Ким куткарылат?
«Иегованын ысмын чакырып жаткан ар ким куткарылат» (РАСУЛ 2:21, ЖД).
1. Эмне үчүн б. з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамы адамзаттын тарыхын өзгөрткөн?
БИЗДИН замандын 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамы адамзаттын тарыхын өзгөрткөн. Эмне үчүн? Себеби ошол күнү жаңы эл төрөлгөн. Адегенде ал эл, Ыйсанын 120 гана окуучусунан туруп, анча көп эмес эле, ошол күнү алар Иерусалимдеги үйлөрдүн биринин үстүнкү бөлмөсүнө чогулушкан болчу. Ошо бөлмөдө төрөлгөн эл бүгүнкү күндө деле бар, ал эми ошо мезгилде жашаган элдердин көбү тукум курут болуп же унутулуп калган. Бул биз үчүн чоң мааниге ээ, анткени Кудай так ошо элге адамзаттын алдында Анын күбөсү болууну тапшырган.
2. Жаңы элдин төрөлүшүн таң каларлык кандай окуялар коштогон?
2 Жаңы эл төрөлүп аткан маалда олуттуу окуялар болуп өткөн, алар Иоилдин пайгамбардыгынын аткарылышы эле. Биз бул тууралуу Расул 2:2—4-аяттардан окуйбуз: «Анан, катуу шамал келе жаткандай, асман тараптан бир күтүлбөгөн шуулдоо болуп, алар олтурган үйдү толтурду. Анан, бөлүнгөн тилдерге окшоп, от жалынын учтары көрүнүп, алардын ар кимисинин үстүнө түштү. Жана бардыгы Ыйык Рухка толушту жана Рух аларга бергенине карата, башка тилдерде сүйлөшө башташты». Мына ошентип ошол 120 ишенимдүү эркек менен аялдар рухий элдин биринчи мүчөлөрү болушкан, кийинчерээк ал элди расул Павел «Кудайдын Израили» деп атаган (Галатиялыктар 6:16).
3. Иоилдин кайсы пайгамбардыгы б. з. 33-жылы Эгин оруп-жыйноо майрамында аткарылган?
3 «Катуу шамал келе жаткандай... шуулдоо» көп адамдардын көңүлүн бурат, ошондо аларга расул Пётр Иоилдин пайгамбардыктарынын бири ушундайча аткарылып жатканын түшүндүргөн. Кайсы пайгамбардыгын? Ал мына мындай деген, кулак салсаңар: «Акыркы күндөрдө мындай болот, дейт Кудай: Мен ар кандай жандарга өз Рухумду куям жана силердин уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарлык кылышат; жана силердин жаш жигиттерге аян берилет, силердин карылар ак түш көрүп, акыл үйрөнөт; жана Менин кулдарыма жана Менин күңдөрүмө ошол күнү Мен Өз Рухумдан куям, анан алар пайгамбарлык кылышат; жана жогорку асманда кереметтерди көрсөтөм, жана төмөнкү жерге белгилер көрсөтөм, кан менен от жана түтүн болот: Теңирдин [«Иегованын», ЖД] коркунучтуу, улуу күнү келер алдында күн тутулуп, ай кан сыяктуу кызарат; жана ошондой болот: ар ким Теңирдин [«Иегованын», ЖД], ысмын чакырса, кутулат» (Расул 2:17—21). Пётрдун келтирген сөздөрү Иоил 2:28—32-аяттарда жазылган. Алардын аткарылышы еврей элине берилген убакыттын аяктап баратканын билдирген. «Теңирдин [«Иегованын», ЖД] коркунучтуу, улуу күнү» — ишенимсиз израиль элинин жоопко тартылар күнү — жакындап келаткан. Бирок кимдер кутула алмак? Ал күн эмненин жышааны болгон?
Пайгамбардыктын эки жолу аткарылышы
4, 5. Алдыдагы каргашалуу окуяларды эске алуу менен Пётр кандай кеңеш берген жана эмне үчүн берген кеңеши биздин күндө да мааниге ээ?
4 Рухий Израиль б. з. 33-жылынан кийин гүлдөй баштаган, ал эми кадимки Израилди болсо гүлдөп жатат дешке болбос эле. Б. з. 66-жылы кадимки Израиль Римге каршы көтөрүлүш чыгарат. Ал эми б. з. 70-жылы Иерусалим дээрлик жок болгон: Иерусалим менен ийбадаткана өрттөлүп күлү гана калган. Пётр б. з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамында алдыдагы каргашалуу окуяларга карата абдан жакшы кеңеш берген. Ал: «Ар ким Теңирдин [«Иегованын», ЖД] ысмын чакырса, кутулат» — деп, Иоилдин айткан сөздөрүн келтирген. Ар бир еврей Иегованын атын чакырам же чакырбайм деген жеке чечим чыгарышы керек болчу. Иегованын атын чакыруу Пётрдун андан аркы: «Тобо кылгыла жана [Кудай] күнөөңөрдү кечириш үчүн, ар кимиңер Ыйса Христостун ысымынын урматына сууга чөмүлгүлө»,— деген кеңеши боюнча иш кылууну билдирген (Расул 2:38). Пётрдун айтканын уккан ар бир адам израиль эли четке каккан Ыйсаны Машайык катары кабыл алышы керек эле.
5 Иоилдин пайгамбардык сөздөрү I кылымда жашаган момун адамдарга чоң таасир тийгизген. Бүгүн болсо ал сөздөр андан да чоң мааниге ээ, себеби, XX кылымдагы окуялар көрсөтүп жаткандай, Иоилдин пайгамбардыгы дагы бир ирет аткарылууда. Анда эмесе, анын кандайча аткарылып жатканын талкуулайлы.
6. 1914-жылдын жакындашы менен рухий элдин кайра пайда болгондугу кантип бара-бара айкын боло берген?
6 Расулдардын өлүмүнөн кийин Кудайдын Израилин, каймана сөз менен айтканда, «отоо чөп» — жалган христианчылык — баскан. А бирок 1914-жылы башталган акыркы күндөрдө ошол рухий элге кимдер кирери айкын болду. Ыйсанын буудай жана отоо чөп жөнүндөгү нускалуу аңгемеси ушундайча аткарылган (Матфей 13:24—30, 36—43). Ыйсанын майланган жолдоочулары 1914-жыл жакындашы менен ишеними жок христиан дүйнөсүнүн жалган окууларын четке кагып, «элдердин убагынын» акыры жакындап келатканын тайманбай жарыялап, христиан дүйнөсүнөн бөлүнө башташкан (Лука 21:24, «Жаңы котормо», орусча). Бирок 1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согуш майлангандар үчүн күтүлбөгөн чоң сыноо болгон. Катуу кысымдын астында алардын көбүнүн жигердүүлүгү пастай баштаган, кээ бирлери болсо ишенимден баш тартып кетишкен. Майлангандар 1918-жылы кабар айтууну дээрлик токтотуп коюшкан.
7. а) Б. з. 33-жылындагы Эгин оруп-жыйноо майрамын 1919-жылдын кайсы окуясына шайкеш десе болот? б) 1919-жылдан бери Иегованын кызматчыларына ыйык рух берилип жатканы эмнелерден көрүнүүдө?
7 Бирок мындай абал көпкө созулган эмес. Иегова 1919-жылдан баштап өз элине ыйык рух бере баштаган, бул б. з. 33-жылынын Эгин оруп-жыйноо майрамын эске салган. Ооба, майлангандар 1919-жылы башка тилдерде сүйлөй башташкан эмес жана «катуу шамал келе жаткандай, асман тараптан бир күтүлбөгөн шуулдоо» болгон эмес. Павелдин 1 Коринфтиктер 13:8де жазылган сөзүнө караганда, кереметтердин убагы эчак эле бүткөн болчу. Ошентсе да 1919-жылы Сидар-Пойнт шаарындагы (Огайо штаты, АКШ) конгрессте Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары жаңы күчкө кирип, кайрадан Падышалык жөнүндө кабар тарата башташканда, Кудайдын олуя күчүнүн аракети даана көрүнгөн. Алар 1922-жылы кайрадан Сидар-Пойнтко чогулушкан, ал жерден «Падышаны жана анын падышалыгын жарыялагыла, жарыялагыла, жарыялагыла» деген чакырык аларга андан аркы иштерди жасоого дем берет. Биринчи кылымдагыдай эле, дүйнөгө Кудайдын ыйык рухунун иш-аракетин байкоого туура келген. Кудайга арналган ар бир адам, эркекпи же аялбы, карыбы же жашпы, «пайгамбарчылык» кыла баштаган, атап айтканда, «Кудайдын чоң иштери жөнүндө» жарыялаган (Расул 2:11). Пётрга окшоп, алар: «Бул бузулган укум-тукумдан сактангыла»,— деп момун адамдарды чакырышкан (Расул 2:40). Эскертүүгө ынангандар кантип куткарыла алышмак? Иоил 2:32деги (ЖД): «Иегованын ысмын чакырып жаткан ар ким куткарылат»,— деген сөздөрдү колдонуу менен.
