Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w01 1/4 18—23-бб.
  • «Кудайдын сөзү өсүп-өнүп жаткан»

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Кудайдын сөзү өсүп-өнүп жаткан»
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Окуучулардын сан жагынан өсүшү
  • Кабар жарыяланган жерлердин көбөйүшү
  • Үстөм келген өсүш
  • Ыйык рухтун иш-аракети
  • «Жердин учу-кыйырына чейин»
    Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
  • Чыныгы дин үстөм келүүдө!
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
  • Биринчи кылымда жана бүгүнкү күндө Кудайдын рухуна жетектелгендер
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2011
  • Жахабанын даңкын баары жар салсын
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2004
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
w01 1/4 18—23-бб.

«Кудайдын сөзү өсүп-өнүп жаткан»

«Өз сөзүн жерге жөнөтөт; Анын сөзү бат агып, бат тарайт» (Забур 147:4).

1, 2. Ыйса окуучуларына кандай тапшырма берген жана ал тапшырмага эмнелер кирген?

Ыйык Китептеги эң таң калтырарлык пайгамбарлыктардын бири Расул 1:8де жазылган. Асманга көтөрүлөрүнө жакын калганда Ыйса ишенимдүү жолдоочуларына: «Ыйык Рух өзүңөргө келгенде, кубат аласыңар жана... дүйнөнүн чет жерлерине чейин Менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген. Бул эмне деген зор иш болмок!

2 Кудайдын сөзүн жер жүзү боюнча жарыялоо ошол саналуу гана окуучуларга оор тапшырмадай көрүнүшү мүмкүн эле. Эмесе, ал тапшырмага ылайык эмне кылуу керек болгонун карап көрөлү. Окуучулар адамдарга Кудай Падышалыгынын жакшы кабарын түшүнүүгө жардам бериши керек эле (Матфей 24:14). Ошондой эле Ыйса тууралуу күбөлөндүрүү үчүн, анын таасири күчтүү окууларын жайылтып, Иегованын ой-ниетиндеги ролун түшүндүрүү зарыл болчу. Андан тышкары, бул иш шакирттерди даярдоону, анан аларды чөмүлтүүнү камтыган. Бул дүйнө жүзү боюнча аткарылууга тийиш эле! (Матфей 28:19, 20).

3. Ыйса өз жолдоочуларын эмнеге ишендирген жана тапшырылган ишти алар кандай аткарышкан?

3 Ошентсе да Ыйса өз жолдоочуларын тапшырылган ишти аткарууда алар менен ыйык рух болоруна ишендирген. Ошондуктан, тапшырманын көлөмдүүлүгүнө жана каршы адамдардын тыюуга жасаган тынымсыз, ары каардуу аракеттерине карабастан, Ыйсанын алгачкы окуучулары анын берген көрсөтмөсүн ийгиликтүү аткарышкан. Бул — танууга болбой турган тарыхый факт.

4. Кудайдын сүйүүсү кабар айтуу жана окутуу тапшырмасы аркылуу кантип көрсөтүлөт?

4 Дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу жана окутуу иши — Кудайдын аны билбегендерге көрсөткөн сүйүүсүнүн далили. Бул иш алардын Иеговага жакындашына жана күнөөлөрүнүн кечирилишине мүмкүндүк берген (Расул 26:18). Ошондой эле кабар айтуу жана окутуу тапшырмасы аркылуу Кудай өзүнүн кабар тараткан кызматчыларына да сүйүү көрсөткөн, анткени бул тапшырма аларга өздөрүнүн Иеговага берилгендигин жана адамдарга болгон сүйүүсүн көрсөтүүгө шарт түзгөн (Матфей 22:37—39). Расул Павел кызматын ушунчалык баалагандыктан, аны «кенчке» салыштырган (2 Коринфтиктер 4:7).

5. а) Кайсы китепте Ыйсанын алгачкы жолдоочулары тууралуу эң ынанымдуу баяндалат жана анда кандай өсүш жөнүндө айтылат? б) Эмне себептен Расул китеби Кудайдын бүгүнкү кызматчылары үчүн чоң мааниге ээ?

5 Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын кабар айтуу иши шакирт Лука жазган Расул китебинде эң ынанымдуу баяндалган. Анда таң каларлык дүркүрөгөн өсүш тууралуу айтылат. Кудай Сөзүндө камтылган билимдин мындай өркүндөөсү Забур 147:4төгү: «Өз сөзүн жерге жөнөтөт; Анын сөзү бат агып, бат тарайт»,— деген сөздөрдү эске салат. Ыйсанын ыйык рух менен кубатталган биринчи жолдоочулары жөнүндөгү билдирүү биз үчүн кызыктуу, ары чоң мааниге ээ. Иегованын Күбөлөрү да кабар айтуу жана окуучуларды даярдоо иши менен алек, болгону эле чоңураак масштабда. Ошондой эле биз Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларыныкындай эле кыйынчылыктарга кабылабыз. Иегованын аларга кандай баталарды жана күч-кубат бергенин карап көрүү биздин анын колдоосуна болгон ишенимибизди бекемдейт.

Окуучулардын сан жагынан өсүшү

6. Өсүшкө байланышы бар кайсы фраза Расул китебинде үч жолу кезигет жана ал эмнени билдирет?

6 Расул 1:8дин кантип аткарылып келгенин көрүү үчүн «Кудайдын сөзү өсүп-өнүп жатты» (СК) деген фразаны талдап чыксак болот. Бир аз айырмачылыктары бар мындай фразалар Ыйык Китепте үч жолу гана кездешет, үчөө тең Расул китебинде (Расул 6:7; 12:24; 19:20). Ал жердеги «Кудайдын сөзү» же «Теңирдин сөзү» деген сөз айкаштары жакшы кабарды билдирет. Бул кабар — Кудайдын чындыгы жөнүндөгү толкундандырарлык кабар, аны кабыл алгандардын жашоосун өзгөрткөн күчтүү, «тирүү» кабар (Еврейлер 4:12).

7. Кудай сөзүнүн Расул 6:7де айтылып өткөн өсүп-өнүшү эмнени билдирет жана б.з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамында кандай окуя болгон?

7 Кудайдын сөзүнүн өсүп-өнүшү жөнүндө биринчи жолу Расул 6:7де айтылат. Ал жерден: «Кудайдын сөзү көбөйдү [«өсүп-өнүп жатты», СК] жана Иерусалимде шакирттеринин саны абдан көбөйдү; дин кызматчыларынын бир далайлары да ишенимге тил алгыч болушту»,— дегенди окуйбуз. Бул жерде айтылып өткөн өсүш окуучулардын сан жагынан көбөйгөнүн билдирет. Мурунураак, б.з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамында, жогорку бөлмөгө чогулган 120 окуучуга Кудайдын ыйык руху түшкөн. Анан расул Пётрдун шыктандырарлык сөзүнөн кийин, угуп тургандардын ичинен ошол күнү 3 000дей адам чыныгы ишенимди кабыл алган. 50 күндөй мурун кылмышкер катары устунга кадалган Ыйсанын атынан чөмүлтүлүш үчүн миңдеген адамдардын Иерусалимдеги жана анын тегерегиндеги көлмөлөргө бет алып баратышы кандай чоң толкундоону жараткан! (Расул 2:41).

8. Б.з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамынан кийинки жылдарда окуучулардын саны кантип өскөн?

8 Бул, албетте, өсүштүн башталышы гана болчу. Кабар айтуу ишин токтотууга тынымсыз аракеттерди жасаган иудей дин жетекчилери ийгиликке жетишкен эмес. «Ар күнү Теңир куткарыла тургандарды [шакирттерге] кошуп жаткандыктан», тиги жетекчилердин күйбөгөн жери күл болгон (Расул 2:47). Көп өтпөй «ал адамдардын саны беш миңге жакынды» түзгөн. Кийин «ишенгендер дагы көбөйүп, [көп сандаган] эркектер жана аялдар да Теңирге кошулушкан» (Расул 4:4; 5:14). Андан кийинки мезгил тууралуу «бүтүн Иудеяда, Галилеяда жана Самарияда диний коомдор Теңирдин коркунучунда болушту жана Ыйык Рухтун тынчтантуусу менен көбөйүүдө эле» деп айтылат (Расул 9:31). Ал эми бир нече жылдан кийин, болжол менен б.з. 58-жылы, шакирттердин саны бир канча миңге жеткен (Расул 21:20). Ошо кезде ишенимди кабыл алгандардын арасында көптөгөн бутпарастар да бар эле.

9. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларын кандай сүрөттөмөксүңөр?

9 Окуучулардын сан жагынан өсүшү, негизинен, жаңы динди кабыл алгандардын эсебинен болгон. Бул жаңы, бирок иш-аракеттүү дин эле. Айрым учурларда чындыкты катуу куугунтукка алынгандардан тааныган шакирттер пассивдүү чиркөө мүчөлөрүндөй болбостон, Иеговага жана анын Сөзүнө толук берилип кызмат кылышчу (Расул 16:23, 26—33). Алар өздөрүнүн акыл-эсинин жана абийиринин чечими боюнча Ыйсаны жолдоого бел байлашкан (Римдиктер 12:1). Окуучулар Кудайдын жолдоруна үйрөтүлүшкөн; чындык алардын акыл-эстеринен, жүрөктөрүнөн терең орун алган (Еврейлер 8:10, 11). Алар өз ишенимдери үчүн өлүмгө да даяр эле (Расул 7:51—60).

10. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына кандай жоопкерчилик берилген жана азыркы убакта кандай окшоштукту көрүүдөбүз?

10 Чындыкты кабыл алгандар аны башкалар менен бөлүшүү жоопкерчилигин сезе билишкен. Бул болсо окуучулардын санынын андан ары да өсүшүнө шарт түзгөн. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мындай дейт: «Ишенимди таратуу абдан ынталуу же атайын дайындалган жакшы кабарчынын гана укугу катары каралчу эмес. Жакшы кабарды жарыялоо диний коомдун ар бир мүчөсүнүн артыкчылыгы жана милдети болгон... Бүт христиан коомчулугунун дүркүрөгөн жетишкендиктери бул кыймылга башынан эле чоң дем-шык берген». Андан ары ал: «Жакшы кабарды жарыялоо Ыйсанын алгачкы жолдоочулары үчүн жашоо күчүнүн булагы болгон»,— деп жазган. Ыйсанын учурдагы чыныгы жолдоочуларына карата да ушуну айтууга болот.

Кабар жарыяланган жерлердин көбөйүшү

11. Расул 12:24тө өсүштүн кандай түрү жөнүндө айтылган жана иш жүзүнө ал кантип ашырылган?

11 Кудайдын сөзүнүн өсүп-өнүшү тууралуу экинчи жолу Расул 12:24тө: «Кудайдын сөзү болсо көбөйдү [«өсүп-өндү», СК] да, жайылды»,— деп айтылат. Бул жерде сөз кабар жарыяланган жерлердин сан жагынан өскөнү тууралуу жүрүп жатат. Бийликтегилердин каршылык көрсөткөнүнө карабастан, кабар айтуу иши алдыга жыла берген. Ыйык рух биринчи ирет Иерусалимдеги шакирттерге түшүп, ошерден Кудайдын сөзү бат тарай баштаган. Ал эми Иерусалимдеги куугунтуктардын натыйжасында окуучулар Иудея менен Самариянын бүт аймактарына тарап кетишкен. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? «Тарап кеткендер Кудайдын сөзүн жарыялап жүрүшкөн» (Расул 8:1, 4). Филипп бир адамга кабар айтканда, ал чөмүлтүлүп, кабарды Эфиопияга алып кеткен (Расул 8:26—28, 38, 39). Чындык тез эле Лиддага, Саронго жана Иоппияга тамыр жайган (Расул 9:35, 42). Кийинчерээк расул Павел Жер ортолук деңиздин боюндагы көп өлкөлөрдө жыйналыштарды негиздеп, суу менен да, кургактык менен да миңдеген чакырымдарды басып өткөн. Расул Пётр болсо Вавилонго жөнөгөн (1 Пётр 5:13). Эгин оруп-жыйноо майрамында ыйык рух түшкөндөн кийинки 30 жыл ичинде, Павелдин сөздөрү боюнча, жакшы кабар «асман астындагы бардык жаралгандарга», болжолу, ошол кезде белгилүү болгон дүйнөгө, жарыяланган (Колоссадагылар 1:23).

12. Ыйсанын жолдоочуларына каршы адамдар Кудай сөзү жарыяланган жерлердин саны өсүп жатканын кантип моюнга алышкан?

12 Ыйсанын жолдоочуларына каршы адамдар да Кудай сөзүнүн бүт Рим империясына тамырлап кеткенин моюнга алышкан. Мисалы, Расул 17:6да Фессалоникадагы (түндүк Грекия) каршылаштардын: «Жалпы дүйнөнү асты-үстүн кылган адамдар бул жакка да келди»,— деп кыйкырышканы айтылат. Андан тышкары, II кылымдын башында Плиний Кенже Рим императору Траянга Ыйсанын жолдоочуларынын үстүнөн арызданып: «[Алар] өздөрүнүн кеселин шаарларга гана эмес, коңшу айылдарга, өлкөгө таратып жатышат»,— деп жазган.

13. Кабар жарыяланган жерлердин сан жагынан өсүшү кандайча Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүн чагылдырып турат?

13 Мындай өсүш берүү менен Иегова куткарылууга муктаж адамдарга терең сүйүү көрсөткөн. Ыйык рухтун бутпарас Корнилийге берилгенин көргөндө Пётр: «Чынын билдим, Кудайда бет карамалык жок, бирок ар бир элден Кудайдан корккон жана туура иш кылгандары Ага жагымдуу»,— деген (Расул 10:34, 35). Ооба, жакшы кабар бардык адамдарга арналгандыктан, Кудайдын сөзү жарыяланган жерлердин сан жагынан өсүшү бардык жерлердеги адамдарга Кудайдын сүйүүсүнө жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берип келет. Ушул XXI кылымда Кудайдын сөзү жер жүзүнүн бардык бөлүктөрүндө таратылууда.

Үстөм келген өсүш

14. Расул 19:20да өсүштүн кандай түрү сүрөттөлөт жана Кудайдын сөзү эмнелерге үстөм келген?

14 Кудай сөзүнүн өсүшү жөнүндө үчүнчү жолу Расул 19:20да: «Теңирдин сөзү кудурет менен көбөйүп кубат алды [«үстөм келген», ЖД]»,— деп айтылат. «Үстөм келүү» деп которулган түп нускадагы грек сөзү «күчөнүү» дегенди берет. Андан мурунку аяттарда Ефестеги көп адамдардын ишенимди кабыл алганы жана сыйкырчылык кылгандардын бир далайы китептерин бардыгынын көзүнчө өрттөп жибергени тууралуу айтылат. Ошентип, Кудайдын сөзү жалган диндик ишенимдерден үстөм келген. Ошондой эле жакшы кабар куугунтук сыяктуу башка тоскоолдуктардан да үстөм келген. Аны эч нерсе токтото алмак эмес. Бул жагынан да азыркы мезгилдеги чыныгы дин менен болгон окшоштукту көрүүдөбүз.

15. а) Ыйык Китепти изилдеген бир тарыхчы Ыйсанын алгачкы жолдоочулары тууралуу эмне деп жазган? б) Өздөрүнүн ийгилиги үчүн окуучулар кимге милдеттүү болушкан?

15 Расулдар жана башка алгачкы шакирттер Кудайдын сөзүн ынталуулук менен жарыялашкан. Ыйык Китепти изилдеген бир тарыхчы алар тууралуу мындай деген: «Өздөрүнүн Теңири жөнүндө кеп кургусу келгенде, алар муну ишке ашыруунун көп жолдорун таба билишкен. Чын эле, бул эркектер менен аялдардын мотивдери ыкмаларына караганда бизди көбүрөөк таасирлентет». Бирок Ыйсанын ошол алгачкы жолдоочулары кызматтагы ийгилик өздөрүнүн күч-аракеттеринен эле көз каранды эмес экенин билишкен. Алар Кудайдын тапшырмасын аткарышкан жана ал тапшырманы аркалоодо Кудайдын колдоосуна ээ болушкан. Демек, рухий өсүш Кудайдан. Расул Павел муну Коринфтеги жыйналышка жиберген катында билдирген. Ал: «Мен өсүмдүк тиккем, Аполлос сугарды, бирок Кудай өстүрдү. Себеби биз Кудайда эмгектештербиз»,— деп жазган (1 Коринфтиктер 3:6, 9).

Ыйык рухтун иш-аракети

16. Ыйык рух окуучулардын кайраттулук менен кабар айтышына күч-кубат бергенин эмне көрсөтүп турат?

16 Ыйса өз окуучуларын ыйык рух Кудайдын сөзүнүн өсүп-өнүшүнө салым кошоруна жана кабар айтуу ишинде окуучуларга күч-кубат берерине ишендирип өткөнүн эстесеңер (Расул 1:8). Ыйсанын ал убадасы кантип аткарылган? Эгин оруп-жыйноо майрамында шакирттерге ыйык рух түшкөндөн көп узабай, Пётр менен Иоанн иудейлердин Синедрионуна, мүчөлөрү Ыйсанын өлүмүнө жооптуу болгон жогорку сотко, чакырылышкан. Мындай сүрдүү жана кас топтун алдында расулдар калтырап-титирегенби? Түк да! Ыйык рух Пётр менен Иоаннды ушунчалык кайраттуу сүйлөөгө кубаттандыргандыктан, каршылаштары таң калып, «алардын Ыйса менен бирге болгондугун таанып билишкен» (Расул 4:8, 13). Стефандын Синедрионго эр жүрөктүк менен күбөлөндүрүү беришине да ыйык рух себепчи болгон (Расул 6:12; 7:55, 56). Мурунураак болсо ыйык рух окуучуларга кайраттуу түрдө кабар айтууга түрткү берип келген. Лука: «Алар сыйынганда, алар топтолгон орун солкулдады, жана баары Ыйык Рухка толуп, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен жарыялашты»,— деп билдирет (Расул 4:31).

17. Ыйык рух окуучуларга алардын кызматында дагы кандайча жардам берген?

17 Тирилтилген Ыйса менен бирге Иегова өзүнүн кудуреттүү ыйык руху аркылуу кабар айтуу ишин жетектеген (Иоанн 14:28; 15:26). Корнилийге, анын туугандарына жана жакын досторуна ыйык рух түшкөндө, расул Пётр сүннөткө отургузулбаган бутпарастардын Ыйса Машайыктын атынан чөмүлтүлө алышарын түшүнгөн (Расул 10:24, 44—48). Кийинчерээк ыйык рух Варнава менен Савлды (расул Павел) миссионердик ишке дайындоодо жана аларга багыт берүүдө чоң роль ойногон (Расул 13:2, 4; 16:6, 7). Ыйык рух Иерусалимдеги расулдардын жана аксакалдардын чечим чыгарышына жетекчилик берген (Расул 15:23, 28, 29). Ал ошондой эле Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналыштарындагы көзөмөлчүлөрдүн дайындалышын жетектеген (Расул 20:28).

18. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары сүйүүсүн кантип көрсөтүшкөн?

18 Ошону менен бирге, ыйык рух Ыйсанын жолдоочуларына Кудайга таандык сүйүү сыяктуу сапаттарды өрчүтүүгө жардам көрсөткөн (Галатиялыктар 5:22, 23). Сүйүү шакирттерге бири-бирине кайрымдуу болууга түрткү берген. Маселен, б.з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамынан кийин, Иерусалимдеги окуучулардын материалдык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жалпы казына уюштурулган. Ыйык Китепте бул жөнүндө: «Алардын арасында жокчулук тарткан эч ким жок болчу; себеби, өз жерлери же үйлөрү барлар, баары аларды сатып, сатылган нерселердин кундарын алып келишти жана Расулдардын буттарынын алдына коюшчу; жана ар кимге, муктажы болгончо, берилчү»,— деп айтылат (Расул 4:34, 35). Мындай сүйүү ишенимдештерге эле эмес, жакшы кабарды бөлүшүү жана башка кайрымдуулук иштери аркылуу башкаларга да көрсөтүлчү (Расул 28:8, 9). Ыйса өзүнүн жолдоочулары өзүн-өзү четке каккан сүйүү менен өзгөчөлөнөрүн айткан (Иоанн 13:34, 35). Абдан маанилүү болгон сүйүү сапаты I кылымда адамдарды Кудайга тартып, өсүшкө өбөлгө түзгөнү шексиз. Бүгүнкү күндө да ошондой (Матфей 5:14, 16).

19. а) Иегованын сөзү I кылымда кайсы үч жол менен өсүп-өнгөн? б) Эмки макалада эмне каралат?

19 «Ыйык рух» деген сөз айкашы Расул китебинде бардыгы болуп 41 жолу кезигет. Ыйсанын нагыз жолдоочуларынын I кылымдагы өсүшү ыйык рухтун күчүнө жана жетекчилигине тыгыз байланыштуу болгону айкын. Окуучулардын саны өсө берген да, Кудайдын сөзү кеңири тарап, ошо доордогу диндерден, философиялардан үстөм келген. I кылымдагы бул өсүш бүгүн Иегованын Күбөлөрүнүн аткарып жаткан ишиндеги өсүшкө окшош. Кийинки макалада биз Кудай сөзүнүн азыркы учурдагы эбегейсиз зор өсүп-өнүшүнө токтолобуз.

Эсиңердеби?

• Алгачкы шакирттер сан жагынан кандайча өскөн?

• Кудайдын сөзү башка жерлерге кантип тараган?

• Кудайдын сөзү I кылымда кандайча үстөм келген?

• Кудайдын сөзүнүн өсүп-өнүшүндө ыйык рух кандай роль ойногон?

[19-беттеги сүрөт]

Ыйык рух Иерусалимдеги расулдар менен аксакалдарга жетекчилик берген.

[20-беттеги сүрөт]

Жогорудагы оң бурчта: Экинчи ийбадаткананын учурундагы Иерусалим шаарынын репродукциясы (макети Иерусалимдеги «Holyland» мейманканасында турат).

[21-беттеги сүрөт]

Кудайдын сөзүнүн өсүп-өнүшүндө ыйык рух кандай роль ойногон?

[22-беттеги сүрөт]

Филипп эфиопиялык адамга кабар айтып, жакшы кабарды алыска тараткан.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү