Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w13 15/2 13—16-бб.
  • Императордун сакчылары жакшы кабарды угушкан

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Императордун сакчылары жакшы кабарды угушкан
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • ЭЛЧИ ПАБЫЛ «ЭЧ ТОСКООЛДУКСУЗ» КАБАР АЙТАТ
  • ПАБЫЛ ЖОГОРКУ ДАРАЖАЛУУЛАРГА ДА, КАРАПАЙЫМДАРГА ДА КҮБӨЛӨНДҮРӨТ
  • «КУДАЙДЫН СӨЗҮН... КОРКПОЙ АЙТ»
  • Пабыл «кылдат күбөлөндүрөт»
    Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрөбүз
  • Жакшы кабар таратуу укугун коргоо
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2016
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
w13 15/2 13—16-бб.

Императордун сакчылары жакшы кабарды угушкан

Б.з. 59-жылы. Узак жол жүрүп чарчаган жоокерлердин коштоосу менен камакта жаткан бир канча киши Капена дарбазасы аркылуу Римге кирип келишет. Шаардагы Палатин дөңсөөсүндө император Нерондун ак сарайы жайгашкан. Аны сакчылар кайтарышкан. Алар кылычтарын аскер кийиминин астына жашырып алышчуa. Жүз башы Улий абактагыларды Виминал дөңсөөсүнө алып баратып, Рим форуму деп аталган аянттын жанынан өтөт. Алар Рим кудайларына багышталган курмандык жайлары орнотулган бактын жана аскерлер машыккан, параддар өтүп турган аянттын жанынан да өтүшөт.

Императордун жоокерлеринин чегилген сүрөтү. Ал б.з. 51-жылы курулган Клавдий аркасынан алынган деп эсептелет

Абактагылардын арасында элчи Пабыл да бар. Андан бир ай мурун кеме кырсыгына учураганда, Кудайдын периштеси ага: «Сен цезардын алдына барышың керек»,— деп айткан (Элч. 27:24). Пабыл ага жакында барар-барбасын ойлоп тынчсыздангандыр. Шаарга киргенде эки жагын каранып, Иса Машаяктын Иерусалимдеги Антония чебинде айткан: «Кайраттуу бол! Иерусалимде мен жөнүндө кандай кылдат күбөлөндүрсөң, Римде да ошондой күбөлөндүрүшүң керек»,— деген сөздөрүн эстеген чыгар (Элч. 23:10, 11).

Сыягы, Пабыл бир азга токтоп, Кастра Преторияга — кызыл кыштан курулган, дубалдары тиштүү, мунаралуу бийик сепилге — көз чаптырса керек. Ал сепилдин ичинде императордун жан сакчылары жана шаардын тартип сакчылары катары кызмат кылгандар жашашкан. Ал сепилде императордун сакчыларынан турган 12 когортаb жана шаардын тартип сакчыларынан турган бир нече когорта, анын ичинде атчан аскерлер — баары биригип бир нече миң жоокер жашачу. Кастра Претория сепили императордун канчалык кубаттуу экенинен кабар берип турган. Императордун сакчылары Рим империясынын провинцияларында абакта отургандар үчүн жооптуу болгондуктан, император сакчысы Улий абактагыларды Римдин төрт негизги дарбазасынын бири аркылуу алып өтөт. Бир нече айга созулган опурталдуу сапардан кийин акыры ал абактагыларды көздөгөн жерине, Римге, алып келет (Элч. 27:1—3, 43, 44).

ЭЛЧИ ПАБЫЛ «ЭЧ ТОСКООЛДУКСУЗ» КАБАР АЙТАТ

Кемеде баратканда Пабыл өзү жана жанындагы кишилердин бардыгы кеме кыйроодон аман калары жөнүндө Кудайдан аян алган. Мальта аралында аны уулуу жылан чакканда да, зыян тарткан эмес. Ошондой эле ал ошол аралдагы оорукчан адамдарды айыктырган. Ошондуктан ал жактагы адамдар аны кудай тута башташкан. Ушул окуялар тууралуу уу-дуу кептер ырым-жырымга ишенген императордун сакчыларынын арасында да жүрсө керек.

Римдеги бир туугандар элчи Пабылдын келатканын угуп, «Апий базары» жана «Үч мейманкана» деп аталган жерге барып, аны менен көрүшкөн (Элч. 28:15). Пабыл Римде кабар айтууга дилгир болгон. Бирок өзү абакта отурса, максатын кантип ишке ашыра алат эле? (Рим. 1:14, 15). Айрымдар абактагыларды алгач сакчылардын башчысына алып барышкан дешет. Эгер ошондой болсо, аны, сыягы, императордон кийинки эле орунду ээлеген, сакчылардын башчысы Афраниус Бурруска алып барышканc. Пабыл Римге келгенде, аны эми жүз башылар эмес, императордун бир эле жоокери кайтарган. Пабылга өзүнчө жашаганга үй табууга жана ага келгендерди кабыл алып, аларга «эч тоскоолдуксуз» кабар айтууга мүмкүнчүлүк берилген (Элч. 28:16, 30, 31).

Нерондун күндөрүндөгү императордун сакчылары

1-кылымга таандык бул тыйында императордун лагеринин сүрөтү түшүрүлгөн

Императордун сакчылары император менен анын үй-бүлөсүн коргоого ант беришкен. Алар согушка аттанарда императордун символу тартылган желектерди жана цезарь Тиберийдин жылдыз белгиси болгон чаяндын сүрөтү чегилген калкандарды алышчу. Император сакчылары жогорку абалды ээлеген кызматкерлер менен жүз башылардын буйругу менен оюн-зоок өткөрүлгөн жерлерде, театрларда тартипти сакташчу жана өрт өчүрүүгө жардам беришчү. Алар легиондордо кызмат өтөгөн жоокерлерден айырмаланып, 25 жыл эмес, 16 жылдан кийин ардактуу эс алууга чыгышчу, үч эсе көп айлык алышчу, көптөгөн сыйлыктарга ээ болушчу, пенсиясы да жогору болчу. Императордун сакчылары абакта жаткандарды кыйнаш үчүн жана өлүм жазасына тартыш үчүн да колдонулчу. Экинчи ирет камакка алынганда Пабыл, балким, өзү мурун жакшы кабар айтып, өмүрүн сактап калууга аракет кылган жоокерлердин колунан өлсө керек (2 Тим. 4:16, 17).

Courtesy Classical Numismatic Group, Inc./​cngcoins.com

ПАБЫЛ ЖОГОРКУ ДАРАЖАЛУУЛАРГА ДА, КАРАПАЙЫМДАРГА ДА КҮБӨЛӨНДҮРӨТ

Кастра Претория сепилинин дубалдарынын азыркы көрүнүшү

Буррус Пабылдын ишин Неронго өткөрүп бергенге чейин аны, сыягы, ак сарайда же император сакчыларынын лагеринде суракка алган. Пабыл ошондой сонун мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, «жогорку даражалууларга да, карапайымдарга да» кабар айткан (Элч. 26:19—23). Буррус кандай чечим чыгарганы белгисиз. Кандай болбосун, Пабыл император сакчыларынын лагерине жөнөтүлгөн эмесd.

Пабыл ижарага алган чоң үйүндө «жүйүттөрдүн арасынан таасирдүү кишилерди» жана «мурдагыдан да көп болуп келген» кишилерди кабыл алып, аларга кабар айткан. Жүйүттөргө «эртеден кечке» Кудайдын Падышалыгы жана Иса жөнүндө «кылдат күбөлөндүргөндө», анын айткан кабарын император сакчылары да угушкан (Элч. 28:17, 23).

Пабыл камакта кат жаздырганда, жоокерлер анын айткандарын угушкан

Императордун ак сарайын кайтарган сакчылар күнүгө сегиз саат сайын алмашып турушкан. Пабылды кайтарган сакчылар да кезектешип турушкан. Ал эки жылдай камакта отурган убакта, аны кайтарган жоокерлер анын эфестик, филипилик, колосалык жана еврей ишенимдештерине жолдоп кат жаздырып жатканда айткандарын угушкан, ошондой эле Филемон деген бир тууганга кат жазып жатканын көрүшкөн. Абакта отурганда Пабыл баласындай болуп калган Онесимге, Филемондун качып кеткен кулуна, көңүл бөлгөн жана аны кожоюнуна жөнөткөн (Флм. 10). Анын сакчыларга да жекече көңүл бурганы шексиз (1 Кор. 9:22). Мисалы, ал бир жоокерден курал-жарактардын кандай максатта колдонулары жөнүндө сураса керек. Кийин аны мисал катары колдонгон (Эф. 6:13—17).

«КУДАЙДЫН СӨЗҮН... КОРКПОЙ АЙТ»

Пабылдын камакта отурганы императордун сакчыларына жана башкаларга «жакшы кабардын таратылышына шарт түзгөн» (Флп. 1:12, 13). Кастра Преторияда жашагандар бүткүл Рим империясынын тургундары менен, анын ичинде императордун өзү, үй-бүлөсү, кызматчылары жана кулдары менен тыгыз байланышып турушчу. Алардын айрымдары Машаяктын жолдоочусу болгон (Флп. 4:22). Пабылдын тайманбастык менен кабар айтканы Римдеги бир туугандарга «Кудайдын сөзүн... кайраттуулук менен коркпой айтууга» түрткү берген (Флп. 1:14).

Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, ар кандай тейлөө кызматын аткаргандарга кабар айта алабыз

Пабылдын Римде кабар айтканы бизге да «ыңгайлуу убакта да, ыңгайсыз убакта да» кабар айтууга түрткү берет (2 Тим. 4:2). Айрымдарыбыз үйдөн чыга албайттырбыз, карылар үйүндө жашайттырбыз, ооруканада жататтырбыз же ишенимибиз үчүн эркибизден ажыратылгандырбыз. Жагдай-шартыбыз кандай болбосун, бизге келгендерге, кам көргөндөргө же кандайдыр бир тейлөө кызматын аткаргандарга кабар айта алабыз. Ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, тайманбастык менен кабар айтсак, «Кудайдын сөзү кишенделбей» турганын далилдейбиз (2 Тим. 2:8, 9).

Секст Афраниус Буррус

Секст Афраниус Буррустун аты жазылган таш

Буррус, кыязы, азыр Франциянын түштүгүндө жайгашкан Везон-ла-Ромен шаарында туулган. Ал жактан 1884-жылы анын ысмы жазылган таш табылган. Б.з. 51-жылы аны Агриппина Кенже императордун сакчыларынын башчысы кылып дайындаган. Агриппина цезарь Клавдийдин жубайы жана анын бир тууганынын кызы болгон. Ал эки тарбиячынын жетеги астында уулу Неронду императордукка даярдаган. Эки тарбиячынын бири согуш өнөрүн үйрөткөн Буррус деген атактуу жоокер болгон. Экинчиси Сенека деген философ болгон. Ал Неронго анын акыл жөндөмүн өрчүтүү максатында таалим берген. Кийин Агриппина күйөөсүнө уу берип өлтүргөн. Клавдий өлдү деген кабар тарагыча эле Буррус Неронду Кастра Преторияга жандап барып, император сакчыларынын аны император деп жарыялашына кам көргөн. Ошондо сенаттын Неронду император деп кабыл алуудан башка аргасы калган эмес. Б.з. 59-жылы Нерон апасын өлтүргөндө, Буррус анын кылмышын жаап-жашырган. Рим тарыхчылары Светоний жана Кассиус Дио б.з. 62-жылы Буррустун Нерон тарабынан уу берип өлтүрүлгөнүн айтышкан.

Musée Calvet Avignon

a «Нерондун күндөрүндөгү императордун сакчылары» деген кутучаны карагыла.

b Когорта жоокерлерден турган топ болгон. Римдиктердин 1 когортасындагы жоокерлердин саны 1 000ге чейин жетчү.

c «Секст Афраниус Буррус» деген кутучаны карагыла.

d Калигула жакында император болушу мүмкүн деп айтканы үчүн Ирод Агрипа Рим императору Тиберий тарабынан камакка алынып, 36/37-жылы түрмөдө отурган. Кийин Калигула такка отурганда Иродго сыйлык катары бир падышалык берген (Элч. 12:1).

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү