Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • jy 137-бөл. 310-б.—311-б. 2-абз.
  • Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт
  • Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
  • Окшош материалдар
  • Ыйсанын акыркы келүүлөрү жана 33-жылдагы Эгин оруп-жыйноо майрамы
    Тарыхтагы эң улуу адам
  • «Менин күбөлөрүм болосуңар»
    Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
  • Иса асманга кетет
    Ыйык Китептен таалим-тарбия ал
  • Расулдарын өзүнүн кетишине даярдайт
    Тарыхтагы эң улуу адам
Дагы башкасы
Иса Машаяк - жол, чындык, өмүр
jy 137-бөл. 310-б.—311-б. 2-абз.
Иса Машаяк асманга көтөрүлүп баратат

137-БӨЛҮМ

Жүздөгөн шакирттерге көрүнөт

МАТАЙ 28:16—20; ЛУКА 24:50—52; ЭЛЧИЛЕР 1:1—12; 2:1—4

  • ИСА МАШАЯК КӨПТӨРГӨ КӨРҮНӨТ

  • АСМАНГА КӨТӨРҮЛӨТ

  • 120 ШАКИРТКЕ ЫЙЫК РУХ ТҮШӨТ

Иса Машаяк 11 элчисине тирилгенден кийин Галилеядан жолугушарын айткан болчу. Ошентсе да ал жакка 500дөй шакирт барат. Алардын көбү Мырзасынын тирилгенине шектенип жүрүшкөн эле (Матай 28:17; 1 Корунттуктар 15:6). Бирок анын сөздөрүн уккандан кийин шектенбей калышат.

Мырзасы асмандагы жана жердеги бийликтин баарын алганын айтып: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө,.. аларга силерге буйруганымдын баарын аткарууну үйрөткүлө»,— дейт (Матай 28:18—20). Ооба, ал жакшы кабардын жарыяланышына дагы деле абдан кызыкдар.

Машаяктын жолдоочуларынын баарына: эркектерге, аялдарга жана балдарга шакирт даярдоо иши тапшырылган. Каршылаштар кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин токтотууга бүт күчүн жумшап келишет. Бирок Иса Машаяктын: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди»,— деген сөздөрү жолдоочуларына күч берет. Бул эмнени билдирет? «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деген ал. Машаяктын сөздөрү жакшы кабар тараткандарга кереметтерди кылуу жөндөмдүүлүгү берилерин эмес, кабар айтуу иши ыйык рухтун жардамы менен аткарыларын билдирет.

Иса Машаяк тирилгенден кийин шакирттерине «кырк күн бою көрүнгөн». Ал ар кандай адам болуп көрүнүп, «өзүнүн тирүү экенин көптөгөн ишеничтүү далилдер менен көрсөткөн жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берген» (Элчилер 1:3; 1 Корунттуктар 15:7).

Галилеяда жүргөн элчилерине Мырзасы Иерусалимге барууну буйруган. Алар Иерусалимге барганда: «Иерусалимден кетпей, Атам убада кылганды күткүлө. Силер ал жөнүндө менден уккансыңар. Жакан сууга чөмүлдүргөн, силер болсо бир нече күндөн кийин ыйык рухка чөмүлтүлөсүңөр»,— деген (Элчилер 1:4, 5).

Кийинчерээк ал элчилерине дагы бир жолу көрүнүп, аларды «Бетанияга чейин ээрчитип барган» (Лука 24:50). Ал асманга кетери жөнүндө далай жолу айтса да, элчилери анын Падышалыгы жерде болот деп ойлой беришкен (Лука 22:16, 18, 30; Жакан 14:2, 3).

Андыктан: «Мырзам, Ысрайыл падышалыгын азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан. Ал: «Атам белгилеген убакыт-мөөнөттөрдү билүүнүн силерге зарылдыгы жок»,— деген. Анан алардын кандай иш аткарышы керектигин айтып: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элчилер 1:6—8).

Иса Машаяк асманга көтөрүлүп баратат

Ошентип, элчилер Зайтун тоосунда турганда, Иса Машаяк асманга көтөрүлө баштайт. Аны булуттар жаап, көрүнбөй калат. Ал тирилгенден кийин шакирттерине адам кейпин кийип келип көрүнчү. Эми рухий жаратуу катары асманга кетип баратат (1 Корунттуктар 15:44, 50; 1 Петир 3:18). Элчилер асманды карап турушканда, «ак кийимчен эки киши пайда болот». Алар адам кейпин кийип келген периштелер эле. Периштелер: «Галилеялык эркектер, эмнеге асманды карап турасыңар? Асманга алынып кеткен бул Иса, силердин көзүңөрчө асманга кандай көтөрүлүп кетсе, ошондой жол менен келет»,— дешет (Элчилер 1:10, 11).

Машаяк асманга шаан-шөөкөт менен кеткен эмес. Аны ишенимдүү жолдоочулары гана көргөн. Ал келгенде да шаан-шөөкөт болмок эмес. Анын падышалык бийликке ээ болгонун, катышуусунун убагы башталганын ишенимдүү жолдоочулары эле баамдамак.

Машаяк асманга кеткенден кийин, элчилер Иерусалимге кайтып барышат. Алар Мырзасынын «бир туугандары,.. энеси Мариям жана башкалар» менен бирге чогулуп, тиленип турушат (Элчилер 1:14). Жүйүт Искариоттун ордуна башка бирөөнү тандап, элчилердин санын толукташ үчүн алар Жахабадан жетекчилик сурап да тиленишет (Матай 19:28). Алар Машаяктын иштерине, тирилгенине күбө болгон шакиртти тандоону каалашкан. Андыктан Кудайдын эркин билиш үчүн өкчөмө таш ыргытышат. Ыйык Китепте өкчөмө таш жөнүндө акыркы жолу ушул окуя баяндалган жерде жазылган (Забур 109:8; Накыл сөздөр 16:33). «Он бир элчинин катарына» Матий кошулган. Ал, кыязы, кабар айтууга жиберилген 70 шакирттин бири болгон (Элчилер 1:26).

Б.з. 33-жылы Иса Машаяк асманга кеткенден 10 күн өткөндөн кийин Элүүнчү күн майрамы өткөрүлгөн. Ошол күнү бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө 120дай шакирт чогулган. Күтүлбөгөн жерден катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, бүт үйдүн ичин жаңырткан. Анан көрүнүшү тилге окшогон жалындар көрүнүп, ар бир шакирттин үстүнө бирден конгон. Ошондо баары ар кайсы тилдерде сүйлөй башташкан. Ооба, убада кылынгандай, шакирттерге ыйык рух түшкөн (Жакан 14:26).

  • Машаяк асманга кетерде кандай көрсөтмөлөрдү берген? Аны кимдер уккан?

  • Ал тирилгенден кийин шакирттерине канча убакыт бою көрүнгөн жана эмнелерди кылган?

  • Анын асманга кантип кеткенинен кайра келери жөнүндө эмнени билүүгө болот?

  • Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кандай окуя болгон?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү