Сергек жүргөндөр ыракаттуу
«Мына, мен ууру сыяктуу келе жатам... сергек жүргөн, өзүнүн кийимдерин сактаган адам ыракаттуу» (ИОАНДЫН АЯНЫ 16:15).
1. Иегованын күнүнүн жакындыгына байланыштуу биз эмнени күтсөк болот?
ИЕГОВАНЫН улуу күнү — согуштун күнү жакындап калды! Иоаннга берилген аянда ага курбакага окшогон «жиндердин рухтары» жердеги бардык «падышаларды» жана башкаруучуларды көздөй чыгып баратышканы көрсөтүлгөн. Эмне үчүн бара жатышкан эле? «Чексиз кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндө урушууга аларды чогултуу үчүн»! Иоанн: «Алар падышаларды еврейче айтылганда Армагеддон деген жерге чогултушту»,— деп кошумчалайт (Иоанндын аяны 16:13—16).
2. Магог жеринен чыккан Гог деген ким жана ал Иегованын элине кол салган кезде эмне башталат?
2 Жакында Иегова жалган диндин дүйнөлүк империясы болгон улуу Бабилонду жоюуну саясий күчтөрдүн жүрөгүнө салат (Иоанндын аяны 17:1—5, 15—17). Андан кийин Магог жеринен чыккан Гог, жердин чегине ыргытылган Шайтан Ибилис, Кудайдын тынч жашаган жана бир караганда коргоосу жоктой көрүнгөн элине кыйратуучу сокку берүү үчүн, толгон токой аскерлерин алып жөнөйт (Иезекииль 38:1—12). Бирок ошондо Кудай өзүнүн элин коргогону чыгат. ‘Иегованын улуу жана коркунучтуу күнү’ башталат (Иоиль 2:31; Иезекииль 38:18—20).
3. Силер Иезекииль 38:21—23-аяттарда алдын ала айтылган окуяларды кантип сүрөттөп берет элеңер?
3 Качан дүйнөдөгү абал Армагеддондун жогорку чегине жеткен маалда, Иегова өзүнүн элин куткарып калат, ал эми Шайтандын түзүлүшүнөн болсо из да калбай калат. Иезекииль 38:21—23-аяттардагы пайгамбарлык сөздөрдү окугула жана алардын аткарылышын элестетип көргүлө. Иегова өзүнүн күчү аркылуу баарын каптоочу жаан-чачындарды, бардыгын кыйратуучу таш мөндүрдү, отту, өлүм алып келүүчү эпидемияларды келтирет. Бүт жерде дүрбөлөң өкүм сүрөт: Гогдун толгон токой аскерлери толук баш аламандыкта бири-бирине кол салышат. Иегова өзүнүн кызматчыларын таң калыштуу түрдө куткарып жатып, кыргында аман калышкан бардык душмандарын жок кылат. Алдын ала айтылган ‘эң чоң кайгынын’ аягында Шайтандын кудайсыз дүйнөсүнөн эч нерсе калбай калат (Матфейден 24:21). Өлүм алдында жан талашып жатышкан болсо да, баары бир кудайсыздар кырсыкты аларга ким алып келгенин билип калышат. Биздин Жеңүүчү Кудай: «Жана Менин Теңир [«Иегова», МАК] экенимди билишет»,— деп айтууда. Ушундай өзгөчө окуялар биздин күндөрдө, Ыйсанын катышуусунда болот.
Ууру келгендей келет
4. Ыйса жамандыктын дүйнөлүк түзүлүшүн жоюу үчүн кантип келет?
4 Атагы чыккан Теңир Ыйса Христос: «Мына, мен ууру сыяктуу келе жатам»,— деп айткан. Ууру күтүлбөгөн маалда, адамдардын көбү уктап жатканда келет. Жамандыктын дүйнөсүн жок кылуу үчүн, Ыйса ууруга окшоп келгенде, ал чындап сергек жүргөндөрдүн өмүрүн сактап калат. Ыйса Иоаннга: «Жылаңач жүрүп, уяттуу калбас үчүн сергек жүргөн, өзүнүн кийимдерин сактаган адам ыракаттуу»,— деп айткан (Иоанндын аяны 16:15). Бул сөздөрдүн артында эмнелер турат? Жана биз рухий жактан кантип сергек жүрө алабыз?
5. Ыйса жашаган кезде ийбадаткананын алдында кандай кызмат өтөлчү эле?
5 Эгерде сакчы кароолдо уктап калса, кимдир бирөө анын киймин чечпейт эле да. Ыйсанын убагында дин башчылар жана левиттер кезектешип кызмат кылышкан Иерусалимдеги ийбадатканада иштин жөнү башкача болчу. Б.з.ч. XI кылымда Дөөт падыша Израилдеги жүздөгөн дин башчыларын жана левиттерден алынган алардын миңдеген жардамчыларын 24 кезекке бөлүштүрүп койгон (1 Тарых китеби 24:1—18). Ар бир кезек эң эле аз дегенде жылына эки жолу кызмат милдеттерин бир жуманын ичинде аткарышкан миңден ашык үйрөтүлгөн кызматчылардан турчу. Чөптөн алачык жасоо майрамында 24 кезектин баары тең кызмат өтөшчү. Пасха майрамында да ошондой эле кошумча жардам керек болчу.
6. Ыйса: «Жылаңач жүрүп, уяттуу калбас үчүн сергек жүргөн, өзүнүн кийимдерин сактаган адам ыракаттуу»,— деп айтып жатып, эмнени эсине алышы мүмкүн эле?
6 Ыйса: «Жылаңач жүрүп, уяттуу калбас үчүн сергек жүргөн, өзүнүн кийимдерин сактаган адам ыракаттуу»,— деп айтып жатып, ийбадатканадагы күзөт өтөө кызматын эсине алган болушу керек. Иудейлердин «Мишнасында» мындай деп айтылат: «Ийбадатканада дин башчылары үч жерде кароолдо турушчу: Бет Автинаста, бетницоцто [от бөлмөсүндө] жана бетмокедде [очок бөлмөсүндө], ал эми левиттер болсо жыйырма бир жерде: бешөө ийбадаткана тоосунун беш дарбазасынын жанында, төртөө ички төрт бурчунда, бешөө азардын беш дарбазасынын жанында, төртөө сырткы төрт бурчунда, бирөө түлөө бөлмөсүндө, бирөө көшөгө бөлмөсүндө жана бирөө Ыйыктардын Ыйыгы бөлмөсүнүн («капкактын үйүнүн») артында турушкан. Ийбадаткана тоосунун кишиси бардык кароол ордуларын кыдырып чыкчу, жана өзүнүн алдына күйүп турган шамана алып жүрчү; эгерде кароолчу турбаса ийбадаткана тоосунун кишиси: «Сага тынчтык болсун!» — дечү; анын уктап жатканына көзү жеткен соң, ал аны таяк менен урчу; ал анын көйнөгүн өрттөп жибергенге укугу бар болчу» («Мишна», Миддот [«Размеры»], Н. Переферковичтин орус тилиндеги котормосунда, Санкт-Петербург, 1911-жыл, 5-том, 398-б.).
7. Эмне себептен ийбадаткананын алдында кароолдо турушкан дин башчылар жана левиттер сергек болуулары керек эле?
7 Кезектин кызматын аткарышкан левиттердин жана дин башчылардын көбү ийбадаткананын короосуна эч кандай таза эместер кирбеши үчүн, көз салышып, түн бою сергек болушчу. «Ийбадаткананын кароолунун башчысы», же «башкы кароолчу» түнкү кароолдо бүт 24 кароол оордуларын кыдырып чыкчу, күзөтчүлөр капысынан ага кармалып калбоо үчүн, сергек болуулары керек эле (Апостолдордун иштери 4:1).
8. Христиан адамдын символдоштурулган кийими эмнени билдирет?
8 Майланган христиандар жана алар менен бирге кызмат кылгандар рухий жактан сергек болуулары жана өздөрүнүн символдоштурулган кийимдерин сакташтары керек. Булар — биздин Иегованын рухий ийбадатканасында кызмат өтөөгө дайындалганыбыздын көзгө көрүнүп турган көрсөткүчтөрү. Бул миссиянын далилдөөсү катары Кудайдан Ыйык рух — бизге өз милдеттерибизди аткарууга жана Падышалыкты жарыялоого жардам болгон күч алдык. Кудайдын кызматчысы үчүн кызмат ордунда уктап калуу — бул улуу рухий ийбадаткананын Башчысы Ыйса Христостун келишинде ага капысынан кармалып калуу коркунучуна дуушар болуу. Эгерде ошол кезде рухий жактан уктап жаткан болсок, анда биз, салыштырып айтканда, кийимибизди жылаңач болгучакты чечтирип жибергендей болмокбуз, ал эми символдоштурулган кийимибиз болсо өрттөлгөн болмок. Рухий жактан кантип сергек болууга болот?
Кантип сергек болуу керек
9. Эмне себептен Ыйык Китепти христиандык адабияттардын жардамы аркылуу изилдөө ушунчалык маанилүү?
9 Христиандык адабияттардын жардамы менен Жазманы кылдаттык менен окуп изилдөө рухий кыраакылыкты сактап турат. Мындай окуп изилдөө бизди кызмат өтөгөнгө даярдайт, кыйынчылыктарга чыдаганга жардам берет, түбөлүк бакытка жол ачат (Үлгүлүү аңгемелер 8:34, 35; Жакыптын 1:5—8). Окуп изилдөө негизделген жана улам илгерилөөчү болууга тийиш (Еврейлерге 5:14—6:3). Үзгүлтүксүз түрдө туура тамактануу бизди сергек жана кыраакы бойдон сактап турат. Начар тамактангандан болуучу ылдыроого жол бербейт. Бизде рухий жактан начар тамактангыдай жана уктап калгыдай себептер жок: Кудай рухий азыкты «чыныгы жана эстүү кул» аркылуу ашыгы менен берип жатат (Матфейден 24:45—47). Рухий азыкты өз алдынча жана үй-бүлөлүк изилдөөдө үзгүлтүксүз түрдө кабыл алуу сергек жүрүүгө жана «ишенимде бекем» турууга мүмкүнчүлүк берет (Титке 1:13).
10. Христиандык жыйналыштар жана конгресстер сергек болууга кантип жардам берүүдө?
10 Рухий жактан сергек болууга христиандык жыйналыштар жана конгресстер да жардам берет. Алар кайрат алганга, ‘сүйүүгө жана жакшы иштерге бири-бирибизди кызыктырганга’ жардам берет. Дайыма чогулуу өзгөчө маанилүү, себеби биз ‘тигил күндүн жакындап келе жатканын көрүп жатабыз’. Ал күн абдан жакындап калды. «Иегованын күнү» — Кудай өзүнүн бийлигин актай турган мезгил. Эгерде ошол күн биз үчүн чынында эле маанилүү болсо, — ал маанилүү болуш керек, — биз ‘чогулуштарыбызды калтырбайбыз’ (Еврейлерге 10:24, 25; 2 Пётрдун 3:10, ЖД).
11. Эмне себептен христиандык кызмат өтөөнү рухий жактан кыраакылыкты сактоо үчүн абдан маанилүү деп айтууга болот?
11 Рухий жактан сергек болуу үчүн христиандык кызматка чын жүрөктөн катышуу керек. Жакшы кабарды таратуу ишине ар дайым жана демилгелүү катышуу биздин кыраакылыгыбызды сактайт. Кызмат кылуубузда адамдарга Кудайдын Сөзү, Анын Падышалыгы жана ниеттери жөнүндө айтып бергенге көп мүмкүнчүлүктөр болот. Үймө үй күбөлөндүрүүлөр, кайта барып жолугуулар жана Ыйык Китепти, мисалы, «Түбөлүк өмүргө алап баруучу терең билим» деген китеп боюнча, үйдөн окуп изилдөөлөр чоң канааттанууну алып келет. Байыркы Ефестеги насаатчы агалар өздөрүн Павел «эл алдына жана үйлөрүндө» үйрөткөнүн ырастай алышкан (Апостолдордун иштери 20:20, 21). Албетте, ишенимдүү Иегованын Күбөлөрүндө да кызмат өтөөгө тоскоолдук кылуучу оор кыйынчылыктар болот, бирок алар Иегова жөнүндө жана анын падышачылыгы жөнүндө башкаларга айтып бергенге мүмкүнчүлүктөрдү таап жана ошондон чоң кубаныч алып жатышат (Забур 144:10—14).
12, 13. Кандай себептерден улам тамакты жана ичимдикти ашыкча жеп-ичүүдөн качуу керек?
12 Рухий жактан сергек болууга жашоодогу ашыра талап кылбагандык да жардам берет. Ыйса өзүнүн катышуусу жөнүндө айтып жатып, апостолдоруна: «Өзүңөрдү өзүңөр карагыла, силердин жүрөгүңөр көп жеп-ичип жана мас болуп, турмуштук камылгаларга берилип чөкпөсүн, жана ал күн силерге кокусунан келип калбасын. Анткени ал, тор сыяктуу, бүтүн жер үстүндөгү бардык жашагандарга да келип түшөт»,— деп эскерткен (Лукадан 21:7, 34, 35). Курсагынын эле камын ойлоочулук жана аракечтик ыйык китептик принциптерди бузганга жатат (5 Муса 21:18—21). Үлгүлүү аңгемелер 23:20—21-аяттарда: «Ичкиликти аябай ичип мас болгондордун арасында, этке ашыра тойгондордун арасында болбо: себеби аракеч жана ашыра тойгондор жакырданышат, жана уйкучулук тамтыгы жок кийим кийгизет»,— деп айтылат (Үлгүлүү аңгемелер 28:7).
13 Эгерде адам тамакты жана күчтүү ичимдиктерди ичүүдө чектен чыкпаса да, ченеми жоктук уйкучулукту, ылдырагандыкты жана Кудайдын эркин аткарганды каалабагандыкты туудурушу мүмкүн. Албетте, ар бирөөбүздө үй-бүлөлүк жашоонун түйшүктөрү, ден соолукка байланыштуу кыйынчылыктар жана ушуларга окшогон башка кыйынчылыктар пайда болот. Бирок, эгерде асмандагы Атабыз биздин камыбызды көрөрүнө ишенип, Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи оорунга койсок, биз бактылуу болобуз (Матфейден 6:25—34). Антпесек бизди «ал күн» «тор сыяктуу» басат, жана биз, эч шек санабаган жаныбарлар сыяктуу, жашыруун тузакка түшүп же кызыктырган нерселерге алданып калабыз. Мындай болбоо үчүн, биз ‘акыр заманда’ жашап жатканыбызды эсибизден чыгарбай, сергек болушубуз керек (Даниил 12:4).
14. Эмне себептен чын жүрөктөн тиленүү маанилүү?
14 Рухий жактан сергек болууга чын жүрөктөн чыккан тиленүүлөр жардам берет. Андан соң Ыйса белгилүү пайгамбарлыкта: «Ошентип, бардык мезгилде сергек болуп, боло турган бардык бул аламаттардан кутулууга жана Адам Уулунун алдына келип турууга ийкемдүү болуу үчүн сыйынгыла [«тиленгиле», СК]»,— деп баса белгилеп кеткен (Лукадан 21:36). Бардык убакта Иегованын тарабында калуу жөнүндө жана жамандыктын дүйнөлүк түзүлүшүн Ыйса, Адам Уулу, жойгону келгенде, Иегованын жактыруусуна ээ болуу жөнүндө тиленели. Өзүбүздүн жыргалчылыгыбыз үчүн жана биз тиленип жаткан бир ишенимдеги туугандарыбыздын жыргалчылыктары үчүн, ‘дайыма сыйынып турушубуз’ керек (Колоссадагыларга 4:2; Ефесалыктарга 6:18—20).
Убакыт аягына чыгып калды
15. Чындыкты кабарлоо кызматын кылганыбыздын аркасында эмнелер болууда?
15 Иегованын күнүн күтүп жатып, ага кызмат өтөөдө биз, албетте, колубуздан келгендин бардыгын кылгыбыз келет. Эгерде бул жөнүндө Кудайга жан-дилибиз менен тиленсек, балким, бизге эмгектенгенге «кенен эшик» ачылат (1 Коринфтиктерге 16:8, 9). Кудай белгилеген мезгилде Ыйса сот жүргүзөт жана түбөлүк жашоого татыктуу болгон такыбаа «койлорду» түбөлүк өлүмгө татыктуу болгон кудайсыз «эчкилерден» бөлөт (Иоанндан 5:22). Койлорду эчкилерден биз бөлбөйбүз. Бирок, биздин чындыкты таратуу кызматыбыз адамдарга Кудайга кызмат кылуу жолун тандап алганга мүмкүнчүлүк берет, ошону менен бирге, Ыйса «Өзүнүн атагында... келатканда», жашоо үчүн бөлүнгөндөрдөн болууга үмүт берет. Бул түзүлүштүн бүтүшүнө абдан аз калгандыктан, чын жүрөктөн чыккан каалоо менен ‘түбөлүк өмүргө тандалгандарды’ издөө керек (Матфейден 25:31—46; Апостолдордун иштери 13:48).
16. Эмне себептен Падышалыктын жарчылары демилгелүү болуулары керек?
16 Нухтун убагындагы дүйнөнүн аягы кандай келсе, азыркы дүйнөлүк түзүлүш үчүн да ошондой эле саат келет. Эмесе Падышалыктын демилгелүү жарчыларынан бололу. Биздин кабар таратуу ишибиз абдан ылдам жүрүп жатат; жыл сайын жүз миңдеген адамдар Кудайга арналгандыктарынын белгиси катары чөмүлтүлүп жатышат. Эми алар Иегованын бата тийген уюмуна — ‘Анын элине, Анын короосундагы койлоруна’ таандык (Забур 99:3). ‘Иегованын улуу жана коркунучтуу күнүнүн’ келишине чейин ушунчалык көп адамдарга үмүт алып келе турган Падышалыктын кабар таратуу ишине катышуу кандай гана кубанычтуу.
17, 18. а) Кызмат кылуубузда кээ бир адамдардан кандай мамилелерди күтүү туура болот? б) Шылдыңдашкан адамдарды эмне сөзсүз каптап калат?
17 Нухта бар болгон Кудайдын жардамы жана коргоосу бизде да бар. Нухтун кабары адамдардын, адам кебетесин кийип өзгөрүшкөн периштелердин жана нефилимдердин шылдыңдоолорун туудурса да, анткендери Нухка жолтоо болгон эмес. Азыркы кезде да кимдир бирөөгө «акыркы күндөрдүн» көптөгөн белгилерин көрсөтсө, ал шылдыңдайт (2 Тимофейге 3:1—5). Пётрдун айтканына караганда, ушуга окшогон жамандоо Христостун катышуусу жөнүндөгү ыйык китептик пайгамбарлыктын аткарылышынын дал өзү: «Акыркы күндөрдө адепсиз (бетпак) тилдөөчүлөр чыгат, алар өзүлөрүнүн кумары боюнча иш кылышат жана мындай деп айтышат: „Анын келем деген убадасы [«убадаланган катышуусу», ЖД] кана? Себеби аталар өлгөндөн бери, дүйнө жаралгандан бери, бардыгы өз ордунда эле калып жатпайбы?“» (2 Пётрдун 1:16; 3:3, 4).
18 Азыркы шылдыңдаган адамдар: «Жаралгандан баштап эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Жашоо баягыдай эле өтүп жатат, адамдар жеп, ичип, үйлөнүп, балдарын өстүрүп жатышат. Ыйса катышып турса да, мен өлгөнгө чейин сот болбойт»,— деп ойлоп жатышкандыр. Мындай адамдар кандай гана адашып жатышат! Эгерде алар ошол күнгө чейин аман болушса, Нухтун убагындагы ырайымсыз тукумду өз учурунда улуу Топон суу жер бетинен жок кылгандай эле, аларды баары бир Иегованын коркунучтуу күнү каптап калат (Матфейден 24:34).
Сөзсүз сергек болгула
19. Окуучуларды даярдоо ишине кандай мамиле кылуу керек?
19 Биз өзүбүздү Иеговага арнаган соң, туура эмес ой жүгүртүүлөр менен кыраакылыгыбызды мокоткубуз келбейт. Азыр сергек боло турган, Кудайдын пайгамбарлыктарына ишеним көрсөтө турган жана ‘бүт элдерди... шакирттер кылуу’ тапшырмасын аткара турган убак (Матфейден 28:19, 20). Нерселердин азыркы түзүлүшүнүн түбөлүккө жок кылынышы жакындап калды, жана бизде Ыйса Христостун жетекчилигинин алдында Иегова Кудайга кызмат кылуудан жана бул дүйнөнүн аягы келгенге чейин бүткүл дүйнөлүк ‘Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды’ таратуу ишине катышуудан башка чоң артыкчылык болушу мүмкүн эмес (Матфейден 24:14; Марктан 13:10).
20. Эмне себептен биз Халевден жана Ыйса Набинден үлгү алышыбыз керек?
20 Иегованын элинин кээ бирөөлөрү Кудайга ондогон жылдар, балким, өмүр бою кызмат кылып жүрүшөт. Бирок биз чыныгы ишенимди жакында эле кабыл алсак да, ‘Теңирге баш ийген’ израилдик Халевдей болгонубуз жакшы (5 Муса 1:34—36). Израиль эли Египеттеги кулчулдуктан куткарылгандан кийин көп узабай эле Халев жана Ыйса Набин Убадаланган жерге кирүүгө толук даяр болушкан. Бирок израилдиктердин чоңдорунун көбүнө ишеним жетишпегендиктен, алар чөлдө 40 жыл жүрүшкөн жана ошо жактан өлүшкөн. Халев жана Ыйса Набин ошол мезгил бүткөнчө алар менен бирге болушуп, жектөөлөргө чыдашкан, бирок акыры аягында Убадаланган жерге киришкен (4 Муса 14:30—34; Ыйса Набин 14:6—15). Эгерде биз ‘Иегованы ээрчисек’ жана рухий жактан сергек болсок, биз кубаныч менен Кудай убадалаган жаңы дүйнөгө киребиз.
21. Рухий жактан сергек болсок, бизди эмне күтүп жатат?
21 Бардыгы биз акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды жана Иегованын улуу күнү жакындап калганын күбөлөндүрүп турат. Азыр уктай турган жана Кудайдын эркин аткарууга шалаакылык менен мамиле кыла турган убак эмес. Рухий жактан сергек жүргөндөр жана Иегованын христиандык кызматчысынын кийимин сактагандар гана бата алышат. Анда көңүлүбүздү ‘сергек болууга, ишенимде бекем турууга, кайраттуу жана кажыбас болууга’ буралы (1 Коринфтиктерге 16:13). Ар бирөөбүз өзүбүздү, Иегованын кызматчысы кандай болушу керек болсо, ошондой кылып туруктуу жана эр жүрөк кылып алып жүрөлү. Жана ошондо биз Иегованын улуу күнүнө даяр болгон ишенимдүү, өздөрүн сергек алып жүрүшкөн жана бактылуу кызматчылардын арасында болобуз.
Силер эмне деп жооп берет элеңер?
Силер символдоштурулган кийим деген эмне экенин жана аны кантип сактоо керек экенин кантип түшүндүрүп берет элеңер?
Рухий жактан сергек болууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
Эмне себептен башка бирөөнүн шылдыңдагандары бизди таң калтырбашы керек жана ошондой адамдарга кандай мамиле жасашыбыз керек?
Акыркы күндөрдө окуучуларды даярдоо ишине кандай мамиле кылышыбыз керек?
[25 беттеги сүрөт]
Силер көңүлүңөрдү рухий жактан сергек болууга жана өзүңөрдүн символдоштурулган кийимиңерди сактоого буруп жатасыңарбы?
[26 беттеги сүрөт]
Кудайдын ыйык руху христиандарга сергек болууга жана милдеттерин аткарууга жардам берүүдө.