИД да адамдарды өлтүрүүнү улантып жатат.

Ыйса, негизинен ушул убактын тарыхый жана саясий шарттарын кеңири чагылдырып, акыркы күндөрдү баяндагандыктан, апостол Павел социалдык кыйынчылыктарга жана басымдуулук кылчу көз караштарга көбүрөөк көңүл бурган. Ал: «Акыркы күндөрдө оор убакыттардын келерин билишиң керек. Себеби адамдар өзүмчүл... ишенимсиз, ырайымсыз болушат, келишпес... өзүн-өзү кармай албаган, катаал, жакшылыкты сүйбөгөн, чыккынчы, бейбаш, кекирейме, Кудайдын ордуна ыракат сүйгөн болушат»,— деп жазган (2 Тимофейге 3:1—5).

Биздин күндөрдүн бизге тааныш мүнөздөмөлөрү, чынбы? Бүгүнкү дүйнөдөгү социалдык жактан кыйроонун бир гана жагын, үй-бүлөнүн бузулушун, талдайлы. Ажырашкан үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү, аялынын же эринин уруп-согуулары, балдарга кордук көрсөтүү, жашап калган ата-энелерине ырайымсыз мамиле кылуу — мунун баары адамдардын «ырайымсыз», «катаал» жана а түгүл «чыккынчы», «жакшылыкты сүйбөгөн» болгонун көрсөтүп турат! Ооба, ушулардын баары дүйнөдө кеңири тараган.

Так биздин муун алдын ала айтылган беле?

Силер: «Адамзат ушул кырсыктардан бардык эле убактарда азап чегишкен эмес беле? Азыркы адамдардын мууну — байыркы пайгамбарлыкта айтылган муундун дал өзү экенин биз кантип билебиз?» — деп таң калышыңар мүмкүн. Ыйса биздин убак жөнүндө айткан экенине үч далилди талдап чыгалы.

Биринчиси, Ыйсанын сөздөрү адегенде Иерусалим жана иерусалимдик ийбадаткана талкаланганда жарым-жартылай аткарылса да, алар алыскы келечекти даана көрсөтүп турган. Иерусалим талкалангандан кийин болжол менен 30 жыл өткөн соң, Ыйса картайып калган Иоаннга алдын ала айтылган дүйнөлүк окуялар: согуштар, ачкачылык, жугуштуу оорулар жана алардын натыйжасы болгон өлүм келечекте бүткүл дүйнөнү баса турганы көрсөтүлгөн аянды берген. Ооба, бул кырсыктар жердин айрым бир гана бөлүгүн эмес, бирок «жерди» толугу менен каптайт (Иоанндын аяны 6:2—8).

Экинчиси, Ыйса аркылуу алдын ала айтылган белгинин кээ бир өзгөчөлүктөрү ушул кылымда чоң масштабда аткарылып жаткандыгын айтууга болот. Мисалы, 1914-жылы башталган согуштарга караганда башка согуштар коркунучтуураак болушу мүмкүнбү? Эгерде бүгүнкү бардык ядролук державалардын катышуусу менен жана алардын бардык курал-жарактарын колдонушу менен Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталса, Жер куйкаланган чөлгө айланышы мүмкүн, ал эми адамзаттан из да калбай калат. Иоанндын аяны 11:18де ошондой эле бул акыркы күндөрдө, элдер ‘каарданып калышканда’, адамдын ‘жерди кыйрата’ турганы алдын ала айтылууда. Биздин убакта бизди курчап турган чөйрөнүн бузулушу жана начарлашы планетадагы жашоо үчүн, тарыхта биринчи жолу, коркунуч туудурууда! Ошентип, бул белги да толугу менен же дээрлик толук аткарылды. Адам өзүн да, планетаны да кыйратып салганга чейин согуштар жана булгоо созула береби? Жок, себеби Ыйык Китеп Жер түбөлүккө турат жана анын үстүнө ыймандуу адамдар жашашат деп ырастайт (Забур 36:29; Матфейден 5:5).

