Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • «Куткарылууңарга аз калды»!
    Күзөт мунарасы—2015 | июль 15
    • 2. Б. з. 66-жылы Исанын жолдоочулары эмне кылышы керек эле жана бул кандайча мүмкүн болгон?

      2 Ошол учурда Иса пайгамбардын: «Иерусалимди аскер кошуундары курчап алганын көргөнүңөрдө анын кыйрай турган убагы жакын калганын билгиле»,— деген сөздөрүн эстемек болушуң керек (Лк. 21:20). Бирок Иса андан ары: «Ошондо Жүйүт жериндегилер тоого качсын. Иерусалимдин ичиндегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми сыртындагылар кайра кирбесин»,— деп айткан болчу (Лк. 21:21). Андыктан: «Иерусалимди жер жайнаган аскерлер курчап турса, кантип ал эскертүүгө ылайык иш кылам?» — деп бушайман болмоктурсуң. Бирок ошол убакта таң калыштуу бир окуя болот: Рим аскери күтүлбөгөн жерден Иерусалимден чегине баштайт. Ошентип, алдын ала айтылгандай, алар сокку ура турган «күндөр кыскартылат» (Мт. 24:22). Эми Исанын көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сен бир да мүнөттү текке кетирбей, Иерусалимдеги жана анын тегерек-четиндеги ишенимдүү бир туугандарың менен чогуу Иордан дарыясынын аркы өйүзүндөгү тоолуу аймакка качып жөнөйсүңa. Б. з. 70-жылы Рим аскери Иерусалимге кайтып келип, анын күлүн көккө сапырат. Сен болсо Исанын айткандарына кулак каккандыктан аман калдың.

  • «Куткарылууңарга аз калды»!
    Күзөт мунарасы—2015 | июль 15
    • СЫНАЛА ТУРГАН ЖАНА ӨКҮМ ЧЫГАРЫЛА ТУРГАН УБАК

      7, 8. Жалган диндер жок кылынгандан кийин эмне болот жана ошол убакта Кудайдын ишенимдүү кызматчылары башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

      7 Жалган диндер жок кылынгандан кийин эмне болот? Ал убакта жүрөгүбүздө чынында эмне бар экени ачыкка чыгат. Адамдардын басымдуу бөлүгү «тоолордогу аскаларга» салыштырылган уюмдардан коргоо издешет (Аян 6:15—17). Жахабанын эли болсо андан баш маана издешет. 1-кылымда алаамат күндөрү «кыскартылганда», жүйүттөр массалык түрдө өздөрүнүн динин таштап, Машаяктын жолдоочусу болуп калышкан эмес. Ал убак Машаяктын жолдоочулары үчүн анын эскертүүсүнө ылайык иш-аракет кылчу убак болгон. Анын сыңарындай, биз улуу алааматта «күндөр кыскартылганда» көп адамдар чындык жолуна түшөт деп күтпөйбүз. Ал мезгил Жахабаны сүйөрүбүздү жана Машаяктын бир туугандарын колдоорубузду көрсөтө турган убак болот (Мт. 25:34—40).

      8 Ишенимибиз сынала турган ал учурда эмнелер болорун толук билбейбиз, бирок кайсы бир нерселерибизден баш тартууга туура келери анык. 1-кылымдагы бир туугандарыбыз аман калыш үчүн мал-мүлкүн таштап кетишкен жана ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечиришкен (Мр. 13:15—18). Ишенимдүү бойдон калыш үчүн биз да материалдык нерселерибизден баш тартууга даярбызбы? Жахабага болгон берилгендигибизди сакташ үчүн эмне талап кылынса, ошонун баарын кылууга дилгир болобузбу? Элестетсеңер, ошол убакта биз гана, Даниел пайгамбарга окшоп, эч нерсеге карабай Жахабага сыйына беребиз (Дан. 6:10, 11).

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү