Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w02 1/2 19—23-бб.
  • Силер Кудай сүйгөндөрдөнсүңөрбү?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Силер Кудай сүйгөндөрдөнсүңөрбү?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Ыйсанын өрнөктүү сүйүүсүнөн үлгү алгыла
  • Жаңы парызга кармангыла
  • Бааланууга тийиш мамилелер
  • «Силер дүйнөнүкү эмессиңер»
  • Атанын жана Уулдун сүйүүсүндө болгула
  • Жемиш берген бутактар, Машаяктын достору
    Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Расулдарын өзүнүн кетишине даярдайт
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • Жакан 15:13. «Аныкынан өткөн сүйүү жок»
    Ыйык Китептеги аяттардын түшүндүрмөсү
  • Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
w02 1/2 19—23-бб.

Силер Кудай сүйгөндөрдөнсүңөрбү?

«Кимде Менин буйруктарым болсо жана аларды сактаса, ал Мени сүйөт; ал эми Мени ким сүйсө, аны Менин Атам сүйөт» (ИОАНН 14:21).

1, 2. а) Иегова адамзатка сүйүүсүн кантип көрсөткөн? б) Б.з. 33-жылынын 14-нисанында Ыйса кандай азем киргизген?

ИЕГОВА адамдарды сүйөт. Ооба, «ага ишеним көргөзгөн ар ким жок кылынбастан, түбөлүк өмүргө ээ болсун үчүн, Кудай дүйнөнү [адамзатты] ушунча сүйгөндүктөн, жалгыз Өзү жараткан Уулун берген» (Иоанн 3:16, ЖД). Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечеси белгиленчү убакыт жакындаган сайын, анын чыныгы жолдоочулары Иегованын «бизди сүйүп, биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өз Уулун курман кылып жибергенин» дагы да көбүрөөк аңдашы керек (1 Иоанн 4:10).

2 Б.з. 33-жылынын 14-нисанында кечке жуук Ыйса 12 расулу менен Пасахты — израилдиктердин Египеттен бошонгон күнүн — майрамдоо үчүн Иерусалимде үстүнкү бөлмөгө чогулат (Матфей 26:17—20). Бул иудей майрамы майрамдалгандан кийин, Ыйса Жүйүт Искариотту коё берип, Машайыктын өлүмүн Эскерүүгө айлана турган эстелүүчү кечки тамак аземин киргизгенa. Калган 11 расулу менен Ыйса денесин жана канын символдоштурган ачытылбаган нан менен кызыл шарапты бирге жеп-ичкен. Ыйсанын эмне кылып, эмне дегенин биринчи үч Инжилдин жазуучулары Матфей, Марк жана Лука билдиришкен, ал эми расул Павел бул кечени «Теңирдин кечки тамагы» деп атаган (1 Коринфтиктер 11:20; Матфей 26:26—28; Марк 14:22—25; Лука 22:19, 20).

3. Ыйсанын өзүнүн шакирттери менен үстүнкү бөлмөдө акыркы сааттарын өткөргөнү тууралуу расул Иоанндын билдирүүсү башка билдирүүлөрдөн кайсы маанилүү жактары менен айырмаланат?

3 Расул Иоанндын нан менен шарап колдонулган бул азем жөнүндө ооз ачпаганы кызык. Кыязы, анын Инжили жазылып бүткөн убакка чейин (болжол менен б.з. 98-жылы) Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Эскерүүнү кеңири өткөрүп калышкан көрүнөт (1 Коринфтиктер 11:23—26). Бирок Кудайдын шыктандыруусу менен Иоанн бизге Ыйса өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздээр алдында жана андан кийин эмне дегени, эмне кылганы тууралуу айрым маанилүү маалыматтарды жазып калтырган. Бул кызыктуу майда-чүйдө билдирүүлөр Иоанндын Инжилинин бештен кем эмес бабын ээлейт. Аларда Кудайдын кандай адамдарды сүйөрү айкын көрсөтүлгөн. Келгиле эмесе, Иоанн китебинин 13төн 17ге чейинки баптарын талдап чыгалы.

Ыйсанын өрнөктүү сүйүүсүнөн үлгү алгыла

4. а) Ыйсанын Эскерүүнү негиздегендеги шакирттери менен болгон жолугушуусунун негизги темасын Иоанн кантип баса белгилеген? б) Иегова Ыйсаны баарынан мурун эмне үчүн сүйөт?

4 Башкы темасы сүйүү болгон бул баптарда Ыйсанын өз жолдоочуларына айткан акыркы кеңештери камтылган. «Сүйүү» деген сөздүн ар кайсы түрлөрү ал баптарда 31 жолу кезигет. Ыйсанын өзүнүн Атасы Иеговага жана шакирттерине болгон сүйүүсү башка жерлерде мынчалык даана чагылдырылган эмес. Ыйсанын Иегованы сүйөрүн бардык Инжилдерден байкоого болот, бирок Ыйсанын: «Мен Атамды сүйөм»,— деп түздөн-түз айтканын Иоанн гана билдирген (Иоанн 14:31). Ошондой эле Ыйса Иегованын аны сүйөрүн айтып, себебин түшүндүргөн. Ал: «Атам Мени кандай сүйсө, Мен да силерди ошондой сүйгөм; Менин сүйүүмдө болгула. Эгерде Менин буйруктарымды сактасаңар, Менин сүйүүмдө болосуңар, ошондой эле Мен да Өз Атамдын буйруктарын сактагам жана Анын сүйүүсүндө болуп жатам»,— деп айткан (Иоанн 15:9, 10). Ооба, Иегова өзүнүн Уулун толук баш ийгендиги үчүн сүйөт. Ыйса Машайыктын бардык жолдоочуларына бул кандай сонун сабак!

5. Ыйса шакирттерин сүйөрүн кантип көрсөткөн?

5 Иоанн Ыйсанын өз жолдоочуларына болгон терең сүйүүсүн анын расулдары менен акыркы жолугушуусу жөнүндөгү билдирүүсүнүн башында эле баса көрсөткөн. «Пасха [Пасах] майрамынын алдында, бул дүйнөнү таштап кетүү жана Атасына кайтуу убагы келгенин Ыйса билип, дүйнөдө Өзүнүн болгондорун Ал кандай сүйсө, ошондой эле аларды акырына чейин сүйгөн»,— деп айткан Иоанн (Иоанн 13:1). Ошол эскерүү кечинде Ыйса башкаларга сүйүү менен кызмат кылуу жагынан эсте каларлык сабак берген. Ал момундук көрсөтүп, өзүнүн расулдарынын бутун жууган. Негизи, алардын ар бири Ыйсанын жана бир туугандарынын бутун даярдуулук менен жуушу керек эле, бирок эч кимиси демилгени колго алган эмес. Анан Ыйса шакирттерине: «Мен, силердин Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, бутуңарды жууп берсем, силер да бири-бириңердин бутуңарды жуушуңар керек. Анткени мен силерге кылганды силер да кылсын деп, силерге үлгү көрсөттүм»,— деп айткан (Иоанн 13:14, 15, ЖД). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары өздөрүнүн бир туугандарына даярдуулук жана кубаныч менен кызмат кылышы керек (Матфей 20:26, 27; Иоанн 13:17).

Жаңы парызга кармангыла

6, 7. а) Иоанндын Эскерүүнүн негизделгенине байланыштуу билдирүүсүндө кандай маанилүү деталь бар? б) Ыйса өзүнүн шакирттерине кандай жаңы парыз берген жана анын эмнеси жаңы эле?

6 14-нисандын кечинде үстүнкү бөлмөдө эмне болгону баяндалган Иоанндын билдирүүсүндө гана Жүйүт Искариоттун сыртка чыгып кеткени жөнүндө айтылып өтөт (Иоанн 13:21—30). Бири-бирине шайкеш келген Инжилдерде көрсөтүлгөндөй, бул саткын чыгып кеткенден кийин гана Ыйса өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздеген. Анан ишенимдүү расулдары менен кенен-кесир сүйлөшүп, аларга акыркы акыл-кеңештерин берген. Эскерүүгө даярданып жатканыбызда, биз Ыйсанын ошондо айткандарына абдан кызыгышыбыз керек, анткени Кудай сүйгөн адамдардын арасында болууну кааларыбыз шексиз.

7 Ыйсанын өзүнүн өлүмүн Эскерүү кечесин негиздегенден кийин шакирттерине берген эң биринчи насыяты жаңы бир нерсени камтыган. Ыйса: «Силерге жаңы парыз беремин, бириңерди бириңер сүйгүлө: Мен силерди сүйгөндөй, силер да бириңерди бириңер сүйгүлө. Эгерде өз араңарда сүйүү болсо, ошондо адамдар баары силер Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген (Иоанн 13:34, 35). Бул парыздын эмнеси жаңы эле? Ошол кечте бир аз кийинчерээк Ыйса мунун маанисин кененирээк түшүндүрүп, мындай деп айтат: «Мен берген парыз мындай: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Кимде-ким достору үчүн жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок» (Иоанн 15:12, 13, ЖД). Мусанын мыйзамында израилдиктерге: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген парыз берилген болчу (3 Муса 19:18). Бирок Ыйсанын парызы андан да көптү камтыган. Ыйсанын жолдоочулары ишенимдештери үчүн өздөрүнүн өмүрүн кыюуга даяр болуп, бири-бирин Ыйса аларды сүйгөндөй сүйүүгө тийиш эле.

8. а) Жан аябастык сүйүү деген эмнени билдирет? б) Иегованын Күбөлөрү бүгүн жан аябастык сүйүүнү кантип көрсөтүшүүдө?

8 Эскерүү убагы — жекече өзүбүздү жана жыйналышыбызды текшерип, бизде чыныгы диндин бул айырмалоочу белгисинин (Ыйсаныкындай сүйүүнүн) чын эле бар экенине ынанууга ыңгайлуу учур. Мындай жан аябастык сүйүүсү бар Ыйсанын жолдоочусу бир туугандарын сатып койгондун ордуна өз өмүрүн тобокелге салышы мүмкүн жана салып келгендер жок эмес. Бирок, адатта, мындай сүйүү бир туугандарыбызга жана башкаларга жардам берүү үчүн жана кызмат кылуу үчүн, жеке кызыкчылыктарыбыздан кечүүгө даяр болушубузду билдирет. Бул жагынан расул Павел сонун үлгү болгон (2 Коринфтиктер 12:15; Филиппиялыктар 2:17). Иегованын Күбөлөрү ишенимдештерине жана жакындарына жардам беришкендиктен, Ыйык Китептеги чындыкты башка адамдарга билдирүү үчүн өздөрүн аябагандыктан, дүйнө жүзү боюнча өздөрүнүн жан аябастык руху менен таанылууb (Галатиялыктар 6:10).

Бааланууга тийиш мамилелер

9. Кудай жана анын Уулу менен болгон өз ара асыл мамилелерибизди сактоо максатында эмне кылууга кубанычтабыз?

9 Иегованын жана анын Уулу Ыйса Машайыктын бизди сүйгөнү биз үчүн баа жеткис нерсе болуп саналат. Бирок, мындай сүйүүгө ээ болуп, аны сезүү үчүн, кандайдыр бир иш-аракет жасашыбыз керек. Өзүнүн шакирттери менен чогулган акыркы кечте Ыйса: «Кимде Менин буйруктарым болсо жана аларды сактаса, ал Мени сүйөт; ал эми Мени ким сүйсө, аны Менин Атам сүйөт жана Мен да аны сүйөм жана Өзүм ага келем»,— деген (Иоанн 14:21). Кудай жана анын Уулу менен болгон өз ара мамилелерибизди баалагандыктан, биз алардын парыздарын кубанычтуулук менен аткарабыз. Буга жан аябастык сүйүү көрсөтүүнү талап кылган жаңы парыз, ошондой эле Ыйсанын тирилгенден кийин берген буйругу — жакшы кабарды кабыл алгандардан «шакирт даярдоого» умтулуп, «адамдарга кабар айтуу жана кылдат күбөлөндүрүү» буйругу — кирет (Расул 10:42, ЖД; Матфей 28:19, 20, ЖД).

10. Майлангандар менен «башка койлор» кандай баа жеткис мамилелерге ээ?

10 Ошо кечте ишенимдүү расул Иуданын (Фаддейдин) берген суроосуна Ыйса: «Мени ким сүйсө, ал Менин сөзүмдү сактайт; аны Менин Атам да сүйөт. Биз ага келебиз жана ошонукунда турак жай кылып алабыз»,— деп жооп берген (Иоанн 14:22, 23). Ыйсанын майланган жолдоочулары, аны менен асманда бийлик жүргүзүүгө чакырылгандар, жерде жүргөн кезде да Иегова жана анын Уулу менен өзгөчө тыгыз мамилелерге ээ (Иоанн 15:15; 16:27; 17:22; Еврейлер 3:1; 1 Иоанн 3:2, 24). Алардын жер үстүндө түбөлүк жашоого үмүттөнгөн «башка койлордон» турган шериктери да, тил алчаак болуп, өздөрүнүн «бир Кайтаруучусу» Ыйса Машайык жана Кудайы Иегова менен баа жеткис мамилеге ээ (Иоанн 10:16; Забур 14:1—5; 24:14).

«Силер дүйнөнүкү эмессиңер»

11. Ыйса өзүнүн шакирттерине кандай күчтүү эскертүү берген?

11 Өлөр алдында ишенимдүү шакирттери менен акыркы жолу чогулган бул жолугушууда Ыйса дүйнөнүн Кудай сүйгөн адамды жек көрөрү жөнүндө күчтүү эскертүү берген. «Эгер дүйнө силерди жек көрсө, билип койгула, силерден мурда Мени жек көргөн. Эгерде силер дүйнөнүкү болсоңор, анда дүйнө өзүнүкүн жакшы көрөт эле: силер дүйнөнүкү эмессиңер, бирок дүйнөдөн Мен силерди тандап алгам, ошол үчүн дүйнө силерди жек көрүп жатат. Мен силерге: кул өз ээсинен чоң эмес, деп айткан сөзүм эсиңерде болсун. Эгер Мени кубалашса, силерди да кубалашат; эгер Менин сөзүмдү сакташса, силердин сөзүңөрдү да сакташат»,— деген Ыйса (Иоанн 15:18—20).

12. а) Ыйса өзүнүн шакирттерине дүйнө аларды жек көрөрү тууралуу эмне үчүн эскерткен? б) Эскерүү кечеси жакындаган сайын баарыбыздын эмне кылганыбыз абзел?

12 Ыйса бул эскертүүнү 11 расулунун жана алардан кийинки анын бардык чыныгы жолдоочуларынын дүйнөнүн жек көрүүсүнөн улам кайгыга чөкпөшү, багынбашы үчүн берген. Ал мындай деп кошумчалаган: «Силер азгырылбас үчүн [«силердин мүдүрүлбөшүңөр үчүн», ЖД], Мен муну силерге айттым. Синагогалардан силерди чыгарып жиберишет; силерди өлтүргөн ар ким, ошенткенде, Кудайга кызмат кылып жатам деп ойлогондордун убагы да келе жатат. Атамды жана Мени билбегендиктен, ошондой кылышат» (Иоанн 16:1—3). Ыйык китептик бир сөздүккө ылайык, «мүдүрүлтүү» деп которулган этиштин формасы «адамга шектене баштоого жана өзү ишениши, баш ийиши керек болгон бирөөнү таштап коюуга түрткү берүү; аны четтетүү» дегенди билдирет. Эскерүү кечеси белгиленүүчү учур жакындаган сайын, баарыбыз азыркы жана мурунку ишенимдүү кызматчылардын өмүр жолунун үстүнөн ойлонгонубуз жана сыноо убагында алардын кажыбастыгын туураганыбыз абзел. Каршылыктын же куугунтуктун силерге Иегованы жана Ыйсаны таштатышына жол бербегиле, анын ордуна аларга ишенип, баш ийүүгө чечкиндүү болгула.

13. Ыйса Атасына тиленип, өзүнүн жолдоочулары үчүн эмне тууралуу өтүнгөн?

13 Иерусалимдеги үстүнкү бөлмөдөн чыгардын алдында Ыйса Атасына тиленип, мындай деген: «Сенин сөзүңдү Мен аларга өткөрүп бердим жана дүйнө аларды жек көрүп калды, себеби Мен дүйнөдөн болбогондой, алар да дүйнөдөн эмес. Аларды дүйнөдөн алууну Сенден өтүнбөйм, бирок аларды жамандан (шайтандан) сактоону өтүнөм. Мен дүйнөдөн болбогондой, алар да дүйнөдөн эмес» (Иоанн 17:14—16). Иегова дүйнөдөн оолак турган, өзү сүйгөн адамдарды бекемдеш үчүн, аларга көз салып турганына шек санабасак болот (Исаия 40:29—31).

Атанын жана Уулдун сүйүүсүндө болгула

14, 15. а) Ыйса өзүн кайсы «жапайы жүзүмдөн» айырмалаган жана эмнеге окшоштурган? б) «Чыныгы жүзүм Сабагынын» «бутактары» деген кимдер?

14 Ыйса 14-нисандын кечинде ишенимдүү шакирттери менен ынактык баарлашуусунда өзүн, «жапайы жүзүм» болгон ишенимсиз Израилден айырмалап, «чыныгы жүзүм Сабагына» окшоштурган. Ал: «Мен чыныгы жүзүм Сабагы экем, Менин Атам болсо — Жүзүмчү-багбан»,— деген (Иоанн 15:1). Бир нече кылым мурунураак Иеремия пайгамбар Иегованын өзүнүн ишенимсиз элине айткан төмөнкүдөй сөздөрүн жазган: «Мен сени жүзүмдүн асыл сабагындай... отургузгам, анан кантип сен менде чоочун жүзүмгө, жапайы өсүмдүккө айланып калдың?» (Иеремия 2:21). Ал эми Осия пайгамбар: «Израил — шак-бутактуу жүзүмзар, ал түшүмүн өзүнө көбөйтүп жатат... Алардын жүрөгү бөлүндү»,— деп жазган (Осия 10:1, 2).

15 Израиль чыныгы сыйынуунун жемишин өндүргөндүн ордуна, ишенимден чегинип, өзүнө түшүм жыйнаган. Ишенимдүү шакирттери менен акыркы жолу жолугушарынан үч күн мурун Ыйса эки жүздүү иудей жол башчыларына: «Силерге айтам, Кудайдын Падышалыгы силерден алынат да анын жемиштерин берүүчү элге берилет»,— деп айткан (Матфей 21:43). Бул жаңы эл — Ыйсанын 144000 майланган жолдоочусунан турган жана «чыныгы жүзүм Сабагынын», Ыйса Машайыктын, «бутактарына» окшоштурулган «Кудайдын Израили» (Галатиялыктар 6:16; Иоанн 15:5; Аян 14:1, 3).

16. Ыйса 11 ишенимдүү расулун эмне кылууга үндөгөн жана ушул акыркы мезгилдеги ишенимдүү калдык жөнүндө эмне айтууга болот?

16 Ыйса ошол үстүнкү бөлмөдө өзү менен болгон 11 расулуна мындай деген: «Мендеги жемиш бербеген ар бир бутакты ал кыйып таштайт, ал эми жемиш бергенди дагы көбүрөөк берсин деп тазалайт. Мени менен бирдикте болгула жана мен силер менен бирдикте болом. Бутак сабагынан кыйылып калса, өзүнөн өзү жемиш бере албайт, ошол сыяктуу эле силер да мени менен бирдикте болбосоңор, жемиш бере албайсыңар» (Иоанн 15:2, 4, ЖД). Иегованын элинин азыркы тарыхы көрсөтүп тургандай, Ыйсанын майланган жолдоочуларынын ишенимдүү калдыгы өздөрүнүн Башчысы Ыйса Машайык менен бирдикте болуп келишүүдө (Ефесалыктар 5:23). Алар тазалоо жана кесүү иш-чарасына бой сунушту (Малахия 3:2, 3). Алгач 1919-жылдан бери Ыйсанын майланган жолдоочулары жана 1935-жылдан бери саны улам өсүп отурган «өтө көп адамдар» Падышалыктын жемишин мол беришүүдө (Аян 7:9; Исаия 60:4, 8—11).

17, 18. а) Ыйсанын кайсы сөздөрү майлангандарга жана башка койлорго Иегованын сүйүүсүндө болууга жардам берет? б) Эскерүүгө катышуу бизге кандай пайда алып келет?

17 Ыйсанын кийинки сөздөрү анын бардык майланган жолдоочуларына жана алардын шериктерине тиешелүү: «Эгер силер көп жемиш бере турган болсоңор, аны менен Менин Атам даңкталат, жана Менин шакирттерим болосуңар. Атам Мени кандай сүйсө, Мен да силерди ошондой сүйгөм; Менин сүйүүмдө болгула. Эгерде Менин буйруктарымды сактасаңар, Менин сүйүүмдө болосуңар, ошондой эле Мен да Өз Атамдын буйруктарын сактагам жана Анын сүйүүсүндө болуп жатам» (Иоанн 15:8—10).

18 Биз баарыбыз Кудайдын сүйүүсүндө болууну каалайбыз, а бул бизге Ыйсанын жемиштүү жолдоочуларынан болууга түрткү берет. Биз «Падышалык жөнүндөгү Жакшы Кабарды» жарыялоо үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдалануу менен жемиштүү болобуз (Матфей 24:14). Ошондой эле «рухтун жемишин» жеке турмушубузда көрсөтүүгө бүт күч-аракетибизди жумшайбыз (Галатиялыктар 5:22, 23). Мындай чечкиндүүлүгүбүздү Ыйсанын өлүмүн Эскерүүгө катышуу бекемдейт, анткени Кудайдын жана Ыйсанын бизге көрсөткөн улуу сүйүүсү эсибизге салынат (2 Коринфтиктер 5:14, 15).

19. Кийинки макалада дагы кайсы жардам тууралуу сөз жүрөт?

19 Эскерүүнү негиздегенден кийин, Ыйса өзүнүн жолдоочуларына Атасынын «жардамчы, ыйык рух» жиберерин убадалаган (Иоанн 14:26, ЖД). Бул рух майлангандарга жана башка койлорго Иегованын сүйүүсүндө болууга кантип жардам берери кийинки макалада талкууланат.

[Шилтемелер]

a Ыйык китептик эсеп боюнча, 14-нисан 2002-жылы 28-мартта, бейшембиде, күн баткандан кийин башталат. Ал кечте Иегованын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча Эге Ыйса Машайыктын өлүмүн белгилөө үчүн чогулушат.

b Иегованын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Иегованын Күбөлөрү — Кудайдын Падышалыгынын жарчылары» (англ.) деген китептин 19- жана 32-бөлүмдөрүн карагыла.

Кайталоо үчүн суроолор

• Ыйса шакирттерине башкаларга сүйүү менен кызмат кылуу жагынан кандай пайдалуу сабак берген?

• Кандайча Эскерүү кечеси өзүбүздү текшерүүгө ыңгайлуу учур болуп саналат?

• Дүйнөнүн жек көрүүсү жана куугунтуктоосу жөнүндөгү Ыйсанын эскертүүсү эмне үчүн бизди «мүдүрүлтпөшү» керек?

• «Чыныгы жүзүм Сабагы» деген ким? Анын «бутактары» деген кимдер жана алардан эмне күтүлөт?

[21-беттеги сүрөт]

Ыйса расулдарына башкаларга сүйүү менен кызмат кылуу жагынан эсте каларлык сабак берген.

[22-беттеги сүрөт]

Ыйсанын шакирттери анын жан аябастык сүйүү көрсөтүү жөнүндөгү парызын аткарышат.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү