Түбөлүк өмүргө алып баруучу жалгыз жол
«Мен — жол, чындык жана өмүр экенмин» (ИОАНН 14:6).
1, 2. Ыйса түбөлүк өмүргө алып баруучу жолду эмне менен салыштырган жана ошол салыштыруунун мааниси эмнеде?
ЫЙСА Тоодогу атактуу насаатында түбөлүк өмүргө алып баруучу жолду адамдын дарбаза аркылуу кире турган жолу менен салыштырган. Ыйса: «Тар дарбаза менен киргиле; анткени өлүмгө [алып] баруучу дарбазасы кең жана жолу кенен, анда бараткандар көп; ал эми [түбөлүк] өмүргө [алып] баруучу дарбазасы тар жана жол кууш, аны табуучулар аз эле»,— деп, түбөлүк өмүргө алып баруучу жолдун оңой эмес экенин көрсөткөн (Матфей 7:13, 14).
2 Бул салыштыруунун маанисин толук түшүндүңөрбү? Түбөлүк өмүргө алып баруучу бир гана жол бар экени жана ошол жолду тапкан соң, андан чыгып калбаганга этият болушубуз керек экени айкын эмеспи? Анда эмесе, түбөлүк өмүргө алып баруучу жалгыз жолду кантип тапса болот?
Ыйса Машайыктын ролу
3, 4. а) Биздин куткарылуубузда Ыйсанын маанилүү роль ойнорун Ыйык Китеп эмне деп көрсөтөт? б) Адамдардын түбөлүк өмүргө мүмкүнчүлүгү бар экенин Кудай биринчи жолу качан ачкан?
3 Албетте, ошол жолго Ыйса Машайыктын түздөн түз тиешеси бар, себеби расул Пётр мындай деген: «Андан [Ыйсадан] башка эч ким аркылуу куткарылуу болбойт; себеби, бизди куткарыш үчүн, асман астында адамдарга берилген башка эч бир ысым жок» (Расул 4:11б, 12). Расул Павел да: «Кудайдын белеги — биздин Теңирибиз, Ыйса Христостогу түбөлүк өмүр»,— деп айткан (Римдиктер 6:23). Түбөлүк өмүргө өзү аркылуу гана барууга мүмкүн экенин Ыйса: «Мен — жол, чындык жана өмүр экенмин»,— деп айткан (Иоанн 14:6).
4 Демек, түбөлүк өмүргө жетиш үчүн, Ыйсанын ролу канчалык маанилүү экенин түшүнүшүбүз керек. Келгиле, анын ролун тереңирээк карап чыгалы. Адам ата күнөө кетиргенден кийин адамдардын түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин Иегова Кудайдын качан көрсөткөнүн билесиңерби? Ал тууралуу Кудай Адам ата күнөө жасар замат айткан. Ыйса адамзаттын Куткаруучусу боло турганы жөнүндө алдын ала алгачкы жолу кантип айтылганын карап көрөлү.
Убадаланган Тукум
5. Овону азгырган жылан ким экенин биз кантип билебиз?
5 Иегова Кудай Куткаруучуну каймана тилде убадалаган. Муну Кудай Ового тыюу салынган жемишти жедирген жана аны Кудайга каршы чыгарган «жыланга» өкүм чыгарып жатканда айткан (1 Муса 3:1—5). Албетте, ошол жылан кадимки жылан эмес болчу. Ал жаратылган кудуреттүү рухий жандык болгон. Ал жөнүндө Ыйык Китепте: «Шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан»,— деп айтылат (Аян 12:9). Овону азгырыш үчүн, жыланды Шайтан жарчысы катары колдонгон. Шайтандын үстүнөн өкүм чыгарып жатып, Кудай мындай деген: «Сени менен аял арасын кас кылам, сенин тукумуң менен анын тукумун өч кылам; ал [аялдын тукуму] сенин башыңды жанчат, сен анын согончогун чагасың» (1 Муса 3:15).
6, 7. а) «Тукумду» төрөгөн аял ким? б) Убадаланган тукум ким жана ал эмне кылат?
6 Шайтан кас болгон же жек көргөн «аял» ким? Анын жана «байыркы жыландын» ким экенин Иоанндын аянынын 12-бабы аныктайт. Биринчи аятта аял жөнүндө: «Күнгө жамынган... аягынын астында ай, анын башында он эки жылдыздуу таажы бар экен»,— деп жазылат. Аял — Кудайдын асмандагы ишенимдүү периштелерден турган уюму, ал төрөгөн «эркек бала» — Кудайдын Падышалыгы, Ыйса Машайык — ошол Падышалыктын Падышасы (Аян 12:1—5).
7 Анда, 1 Муса 3:15деги аялдын Шайтанга өлгүдөй сокку уруу менен анын ‘башын жанча’ турган «тукуму» ким? Ал Ыйса, аны Кудай кереметтүү түрдө кыздан төрөлгүдөй кылып асмандан жиберген (Матфей 1:18—23; Иоанн 6:38). Иоанндын аянынын 12-бабында Тукум, Ыйса Машайык, асмандагы башкаруучу болуп, Шайтанды жок кылууда жетекчиликти колуна ала турганы айтылат жана, 10-аятта айтылгандай, ‘биздин Кудайдын Падышалыгын жана Анын Христосунун бийлигин’ орнотот.
8. а) Кудай өзүнүн алгачкы ниетине байланыштуу кандай жаңы түзүлүштү караштырган. б) Кудайдын жаңы өкмөтүн кимдер түзөт?
8 Ыйса Машайыктын колундагы Падышалык — Кудайдын адамдар жер бетинде түбөлүк жашасын деген Кудайдын алгачкы ниетинин аткарылышына караштырылган жаңы түзүлүш. Шайтан козголоң чыгарганда, ошол замат Иегова жаңы өкмөттүн — Падышалыктын башкаруусунун — жардамы менен жамандыктын бардык кесепеттерин жоюуга алдын ала кам көргөн. Ошол Падышалыкта Ыйса жалгыз болбосун өзү жерде жашап жүргөндө эле айткан (Лука 22:28—30). Адамдардын арасынан тандалгандар Ыйса менен асманда чогуу падышалык кылышат, алар аялдын тукумунун жардамчы бөлүгү болушат (Галатиялыктар 3:16, 29). Ыйык Китепте Ыйса менен чогуу башкара тургандардын саны 144 000 экени айтылат, алардын баары жердеги күнөөлүү адамдардын арасынан тандалып алынган (Аян 14:1—3).
9. Эмне үчүн Ыйса жерге адам болуп келиши керек эле? б) Шайтандын иштерин Ыйса кантип бузган?
9 Бирок, Падышалык өз ишин баштар алдында, Тукумдун негизги бөлүгү — Ыйса Машайык — жерге келиши керек эле. Эмне үчүн? Себеби Иегова Кудай тарабынан Ыйсага ‘Шайтандын иштерин бузуу’ иши тапшырылган (1 Иоанн 3:8). Шайтандын иштерине Адам атаны күнөөгө түрткөнү кирет, а Адам атанын жасаганы болсо анын бардык тукумдарын күнөөнүн жана өлүмдүн тузагына түшүргөн (Римдиктер 5:12). Шайтандын ошол ишин Ыйса, өз өмүрүн кун катары берип, бузган. Ошентип Ыйса адамзатты күнөөнүн жана өлүмдүн тузагынан бошотууга негиз түзгөн жана түбөлүк өмүргө жол ачкан (Матфей 20:28; Римдиктер 3:24; Ефесалыктар 1:7).
Ыйса төлөгөн кундун пайдасы
10. Ыйса менен Адам ата кайсы жактардан окшош?
10 Ыйсанын өмүрү асмандан алынып келип, кыздын жатынына салынгандыктан, Ыйса жеткилең адам болуп төрөлгөн, Адам атанын күнөөсү ага таасир эткен эмес. Ал жер бетинде түбөлүк жашай алмак. Адам ата дагы жер бетинде түбөлүк жашай ала тургандай жеткилең жаратылган. Ушу окшоштукту эске алуу менен расул Павел: «Биринчи киши — Адам ата, тирүү жан болду; ал эми акыркы Адам ата [Ыйса Машайык] — жандандыруучу рух экен... Биринчи адам — топурактан, жерден келген; экинчи Адам — асмандан келген Теңир»,— деп жазган (1 Коринфтиктер 15:45, 47).
11. а) Адам ата жана Ыйса адамзатка кандай таасир тийгизишкен? б) Ыйсанын курмандыгына кандай карашыбыз керек?
11 Жерде эки гана жеткилең эркек жашаган, алардын окшоштугун Ыйык Китеп: «Бардыгынын күнөөсүн жууп куткарыш үчүн Ал [Ыйса] Өзүн [«ылайыктуу кун катары», ЖД] берди»,— деп белгилейт (1 Тимофей 2:6). Ыйса ылайыктуу түрдө кимге теңдеш эле? Күнөө жасай электеги жеткилең Адам атага! «Биринчи кишинин — Адам атанын» күнөөсү бүтүндөй адамзатты өлүм тузагына түшүргөн. «Акыркы Адам атанын» курмандыгы күнөө менен өлүмдүн тузагынан бошонууга жол ачат, демек биз түбөлүк жашай алабыз! Ыйсанын курмандыгынын баасы абдан чоң! Расул Пётр: «Өтүп кете турган алтын менен күмүш төлөп куткарылбаганыңарды билгиле»,— деп айткан. Анан: «Бирок, күнөөсүз, таза курмандык козу болгон Христостун баа жеткис Каны менен куткарылгансыңар»,— деп кошумчалаган (1 Пётр 1:18, 19).
12. Өлүм тузагынан бошотуларыбызды Ыйык Китеп кандайча баяндайт?
12 Адамзат өлүм тузагынан кантип бошотулары Ыйык Китепте ачык-айкын мындайча баяндалат: «Бир кишинин [Адам атанын] кылмышы аркылуу бардык адамдар кандай айыпка тартылса, ошондой эле Бирөөнүн адилеттиги [Ыйсанын айыпсыздыгынын жеткилең үлгүсү жана анын өлүмү] аркылуу бардык адамдарга өмүр үчүн акталуу берилет. Анткени, бир кишинин [Адам атанын] тил албаганы үчүн көптөр күнөөгө батса, ошондой эле Бирөөнүн [Ыйсанын] тил алуусу менен көптөр адилет болот» (Римдиктер 5:18, 19).
Укмуштуудай келечек
13. Эмне үчүн көптөрдү түбөлүк өмүр жөнүндө ой кызыктырбайт?
13 Кудайдын мындай камкордугу бизди абдан бактылуу кылышы керек! Кудайдын Куткаруучуну жибергени силерде ыраазычылык туудурбайбы? Америкадагы бир чоң шаардын адамдарына гезит аркылуу: «Түбөлүк жашагыңар келеби?» — деген суроо берилген, алардын 67,4 пайызы түбөлүк жашагысы келбегени силерди таң калдырышы мүмкүн. Алар түбөлүк жашагым келбейт деп эмне үчүн айтышкан? Себеби адамдардын жашоосу азыр көптөгөн көйгөйлөргө толгон. Бир аял: «Мен 200гө чыкканда кандай болуп каларымды ойлонгум келбейт»,— деп жооп берген.
14. Эмне үчүн түбөлүк жашоо адамдарга кубаныч гана алып келет?
14 Бирок Ыйык Китепте адамдардын жер бетинде ооруп, карып жана башка кырсыктарга чалдыгып, түбөлүк жашай турганы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Оору, карылык, кырсыктар болбойт, себеби Шайтан себепкер болгон көйгөйлөрдүн баарын Кудайдын Падышалыгынын башкаруучусу Ыйса жоёт. Ыйык Китепте айтылганга ылайык, Кудайдын Падышалыгы бул дүйнөнүн каардуу өкмөттөрүн «кыйратат да талкалайт» (Даниил 2:44). Ошондо, Ыйсанын өз окуучуларына үйрөткөн тиленүүсүнө жараша, Кудайдын ‘эрки асманда болгон сыяктуу, жерде да болот’ (Матфей 6:9, 10). Кудайдын жаңы заманында, жер бети бардык жамандыктардан тазалангандан кийин, Ыйса төлөгөн кундун пайдасы бардык адамдарга толугу менен колдонулат. Ооба, адамдардын баары жеткилең ден соолукка ээ болушат!
15, 16. Кудайдын жаңы заманында кандай шарттар болот?
15 Кудайдын жаңы заманында жашагандарга карата Ыйык Китепте: «Ошондо, анын денеси жаш кезине караганда, жашыраак болот; ал өзүнүн жаш күндөгү калыбына кайрылып келет»,— деп айтылган сөздөр аткарылат (Аюб 33:25). Ыйык Китептеги: «Сокурлардын көзү, дүлөйлөрдүн кулагы ачылат. Ошондо аксак киши бугудай ыргып турат, дудуктун тили сайрайт»,— деген пайгамбарлык да аткарылат (Исаия 35:5, 6).
16 Элестетсеңер, биз канчага чыкпайлы, 80ге, 800гө же андан да көпкө болобу, баары бир биздин ден соолугубуз дайыма жеткилең болот. Бул болсо Ыйык Китептеги: «Тургундардын бири да „мен оорулумун“ деп айтпайт»,— деген пайгамбарлыкка ылайык болот. Ошол кезде: «Кудай алардын көздөрүнөн бардык жашын аарчыйт жана өлүм эми болбойт; ый да, өкүрүк да, оору да болбойт; анткени мурункусу өтүп кетти»,— деген пайгамбарлык да аткарылат (Исаия 33:24; Аян 21:3, 4).
17. Кудайдын жаңы заманында адамдардан кандай жетишкендиктерди күтө алабыз?
17 Окуу процессине чексиз мүмкүнчүлүгү бар кереметтүү мээбизди алдыдагы жаңы заманда Жараткандын эркине ылайык колдоно алабыз. Ошондо кандай гана сонун нерселерди жасай ала турганыбызды элестетсеңер! Жердин элементтеринен атүгүл жеткилең эмес адамдар турмушубузда колдонулчу чөнтөк телефондорду, микрофондорду, сааттарды, пейджерлерди, компьютерлерди, учактарды жанабашка нерселерди жаратышкан. Бул буюмдардын бири да Ааламдын кайсы бир бурчунан алынып келинген заттардан жасалган эмес. Жердеги бейиште өмүр түбөлүккө созулгандыктан, бир нерселерди жаратканга чексиз мүмкүнчүлүктөр ачылат! (Исаия 65:21—25).
18. Эмне үчүн Кудайдын жаңы заманында жашоодон эч качан жадабайбыз?
18 Жашоодон биз эч качан жадабайбыз. Ушу күндө биз он миңдеген жолу тамак ичсек да, кийинкисин чыдамсыздык менен күтөбүз. Жеткилеңдикке жеткенде биз бейишке айланган жердин эң сонун түшүмдөрү менен ыракаттанабыз (Исаия 25:6). Толгон токой жаныбарлар жөнүндө кам көрүп, күндүн батышына, тоолорго, дарыяларга жана талааларга суктанып, түбөлүк кубанып жашайбыз. Чынында Кудай орноткон жаңы заманда жашоо эч качан кызыксыз болбойт! (Забур 144:16).
Кудайдын талаптарына ылайык жашоо
19. Кудайдын өмүр белегин алыш үчүн белгилүү бир талаптар бар экенине ишенгенибиз эмне үчүн акылга сыярлык?
19 Биз эч кандай аракет жасабай, Кудайдын түбөлүк өмүр белегин күткөнүбүз туура болобу? Кудай бизге карата кандайдыр бир талаптарды коёт деп күткөнүбүз акылга сыярлыкпы? Албетте. Кудай өз белектерин чачпайт. Кудай аны бизге сунат, биз болсо колубузду сунуп, аны алышыбыз керек. Ооба, биз аракет жасашыбыз керек. «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн мен эмне кылуум керек?» — деп Ыйсадан сураган бай жигиттикиндей, же расул Павелден: «Куткарылышым үчүн эмне кылайын?» — деп сураган филипптик түрмөчүнүкүндөй суроолорду силер да өзүңөргө бере аласыңар (Матфей 19:16; Расул 16:30).
20. Түбөлүк өмүр үчүн зарыл болгон талап кайсы?
20 Ыйса өлөр алдында Атасына тиленгенде негизги талап кайсы экенин көрсөткөн. Ал: «Түбөлүк өмүр ошол: Сени бирден-бир чын Кудайды жана Сен жиберген Ыйса Христосту таанышсын»,— деп тиленген (Иоанн 17:3). Түбөлүк өмүргө жол ачкан Иегова жөнүндө жана биз үчүн өмүрүн аябаган Ыйса Машайык тууралуу билим алыш керек деген талап туура эмеспи? Бирок билим алуу аздык кылат.
21. Ишеним көрсөткүлө деген талапты аткарганыбызды эмне көрсөтүп турат?
21 Ыйык Китепте: «Уулуна ишенгени [«ишеним көрсөткөн», ЖД] түбөлүк өмүргө ээ»,— делген. Дагы минтип кошумчаланат: «А Уулуна баш ийбегени өмүрдү көрбөйт, бирок Кудайдын каары анын үстүндө болот» (Иоанн 3:36). Сен жашоо-турмушуңду Кудайдын ниетине ылайык өзгөртүп, Ыйсага болгон ишенимиңди көрсөтө аласың. Мурда балким жасап жүргөн бардык туура эмес иштерди ташташыңар, Кудайга жаккан нерселерди гана жасашыңар керек. Силер расул Пётрдун: «Силердин күнөөлөрүңөр кечирилиш үчүн, тобо кылгыла да Кудайга кайрылгыла»,— деген сөздөрүнө ылайык жашашыңар керек (Расул 3:19).
22. Ыйсанын жолун жолдоо өзүнө эмнелерди камтыйт?
22 Биз Ыйсага ишеним көрсөтүү менен гана түбөлүк өмүргө жете аларыбызды эч качан унутпашыбыз керек (Иоанн 6:40; 14:6). Ыйсага болгон ишенимибизди, ‘Анын изи менен жүрүп’, көрсөтө алабыз (1 Пётр 2:21). Изи менен жүрүү эмнени камтыйт? Кудайга тиленгенде Ыйса: «Мына, бара жатам... о Кудай, Сенин каалоңду аткарам»,— деп катуу үн чыгарып айткан (Еврейлер 10:7). Кудайдын эркин аткарууда жана өз өмүрүбүздү Иеговага арноодо Ыйсанын жолун жолдогонубуз абдан маанилүү. Өзүбүздү Кудайга арнаганыбызды сууга чөмүлтүлүү менен көрсөтүшүбүз керек; Ыйса да сууда чөмүлтүлүп, өзүн Кудайга арнаган (Лука 3:21, 22). Мындай кадамдарды жасоо абдан туура. Расул Павел: «Христостун сүйүүсү бизди башкарып жатат» (ЖД),— деп айткан (2 Коринфтиктер 5:14, 15). Кантип башкарат? Ыйсанын сүйүүсү ага өз өмүрүн биз үчүн берүүгө түрткү берген. Ыйсанын кылганы ага ишеним көрсөтүүгө бизге түрткү бербейби? Анын сүйүүгө толгон үлгүсү бизди башкарышы керек. Ыйса өзү үчүн эмес, Кудайдын эркин аткарыш үчүн жашаган; биз дагы өзүбүз үчүн эмес, Кудайдын эркин аткарыш үчүн жашоого тийишпиз.
23. а) Өмүр алгысы келгендер дагы эмне кылышы керек? б) Алардын жыйналышта эмне кылышы зарыл?
23 Биз ушулар менен гана токтоп калбашыбыз керек. Ыйык Китепте б.з. 33-жылындагы Эгин оруп жыйноо майрамында 3000 адамдын чөмүлтүлгөнү жана ‘кошулганы’ тууралуу айтылат. Алар эмнеге кошулушкан? Лука: «Алар Расулдардын үйрөткөндөрүндө дайыма болуп, тыгыз байланышта... турушту»,— деп түшүндүрөт (Расул 2:41, 42). Ооба, алар Ыйык Китепти изилдөө жана пикир алышуу үчүн чогулушуп, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына кошулушкан. Рухий жактан күч-кубат алып туруу үчүн, Ыйсанын алгачкы жолдоочулары жыйналыштарга дайыма катышып турушчу (Еврейлер 10:25). Иегованын Күбөөлөрү бүгүн да аларды туурашат жана силерди да өздөрүнүн жолугушууларына катышууга чакырышат.
24. «Чыныгы жашоо» деген эмне, ал кантип жана качан башталат?
24 Бүгүн миллиондогон адамдар өмүргө алып баруучу тар жол менен баратышат. Ошол тар жол менен жүрүү чоң күч-аракеттерди жумшоону талап кылат! (Матфей 7:13, 14). Бул тууралуу Павел өзүнүн сүйүүгө толгон кайрылуусунда: «Ишеним күрөшүндө ийгиликтүү күрөш; түбөлүк өмүрдү карма [«өмүрдүн жолунда жүр», СК]... сен ошол өмүргө чакырылгансың»,— деп айткан. Мындай күрөш «түбөлүк өмүргө» [«чыныгы жашоого», ЖД] жетиш үчүн зарыл (1 Тимофей 6:12, 19, БМК). Чыныгы жашоо Адам атанын күнөөсүнүн айынан келген сыздоолорго, оору-сыркоолорго жана азап чегүүлөргө толгон азыркыдай жашоо эмес. Ал Кудайдын жаңы заманындагы жашоо. Нерселердин азыркы түзүлүшү жок кылынып, Машайыктын курмандык баасы Иегова Кудайды жана анын уулу Ыйсаны сүйгөндөргө колдонулганда, чыныгы жашоо башталат. Ошондуктан бардыгыбыз Кудайдын жаркыраган жаңы заманындагы чыныгы жана түбөлүк жашоону тандагандардан бололу.
Эмне деп жооп берет элеңер?
◻ 1 Муса 3:15деги жылан, аял жана тукум кимдерди көрсөтүп турат?
◻ Ыйса кайсы жактардан Адам атага теңдеш болгон жана Ыйсанын курмандыгы эмнеге жол ачкан?
◻ Кудайдын жаңы заманында боло турган кубанычтуу кандай нерселерди күтө аласың?
◻ Кудайдын жаңы заманында жашаш үчүн, кандай талаптарды аткарышыбыз керек?
[10-беттеги сүрөт]
Жаштар да, карылар да Ыйса аркылуу гана чексиз өмүргө жетишет.
[11-беттеги сүрөт]
Кудай белгилеген убакта кары адам өзүнүн жаш күндөрүндөгү калыбына келет.