8. 1919-жылы Кудайдын Израилинде кандай өзгөрүлүүлөр болгон?
8 Ошол убактан баштап Кудайдын Израилинин иши ийгилик менен алгалаган. Майлангандарга мөөр басуунун аякташы жакындоодо, ал эми 1930-жылдан баштап жерге жашоого үмүттөнгөн, өтө көп момун адамдар дүйнөгө белгилүү боло башташкан (Аян 7:3, 9). Ыйсанын эки топтогу жолдоочулары жакында Иоил 2:28, 29-аяттардагы сөздөрдүн экинчи жолу аткарыла турганын, Иегованын коркунучтуу күнү жакындап келе жатканын билишет; ал күн келгенде өз ара тыгыз байланыштагы дүйнөлүк дин, саясат жана коммерция түзүлүштөрү жок кылынат. Иегованын бизди куткарарына бек ишенип, анын ысмын чакырууга бизде орчундуу негиздер бар.
Иегованын ысмын кантип чакырсак болот?
9. Иегованын ысмын чакыруу деген эмнени билдирет?
9 Иегованын ысмын чакыруу деген эмнени билдирет? Бул сууроого жооп берүүгө Иоилдин 2:28, 29-аяттарынын алдындагы жана алардан кийинки аяттар жардам берет. Мисалы, Иегова аны чакыргандардын баарын эле уга бербейт. Иегова башка пайгамбары Исаия аркылуу израиль элине мындай деген: «Силер колуңарды сунганыңарда, Өз көздөрүмдү Мен жуумп коём; жана силер сыйынганыңарды [«тиленүүңөрдү», СК] арбытып жатканыңарды Мен укпайм». Эмне үчүн Иегова өзүнүн элин укпай койгон? Буга ал өзү: «Силердин колуңар канга толгон»,— деп жооп берген (Исаия 1:15). Иегова бирөөнүн канына забын болгондорго же күнөө кылуудан баш тартпагандарга кулак салбайт. Мына ошондуктан Эгин оруп-жыйноо майрамында Пётр еврейлерди өкүнүүгө чакырган. Биз Иоил 2:28, 29-аяттардын алдындагы аяттардан Иоилдин да өкүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилегендигин көрүп турабыз. Алалы, Иоил 2:12, 13-аяттардан биз муну окуйбуз: «Бирок азыр да Теңир мындай дейт: орозо тутуп, зар какшап, озондоп, бүт жүрөгүңөр менен Мага кайрылгыла. Киймиңер эмес, жүрөгүңөрдү тыткыла да Теңирге, өз Кудайыңарга кайрылгыла; анткени Ал кайрымдуу жана ырайымдуу, узакка чыдоочу, көптөн-көп мээримин төгүүчү, жазалаганда аёочу». Майланган жолдоочулар 1919-жылдан бери ушул айтылгандарга ылайык иш жасай башташкан. Алар өзүлөрүнүн ката кетиргени үчүн өкүнүп, ишенимдерине дал келбеген иш жасабоону жана кайраттуулугунан кайтпоону бек чечишкен. Бул Кудайдын рухунун берилишине жол ачты. Иегованын ысмын чакырып, аны уксун дегендердин ар бири дал ушундай кылышы керек.
10. а) Чын ниет менен өкүнүү деген эмне? б) Чын ниет менен өкүнүүгө Иегова кандай жооп кайтарат?
10 Чындап өкүнүү тим гана кечирим сурап коюудан алда канча чоң мааниге ээ экени эсиңерде болсун. Израилдиктер сезимдеринин канчалык терең экенин көрсөтүш үчүн, үстүңкү кийимдерин тытчу. Бирок Иегова «Киймиңерди эмес, а жүрөгүңөрдү тыткыла»,— дейт. Чын ниет менен өкүнгөндүк жүрөктүн түпкүрүнөн чыгат. Исаия 55:7де: «Арамзаа өз жолун калтырсын жана кудайсыз адам өзүнүн жаман ойлорун калтырып, Теңирге кайрылсын»,— деп жазылгандай, өкүнгөндүк күнөө кылууну токтотуу дегенди да билдирет. Биз, Ыйсага окшоп, күнөөнү жек көрүшүбүз керек (Еврейлер 1:9). Ошондо Иегованын бизди куткаруучу курмандыктын негизинде кечирерине ишене алабыз, себеби Иегова «кайрымдуу жана ырайымдуу, узакка чыдоочу, көптөн-көп мээримин төгүүчү». Ал биздин сыйынуубузду, биздин рухий «нан багыштообуз» менен «шарап курмандыгыбызды», кабыл алат. Ысмын чакырсак, Ал угат (Иоил 2:14).
11. Чыныгы сыйынууга биз кандай мамиле кылышыбыз керек?
11 Тоодогу насаатында Ыйса: «Баарынан мурда Кудайдын Падышалыгын жана Анын адилеттигин издегиле»,— деген, муну да эсибизден чыгарбашыбыз шарт (Матфей 6:33). Сыйынуубузга шалакы мамиле кылууга, аны абийирибизди тынчтандырып коюунун гана жолу катарында көрүүгө болбойт. Кудайга сыйынуу жашообузда эң маанилүү болууга тийиш. Иегова Иоил аркылуу дал ошону мындай деп билдирет: «Сиондо сурнай тартып... калкты чогулткула, жыйын чакыргыла, карыларды, жаш уландарды, эмчектеги бөбөктөргө чейин келтиргиле; күйөө өз заңкыйган үйүнөн, колукту өз көшөгөсүнөн чыгып келсин» (Иоил 2:15, 16). Жаңы үйлөнгөндөрдүн, айланасындагыларга кайдыгерирээк карап, бири бирине өтө эле көп көңүл бөлгөнү кадимки эле боло жүргөн иш. Бирок алар үчүн да Иеговага кызмат кылуу биринчи орунда турууга тийиш. Кудайга бирге сыйынуубуздан, анын ысмын чакыруудан маанилүүлүгү боюнча ашып түшкөн эч нерсе жок.
12. 1997-жылдагы Эскерүүнүн отчёту алдыдагы өсүшкө кандай мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүүдө?
12 Ушуну эсибизден чыгарбай, 1997-кызмат жылынын отчётун карап көрөлү. 1997-жылы Падышалыктын жарчыларынын жогорку саны 5599931ди түздү, булар — Кудайды даңктаган чынында эле өтө көп адамдар! Эскерүүгө 14322226 адам келген, бул жарчылардын санынан болжол менен сегиз жарым миллионго көп. Ал келечекте өсүшкө сонун мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтүп турат. Ушул сегиз жарым миллиондун ичинен көбү Иегованын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатышат; алар — кызыгуучу адамдар жана Күбөлөрдүн балдары. Көптөгөн адамдар Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышына биринчи жолу келишти. Бул Иегованын Күбөлөрүнө келгендер менен таанышууга, алардын рухий жактан өсүшүнө жардам берүүгө шарт түздү. Эскерүүгө жыл сайын келген, кээде жыйналыштарга катышып турган, бирок алга кадам жасабаган адамдар да бар. Албетте, биз андай адамдарга чын жүрөгүбүз менен жыйналышка келип жүрүүгө түрткү беребиз. Ошол эле учурда аларга Иоилдин пайгамбарлык сөзүн түшүнүүнү жана алар Иегованын ысмын чакырышканда Ал угушу үчүн дагы эмнелерди жасоо керектиги тууралуу ой жүгүртүүнү кеңеш кылабыз.
13. Эгерде биз азыр Иегованын ысмын чакырып жүрсөк, мойнубузда кандай милдет жатат?
13 Кудайдын ысмын чакыруу үчүн дагы эмне зарыл экенин расул Павел көрсөткөн. Ал: «Ар ким Теңирдин [«Иегованын», ЖД] ысмын чакырса, кутулат» — деп, римдиктерге жазган катында Иоилдин пайгамбарлык сөзүн кайталаган. Андан кийин мындай деп ой жүгүртөт: «Ага ишенбегенде, Аны кантип чакырса болот? Ал жөнүндө укпаганда, Ага кантип ишенишсин? Жакшы Кабарды үгүттөгөн жок болсо, кантип угушсун?» (Римдиктер 10:13, 14). Ооба, Иегованы билбегендер дагы деле көп, аларга да Иегованын ысмын чакыруу зарыл. Иегованы таанып-билгендерде башкаларга кабар айтып коюу гана эмес, аларга бул ысымды билүүгө жардам берүү милдети бар.
Рухий бейиш
14, 15. Иегованын эли анын ысмын Ага жагарлык түрдө чакырып жаткандыктан, кандай сонун баталарды алууда?
14 Ыйсанын майланган жолдоочулары да, башка койлор да ошондой ойдо болгондуктан, Иегова аларга батасын берип жатат. Иегова «Өз жерин кызганып, Өз элин аяйт» (Иоил 2:18). Иегова 1919-жылы өзүнүн элин кызганып, ага боор ооруган: ал аны кайрадан жандантып, рухий сергектик абалына келтирген. Натыйжада Иоилдин төмөнкү сүрөттөөсүнө туура келген рухий бейиш орногон: «Чочубагын жер; кубан да шаттан, анткени муну кыла турган Теңир улуу. Чочубагыла жаныбарлар, анткени жайыттар жана талаалар чөп өстүрөт, алма бак мөмө төгөт, анжирлер, жүзүм сабактары шагын көрсөтөт. Силер да, Сион балдары, Теңирге, силердин Кудайыңарга кубангыла да шаттангыла; анткени Ал силерге жетишинче жамгыр жаадырат, силерге мурдагыдай жаз жамгыры менен күз жамгырын жаадырат. Ошондо кырмандар данга толот жана муздаткыч идиштер майга жана ширеге жык толот» (Иоил 2:21—24).
15 Мына, сүрөттөө деп ушуну айт! Израилдеги азык-түлүктүн башкысы болгон дан-буудай, зайтун майы, шарап арбын; мал да көп. Бүгүнкү күндө болсо бул пайгамбарлык сөздөр рухий жактан аткарылууда. Иегова биз үчүн зарыл рухий азык-түлүктү берип жатат. Кудайдын ушунчалык мол белектери бизди кантип эле сүйүнтпөй койсун?! Чын эле, пайгамбар Малахиянын алдын ала айтканындай, Кудайыбыз бизге «асман жылчыгын ачып», ак батасын ашыра берип жатат (Малахия 3:10).
Бул каардуу дүйнөнүн акыры
16. а) Иегованын ыйык рухунун биздин күндөрдө берилиши эмнени билдирет? б) Алдыда эмне күтүп турат?
16 Иоил Кудайдын элинин рухий бейиште жашаарын алдын ала айтуу менен бирге Иегованын өз рухун берерин билдирген. Пётр Иоилдин ошондогу айткандарын Эгин оруп-жыйноо майрамында кайталап, алардын «акыркы күндөрдө» аткарылгандыгын айткан (Расул 2:17). Кудайдын рухунун б. з. I кылымында берилиши еврейлер түзүлүшүнүн акыркы күндөрү башталганынын жышааны эле. Кудайдын Израилине ыйык рухтун XX кылымда берилиши биздин каардуу дүйнөнүн акырында жашап жатканыбызды билдирет. Ал эми алдыда эмне күтүп турат? Иоилдин пайгамбарлыгынан биз муну окуйбуз: «Асманга да, жерге да белгилер көрсөтөм: алар кан менен от жана көтөрүлгөн түтүн болот. Теңирдин коркунучтуу, улуу күнү келер алдында күн тутулуп, ай кан сыяктуу кызарат» (Иоил 2:30, 31).
17, 18. а) Иерусалимге Иегованын кайсы коркунучтуу күнү келген? б) Иегованын коркунучтуу күнү жакындап келатканына бек ишенүү бизге эмне кылууга түрткү берет?
17 Бул пайгамбарлык б. з. 66-жылы Иудеяда аткарыла баштаган, окуялар Иегованын б. з. 70-жылындагы коркунучтуу күнүнүн туу чокусуна жакындай берген. Ошол убакта Иегованын ысмын чакырбагандардын арасында болуудан кооптуу эмне бар эле?! Бүгүнкү күндө да биздин алдыбызда так ошондой коркунучтуу кырдаал турат, анткени азыркы каардуу дүйнөнү Иегова өзү жок кылат. Бирок куткарылууга мүмкүнчүлүк бар. Пайгамбарлыкта: «Мындай болот: ар ким Теңирдин [«Иегованын», ЖД], ысмын чакырса, кутулат; анткени Теңир [«Иегова», ЖД] айткандай, Сион тоосунда жана Иерусалимде куткаруу болот, жана Теңирдин [«Иегованын», ЖД] ысмын чакыргандын бардыгы куткарылат» (Иоил 2:32). Биз Иеговага анын ысмын билгенибиз үчүн миң мертебе ыраазыбыз жана Аны чакырганда бизди куткарарына биз толук ишенебиз.
18 Дүйнөгө Иегованын улуу жана даңктуу күнүнүн каары чачылганда эмне болот? Бул суроо кийинки макалада талкууланмакчы.
Эсиңердеби?
Иегова өз окуучуларына биринчи жолу ыйык рухун качан берген?
Иегованын ысмын чакыруу деген эмне?
Израиль элине Иегованын улуу жана даңктуу күнү качан келген?
Иегова анын ысмын чакырып жаткандарга кандай баталарды берүүдө?