Төртүнчү бөлүм
Бардык пайгамбарлар ал жөнүндө күбөлөндүрүшкөн
1. Ыйсанын адам болгонго чейинки жашоосу тууралуу маалыматтар анын Жахаба менен болгон мамилеси жөнүндө эмнени айтып турат?
«АТАСЫ Уулун жакшы көргөндүктөн, Өзү кылгандарынын баарын Ага көрсөтөт» (Жакан 5:20). Мындан Уулунун атасы Жахаба менен абдан ынак мамиледе экени көрүнүп турат. Алардын ортосундагы мындай мамилелер Уулу адам болуп төрөлгөнгө чейин миллиарддаган жылдар мурун өрчүгөн. Ал Кудайдын өзү жалгыз жараткан Уулу болгон, башкача айтканда, Жахаба аны эч кимдин жардамысыз жараткан. Ал эми асмандагы жана жердеги калган бардык нерселер ошол сүйүктүү тун Уулу аркылуу жаратылган (Колостуктарга 1:15, 16). Ошондой эле ал Кудайдын Сөзү же анын Өкүлү — Кудайдын эркин башкаларга Жарыялап туруучу — болгон. Кудайдын өзгөчө сүйгөн ушул Уулу кийин Ыйса Машайак деп аталган адам болгон (Накыл сөздөр 8:22—30; Жакан 1:14, 18; 12:49, 50).
2. Ыйык китептик пайгамбарлыктарда Ыйса тууралуу канчалык баса көрсөтүлгөн?
2 Кудайдын тун Уулу керемет аркылуу түйүлдүк болгонго чейин эле, ал жөнүндө көптөгөн пайгамбарлыктар жазылган. Элчи Петир Корнелий менен аңгемелешкенинде: «Бардык пайгамбарлар Ал жөнүндө күбөлөндүрүп келишкен»,— деп айткан (Элчилер 10:43). Ыйсанын ролу Ыйык Китепте ушунчалык баса көрсөтүлгөнүн элчи Жаканга периштенин: «Ыйса жөнүндөгү күбөлүк — пайгамбарлыктардын маңызы»,— деп айтканынан байкаса болот (Аян 19:10, ЖД). Ошол пайгамбарлыктардын Ыйсанын Мессия экенин айкын билдирип турганы шексиз. Ал пайгамбарлыктарда анын Кудайдын ниеттериндеги ар кандай ролдоруна көңүл бурулган. Албетте, ушулардын баары азыркы күндө бизди да кызыктырышы керек.
Пайгамбарлыктар эмнени ачып берген?
3. а) Башталыш 3:15теги жылан, «аял» жана «жыландын тукуму» кимдерди билдирет? б) «Жыландын башынын жанчылышына» Жахабанын кызматчылары эмне үчүн абдан кызыкдар?
3 Ошол пайгамбарлыктардын эң биринчиси Эйдендеги козголоңдон кийин айтылган. Жахаба жыланга: «Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»,— деген (Башталыш 3:15). Бул сөздөр жыланды колдонгон Шайтандын өзүнө айтылган. «Аял» — бул берилген аялга салыштырылган Кудайдын асмандагы уюму. «Жыландын тукумуна» болсо Шайтандын рухун көрсөтүп, Кудайга жана анын элине каршылык кылып жаткан периштелер менен адамдар кирет. Ал эми жыландын «башынын жанчылышы» Шайтандын — Жахабага жалаа жапкан жана адам баласын чоң кырсыктарга дуушар кылган козголоңчунун — толук жок кылынышын билдирет. Бирок ошол жыландын башын жанчый турган «тукумдун» негизги бөлүгү ким? Кылымдар бою ал «жашыруун сыр» болуп келген (Римдиктерге 14:24, 25; 16:20).
4. Ыйсанын убадаланган Тукум экенин аныктоого анын санжырасы кандайча жардам берет?
4 Адам баласынын тарыхы башталгандан дээрлик 2000 жыл өткөндөн кийин Жахаба андан аркы маалыматтарды билдирген. Ал убадаланган Тукумдун Ыбрайымдын уругунан келерин ачып берген (Башталыш 22:15—18). Бирок Тукумдун келип чыгышы адамдын эмес, а Кудайдын тандоосунан көз каранды болгон. Мисалы, Ыбрайымдын Ажардан туулган Ысмайылды жакшы көргөнүнө карабастан, Жахаба: «Мен келишимимди... Саара сага төрөп бере турган Ыскак менен түзөм»,— деп жарыялаган (Башталыш 17:18—21). Кийинчерээк Жахаба бул келишимди Ыскактын тун уулу Эйсап менен эмес, а ысрайыл элинин 12 уруусу тараган Жакып менен түзгөн (Башталыш 28:10—14). Убакыттын өтүшү менен Тукум Дөөттүн уругунан келип чыккан Жүйүт уруусунан келери ачылып берилген (Башталыш 49:10; 1 Жылнаама 17:3, 4, 11—14).
5. Ыйсанын Мессия экени анын жердеги кызматынын башталышында эле кандайча айкын болгон?
5 Убадаланган Тукумду так аныктоонун дагы кандай ачкычы берилген? Тукумдун пайда болушуна чейин 700 жылдан ашык убакыт мурун Ыйык Китепте анын Бейт-Лехемде төрөлөрү айтылган. Ошондой эле Ыйык Китепте Тукумдун «байыркы күндөрдө» (анын асманда жаратылган убагы) эле болгондугу да ачылып берилген (Михей 5:2). Ал эми жерде Мессия катары пайда болушунун так убагы Даниел пайгамбар аркылуу алдын ала айтылган болчу (Даниел 9:24—26). Андан сырткары, Ыйса ыйык рух менен майланганда, башкача айтканда, Жахабанын Майланганы болгондо, асмандан Кудайдын үнү угулуп, Ыйсанын өз Уулу экенин күбөлөндүргөн (Матай 3:16, 17). Ошентип, Тукумдун ким экени аныкталган! Ошо себептен Филип: «Муса заңмыйзамда жана пайгамбарлар жазышкан... Ыйсаны биз таптык»,— деп ишенимдүү айта алган (Жакан 1:45, «Мукаддас»).
6. а) Лука 24:27ге ылайык, Ыйсанын окуучулары эмнени түшүнүшкөн? б) «Аялдын тукумунун» негизги бөлүгү ким жана жыландын башынын жанчылышы эмнени билдирет?
6 Кийинчерээк Ыйсанын окуучулары Ыйык Китепте ага тиешелүү көптөгөн пайгамбарлыктар бар экенин түшүнүшкөн (Лука 24:27). Ошондой эле Ыйсанын жыландын башын жанчый турган, тактап айтканда, Шайтанды биротоло жок кыла турган «аялдын тукумунун» негизги бөлүгү экени айкын болот. Кудай адамзатка убадалаган нерселердин баары — биз чын жүрөгүбүз менен күтүп жаткандардын баары — Ыйса аркылуу аткарылат (2 Корунттуктарга 1:20).
7. Пайгамбарлыктарда ким жөнүндө айтылганын билгенден кийин эмнени түшүнүү зарыл?
7 Бул жөнүндө билүү бизге кандай таасир тийгизиши керек? Ыйык Китепте Куткаруучу жана Мессия жөнүндөгү айрым пайгамбарлыктарды окуган эфиопиялык төрө жөнүндө айтылат. Окуганын түшүнбөгөндөн улам ал кабарчы Филиптен: «Пайгамбар ким жөнүндө айтып жатат?» — деп сураган. Бирок эфиоп жооп алып эле тим калган эмес. Филиптин түшүндүрүп бергенин өтө кунт коюп уккандан кийин ал бул пайгамбарлыктын аткарылышынын чоң маанисин түшүнгөн адам кандайдыр бир кадамдарды жасашы, тактап айтканда, чөмүлтүлүшү керек экенин түшүнгөн (Элчилер 8:32—38; Ышайа 53:3—9). Силер да ушундай иш-аракеттерди жасап жатасыңарбы?
8. а) Ыбрайымдын Ыскакты түлөөгө чалууга даярдыгы эмненин алдын ала билдирген? б) Жахаба Ыбрайымга айткандай, эмне үчүн анын Тукуму аркылуу бүт элдер бата алышат жана мунун бизге кандай тиешеси бар?
8 Ыбрайымдын аялы Саара төрөгөн жалгыз уулу Ыскакты түлөөгө чалууга даярдыгын көрсөткөнү жөнүндөгү жүрөк козгогон окуяны да эсибизге салып көрөлү (Башталыш 22:1—18). Ал окуя Жахабанын өзү эмне кыла тургандыгын, башкача айканда, өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка берерин алдын ала билдирген, себеби «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16). Эгер Жахаба өзүнүн ой-ниетин аткаруу үчүн жалгыз Уулун да берген болсо, анда калган нерселердин баарын «кантип... бербесин», бизден аянбай турганына бекем ишенсек болот (Римдиктерге 8:32). Ал эми бизден эмне талап кылынат? Башталыш 22:18де Ыбрайым Кудайдын «тилин алган» делген. Ошо себептен Жахаба Ыбрайымга анын Тукуму аркылуу бүт элдер бата аларын билдирген. Биз да Жахабага жана анын Уулуна баш ийишибиз керек, себеби «Кудайдын Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө ээ, ал эми Ага баш ийбеген адам өмүргө ээ болбойт, Кудайдын каары анын үстүндө болот» (Жакан 3:36).
9. Түбөлүк өмүргө Ыйсанын курмандыгынын аркасында жол ачылганына ыраазычылык билдиргибиз келсе, эмне кылышыбыз керек?
9 Түбөлүк өмүргө Ыйсанын курмандыгынын аркасында жол ачылганына ыраазычылык билдиргибиз келсе, анда Жахабанын бизге Ыйса аркылуу айттырып жаткандарын аткарууну каалайбыз. Буга биринчи кезекте Кудайга жана жакындарыбызга сүйүү көрсөтүү кирет (Матай 22:37—39). Жахабага болгон сүйүү бизге башкаларга да «[Ыйса бизге] буюргандын баарын» үйрөтүүгө түрткү берерин Ыйса көрсөткөн (Матай 28:19, 20). Ошондой эле ал сүйүүнү «чогулуштарыбызды калтырбоо» менен Жахабанын башка кызматчыларына да көрсөтүүнү каалайбыз (Эврейлерге 10:25; Галаттыктарга 6:10). Жахабага жана анын Уулуна баш ийүүдө биз, албетте, алар бизден жеткилеңдикти талап кылат деп ойлобошубуз керек. Эврейлерге 4:15те Ыйсанын — Дин башчыбыздын — биздин «алсыздыгыбызды» түшүнө билери айтылат. Муну билүү кандай жубатарлык, өзгөчө, Машайак аркылуу Кудайга тиленип, алсыздыгыбызды жеңгенге жардам беришин сураганыбызда! (Матай 6:12).
Ыйса Машайакка ишеним көрсөткүлө
10. Эмне үчүн Ыйса Машайактан башка эч ким куткара албайт?
10 Элчи Петир Ыйсага карата айтылган ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылгандыгын жүйүттөрдүн Иерусалимдеги жогорку сотуна түшүндүрүп, төмөндөгүдөй ишендирерлик тыянак чыгарган: «Бизди куткарыш үчүн, асман астында адамдарга берилген башка эч бир ысым жок» (Элчилер 4:12, «Мукаддас»). Адам атанын тукумдарынын баары күнөөлүү болгондуктан, алардын өлүмүнүн кимдир бирөөнү куткара аларлык баалуулугу жок. Ал эми Ыйса жеткилең болчу, ошондуктан анын өмүрү куткаруу күчүнө ээ болгон (Забур 48:7—10; Эврейлерге 2:9). Ал Кудайга Адам ата жоготкон жеткилең өмүрдүн баасына тең келген кунду төлөгөн (1 Тиметейге 2:5, 6). Мына ошонун аркасында бизге Кудайдын жаңы заманындагы түбөлүк өмүргө жол ачылып отурат.
11. Ыйсанын курмандыгы бизге канчалык чоң пайда алып келерин түшүндүрүп бергиле.
11 Ыйсанын кунунан азыртадан эле пайда алып жатабыз. Мисалы, биз — күнөөкөрлөр — анын аркасында күнөөлөрүбүз кечирилгендиктен, таза абийирге ээ боло алабыз. Бул, албетте, ысрайылдыктардын Мусанын мыйзамына ылайык жаныбарларды курмандыкка алып келиши менен ишке ашчу нерсеге караганда алда канча жогору турган (Элчилер 13:38, 39; Эврейлерге 9:13, 14; 10:22). Бирок күнөөлөрүбүздүн мындай жол менен кечирилиши үчүн, биз Ыйса Машайактын курмандыгына канчалык муктаж экенибизди түшүнүшүбүз керек. «Эгерде күнөөбүз жок деп жатсак, анда өзүбүздү өзүбүз алдап жатабыз жана бизде чындык жок. Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди ар кандай адилетсиздиктен арылтат» (1 Жакан 1:8, 9).
12. Кудай алдында таза абийирге ээ болуу үчүн эмнеге сууда чөмүлтүлүү керек?
12 Күнөөкөрлөр Ыйса Машайакка жана анын курмандыгына кандайча ишеним көрсөтө алышат? Биринчи жүз жылдыкта адамдар ишенимди кабыл алганын эл алдында билдиришчү. Кантип? Сууга чөмүлтүлүшүп. Эмнеге? Анткени Ыйса бардык окуучуларына чөмүлтүлүүгө буйрук берген (Матай 28:19, 20; Элчилер 8:12; 18:8). Жахабанын Ыйса аркылуу сүйүүсү менен көргөн чарасына чын жүрөгүнөн ыраазычылыгын билдиргиси келген адам бир орунда эле тура бербейт. Ал жашоосунда керектүү өзгөрүүлөрдү жасап, Кудайга тиленүү аркылуу арналат да, анысын сууда чөмүлтүлүү менен көрсөтөт. Ишенимин ушундай жол менен билдирген адам, мындайча айтканда, Кудайдан «таза абийир» сураган болот (1 Петир 3:21).
13. Эгерде күнөө кетиргенибизди билсек, эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?
13 Бирок күнөө кылууга жакындыгыбыз чөмүлтүлгөндөн кийин да таасирин тийгизбей койбойт. Анда эмне кылышыбыз керек? Элчи Жакан: «Мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил арачыбыз Ыйса Машайак бар. Ал — биздин күнөөлөрүбүздүн... кунун төлөгөн курмандык»,— деп айткан (1 Жакан 2:1, 2). Бул кандай күнөө кетирбейлик, Кудайдан кечирим сурап тиленип койсок эле жетиштүү болот жана ал бардыгын кечирет дегенди билдиреби? Албетте, жок. Кечирим алыш үчүн чын ниеттен өкүнүү керек. Ошондой эле аксакалдардын — жыйналыштын тажрыйбалуу мүчөлөрүнүн — жардамы да талап кылынышы мүмкүн. Туура эмес иш кылганыбызды моюнга алып, кылынган иш үчүн чындап өкүнүшүбүз жана аны экинчи кайталабаганга болгон күчүбүздү жумшашыбыз зарыл (Элчилер 3:19; Жакып 5:13—16). Ошондо гана биз Ыйсанын жардамына жана Жахабанын жактыруусуна кайрадан үмүт кыла алабыз.
14. а) Ыйсанын курмандыгы маанилүү кандай жол менен бизге пайда алып келерин түшүндүрүп бергиле. б) Бизде чындап эле ишеним болсо, анда эмне кылабыз?
14 Ыйсанын курмандыгы «кичине оторго» — Башталыш 3:15те айтылган «аялдын» тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүнө — асманда түбөлүк жашаганга жол ачкан (Лука 12:32, ЖД; Галаттыктарга 3:26—29). Ал эми миллиарддаган башка адамдарга жер бетине орной турган бейиш заманында түбөлүк жашаганга жол ачылган (Забур 36:29; Аян 20:11, 12; 21:3, 4). Түбөлүк өмүр — бул «Теңирибиз Ыйса Машайак» аркылуу берилген «Кудайдын белеги» (Римдиктерге 6:23; Эфестиктерге 2:8—10). Эгерде биздин ушул белекке карата ишенимибиз болсо жана анын кандайча тартууланганына ыраазы болсок, анда биз муну айкын көрсөтө алабыз. Ыйсанын Жахабанын эркин аткарууда кандай кереметтүү роль аткаргандыгын жана анын жолун так жолдоо канчалык маанилүү экенин түшүнүү ыйык кызматыбызды жашообуздагы эң маанилүү иштердин бири катары эсептөөгө жардам берет. Биздин ишенимибиз Кудайдын ушу кереметтүү белеги тууралуу башкаларга ишенимдүү түрдө айтканыбызда айкын болот (Элчилер 20:24).
15. Ыйса Машайакка болгон ишеним кандайча бириктирет?
15 Ушу ишенимдин биригүүгө жардам берип жатканы кандай сонун! Анын аркасында Жахаба жана анын Уулу менен, ошондой эле жыйналыштагылар менен да жакын мамиледе боло алабыз (1 Жакан 3:23, 24). Ошондой эле биз Жахабанын кайрымдуулугу менен өзүнүн Уулуна «бардык ысымдардан [Кудайдын ысмын кошпогондо] жогору ысым бергенине», «Ыйсанын ысмынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн, „Ыйса Машайак — Теңир, Кудай Атанын даңкы“ деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылганына» кубанабыз (Филипиликтерге 2:9—11).
Кайталоо үчүн суроолор
• Эмне үчүн Кудайдын Сөзүнө чындап ишенгендер Мессиянын келишин так аныктай алышкан?
• Ыйса Машайактын курмандыгына ыраазылык билдиргибиз келсе, эмне кылышыбыз керек?
• Ыйсанын курмандыгынан азыртадан эле кандай пайда алып жатабыз? Жахабага күнөөлөрдү кечиришин сурап тиленгенибизде курмандыктын жардамы кандайча тиет?
[36-беттеги сүрөт]
Ыйса өзүнүн жолдоочуларына башкаларды да Кудайдын мыйзамдарын аткарууга үйрөтүүнү буюрган.