Үчүнчүсү, акыркы күндөрдүн белгисин, эгерде бүтүн бойдон караса, айрыкча ишендирерлик. Ыйса үч Ыйык Инжил аркылуу белгилеген, Павел айткан, жана Иоанндын аяны баяндаган белгинин бардык курама бөлүктөрүнүн баарын эске алып, белги бүтүн бойдон ондогон мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү өзүнө камтый турганын аныктоого болот. Ушул өзгөчөлүктөрдү улам бирден атап, анан башка убактарда ошондой эле кыйынчылыктар болгондугуна далилдерди келтире берүүгө болот; бирок, эгер биз аларды чогуусу менен карасак, алардын баары калетсиз бир гана убакытты — биздин убакытты, көрсөтүп турат.

Деги ушулардын баары эмнени билдирет? Чын эле Ыйык Китеп биздин доорубузду жөн гана кайгылуу, үмүтсүз убак катары баяндайбы? Такыр эле андай эмес!

Жакшы кабар

Акыркы күндөрдүн белгисинин абдан көрүнүктүү өзгөчөлүктөрүнүн бирин Матфейден 24:14тө жазылган сөздөр көрсөтүп турат: «Жана бул Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабар бүтүн ааламда, бүт элдерге күбөлүк үчүн үгүт таратылат; ошондо дүйнөнүн акыры келет». Иегованын Күбөлөрү ушул кылымда адамзаттын бүткүл тарыхындагы эң сонун ишти аткарып жатышат. Алар Иегова Кудайдын Падышалыгы — эмне болгон Падышалык экени, ал кантип башкарат экени жана эмнелерге жетишет экени — жөнүндөгү ыйык китептик кабарды кабыл алышкан жана ушул кабарды бүткүл жер жүзү боюнча таратып жатышат. Алар Падышалык жөнүндөгү адабиятты 300дөн ашык тилде басып чыгарышууда жана аны адамдарга үйлөрүнө жеткиришет же аны көчөлөрдө жана башка жерлерде, иш жүзүндө, дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде таратып жатышат.

Ушундай иштерди жасашып, алар бул пайгамбарлыкты аткарып жатышат. Бирок алар ошондой эле үмүттү да таратып жатышат. Ыйса бул кабар жөнүндө жаман кабар катарында эмес, а «жакшы» кабар катары айтканын байкасаңар. Ушундай капалуу убактарда жакшы кабардын болушу кандайча мүмкүн? Чындыгында Ыйык Китептин негизги кабары эски дүйнөнүн аягы канчалык жаман болору жөнүндө эмес. Анын негизги кабары Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жана Падышалыктын берип жаткан убадасы — тынчтыкты сүйгөн ар бир адамдын жүрөгүнө жакын болгон кутулуу, жөнүндө.

Бул кутулуу эмнени билдирет болду экен жана ал сизге кантип келиши мүмкүн? Ушул темага байланыштуу макалаларды ушу журналдын 20—29-беттеринен окуп изилдеп чыгууга чакырабыз.

[Шилтемелер]

a Анык ийгилик Титтин тарабында болгон. Ошондой болсо да ал өзүнүн эки маанилүү ниетин аткара алган эмес. Ал иудейликтерге тынч эле багынып колго түшүүнү сунуш кылган, бирок шаардын башчылары өздөрүнүкүн беришпей жана эч кандай түшүндүрмөлөрдү бербестен макул болбой коюшкан. Шаарды курчаган чебинде тешиктер жасалганда, Тит ийбадаткананы сактап калууну буюрган. Бирок баары бир эле ийбадаткананы күлү асманга сапырылгандай кылып өрттөп салышкан! Ыйсанын пайгамбарлыгы Иерусалимдин ээн кала турганын, ийбадаткана болсо толугу менен талкалана турганын ачык көрсөткөн болчу (Марктан 13:1, 2).

[5 беттеги кутуча]

Адамдар: «Эмне себептен бардыгы ушунчалык жаман? Адамзат акыры эмнеге келет?» — деген тынчсыздандыруучу суроолорго жоопторду издешүүдө.

[6 беттеги кутуча]

Азыркы убакта согуштук жоготуулардын 90дон ашык пайызы — граждандык адамдар.

[7 беттеги кутуча]

Иерусалимдин талкаланышы жөнүндөгү Ыйсанын пайгамбарлыгы майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү