Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w99 1/10 10—15-бб.
  • Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Иегованын талаптары
  • Сүйүүнүн маанилүүлүгү
  • Сүйүүбүздү далилдөө
  • Эмне себептен татаал иш болуп сезилиши мүмкүн?
  • Жүрөктөргө жазылган сүйүү мыйзамы
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2005
  • Жыйналышта сүйүү менен адилеттүүлүктүн чагылдырылышы (4 макаланын экинчиси)
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2019
  • Силер Кудай сүйгөндөрдөнсүңөрбү?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
  • Силерди сүйгөн Кудайды сүйгүлө
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
w99 1/10 10—15-бб.

Бүгүн Иегова бизден эмнелерди талап кылууда?

«Булуттан мындайча сүйлөгөн үн чыкты: „Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын; Аны уккула“» (МАТФЕЙ 17:5).

1. Мыйзам аркылуу көздөлгөн максат качан орундалган?

ИЕГОВА израиль элине Мыйзам берген. Ал Мыйзам көптөгөн көрсөтмөлөрдөн турган. Ошол көрсөтмөлөр тууралуу: «Булар... денеге тийиштүү адаттар болуп, жаңы тартип келген убакка чейин гана коюлган»,— деп жазган расул Павел (Еврейлер 9:10). Израиль уулдарынын кээ бирлери Ыйсаны Мессия же Христос деп кабыл алганда, Мыйзам аркылуу көздөлгөн максат орундалган. Ошондуктан Павел: «Мыйзамдын бүткөн жери — Христос»,— деп билдирет (Римдиктер 10:4; Галатиялыктар 3:19—25; 4:4, 5).

2. Мыйзамга кимдер баш ийген жана алар андан качан бошотулушту эле?

2 Айтылгандардан улам Мыйзамды аткаруунун биз үчүн зарылдыгы жок деген тыянак чыгарышыбыз керекпи? Дегинкиси, адамзаттын күрдөлүү көбүнөн Мыйзамга баш ийүү талап кылынган эмес. Аны забурчу: «Ал [Иегова] Өз сөзүн Жакыпка, Өз өкүм-көрсөтмөлөрүн, жазуу-буйруктарын Израилге жарыя кылды. Ал муну башка эч бир калайыкка кылбады, алар Анын өкүм-буйруктарын билишпейт»,— деп түшүндүргөн (Забур 147:8, 9). Кудай Ыйсанын курмандык кунунун негизинде жаңы келишимди киргизгенде, израиль элинен да Мыйзамга баш ийүү талап кылынбай калган (Галатиялыктар 3:13; Ефесалыктар 2:15; Колоссадагылар 2:13, 14, 16). Эми Мыйзамды аткаруунун зарылдыгы жок болсо, анда Иегова азыркы кезде ага кызмат кылууну каалагандардан эмнелерди талап кылат?

Иегованын талаптары

3, 4. а) Иегова бизден азыркы күндө, негизинен, эмнелерди талап кылат? б) Эмне үчүн биз Ыйсанын «изи менен... жүрүүбүз» керек?

3 Ыйсанын жердеги кызматынын акыркы жылы расулдары Пётр, Жакып жана Иоанн аны менен бийик тоого, кыязы, Ермон тоосунун чокусуна чыгышат. Ал жактан аларга Ыйсанын кереметтүү даңкы алдын ала көрсөтүлгөн жана алар Кудайдын: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен ага ыраазымын; Аны уккула»,— деген үнүн угушкан (Матфей 17:1—5). Негизи, Иегова бизден мына ошону — Уулунун айткандарын угуп, андан үлгү алып, окутууларын үйрөнүшүбүздү — талап кылат (Матфей 16:24). Ошондуктан расул Пётр: «Христос да биз үчүн азап тартып, биз Анын изи менен ээрчип жүрүүбүз үчүн, бизге үлгү калтырды»,— деп жазган (1 Пётр 2:21).

4 Эмне үчүн биз Ыйсанын «изи менен... жүрүүбүз» керек? Себеби аны туурагандыгыбыз — Кудайыбыз Иегованы туураганыбыз. Жерге келеринен мурда Ыйса Атасы менен миллиарддаган жылдар бою асманда бирге жашагандыктан, атасы менен ал эң жакын мамиледе болгон (Аңгемелер 8:22—31; Иоанн 8:23; 17:5; Колоссадагылар 1:15—17). Жерде жашап жүргөндө ал Атасынын мүнөзүн берилгендик менен чагылдырган. Ал: «Атам Мени кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөйм»,— деп айткан. Ыйса Иеговадан ушунчалык таасын үлгү алгандыктан, ал: «Мени ким көрсө, ал Атамды көргөнү»,— дегенден тартынган эмес (Иоанн 8:28; 14:9).

5. Ыйсанын жолдоочулары кайсы мыйзамга баш иет жана ал мыйзам качан күчүнө кирген?

5 Ыйсанын айткандарын угууга жана андан үлгү алууга эмнелер кирет? Антүү кандайдыр бир мыйзамга баш ийүү дегенди билдиреби? Павел: «Өзүм мыйзам алдында болбосом да...» — деп жазган. Бул сөздөрү менен ал өзүнүн «Байыркы Осуяттын» — израиль уулдары менен түзүлгөн Мыйзам келишиминин — алдында эмес экенин айткысы келген. А бирок Павел «Христостун мыйзамы астында» экенин билдирген (1 Коринфтиктер 9:20, 21; 2 Коринфтиктер 3:14). Мыйзам келишиминин аякташы менен «жаңы келишим» аркылуу «Христостун мыйзамы» күчүнө кирген, мына ушу мыйзамга Иегованын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын баары баш ийүүгө тийиш (Лука 22:20; Галатиялыктар 6:2; Еврейлер 8:7—13).

6. «Христостун мыйзамын» кандай деп түшүндүрүүгө болот жана биз ага канткенде баш иебиз?

6 Иегова «Христостун мыйзамын», эски Мыйзамдын келишиминдей кылып, өз-өзүнчө бөлүмдөргө бөлүп, эрежелер тизмеси катарында берген эмес. Бул жаңы мыйзам Ыйсанын жолдоочуларына «антпегиле, минткиле» деген көрсөтмөлөрдүн узун тизмегин камтыган эмес. Өзүнүн Сөзүндө Иегова Уулунун жашоосу жана окутуусу дээрлик толук баяндалган төрт инжилди сактап келатат. Андан тышкары, Иегова Ыйсанын алгачкы окуучуларынын кээ бирлерин жүрүш-турушка, жыйналыш иштерине, үй-бүлө мүчөлөрү менен кандай мамиледе болуу керектигине жана башка иштерге карата көрсөтмөлөрдү жазууга шыктандырган (1 Коринфтиктер 6:18; 14:26—35; Ефесалыктар 5:21—33; Еврейлер 10:24, 25). Өзүбүздү Ыйса Машайыктын үлгүсүнө жана окутууларына жараша алып жүрө турган болсок жана Ыйык Китептин биринчи жүз жылдыктагы жазуучуларынын кеңештерине кармансак, анда «Христостун мыйзамына» баш ийген болобуз. Бул — Иегованын бүгүнкү кызматчыларына койгон талабы.

Сүйүүнүн маанилүүлүгү

7. Ыйса расулдары менен акыркы Пасахты белгилеп жатканда, өзүнүн мыйзамынын маңызына кантип өзгөчө көңүл бурдурган?

7 Мусанын мыйзамында маанилүү орунду ээлеген сүйүү — «Христостун мыйзамынын» так өзөгү, башкача айтканда, негизи. Муну Ыйса б.з. 33-жылы окуучулары менен бирге Пасахты майрамдап жатканда баса белгилеген. Расул Иоанндын билдирүүсүнө караганда, Ыйсанын ошол кечтеги чын ниеттен айткан сөздөрүндө сүйүү деген сөз 28 жолу жолугат. Мунун өзү расулдарды Ыйсанын мыйзамынын өзөгүндө жаткан ойго — рухуна — көңүл бурдурган. Белгилей кетерлик жери, Иоанн ошол маанилүүлүгү зор кечте болгон окуяларды мына бул сөздөр менен баяндай баштаган: «Пасха майрамынын алдында, бул дүйнөнү таштап кетүү жана Атасына кайтуу убагы келгенин Ыйса билип, дүйнөдө Өзүнүн болгондорун Ал кандай сүйсө, ошондой эле аларды акырына чейин сүйгөн» (Иоанн 13:1).

8. а) Расулдар арасындагы талаштын басылбагандыгына эмне далил болгон? б) Ыйса окуучуларын момун болууга кантип үйрөткөн?

8 Окуучуларынын үстөмдүк кылууга жана башкалардан жогору абалды ээлөөгө умтулуусуна каршы турууга жардам берүү үчүн жасаган аракетинен майнап чыккандыгы көрүнбөсө да, Ыйса окуучуларын жакшы көрчү. Иерусалимге келерден бир нече ай мурун алар өз ара «кимибиздин мааниси баарынан чоң деп» талашышат. Шаарга Пасахты майрамдоого келердин туура алдында да биринчилик үчүн кайрадан талаш чыгат (Марк 9:33—37; 10:35—45). Талаштын узакка созулган «маселеге» айланып кеткендигин расулдар Пасахты акыркы жолу чогуу майрамдоо үчүн үстүңкү бөлмөгө кирип жайланышкандан кийинки болгон окуя көрсөтүп турат. Алардын эч кимиси ошол маалдын салты боюнча келгендердин бутун жууп берүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен меймандостук көрсөтүүнү каалаган эмес. Окуучуларын момун болууга үйрөтүш үчүн, алардын бутун Ыйса өзү жууйт (Иоанн 13:2—15; 1 Тимофей 5:9, 10).

9. Ыйса акыркы Пасахтан кийин пайда болгон жагдайды кантип жөнгө салган?

9 Ошондой үлгү көрсөтүлсө да, Пасахта белгиленгенден кийин жана Ыйса өзүнүн жакындап келаткан өлүмүн Эскерүүнү негиздегенден кийин дагы эмне болгонуна көңүл буруп көргүлөчү. Луканын Инжилинде: «Алардын ортосунда кимисинин мааниси баарынан чоң жана урматтуу деген талаш жүрдү»,— деп маалымдалат. Расулдарын урушкандын ордуна, Ыйса ачууланбастан, аларга дүйнөдөгү үстөмдүк кылууну жакшы көргөн адамдардан айырмаланып туруунун зарылдыгын жумшактык менен айткан (Лука 22:24—27). Андан соң ал: «Силерге жаңы парыз беремин, бириңерди бириңер сүйгүлө: Мен силерди сүйгөндөй. Силер да бириңерди бириңер сүйгүлө» — деп, Христостун мыйзамынын пайдубалы десе болорлук сөздөрдү айткан (Иоанн 13:34).

10. Ыйса окуучуларына кандай парыз берген жана ал эмнени камтыган?

10 Ошол күнү кечинде Ыйса өзүнүн көрсөткөн сүйүүсүнүн кандай сүйүү экенин түшүндүргөн. Ал: «Менин буйругум — бул: Мен силерди сүйгөнүмдөй, силер бири-бириңерди сүйгүлө. Өзүнүн жолдоштору үчүн бирөө өзүнүн жанын берсе, мындан чоң сүйүү жок»,— дейт (Иоанн 15:12, 13). Муну менен Ыйса окуучулары ишенимдештери үчүн, эгер жагдай талап кылса, өлүүгө даяр болууга тийиш дегиси келди беле? Ыйсанын айткандарына өзү күбө болгон Иоанн айтылгандарды дал ошентип түшүнгөн, себеби ал кийинчерээк: «Ал биз үчүн Өз жанын койгонунан биз сүйүүнү тааныдык жана биз да жаныбызды боордошторубуз үчүн коюшубуз [«жашообузду бир туугандарыбыз үчүн беришибиз», БМК] керек»,— деп жазган (1 Иоанн 3:16).

11. а) Биз «Христостун мыйзамын» кантип аткарабыз? б) Ыйса кандай үлгү көрсөткөн?

11 Демек, Христостун мыйзамын биз Ыйса тууралуу башкаларды окуткандыгыбыз менен гана аткарбайт экенбиз да. Биз дагы Ыйсадан үлгү алып жашашыбыз, иш кылышыбыз керек. Ыйса ойлорун ширин, таамай сөздөр менен түшүндүргөнү талашсыз. Ошол эле учурда ал өзү үлгү көрсөтүп да үйрөткөн. Кудайдын асмандагы күчтүү, рухий жаратуусу болсо да, ал жерге келип, Атасынын эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланган жана бизге кантип жашоого тийиш экендигибизди көрсөткөн. Кыйналгандарга жана түйшүк тарткандарга жардам берип, жөнөкөй, боорукер жана камкор болгон (Матфей 11:28—30; 20:28; Филиппиялыктар 2:5—8; 1 Иоанн 3:8). Ыйса жолдоочуларын өзү кандай сүйсө, аларды да бири бирин туура ошондой сүйүүгө чакырган.

12. Эмне үчүн «Христостун мыйзамы» Иеговага болгон сүйүүнүн маанилүүлүгүн басаңдатпайт деп айтууга болот?

12 Иегова Кудайды сүйүү — Мыйзам парыздарынын башкысы — «Христостун мыйзамында» маанилүүлүгү боюнча кайсы орунда турат? (Матфей 22:37, 38; Галатиялыктар 6:2). Экинчи орундабы? Жок! Кудайды сүйүү менен ишенимдештерибизди сүйүүнүн өз ара тыгыз байланышы бар. Ишенимдешин сүйбөсө, адам Иегованы чындап сүйө албайт, себеби расул Иоанн: «Ким: „Кудайды сүйөм“,— десе, ал эми өз боордошун жек көрсө, ал — жалганчы; анткени көрүп турган боордошун ким сүйбөсө, көрүнбөй турган Кудайды кантип сүйсүн?» — деген (1 Иоанн 4:20; салыштыргыла: 1 Иоанн 3:17, 18).

13. Окуучулардын жаңы келишимге баш ийишинен кандай натыйжа чыккан?

13 Окуучуларына: «Мен силерди сүйгөндөй... бириңерди бириңер сүйгүлө»,— деген жаңы парыз берип, Ыйса андан кандай натыйжа чыгарын: «Өз араңарда сүйүү болсо, ошондо адамдар баары силер Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп белгилеп кеткен (Иоанн 13:35). Ыйса өлгөндөн жүздөн ашуун жыл өткөндөн кийин жашаган Тертуллиандын айтуусу боюнча, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын бир туугандык сүйүүсү дал ошондой натыйжа алып келген. Тертуллиан Ыйсанын жолдоочулары тууралуу башкалардын: «Карагылачы, бири бирин алар кандай гана сүйүшөт жана бири-бири үчүн өлүүгө даяр турушат»,— деп айтканын белгилеген. Өзүбүздөн: «Мен да ишенимдештеримди Ыйсанын окуучуларынын бири экенимди далилдеп турган сүйүү менен сүйөмбү?» — деп сурасак болот.

Сүйүүбүздү далилдөө

14, 15. Эмне үчүн «Христостун мыйзамына» баш ийүү бизге кыйынга турушу мүмкүн, а бирок бизге эмне жардам бере алат?

14 Иегованын кызматчылары үчүн Ыйсанын сүйүүсүндөй болгон сүйүүгө ээ болуу абдан зарыл. Бирок өзүмчүлдүк сапатын көрсөткөн ишенимдештериңерди сүйүү сага кыйынга турабы? Жогоруда каралып кеткендей, расулдардын арасында да талаш-тартыш, өз кызыкчылыктарын көздөөчүлүк болгон (Матфей 20:20—24). Галаттардын да өз ара кагышуулары бар болчу. Жакынын сүйүү менен Мыйзам аткарыларын көрсөтүп, Павел аларга: «Бириңерди-биреңер тиштеп, жей турган болсоңор, анда бириңерди-биреңер жеп түгөтпөш үчүн сак болгула»,— деп эскерткен. Денелик иштер менен рухтун жемиштери бири бирине карама-каршы келген сапаттар экенин көрсөтүп чыгып, Павел дагы мындай акыл айткан: «Көйрөңдүктү таштайлык, бири-бирибизди кыжырдантпай, бири-бирибизге суктанбайлык [«ичи тарлык кылбайлы», СК]». Анан: «Бириңер-бириңердин оордук-түйшүктөрүн көтөргүлө, ошентип Христостун мыйзамын аткарасыңар»,— деп чакырган (Галатиялыктар 5:14—6:2).

15 «Христостун мыйзамына» баш ийүүнү талап кылса, Иегова бизден өтө көптү талап кылып жатабы? Бизге катуу сүйлөп, жүрөгүбүздү оорутуп койгон адамга жылуу-жумшак мамиле кылуу, балким, кыйын болгон күндө да, биз Кудайды «сүйүктүү балдар сыяктуу» туурап, «сүйүүдө жашоого» тийишпиз (Ефесалыктар 5:1, 2). «Өз сүйүүсүн, биз күнөөкөр болгон кезде, Ыйса Христостун биз үчүн өлгөнү менен далилдеген» Кудайдан мындан ары да үлгү алышыбыз керек (Римдиктер 5:8). Башкаларга, бизди таарынткандарга да жардам берүү демилгесин колго алсак, биз Кудайдан үлгү алгандыгыбызга жана «Христостун мыйзамын» аткарып жатканыбызга канааттанабыз.

16. Кудайга жана Ыйсага болгон сүйүүбүздү биз кандайча далилдейбиз?

16 Биз сүйүүбүздү сөз менен гана эмес, ишибиз менен далилдейбиз, бул эсибизде болушу кажет. Бир жолу Ыйсага да Кудайдын эркин аткаруу белгилүү бир себептерден улам кыйынга турган. «Атам! О, ырайым этип, бул чөйчөктү Сен Менден алып кетсең боло!» — деп тиленген ал. Кайра ошол замат: «Бирок Менин каалаганымдай эмес, Сенин каалаганыңдай болсун»,— деп кошумчалаган (Лука 22:42). Ыйса, кандай азап тартканына карабастан, Кудайдын эркин аткарган (Еврейлер 5:7, 8). Тил алуубуз — биздин сүйүүбүздүн далили жана ошонубуз менен биз Кудайдын жолунун эң жакшы жол экендигин түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз. «Кудайды жакшы көргөнүбүз ошол — Анын парыздарын сактап жүргөнүбүз»,— дейт Ыйык Китеп (1 Иоанн 5:3). Ыйса да расулдарына: «Эгер Мени сүйсөңөр, Менин буйруктарымды сактайсыңар»,— деген (Иоанн 14:15).

17. Ыйса өзүнүн окуучуларына кайсы өзгөчө тапшырманы берген жана ошол тапшырманын бизге да тиешелүү экенин кайдан билебиз?

17 Ыйса өзүнүн жолдоочуларына бири бириңерди сүйгүлө деген буйруктан тышкары кайсы өзгөчө тапшырманы берген? Кабар айтуу ишин аткарууну тапшырган: ал аларды ошол ишке даярдаган болчу. Пётр: «Үгүт таратууга жана күбө болууга Ал бизге буйрук берди»,— деген (Расул 10:42). Ыйса да өзү: «Баргыла да бүт элдерди Атасынын жана Уулунун жана Ыйык Рухунун урматына сууга чөмүлдүрүп, аларды шакирт кылгыла. Мен силерге буюргандын бүт баарын сактоону аларга үйрөткүлө» — деп, айкын буйрук берген (Матфей 28:19, 20; Расул 1:8). Ыйса бул буйрук «акыркы күндөрдө» жашаган жолдоочуларына да тийиштүү экенин төмөнкүчө белгилеген: «Падышалык жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк үчүн таратылат; ошондо дүйнөнүн акыры келет» (Даниил 12:4, СК; Матфей 24:14). Кудайдын эркине биздин кабар айтышыбыз кирери даана көрүнүп турат. Бирок кимдир бирөө Кудай бул ишти бизге тапшыргандыгы менен өтө көптү талап кылган деп ойлошу мүмкүн. Чын эле өтө көптү талап кылганбы?

Эмне себептен татаал иш болуп сезилиши мүмкүн?

18. Иегованын талаптарын аткаргандыгыбыз үчүн кыйынчылыктарды көрүп жатсак, эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

18 Буга чейин талкуулап кеткенибиздей, Иегова адамдарга эзелтеден ар кандай талаптарды коюп келген. Элге тапшырылган тапшырмалар өзгөрүлгөндө, алардын башына түшкөн сыноолордун түрү да өзгөргөн. Кудайдын сүйүктүү Уулу Анын эркин аткаруу үчүн эң оор сыноолорду башынан өткөргөн, акыры барып турган ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн. Биз Иегованын талаптарын аткаргандыгыбыз үчүн кыйынчылыктарды көрүп жатсак, сыналгандыгыбызга анын жооптуу эмес экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек (Иоанн 15:18—20; Жакып 1:13—15). Шайтандын козголоңунун кесепетинен күнөө, азаптар жана өлүм пайда болгон. Иегованын өз кызматчыларына койгон талаптарын аткарууну көп учурда татаалдаткан жагдайларды түзгөн — дал ошо Шайтан (Аюб 1:6—19; 2:1—8).

19. Эмне үчүн Иегованын Уулу аркылуу талап кылгандарын аткаруу биз үчүн — артыкчылык?

19 Иегова адамзаттын азап-мүшкүлдөрүн Падышалыктын башкаруусу гана четтете аларын жердин учу-кыйырына чейин кабарлап жаткан кызматчыларын ушул акыркы күндөрдө өзүнүн Уулу аркылуу жетектеп жатат. Ал Кудайдын бийлиги жер жүзүнөн согуш, кылмышкерлик, жакырдык, карылык, оору-сыркоо жана өлүмдөрдү — бардык көйгөйлөрдү жок кылат. Андан тышкары, Падышалык жер үстүнө кереметтүү бейиш орнотот, өлгөндөр да ал бейиште тирилтилет (Матфей 6:9, 10; Лука 23:43; Расул 24:15; Аян 21:3, 4). Бул тууралуу жакшы кабар айтуу — зор артыкчылык! Демек, адамдардын Кудайдын талаптарын аткарбашынын себеби Иегованын эмнелерди талап кыларында эмес экен деген тыянак чыгарсак болот. Ал эми биз дуушар болуп жаткан кедерги каршылыктар үчүн Шайтан Иблис жана анын дүйнөсү жооптуу.

20. Шайтандын асылууларына кантип каршы тура алабыз?

20 Шайтандын асылууларынын бардыгына канткенде каршы туруп, ийгиликке жете алабыз? Ан үчүн: «Уулум, менин жүрөгүмдү кубантып, акылдуу бол; ошондо мени жаманатты кылганга кандай жооп береримди билем»,— деген сөздөрдү эстен чыгарбоо шарт (Аңгемелер 27:11). Ыйса Атасынын эркин аткаруу үчүн асмандагы коопсуз жашоосун таштап жерге келгендиктен, Иегова Шайтандын шылдыңына жооп бере алган (Исаия 53:12; Еврейлер 10:7). Адам болгон Ыйса жолуктурган бардык сыноолорду көтөргөн, ал түгүл кыйноо мамысындагы өлүмгө моюн сунган. Андан үлгү ала турган болсок, биз да кыйынчылыктарга туруштук берип, Иегованын бизге койгон талаптарын аткара алабыз (Еврейлер 12:1—3).

21. Иегованын жана анын Уулунун сүйүүсү кандай сезимдерди туудурат?

21 Кудай менен Уулу бизге эмне деген сүйүүнү көрсөткөн! Тил алчаак адамдар Ыйсанын курмандыгынын негизинде Бейиштеги түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ. Эч нерсеге ошол үмүтүбүздү үзүшүнө жол бербейли. Кайра, ар бирибиз Кудайдын Уулу «мени сүйгөн жана мен үчүн Өзүн берген» деген Павелдей болуп, Ыйса аркылуу мүмкүн болгон үмүткө жүрөгүбүздөн орун берели (Галатиялыктар 2:20). Ошондой эле бизден эч качан өтө көптү талап кылбаган, мээримдүү Кудайыбыз Иеговага чын жүрөгүбүздөн чыккан ыраазычылыгыбызды билдирели.

Кандайча жооп берет элеңер?

◻ Иегова бүгүнкү күндө бизден эмнелерди талап кылууда?

◻ Расулдары менен өткөргөн акыркы кечте сүйүүнүн маанилүүлүгүн Ыйса кандайча баса көрсөткөн?

◻ Кудайды сүйөрүбүздү кантип далилдей алабыз?

◻ Эмне үчүн Иегованын талаптарын аткаруу — зор артыкчылык?

[13-беттеги сүрөт]

Расулдарынын бутун жуугандыгы менен Ыйса кандай сапатка ээ болууга үйрөткөн?

[15-беттеги сүрөт]

Алдыбыздан каршылыктар чыкса да, жакшы кабарды таратуу — биз үчүн зор артыкчылык.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү