Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w00 1/3 5—10-бб.
  • «Христостун акылын» таануу

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Христостун акылын» таануу
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2000
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Анын адам болгонго чейинки жашоосу
  • Ыйсанын жердеги жашоосу жана ага таасир эткен нерселер
  • Ыйса кандай инсан болгон?
  • Иса Машаяк деген ким?
    Ыйык Китепте чынында эмне делет?
  • Иса тил алууга үйрөнгөн
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
  • Милдетин мыкты аткарган ата
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • Уулу Атасын ачып бергиси келет
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2000
w00 1/3 5—10-бб.

«Христостун акылын» таануу

«Ким Теңирди окутайын деп, Анын [«Иегованын», ЖД] оюн билип алды? Ал эми бизде Христостун акылы бар» (1 Коринфтиктер 2:16, «Инжил»).

1, 2. Иегова өз Сөзүндө Ыйса жөнүндө эмнени ачып берүүнү эп көргөн?

ЫЙСАНЫН келбети кандай болгон? Чачынын, терисинин, көздөрүнүн түсү кандай эле? Боючу, узун беле, кыска беле? Салмагы канча болгон? Ыйсанын сырткы көрүнүшүн адамдар кылымдар бою ар кандай: акылга сыярлык да, акылга сыйбаган түрдө да сүрөттөп келишет. Айрымдар ага күчтүү-демдүү жана жигердүү адамдын элесин беришсе, башкалар аны илмейген жана кубарган кишидей сүрөттөшөт.

2 Бирок Ыйык Китеп көңүлүбүздү Ыйсанын түспөлүнө бурбайт. Тескерисинче, Иегова бир кыйла маанилүүрөөк нерсени, Ыйсанын кандай адам болгонун, ачып берүүнү эп көргөн. Инжилдерде Ыйсанын эмне айтканы жана эмне кылганы эле кабарланбастан, анын сөздөрү менен иштеринин аркасында турган терең сезимдери жана ой жүгүртүүсү да көрсөтүлгөн. Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган бул төрт Инжил бизге расул Павелдин «Христостун акылы» деген сөздөрү эмнени билдирерин билүүгө жардам берет (1 Коринфтиктер 2:16). Ыйсанын ойлору, сезимдери жана сапаттары менен таанышуу маанилүү. Эмне үчүн? Буга, бери дегенде, эки себеп бар.

3. Ыйсанын акылын билүү менен биз эмнени биле алабыз?

3 Биринчиден, Ыйса Машайыктын акылы аркылуу биз Иегова Кудайдын акылын анча-мынча баамдай алабыз. Ыйса Атасын ушунчалык жакшы билгендиктен, мындай дей алган: «Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким билбейт; Атасынын ким экенин Уулунан башка жана Уул ачып бергиси келгендерден башка эч ким билбейт» (Лука 10:22, СК). Бул жерде Ыйса: «Иегованын кандай экенин билгиңер келсе, мени карап билгиле»,— дегенсийт (Иоанн 14:9). Демек, биз Ыйсанын ой жүгүртүүсү жана сезимдери тууралуу Инжилдерде эмнелер ачылып берилгенин изилдөө менен, чынында, Иегованын ой жүгүртүүсүн жана сезимдерин тааныйбыз. Бул бизди Кудайыбызга ого бетер жакындатат (Жакып 4:8).

4. Иш-аракеттерибиздин Ыйсаныкындай болушун кааласак, алгач биз эмнеге үйрөнүшүбүз керек жана эмне үчүн?

4 Экинчиден, Ыйса Машайыктын акылын таануубуз бизге «Анын изи менен ээрчип жүрүүгө» жардам берет (1 Пётр 2:21). Ыйсаны ээрчип жүрүү деген анын айткандарын кайталоо жана жасаган иштерин тууроо дегенди эле билдирбейт. Адамдын кебине жана иш-аракетине ойлор жана сезимдер таасир этет, ошондуктан Ыйса Машайыкты ээрчип жүрүү аныкындай «көз карашты» өрчүтүүнү талап кылат (Филиппиялыктар 2:5). Башкача айтканда, Ыйсадай болуп иш-аракет кылууну чындап кааласак, биз алгач ал сыяктуу ойлонууга жана сезип-туюуга үйрөнүшүбүз керек. Бул болсо жеткилең эместигибизге карабай бардык күч-аракетибизди жумшашыбызды билдирет. Эмесе, Инжил жазуучуларынын жардамы менен Ыйсанын акылына көз жүгүртөлү. Баарынан мурда биз Ыйсанын ой жүгүртүүсүнө жана сезимдерине таасир эткен нерселерди талкуулайбыз.

Анын адам болгонго чейинки жашоосу

5, 6. а) Жоро-жолдошторубуз бизге кандай таасир тийгизе алат? б) Кудайдын туңгуч Уулу жерге келгиче асманда кимдер менен жакын мамиледе болгон жана бул ага кандай таасир тийгизген?

5 Жакын жоро-жолдошторубуз биздин көз карашыбызга, сезимдерибизге жана иш-аракеттерибизге жакшы же жаман таасирин тийгизе алатa (Аңгемелер 13:20). Ыйсанын жерге келгенге чейин асманда кимдер менен жакын мамиледе болгонуна назар салып көрөлү. Иоанндын инжили көңүлүбүздү Кудайдын «Сөзү», атап айтканда, Өкүлү болгон Ыйсанын адам болгонго чейинки жашоосуна бурат. Иоанн: «Башталышта Сөз болгон, ал Сөз Кудайда болгон жана Сөздүн өзү Кудай болгон. Сөз адегенде Кудайда болгон»,— дейт (Иоанн 1:1, 2). Иегованын башталышы болбогондуктан, «Сөз адегенде Кудайда болгон» деп Кудайдын жаратуу иштеринин башталыш убактысы айтылган (Забур 89:3). Ыйса — «бардык жаратылган макулуктардын эң туңгучу». Демек, ал башка рухий жандыктар, Аалам жаратылгандан мурда бар болгон (Колоссадагылар 1:15; Аян 3:14).

6 Айрым илимий эсептөөлөр боюнча, Ааламдын жаралганына, аз дегенде, 12 миллиард жыл болду. Ал эсептөөлөр туура болсо, Адам ата жаратылганга чейин Кудайдын туңгуч Уулу Атасы менен миллиарддаган жылдар бою тыгыз мамиледе болуп келген. (Салыштыргыла: Михей 5:2.) Ошентип алардын ортосундагы жылуу жана бекем байланыш чыңала берген. Акылмандык деп берилген бул туңгуч Уул адам болгонго чейинки жашоосунда: «Анын [Иегованын] алдында ар күнү, ар дайым шаттыкка бөлөнүп, кубанып тургам»,— деп айткан (Аңгемелер 8:30). Сүйүүнүн Булагы менен нечендеген доорлор бою ылымдашуу Кудайдын Уулуна зор таасир эткени калетсиз! (1 Иоанн 4:8). Ушул Уул Атасынын ойлорун, сезимдерин, жолдорун баарынан жакшы билген жана чагылдырган (Матфей 11:27).

Ыйсанын жердеги жашоосу жана ага таасир эткен нерселер

7. Кудайдын туңгуч Уулунун жерге келишинин бир себеби кайсы?

7 Кудай Уулу дагы көп нерселерге үйрөнүшү керек эле, анткени Иегова Уулун боорукер, «кайгыбызга ортоктош боло ала» турган Дин башчы кылып даярдоону максат кылган (Еврейлер 4:15). Бул ролдун талаптарына жооп берүү Уулдун адам болуп жерге келгенинин бирден бир себеби болчу. Быяктан денеси, каны бар адам болуп Ыйса өзү мурун асмандан гана байкап турган жагдайга жана таасирлерге кириптер болгон. Эми ал адамдык сезимдерге жана эмоцияларга байланыштуу абалды өз башынан өткөрө алмак. Ал кээде чарчап-чаалыкчу, суусачу жана ачка болчу (Матфей 4:2; Иоанн 4:6, 7). Андан сырткары, Ыйса башынан ар кыл кыйынчылыктарды өткөрүп, көп жапа чеккен. Ошентип ал «тил алганды үйрөнгөн» жана Дин башчы болууга толугу менен жарактуу болгон (Еврейлер 5:8—10).

8. Ыйсанын жердеги жашоосунун башталышы тууралуу биз эмне билебиз?

8 Ыйсанын жердеги жашоосунун башталышы тууралуу эмне айтууга болот? Анын балалыгы жөнүндө абдан кыска маалымат берилген. Чындыгында, Ыйсанын төрөлүшүнө байланыштуу окуяларды болгону Матфей менен Лука баяндап жазышкан. Инжил жазуучулары анын жерге келерден мурда асманда жашаганын билишкен. Ыйсанын адам болгонго чейинки ошол жашоосу анын эми жерде кандай адам болгонун баарынан да көбүрөөк айгинелеп турган. Бирок эске алчу нерсе, Ыйса толук мааниде адам болгон. Жеткилең болсо да, ал баары бир бала кезинен өспүрүм чакка чейин жана улан кезинен эр жеткиче чоңоюп, ар убак окуп-үйрөнө бериши керек болгон (Лука 2:51, 52). Ыйык Китепте Ыйсага жаш чагында сөзсүз таасир эткен айрым нерселер ачылып берилет.

9. а) Ыйсанын кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн эмне көрсөтүп турат? б) Ыйса, кыязы, кандай шарттарда чоңойгон?

9 Ыйсанын кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөнү айкын. Муну анын төрөлгөнүнө 40 күн толгондо Жусуп менен Мариамдын ийбадатканага алып келген курмандыгынан билүүгө болот. Алар өрттөлүүчү курмандыкка бир жаш козу жана өз күнөөсү үчүн жаш көгүчкөн же бактек алып келүүнүн ордуна, «эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын» алып келишкен (Лука 2:24). Мусанын мыйзамы боюнча, мындай курмандык чалуу кедейлер үчүн караштырылган (3 Муса 12:6—8). Убакыттын өтүшү менен бул момун үй-бүлөнүн мүчөлөрү көбөйгөн. Ыйсанын кереметтүү түрдөгү төрөлүшүнөн кийин, Жусуп менен Мариам табигый жол менен, кур дегенде, дагы алты балалуу болушкан (Матфей 13:55, 56). Ошондуктан Ыйса чоң үй-бүлөдө чоңойгон, кыязы, анын жашоо шарты жупуну болгон.

10. Мариам менен Жусуптун Кудайдан корккон адамдардан болгонун эмне көрсөтүп турат?

10 Ыйсаны Кудайдан корккон ата-эне асырап чоңойткон. Апасы Мариам эң сонун аял болгон. Ага салам айтып, Жебрейил периштенин: «Шаттан Берекем! Теңир сени менен; аялдардын ичинен бактылуусу сенсиң!» — дегенин эстесеңер (Лука 1:28). Жусуп да Кудай деген адам болгон. Ишенимдүүлүк көрсөтүп ал жыл сайын 150 километр алыстыктагы Иерусалимге Пасахты майрамдоо үчүн сапар тартчу. Аякка баруу эркектерден гана талап кылынганына карабай, Мариам да майрамга катышып келер эле (2 Муса 23:17; Лука 2:41). Ошондой саякаттоолордун биринде Жусуп менен Мариам он эки жашар Ыйсаны аябай издеп, ийбадатканадан окутуучулардын арасынан табышкан. Тынчы кеткен ата-энесине Ыйса: «Мен Атамдыкында болуум керек экендигин силер билген жоксуңарбы?» — деген (Лука 2:49, «Инжил»). «Ата» — бул сөздүн мааниси жаш Ыйса үчүн жылуу жана жагымдуу болгон көрүнөт. Биринчиден, ага чыныгы Атасы Иегова экенин айтышкан чыгар. Андан тышкары, кыязы, Жусуп Ыйсага өгөй болсо да жакшы ата болуп берген. Албетте, Иегова өзүнүн сүйүктүү Уулун өстүртүү үчүн орой же таш боор эркекти тандамак эмес.

11. Ыйса кандай кесипти үйрөнгөн жана Ыйык Китеп жазылган убактарда устачылык кылууга эмнелер кирген?

11 Назаретте жашаган кезинде Ыйса жыгач устачылыкка үйрөнгөн. Буга аны өгөй атасы Жусуп үйрөтсө керек. Ыйса бул өнөрдүн көзүн таанып калгандыктан, аны «жыгач уста» деп аташкан (Марк 6:3). Ыйык Китеп жазылган убактарда жыгач усталар үйлөрдө эмерек (анын ичинде үстөлдөр, орундуктар, олтургучтар) жана айыл чарба шаймандарын жасачу. Б.з. II кылымында жашаган Юстин Азапкеч өзүнүн «Трог менен болгон диалог» деген эмгегинде Ыйса жөнүндө: «Ал жыгач уста катары эркектердин арасында соколорду жана моюнтуруктарды жасап эмгектенип жүрчү»,— деп жазган. Андай иш жеңил иштерден эмес болчу, себеби ал кезде жыгач уста, чамасы, жыгач сатып ала албаган. Болжолу, ал чет-жакага чыгып, тал-терек тандачу да, анан аны жыккан соң, үйүнө алып келчү. Андыктан Ыйса каражат табуунун, кардарлар менен иштешүүнүн, үй-бүлөнү багуунун машакаттарын билген.

12. Жусуптун, болжолу, Ыйсадан мурун көз жумганын эмне көрсөтүп турат жана Ыйса атасынын көзү өткөндүктөн эмне кылган?

12 Жусуп Ыйсадан мурун көз жумган сыяктанат, ошондуктан үйдүн туну катары Ыйса үй-бүлөгө каралашчу болуш керекb. Бул тууралуу «Сиондук күзөт мунарасынын» 1900-жыл, 1-январдагы санында мындай деп айтылган: «Уламыш боюнча, Жусуп каза болгондо Ыйса али жаш болчу, анан жыгач устанын өнөрүн улап, Ыйса үй-бүлөнүн багуучусу болуп калган. Буга Жазмада ырастоолор бар: Ыйса өзү жыгач уста деп аталган; ошондой эле апасы менен бир туугандары жөнүндө сөз кылынса, Жусуп жөнүндө эчтеке айтылбайт (Марк 6:3). [...] Демек, Теңирибиздин жашоосундагы [Лука 2:41—49-аяттарда жазылган] окуя болгондон тартып, анын чөмүлтүлгөн кезине чейинки он сегиз жылдык узак убактысы күндөлүк турмуш милдеттерин аткаруу менен өткөндүгү толук ыктымал». Сүйүктүү күйөөнүн жана атанын өлүмү алып келген күйүт Мариамга жана балдарына, алардын бири Ыйсага тааныш болгондур.

13. Ыйса кызматка киришкенде, эмне үчүн ал эч бир адамда жок билимге, түшүнүккө жана терең сезимдерге ээ болгон?

13 Ырас, Ыйса телегейи тегиз болуп өмүр сүрүүгө төрөлгөн эмес. Тескерисинче, ал карапайым адамдын жашоосун керт башынан өткөргөн. Кийин б.з. 29-жылында ал үчүн Кудайдын тапшырмасын аткара турган убак келген. Ошо жылдын күзүндө Ыйса сууда чөмүлтүлүп, Кудайдын рухий Уулу болуп төрөлгөн. Ага «асман ачылган», чамасы, бул анын адам болгонго чейинки асмандагы жашоосун, ошону менен бирге өзүнүн мурунку ойлорун жана сезимдерин эсине түшүрө алганын көрсөтүп турган (Лука 3:21, 22). Ошондуктан, кызматка киришкенде, Ыйса эч бир адамда жок билимге, түшүнүккө жана терең сезимдерге ээ болгон. Ошо себептен Инжил жазуучулары Ыйсанын кызматындагы окуяларга көбүрөөк токтолушкан. Анткен менен, алар анын айткандарын жана жасаган нерселеринин баарын жазып кала алышмак эмес (Иоанн 21:25). Бирок алардын Кудайдан шыктандырылып жазганы бизге качандыр бир кезде жашаган эң улуу адамдын акылын таанууга мүмкүндүк берүүдө.

Ыйса кандай инсан болгон?

14. Инжилдерде Ыйсанын пейли жумшак жана сезимтал инсан болгону кандайча сүрөттөлгөн?

14 Инжилдерде Ыйса пейли жумшак жана сезимтал инсан катары көрсөтүлөт. Ал башкаларга сезимдерин ар кандайча көрсөткөн. Алсак, ала оорулуу адамга боор ооруган (Марк 1:40, 41); жүрөгү катаал эл үчүн кайгырган (Лука 19:41, 42); акча алмаштыруучу ач көз адамдарга адилеттүү түрдө ачуусун төккөн (Иоанн 2:13—17). Ыйса боорукер болгондуктан, айрым нерселер ага көзүнө жаш алууга түрткү берген — ал ички сезимдерин жашырган эмес. Анын жакын досу Лазар кайтыш болуп калганда, Лазардын бир тууганы Мариамдын ботодой боздогону Ыйсага ушунчалык таасир эткендиктен, ал да көзүнө жаш алып, башкалардын көзүнчө ыйлаган (Иоанн 11:32—36).

15. Ыйсанын назик сезимдери анын башкаларга болгон көз карашынан жана жасаган мамилесинен кандайча айкын болгон?

15 Ыйсанын назик сезимдери өзгөчө анын башкаларга карата көз карашынан жана жасаган мамилесинен айкын болгон. Ал жакырлар жана басмырлангандар менен алака-мамиледе болуп, алардын өз «жанына тынчтык табышына» жардам берген (Матфей 11:4, 5, 28—30). Ал жабыркагандардын муктаждыктарына кам көрбөй калганчалык бошобой калган эмес. Мисалы, анын кийимине тымызын колун тийгизген аялга же тыйышса да болбой жардам сураган сокур кайырчыга кайрымдуу болгон (Матфей 9:20—22; Марк 10:46—52). Ыйса башкалардын жакшы жактарын издеп, ал адамдарды мактаган, бирок зарыл учурда ал ашкерелөөгө да даяр болгон (Матфей 16:23; Иоанн 1:47; 8:44). Аялдардын укуктары чектелүү кезде Ыйса алардын инсандык касиетин тең салмактуулук менен сыйлай билген (Иоанн 4:9, 27). Бир топ аялдар ага өзүлөрүнүн мал-мүлкү менен эмне себептен кызмат кылышканы түшүнүктүү (Лука 8:3).

16. Ыйсанын жашоого жана материалдык нерселерге тең салмактуу караганын эмне көрсөтүп турат?

16 Ыйса жашоого карата тең салмактуу көз карашта болгон. Материалдык нерселер ал үчүн негизги нерселерден болгон эмес. Сыягы, Ыйсанын саналуу гана буюм-тайымы болгон. Ал өзү «баш коё турган жер жок» экенин айткан (Матфей 8:20). Ошол эле учурда Ыйса башкалардын кубанычына өбөлгө түзгөн. Демейде музыка, ыр жана шатыра-шатмандык менен өткөзүлчү үйлөнүү тоюнда болгондо, Ыйсанын ал жерге башкалардын чер жазуусуна бүлүк салуу үчүн барбаганы айкын. Тескерисинче, ал аерде биринчи кереметин көрсөткөн. Шарап түгөнүп калганда, Ыйса сууну эң жакшы шарапка, «адамдын көңүлүн көтөргөн» ичимдикке, айландырган (Забур 103:15; Иоанн 2:1—11). Ошон үчүн, той уланып, күйөө менен колуктунун оңтойсуз абалда калбаганы шексиз. Ыйсанын тең салмактуулугу анын узак жана оор эмгектенип кылган кызматындагы башка да көптөгөн окуяларда чагылдырылган (Иоанн 4:34).

17. Ыйсанын Улуу Окутуучу болгону эмне үчүн таң калыштуу эмес жана анын окутууларында эмнелер чагылдырылган?

17 Ыйса Улуу Окутуучу болгон. Анын окутууларынын көбү өзүнө жакшы тааныш болгон күндөлүк турмуштун чындыгын чагылдырып турган (Матфей 13:33; Лука 15:8). Анын окутуу жолдору теңдешсиз — дайыма айкын, жөнөкөй жана турмушта колдонорлук — болгон. Мындан да маанилүүсү — анын эмнени окутканы. Ыйсанын окутууларында өз угуучуларын Иегованын ойлору, сезимдери жана жолдору менен тааныштырууга болгон чын ыкластуу каалоосу чагылдырылган (Иоанн 17:6—8).

18, 19. а) Ыйса Атасын кандай турмуштук мисалдар менен сүрөттөгөн? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

18 Көрсөтмөлүү мисалдарды көп колдонуп, Ыйса оңой менен унутулгус айкын мисалдардын аркасында Атасынын ким экенин ачып берген. Кудайдын ырайымы тууралуу жалпы жонунан айтып берүү — бир иш. Ал эми Иегованы, кайтып келаткан уулун көрүп ушунчалык таасирленгендиктен, «анын жанына жүгүрүп, моюнунан кучактап, өпкүлөгөн» кечиримдүү атага салыштыруу — такыр башка (Лука 15:11—24). Карапайым элге текеберденип караган дин башчылардын катаал маданиятын четке кагып, Ыйса Атасынын мактанчаак фарисейдин жасалма тиленүүсүн эмес, момун салыкчынын жалынуусун жактырган жөнөкөй Кудай экенин түшүндүргөн (Лука 18:9—14). Ыйса Иегованы кымындай болгон таранчынын жерге качан түшөрүн билген камкор Кудай катары сүрөттөгөн. «Коркпогулачы,— деп Ыйса өз окуучуларын тынчтандырган,— силер көп таранчылардан кымбатсыңар» (Матфей 10:29, 31). Ооба, элдин Ыйсага тартылганы жана «анын таалимине таң калганы» бекеринен болгон эмес (Матфей 7:28, 29). Бир жолу «көп эл» атүгүл тамактанбай үч күн бою Ыйсанын жанында болгон! (Марк 8:1, 2).

19 Биз Иеговага өз Сөзүндө Ыйсанын акылын ачып бергендиги үчүн ыраазыбыз! Бирок башкалар менен мамилелешүүдө биз Ыйсанын акылын кантип өрчүтө жана көрсөтө алабыз? Бул кийинки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

a Аян 12:3, 4-аяттарда көрсөтүлгөндөй, рухий жандыктарга алардын чөйрөсү таасир тийгизе алат. Бул жерде «ажыдаар» деп сүрөттөлгөн Шайтан башка «жылдыздарга», рухий уулдарга, таасирин тийгизип, аларды өзү менен кошо козголоң чыгарууга азгыра алган. (Салыштыргыла: Аюб 38:7.)

b Жусуп жөнүндө акыркы жолу 12 жашар Ыйсанын ийбадатканадан табылышы тууралуу окуяда айтылат. Ыйсанын кызматынын баш ченинде болгон Канадагы үйлөнүү үлпөтүнө Жусуптун катышканын эч кандай билдирүү тастыктабайт (Иоанн 2:1—3). Б.з. 33-жылында устунда асылып турганында Ыйса Мариамга кам көрүү милдетин сүйүктүү расулу Иоаннга тапшырган. Жусуптун көзү тирүү болуп турса, Ыйса Мариамды Иоаннга табыштамак эмес чыгар (Иоанн 19:26, 27).

Эсиңердеби?

◻ «Христостун акылын» таануу эмне үчүн маанилүү?

◻ Адам болгонго чейинки жашоосунда Ыйса кандай чөйрөдө жашаган?

◻ Жердеги жашоосунда Ыйса кандай жагдайга жана таасирлерге кириптер болгон?

◻ Инжилдерде Ыйсанын кандай инсан болгону жөнүндө эмнелер айтылган?

[5-беттеги сүрөт]

Ыйса чоң үй-бүлөдө чоңойгон, кыязы, анын жашоо шарты жупуну болгон.

[6-беттеги сүрөт]

Окутуучулар 12 жашар Ыйсанын түшүнүгүнө жана жоопторуна таң болушкан.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү