Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 17-бөл. 44-б.—45-б. 1-абз.
  • Түн ичинде Никедим менен сүйлөшүшү

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Түн ичинде Никедим менен сүйлөшүшү
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйса Никодимди насыяттайт
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Чечкиндүү бол
    Башкаларды сүйгүлө, шакирт даярдагыла
  • «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Аны кармай алышкан жок
    Тарыхтагы эң улуу адам
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 17-бөл. 44-б.—45-б. 1-абз.
Иса түн ичинде Никедим менен сүйлөшүп жатат

17-БӨЛҮМ

Түн ичинде Никедим менен сүйлөшүшү

ЖАКАН 2:23—3:21

  • ИСА МАШАЯК МЕНЕН НИКЕДИМДИН МАЕГИ

  • «КАЙРАДАН ТӨРӨЛҮҮ» ДЕГЕНДИН МААНИСИ

Биздин замандын 30-жылы Иерусалимде өткөн Пасах майрамында Иса Машаяк ажайып иштерди, кереметтерди жасайт. Мунун аркасында көптөр ага ишенип калышат. Жүйүттөрдүн Синедрион деп аталган жогорку сотунун мүчөсү болгон Никедим деген фарисей да Иса пайгамбардын кереметтерине таң калып, ал жөнүндө көбүрөөк билгиси келет. Бирок ал, кыязы, жүйүттөрдүн диний жетекчилеринин алдында кадыр-баркын түшүрүп алам деп корккондуктан Машаякка түн жамынып барган.

Никедим Иса Машаякка: «Устат, сенин Кудайдан келген окутуучу экениңди билебиз. Анткени Кудай колдобосо, сен көрсөткөн кереметтерди эч ким көрсөтө албайт»,— деп айтат. Ал Никедимге Кудайдын Падышалыгына кире тургандар «кайрадан төрөлүшү» керектигин айтып берет (Жакан 3:2, 3).

Адам кантип кайра төрөлмөк эле? Андыктан Никедим: «Ал энесинин курсагына экинчи жолу кирип, кайра төрөлмөк беле?» — деп сурайт (Жакан 3:4).

Негизи, «кайрадан төрөлүү» дегендин мааниси башкача болчу. Иса Машаяк ага: «Кимде-ким суудан жана рухтан төрөлбөсө, Кудайдын Падышалыгына кирбейт»,— деп түшүндүрүп берет (Жакан 3:5). Иса Машаяк чөмүлгөндө жана ага ыйык рух түшкөндө ал «суудан жана рухтан» төрөлгөн. Ошондо асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деген үн угулган (Матай 3:16, 17). Кудай асман Падышалыгында Падыша боло турган рухий Уулунун төрөлгөнүн ушундайча жарыялаган. Кийинчерээк, 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, башка шакирттерге да ыйык рух берилмек. Ушундайча алар Кудайдын рухий уулдары катары кайрадан төрөлүшмөк (Элчилер 2:1—4).

Никедим Иса Машаяктын Падышалык жөнүндө айткандарын түшүнө албай кыйналат. Ошондуктан Иса пайгамбар ага Кудайдын Уулу катары аткара турган өзгөчө бир иши жөнүндө кененирээк айтып берет. Ал мындай дейт: «Муса чөлдө жыланды шыргыйга кадап, жогору көтөргөндөй, адам Уулу да жогору көтөрүлүшү керек. Ошондо ага ишенгендердин ар бири түбөлүк өмүргө ээ болот» (Жакан 3:14, 15).

Уулуу жылан чаккан ысрайылдыктар аман калыш үчүн шыргыйга кадалган жез жыланды карап жатышат

Көп кылымдар мурун жылан чаккан ысрайылдыктар аман калыш үчүн шыргыйга кадалган жез жыланды карашы керек болчу (Сандар 21:9). Ошол сыяктуу эле, өлүмдөн арылып, түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн бардык адамдар Кудайдын Уулуна ишениши керек. Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсүн баса белгилеп, Иса Машаяк: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деп айтат (Жакан 3:16). Ошентип, кызматын баштагандан 6 айдай өткөндөн кийин Иса Машаяк өзүнүн адамзатты күнөө менен өлүмдөн арылта турган Куткаруучу экенин айкын көрсөтөт.

Андан ары Иса пайгамбар Никедимге «Кудай өзүнүн Уулун дүйнөнү соттош үчүн» жибербегенин айтат. Демек, ал бүткүл адамзатты айыптап, өлүм өкүмүн чыгарыш үчүн эмес, өзү айткандай, «куткарыш үчүн» жиберилген (Жакан 3:17).

Никедим элден корккондуктан Иса Машаякка түн жамынып барган. Ошондуктан Машаяктын сөзүн мындай деп корутундулаганы көңүлгө аларлык: «Өкүм буга негизделет: дүйнөгө [Машаяктын жашоосу, окутуп-үйрөткөндөрү аркылуу] жарык келди, бирок адамдар жарыктан караңгылыкты артык көрүштү. Анткени алардын иштери жаман эле. Жаман иштерди кылган адам жарыкты жек көрөт жана жасаган иштери ашкереленип калбашы үчүн, жарыкка келбейт. Ал эми жакшы иштерди кылган адам, иштери Кудайдын эркине ылайык келери көрүнүп турушу үчүн, жарыкка келет» (Жакан 3:19—21).

Ошентип, Ысрайыл элиндеги устаттардын бири болгон Никедим Иса Машаяк менен бетме-бет сүйлөшөт. Эми ал Кудайдын ой-ниетине ылайык Машаяктын кандай иштерди кылары тууралуу уккандары жөнүндө ойлонор-ойлонбосун өзү чечиши керек.

  • Никедимге Иса Машаякка барууга эмне түрткү берген? Ал эмне үчүн түн жамынып барган?

  • «Кайрадан төрөлүү» деген эмнени билдирет?

  • Иса Машаяк «дүйнөнү соттош үчүн» келген эмес деп эмне үчүн айтууга болот?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү