«Көп жемиш» алып келе берели
1 Ыйса өзүн чыныгы жүзүм сабагына, Атасын Жүзүмчүгө, ал эми майланган жолдоочуларын жемиш берип жаткан бутактарга салыштырган. Каймана маанидеги Жүзүмчүнү сүрөттөп жатып, Ыйса бутактардын сабактан ажырабоосу канчалык маанилүү экенин баса белгилеген (Жкн. 15:1—4). Демек, Жахаба Кудай менен тыгыз мамиледе болгондордун баары көп жемиш алып келген «чыныгы жүзүм Сабагы» — Ыйса Машайактан — үлгү алышы керек. Биз «рухтун жемишин» да, Падышалыктын жемишин да алып келүүнү уланта беришибиз зарыл (Гал. 5:22, 23; Мт. 24:14; 28:19, 20).
2 Рухтун жемиши. Рухий жактан өскөнүбүз рухтун жемишин канчалык жакшы чагылдырып жатканыбыздан айкын болот. Рухтун жемишин Кудай Сөзүн үзгүлтүксүз окуу жана ал тууралуу ой жүгүртүү менен өстүрүп жатасыңбы? (Флп. 1:9—11). Жахабага ага даңк алып келүүчү сапаттарды өстүрүүгө көмөк кыла турган, рухий жактан ийгиликтерди жасай берүүгө түрткү берген ыйык рух сурап тиленүүдөн тартынба (Лк. 11:13; Жкн. 13:35).
3 Рухтун жемишин өстүрүү менен ынталуу кызмат кыла алабыз. Маселен, сүйүү менен ишеним убактыбыз тар болсо да кызматка үзгүлтүксүз катышып турууга түрткү берет. Тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, момундук жана өзүн өзү токтото билүү сапаттары кызматта каршылыктарга дуушар болгондо өзүбүздү туура алып жүрүүгө көмөк кылат. Кубаныч болсо айткан кабарыбызга адамдар кулак какпаган күндө да кызматтан канааттануу алууга өбөлгө түзөт.
4 Падышалыктын жемиши. Биз Падышалыктын жемишин да алып келүүгө умтулабыз. Бул «мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын [Жахабанын] ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келүүнү» билдирет (Эвр. 13:15). Жакшы кабарды ынталуулук, туруктуулук менен айтып «мактоо курмандыгын» алып келген болобуз. Кызматыңды жакшыртып, Падышалыктын жемишин көбүрөөк алып келүүгө аракет кылып жатасыңбы?
5 Ыйса анын ишенимдүү жолдоочуларынын бардыгы бирдей жемиш алып келбээрин айткан (Мт. 13:23). Андыктан Жахабага колубуздан келишинче кызмат кылып жатып, өзүбүздү башкалар менен салыштырбашыбыз керек (Гал. 6:4). Өзүбүздүн жагдай-шартыбызды Кудай Сөзүнүн негизинде текшерип көрүү менен «көп жемиш» алып келип, Жахабаны даңктай беребиз (Жкн. 15:8).