Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • km 11/03 1-б.
  • «Даяр болгула»

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Даяр болгула»
  • Падышалык кызматыбыз—2003
  • Окшош материалдар
  • Жахабанын күнүнө даяр болгула
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2004
  • «Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Убактыңды эмнеге сарптап жатканыңа көңүл бур
    Падышалык кызматыбыз—2004
  • Дайыма рухий нерселер тууралуу ой жүгүрт
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2015
Дагы башкасы
Падышалык кызматыбыз—2003
km 11/03 1-б.

«Даяр болгула»

1 Азыркы түзүлүштүн акыры тууралуу айткан пайгамбарлыгында Ыйса шакирттерин турмуштук түйшүктөргө малынып кетүүдөн сак болууга чакырган (Мт. 24:36—39; Лк. 21:34, 35). Улуу кайгы кокусунан башталышы мүмкүн экенин эске алып, Ыйсанын: «Силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет»,— деген чакырыгына кулак кагышыбыз керек (Мт. 24:44). Даяр болууга эмне жардам берет?

2 Түйшүк жана алаксытуулар менен күрөш. Биз сактанышыбыз керек болгон рухий тузактардын бири — «турмуштук түйшүктөр» (Лк. 21:34). Айрым өлкөлөрдө жакырчылыктын, жумушсуздуктун же кымбатчылыктын айынан эң зарыл нерселерге жетүү оор болсо, башкаларында, тескерисинче, байлык топтоо кеңири таралган. Эгер материалдык нерселер тууралуу өтө көп ойлоно баштасак, Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга коё албайбыз (Мт. 6:19—24, 31—33). Жыйналыш жолугушуулары жашообузда эмнени биринчи орунга коюшубуз керектигин аныктоого жардам берет. Жолугушуулардын бирин да калтырбоону максат кылып алдыңбы? (Эвр. 10:24, 25).

3 Азыркы дүйнө баалуу убактыбызды оңой эле уурдай алган нерселерге жык толгон. Интернетти колдонуу үчүн, электрондук почта аркылуу кат алып, жөнөтүү же компьютердик оюндар менен ойноо үчүн компьютерге көп саат сарптасак, тузакка түшүп калышыбыз ыктымал. Жакшы көргөн иштерибиз, сыналгы, кино, дүйнөлүк адабияттарды окуу, спорт оюндары далай убактыбызды жеп, натыйжада рухий иштер үчүн убактыбыз же күчүбүз калбай калышы мүмкүн. Эс алуу жана көңүл ачуу убактылуу эле сергитсе, Ыйык Китепти жекече жана үй-бүлөбүз менен изилдөө түбөлүктүү баталарды алып келерин эстен чыгарбоо керек (1 Тим. 4:7, 8). Кудай Сөзүндө жазылгандардын үстүнөн күнүгө ой жүгүртүү үчүн убакытты туура пайдаланып жатасыңбы? (Эф. 5:15—17).

4 Жахабанын уюму «боло турган алааматтардын баарынан качып кутула... жана Адам Уулунун алдына келип тура» алгыдай болушубуз үчүн рухий насааттарды берип жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Лк. 21:36). Андыктан «Ыйса Машайак келгенде, сыналган ишенимибиз урмат-сыйга, атак-даңкка ээ кылышы» үчүн, «даяр болушубузга» өбөлгө түзгөн ушул рухий чаралардын бардыгынан толук пайда алалы (1 Пет. 1:7).

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү