Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • «Кудайдын улуу иштеринен» дем-шык алгандар
    Күзөт мунарасы—2002 | август 1
    • Иш-аракет кылууга түрткү алышкан!

      4. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жоелдин кайсы пайгамбарлыгы аткарылган?

      4 Ыйык рух алгандан кийин Иерусалимдеги шакирттер бир да мүнөтүн коротпой, куткарылуу жөнүндөгү кабарды ошол эртең менен чогулгандардан тартып, башкаларга айта башташкан. Алардын кабар айтышы менен сегиз кылым мурун Петуел уулу Жоел пайгамбар айткан эң сонун пайгамбарлык аткарылган. Анда: «Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, карыяларыңар түш көрүшөт, жаш балдарыңар көрүнүш көрүшөт. Ошол күнү Мен кулдардын үстүнө да, күңдөрдүн үстүнө да Өз Рухумду төгөм... Теңирдин улуу, коркунучтуу күнү келээрдин алдында»,— деп айтылган (Жоел 1:1; 2:28, 29, 31; Элчилер 2:17, 18, 20).

      5. Биринчи кылымда жашаган Ыйсанын жолдоочулары кандай мааниде пайгамбарлык кылышкан? (Шилтемени карагыла).

      5 Бул Кудайдын Дөөт, Жоел, Деборага окшогон пайгамбарларды дайындап, ошолор аркылуу келечекте болуучу окуяларды айттырарын билдиреби? Жок. Ыйсаны жолдогон «уулдар менен кыздар», «кулдар» менен «күңдөр» Жахабанын руху аркылуу түрткү алышып, анын буга чейин жасаган жана келечекте жасай турган «улуу иштерин» жарыялаганы менен пайгамбарлык кылышмак. Ошентип, алар Эң Жогоркунун атынан сүйлөшмөкa. Муну эл кандай кабыл алган? (Эврейлерге 1:1, 2).

  • «Кудайдын улуу иштеринен» дем-шык алгандар
    Күзөт мунарасы—2002 | август 1
    • a Жахаба Муса менен Арунду өз эли үчүн фараондун алдында сүйлөөгө дайындап, Мусага мындай деген: «Мен сени фараонго Кудай кылып койдум, ал эми бир тууганың Арун сенин пайгамбарың болот» (Чыгуу 7:1). Арун келечекте болуучу окуяларды айткан пайгамбар болгон эмес, ал Мусанын атынан сүйлөө менен пайгамбарлык кылган.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү