Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • wp16 № 3 9-б.
  • Билесиңерби?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Билесиңерби?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2016
  • Окшош материалдар
  • Окурмандардын суроолору
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2017
  • Ал мыкты үй-бүлө башчысы болгон
    Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла
  • Милдетин мыкты аткарган ата
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • «Мен, эмне, Кудай белем?»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2015
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2016
wp16 № 3 9-б.

БИЛЕСИҢЕРБИ?

Жусуптун атасы ким болгон?

Исаны жыгач усталыкка үйрөтүп жаткан Жусуп

Назареттик Жусуп деген жыгач уста Иса Машаякты асырап алган. Ал эми Жусуптун атасы ким болгон? Матай Инжилиндеги Иса Машаяктын санжырасында ал Жакыптын уулу делсе, Луканыкында Элинин уулу делген. Бул карама-каршылыкпы? (Лука 3:23; Матай 1:16).

Матай: «Жакыптан Жусуп төрөлгөн» — деп жазганда, Жакып Жусуптун өз атасы экенин билдирген грек сөзүн колдонгон. Ал Жусуптун ата-бабаларын, Дөөтү падышанын тукумунан чыккандарды, санап өткөн. Жусуп падышанын тукумунан болгондуктан, асырап алган уулу Иса Машаяк падыша болууга укуктуу болгон.

Ал эми Луканын Жусупту Элинин уулу дегени тууралуу эмне дешке болот? Анын «уулу» деп жазганын «күйөө баласы» деп да түшүнсө болот. Мисалы, Лука 3:27де Шалтиел деген кишинин өз атасы Жекония болсо деле, Неринин уулу деп жазылган (1 Жылнаама 3:17; Матай 1:12). Кыязы, Шалтиел Неринин Ыйык Китепте аты аталбаган кызына үйлөнгөн. Ошондуктан ал Неринин күйөө баласы болгон. Жусуп да Элинин кызы Мариямды алып, анын күйөө баласы болгондуктан ушундай мааниде анын «уулу» болуп калган. Демек, Лука Иса Машаяктын санжырасын энеси тараптан жазган (Римдиктер 1:3, 4). Ошентип, Ыйык Китепте эки башка, бирок экөө тең маанилүү болгон санжыра жазылган.

Байыркы учурда кандай кездемелер, боёктор колдонулган?

Жансыз деңизге жакын үңкүрдөн табылган боёлгон жүн кездеме. б. з.135-жылдарга чейинки убакка таандык

Жансыз деңизге жакын үңкүрдөн табылган боёлгон жүн кездеме. б. з.135-жылдарга чейинки убакка таандык

Ортоңку Чыгышта байыркы учурда койдун, эчкинин жана төөнүн жүнүнөн токулган кездемелер кеңири колдонулчу. Алардын арасынан эң кеңири колдонулганы жүн кездемелери болгон. Ыйык Китепте көп жолу койлор, кой кыркуу жана жүндөн токулган кездемелер жөнүндө сөз кылынат (1 Шемуел 25:2; 2 Падышалар 3:4; Аюп 31:20). Ысрайылда жана Мисирде зыгыр буласы алынган зыгыр өсүмдүгү да өсчү (Башталыш 41:42; Жашыя 2:6). Ысрайылда, сыягы, пахта өстүрүлчү эмес. Бирок Ыйык Китепте пахта кездемелери Персияда колдонулганы айтылат (Эстер 1:6). Ал эми жибек кездемелерин, кыязы, Ыраакы Чыгыштан келген соодагерлер гана алып келчү, ошондуктан абдан кымбат болчу (Аян 18:11, 12).

«Жүн ар кандай түстө, аппак түстөн кара күрөңгө чейинки түстө, болгон»,— делет бир китепте («Jesus and His World»). Бирок аны көбүнчө башка түстөргө да, мисалы, кызгылт көк түскө боёшчу. Кызгылт көк түстөгү андай кымбат боёк моллюскалардын белгилүү бир түрүнөн алынчу. Ал эми кызыл, сары, көк жана кара түстөгү боёкту ар кандай өсүмдүктөрдөн, тамырлардан, жалбырактардан, курт-кумурскалардан алышчу.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү