Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w98 1/6 9—13-бб.
  • Иегова — «ырайымдуу» Кудай

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Иегова — «ырайымдуу» Кудай
  • Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Иегова эмне себептен кечирет?
  • Иегова кантип кечирет?
  • «Күнөөлөрүн мындан ары эстебейм»
  • Күнөөнүн кесепеттери
  • «Кечирүүгө даяр» Кудай
    Жахабага жакында
  • Жахабанын силерди кечиргенине ишенгиле
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
  • Жахаба — теңдеши жок кечиримдүү Кудай
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
  • Жахабанын кечиримдүүлүгүн толук түшүнөсүңөрбү?
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2025
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
w98 1/6 9—13-бб.

Иегова — «ырайымдуу» Кудай

«Сен, Теңир, кайрымдуусуң, ырайымдуусуң» (ЗАБУР 85:5).

1. Дөөт падышаны эмне кыйнаган жана анын терең кайгыга түшкөн жүрөгүн эмне жубаткан?

БАЙЫРКЫ израилдик Дөөт падыша абийирдин жемелөөлөрү канчалык оор экенин билген. Ал: «Менин мыйзамсыздыктарым башымдан ашып түштү, алар оор жүк сыяктуу басышты. Мен алсырадым жана өтө эле терең кайгыга түштүм; жүрөгүмдүн өйүгөнүнөн кыйкырам»,— деп жазган (Забур 37:5, 9). Ошондой болсо да, Дөөттүн тынчсызданган жүрөгү жубатуу тапкан. Иегованын күнөөнү жек көрө турганын, бирок чын жүрөктөн өкүнгөн жана күнөө жасабай калган күнөөлүү адамдын өзүн жек көрбөсүн Дөөт билген (Забур 31:5; 102:3). Иегованын өкүнгөн адамдарга ырайымдуулук көрсөтө турганына бүт жүрөгү менен ишенип, Дөөт: «Сен, Теңир, кайрымдуусуң, ырайымдуусуң»,— деп айткан (Забур 85:5).

2, 3. а) Күнөө жасасак, бизди кандай түйшүк басышы мүмкүн жана ал эмнеси менен пайдалуу? б) Эмне себептен күнөөнү туюу сезимине чөгүп кетүү коркунучтуу? в) Иегованын кечирүүгө даяр экенине Ыйык Китеп бизди кантип ынандырат?

2 Биз күнөө жасасак, абийирибиздин жемелегени биз үчүн оор түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мындай сезимдер табигый, а түгүл пайдалуу. Алар бизди оңолушубуз үчүн керектүү болгон бардык нерселерди жасоого түртүшү мүмкүн. Бирок Ыйсанын кээ бир жолдоочулары күнөөнү туюу сезимине алдырып коюшат. Алардын жүрөгү аларды айыптап, канчалык өкүнсөң да Кудай сени толугу менен кечирбейт деп шыбырашы мүмкүн. Өзүнүн туура эмес иши жөнүндө ойлонуп жатып, ишенимдеш бир тууган: «Иегова сени мындан ары сүйбөйт деген ойго чыдоо абдан кыйын»,— деп айткан. Жадагалса өкүнүп, жыйналыштын насаатчы агаларынан кеңеш алгандан кийин да, ал өзүн Кудайдын кечирүүсүнө татыктуу эместей сезген. Ал: «Иеговага кечирүү жөнүндө жалынып-жалбарбастан бир да күндү өткөрбөйм»,— деп айткан. Күнөөнү туюу сезимине ‘чөгүп’ кетсек, Шайтан бизди багынтканга жана Иеговага кызмат кылууга татыксызсың деген чечимге келтирүүгө бардык аракеттерин жасайт (2 Коринфтиктерге 2:5—7, 11).

3 Бирок Иегова буга башкача карайт. Чын дилибизден өкүнсөк, Кудай бизди кечирүүгө даяр экенине жана кечирүүнү бүт жүрөгү менен каалап жатканына Анын Сөзү ынандырат (Үлгүлүү аңгемелер 28:13). Ошондуктан, балким, силерге Кудай эч качан кечирбечүдөй болуп сезилсе, силер ал кантип жана эмне себептен кечирип жүргөнүн аягына чейин түшүнбөй келгенсиңер.

Иегова эмне себептен кечирет?

4. Иегова биз тууралуу эмнени билет жана бизге кылган мамилесине анын билгени кандай таасир тийгизет?

4 Ыйык Китептен: «Чыгыш батыштан канчалык алыс болсо, Ал бизден мыйзамсыздыктарыбызды ошончолук алыстаткан. Атасы балдарын кантип кечирсе, Теңир Андан корккондорду ошентип кечирет»,— дегенди окуйбуз. Бирок эмне себептен Иегова ырайымдуулук көрсөтүүгө даяр? Жоопту төмөнкү аяттан табабыз: «Себеби Ал биз эмнеден турганыбызды билет, биздин топурак экенибиз эсинде» (Забур 102:12—14). Ооба, биздин топурактан жаралганыбызды жана жеткилең эместиктин айынан кемчиликтерибиз жана алсыздыктарыбыз бар экенин Иегова унутпайт. «Эмнеден турганыбызды» ал билет деген сөздөр Иегованы карапачы менен, бизди анын жууруп жасаган идиштери менен салыштырган ыйык китептик салыштырууну эске салатa (Иеремия 18:2—6). Карапачы чопо идиштерди коркпостон, ошол эле учурда алар эмнеден жасалганын эч качан унутпай, абайлап урунат. Ушуга окшоп, Улуу Карапачы Иегова да бизден өтө эле көп нерсени күтпөйт, ал биздин алсыздыктарыбызды жана күнөөлүү шыктарыбызды билет. (Салыштыргыла 2 Коринфтиктерге 4:7.)

5. Бузулган дененин үстүнөн башкарган күнөөнүн бийлиги Римдиктерге арналган катта кандайча сүрөттөлөт?

5 Иегова күнөө кандай бийликке ээ экенин түшүнөт. Ыйык Китепте күнөө адамдарды карыштыра кармап турган кубаттуу күч сыяктуу сүрөттөлөт. Бирок бул бийлик канчалык күчтүү? Кудайдан шыктандырылган апостол Павел Римдиктерге жазган катында муну каймана тил менен төмөнкүчө сүрөттөгөн: биз «күнөөнүн астында» жоокер аскер башчысынын башкаруусунун алдында жүргөндөй жүрөбүз (Римдиктерге 3:9); күнөө адамдардын үстүнөн падышага окшоп ‘бийлөөчүлүк кылган’ (Римдиктерге 5:21); ал бизде ‘жашайт’ (Римдиктерге 7:17, 20); ‘күнөөнүн заңы’ кыймыл-аракеттерибизди башкарууга аракет жасап, бизге дайыма таасир этип турат (Римдиктерге 7:23, 25). Бузулган дененин үстүнөн башкарган күнөөнүн бийлигине каршы күрөшүү кандай гана кыйын! (Римдиктерге 7:21, 24).

6. Чын жүрөгү менен өкүнгөндөргө жана анын ырайымын издегендерге Иегова кандай мамиле жасайт?

6 Ошондуктан, жүрөгүбүз толук тил алууга канчалык умтулбасын, жеткилең тил алуучулукту көрсөтө албастыгыбызды ырайымдуу Кудайыбыз билет (3 Падышачылыктардын 8:46). Анын алдында чын жүрөктөн өкүнсөк жана анын аталык ырайымына үмүттөнсөк, ал бизди кечире турганына сүйүүсү менен ынандырууда. Забурчу Дөөт: «Капаланган рух — Кудайга курмандык; капалангандын жана момундун [«кайгыга баткандын», ПК] жүрөгүн Сен капарыңа албай койбойсуң, Кудай»,— деп айткан (Забур 50:19). Күнөөнү сезүүнүн айынан капаланганды Иегова эч качан четке какпайт. Кудайдын кечирүүгө даяр экенин билүү кандай гана сонун!

7. Эмне себептен Иегованын ырайымын кыянаттык менен колдонбоо керек?

7 Бирок ушунун өзү, туура эмес иштерибизди төрөлгөнүбүздөн тартып күнөөгө шыктуубуз деп актанып, Кудайдын ырайымдуулугун кыянаттык менен колдонсо болот дегенди билдиреби? Жок жана дагы бир жолу жок! Иегова сезимдерге гана жетеленбейт. Анын ырайымы чексиз эмес. Жамандыкты токтотпогон, атайлап күнөө жасаган жана өкүнбөгөн адамдарды Иегова кечирбейт (Еврейлерге 10:26—31). Бирок ‘капаланган жана кайгыга баткан’ жүрөккө ал ырайым көрсөтөт (Үлгүлүү аңгемелер 17:3). Кудайдын толук кечире турганы Ыйык Китепте кантип ачык-айкын көрсөтүлгөнүн карап көрөлү.

Иегова кантип кечирет?

8. Иегова бизди кечиргендигинин негизинде эмне кылып жатат жана бул бизге кандай таасир тийгизиши керек?

8 Өкүнүп жатып, Дөөт падыша: «Бирок мен Сага күнөөмдү ачып бердим жана мыйзамсыздыктарымды жашырган жокмун; мен: „Теңирге кылмыштарымды айтып берем“,— дедим жана Сен менден күнөөмдүн айыбын алып салдың»,— деп айткан (Забур 31:5). «Алып салдың» деген сөз негизги мааниси боюнча «көтөрүү, алып жүрүү» дегенди билдирген еврей сөзүнөн которулган. Аяттагы сөз ‘айыпты, мыйзамсыздыкты, күнөөнү алып кетүү’ деген мааниде колдонулган. Каймана тил менен айтканда, Иегова Дөөттүн күнөөлөрүн көтөргөн жана аларды алып кеткен. (Салыштыргыла 3 Муса 16:20—22.) Ошондон кийин Дөөткө күнөөнү сезүү оордук болбой калганы шексиз. (Салыштыргыла Забур 31:3.) Ыйса Христостун куткаруучу курмандыгына ишенүү менен кечирим сурагандардын күнөөлөрүн кечүүгө Кудай даяр экенине биз да толук ишенсек болот (Матфейден 20:28; салыштыргыла Исаия 53:12). Иегова күнөөлөрүн «көтөргөн жана алып кеткен» адамдардын абийири аларды мурдагы күнөөлөрү үчүн жемелебеши керек.

9. Ыйсанын «карыздарыбызды бизге кечирип кой» деген сөздөрү эмнени билдирет?

9 Иегова кантип кечирерин Ыйса карыз берүүчү жана бересе адамдардын ортосундагы мамилени мисалга алып көрсөткөн. Ыйса: «Карыздарыбызды бизге кечирип кой»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матфейден 6:12). Ыйса бул жерде «күнөөлөрдү» «карыздар» менен салыштырган (Лукадан 11:4). Күнөө жасап, биз Иеговага карыз болуп калабыз. «Кечирүү» деп которулган грек тилиндеги этиш «карызды унутуу, андан кайтарып берүүнү талап кылбастан кечүү» дегенди билдириши мүмкүн. Иегова бизди кечирип, карыздарыбызды жоёт, антпесе аларды бизден төлөтүп алмак. Бул өкүнгөн күнөөкөрлөрдү жубатышы мүмкүн. Кечирген карызды Иегова эч качан кайрадан сурабайт! (Забур 31:1, 2; салыштыргыла Матфейден 18:23—35).

10, 11. а) Апостолдордун иштери 3:19-аяттагы «жуу» деген сөздүн кандай мааниси бар? б) Иегованын толук кечиргенин бул кантип көрсөтүп турат?

10 Апостолдордун иштери 3:19-аятта биз Кудайдын кечирүүсүнүн дагы бир образдуу сүрөттөлүшүн жолуктурабыз: «Демек, силердин күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши [«жуулушу», СК] үчүн тобо кылгыла жана Кудайга кайрылгыла». «Жуу» деген сөз өтмө мааниде «өчүрүү, түздөө, алып таштоо же жоюу» деп колдонулушу мүмкүн болгон грек тилиндеги этиштен которулган. Бул жердеги өтмө маани, кээ бир окумуштуулардын айтуусу боюнча, жазылганды өчүрүп салууга болот дегенде жатат. Бирок кантип? Байыркы мезгилдерде сыяны адатынча көөнү, чайырды жана сууну аралаштырып жасашчу. Мындай сыя менен жазылган жазууларды бир нече убакыт өткөндөн кийин нымдуу чүпүрөк менен өчүрүп салышчу.

11 Бул айкын сүрөттөө Иегова күнөөлөрүбүздү толук кечирерин түшүнүүгө жардам берет. Ал чүпүрөктү алып, күнөөлөрдү өчүргөндөй болот. Кудай биздин эски күнөөлөрүбүз үчүн жазалайт деп коркпошубуз керек, себеби Ыйык Китеп Иегованын ырайымынын чындыгында таң калыштуу дагы бир жагын ачып берет: Кудай кечирип гана койбостон, унутуп да коёт!

«Күнөөлөрүн мындан ары эстебейм»

12. Ыйык Китептин Иегова күнөөлөрүбүздү унутат дегени Иегова күнөөлөрүбүздү эстей албайт дегенди билдиреби? Эмне себептен силер ушинтип жооп берип жатасыңар?

12 Иегова Иеремия пайгамбар аркылуу жаңы келишимде тургандар жөнүндө: «Мен алардын мыйзамсыздыктарын кечирем жана күнөөлөрүн мындан ары эстебейм»,— деп айткан (Иеремия 31:34). Бирок бул Иегова кечиргенден кийин кайсы бир күнөөлөрдү эстей албайт дегенди билдиреби? Албетте, жок. Ыйык Китепте Иегова кечирген Дөөттүн жана башка көп адамдардын күнөөлөрү жөнүндө айтылат (2 Падышачылыктардын 11:1—17; 12:1—13). Алардын кандай күнөө жасашканын биз билгендей эле, Иегованын да мурдагыдай эле биле турганы анык. Биз ошол мисалдардан сабак ала алышыбыз үчүн, алардын күнөө жасаганы, кантип өкүнгөнү жана Кудайдын аларды кечиргени Ыйык Китепте жазылган (Римдиктерге 15:4). Бирок кечирилген адамдардын күнөөлөрүн Иегова ‘эстебейт’ деп Ыйык Китепте айтылган сөз эмнени билдирет?

13. а) «Эстөө» деп которулган еврей тилиндеги этиштин мааниси кандай? б) Иегова «күнөөлөрүн мындан ары эстебейм» деп айтып, бизди эмнеге ынандырат?

13 «Эстөө» деп которулган еврей тилиндеги этиш өткөндү эстөөдөн да чоң нерсени билдирет. «Эски Осуяттын теологиялык сөздүгү» («Theological Wordbook of the Old Testament») боюнча, «эстөө» деген сөз «тийиштүү чара көрүү» дегенди да билдирет. Ошондуктан күнөөнү «эстөө» деген сөз айыптууларга каршы чара көрүү дегенди да билдирет. Осия пайгамбар моюн сунбаган израилдиктер жөнүндө айтып жатып, «Ал [Иегова] алардын абийирсиздигин эстейт» дегени алардын өкүнүшпөгөндүгү үчүн Иегова аларга каршы чараларды көрөт дегенди билдирген. Ошондуктан ошол эле аят: «Аларды күнөөлөрү үчүн жазалайт»,— деп улантылат (Осия 9:9). Бирок «күнөөлөрүн мындан ары эстебейм» деп Иегованын убада бергени өкүнгөн адамды качандыр бир кезде кечиргенден кийин аны өткөндөгү күнөөлөрү үчүн жазалабасы жөнүндө да бизди ынандырат (Иезекииль 18:21, 22). Башкача айтканда, Иегова унутуп коёт дегендин мааниси бизди көп жолу күнөөлөө же жазалоо үчүн күнөөлөрүбүздү кайра-кайра эсине келтире бербейт дегенде жатат. Мунусу менен Иегова башкаларга жасаган мамилелерибизде колдонууга зарыл болгон эң сонун үлгү берет. Карама-каршылыктар пайда болгон кезде, мурда кечирген таарынычыңарды эсепке алуунун кереги жок.

Күнөөнүн кесепеттери

14. Эмне себептен кечирүү өкүнгөн адамдын туура эмес иштеринин бардык кесепеттеринен бошонгонун билдирбейт?

14 Ооба, Иегова ырайымдуу, бирок мунун өзү өкүнгөн адамдын туура эмес иштеринин бардык кесепеттеринен бошотуларын билдиреби? Билдирбейт. Биз жазасыз калгыдай күнөө жасай албайбыз. Павел: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазган (Галатиялыктарга 6:7). Биз жоруктарыбыздын тиги же бу кесепеттерин башыбыздан өткөрүшүбүз мүмкүн, бирок Иегова кечирген соң бизге кырсыктарды жибербейт. Кыйынчылыктар пайда болгондо, Ыйсанын жолдоочулары Иегова мурунку күнөөлөрүм үчүн жазалап жатат деп ойлобошу керек. (Салыштыргыла Жакыптын 1:13.) Ошол эле учурда Иегова бизди туура эмес жоруктарыбыздан пайда болгон бардык нерселерден коргобойт. Ал бизди ажырашуудан, күтүлбөгөн бойго бүтүүдөн, жыныстык жол менен тараган оорулардан, башкалардын ишениминен жана урматтоосунан чыгуудан — кыскасы, күнөө алып келе турган бардык нерселерден коргобойт. Эстесеңер, Иегова Дөөттүн Вирсавияга жана Урияга каршы жасаган күнөөсүн кечирсе да, падышаны кылган иштеринин оор кесепеттеринен коргогон эмес (2 Падышачылыктардын 12:9—14).

15, 16. Кантип 3 Муса 6:1—7-аяттардагы мыйзам зыянга учураганга да, мыйзамды бузганга да пайда алып келген?

15 Бирок күнөөнүн башка да кайгылуу кесепеттери болушу мүмкүн. Мисалы, Мусанын үчүнчү китебинин 6-бабындагы билдирүүнү карап чыгалы. Ал жердеги Мусанын мыйзамында израилдик адамдын жакынын тоноп, опузалап же алдап мүлкүн тартып алуу менен оор күнөө жасаганы каралат. Ал адам күнөөсүн мойнуна алмак түгүл жалган ант берет. Тилдеше кетишет. Ошентсе да, кийинчерээк күнөөлүү адам абийири чыдабай күнөөнү мойнуна алат. Бирок, Кудай аны кечирсин үчүн, ал киши дагы үч талапты аткарууга: уурдаганын кайтарып берүүгө, зыянга учураган адамга уурдалган нерсенин баасынын бештен бир бөлүгүн да берүүгө жана кочкорду күнөөнү жуу курмандыгы үчүн алып келүүгө тийиш болчу. Мыйзамда андан ары: «Дин кызматчысы аны Теңирдин алдында тазалайт жана анын күнөөсү... кечирилет»,— деп айтылган (3 Муса 6:1—7; салыштыргыла Матфейден 5:23, 24).

16 Мыйзам Кудайдын ырайымын чыгылдырып турган. Мыйзам зыянга учураган адамды коргочу, зыянга учураган адам күнөөлүү адамдын күнөөнү мойнуна алганын укканда жана өз мүлкүн кайтарып алганда, албетте, чоң жеңилденүүнү сезчү. Абийиринин үнүн уккан, күнөөсүн мойнуна алган жана катасын оңдогон адамга да мыйзам пайда алып келчү. Ал мындай кадамдарды жасабаса, Кудайдын кечирүүсүнө татыктуу болмок эмес.

17. Күнөөлөрүбүздүн айынан кимдир бирөө жапа чексе, Иегова бизден эмнени күтөт?

17 Биз Мусанын мыйзамынын алдында болбосок да, ал бизге Иегованын ойлорун түшүнүүгө, Кудайдын кечирүү жөнүндөгү пикирин билүүгө жардам берет (Колоссадагыларга 2:13, 14). Биз күнөөлөрүбүз менен кимдир бирөөгө сыздоо же башка зыян алып келип алгандан кийин, бардык күчүбүз менен катабызды оңдоого аракет жасап жатканыбыз Иегованы кубантат (2 Коринфтиктерге 7:11). Биз күнөө кылганыбызды сезишибиз, аны мойнубузга алышыбыз керек, а түгүл зыянга учураган адамдын алдында кечирим сурашыбыз керек. Ошондо биз, абийирибизди тазалоо үчүн жана Кудайдан бизди кечиргени тууралуу ынандыруу алуу үчүн, Ыйсанын куткаруучу курмандыгынын негизинде Иеговага кайрыла алабыз (Еврейлерге 10:21, 22).

18. Кечирген адамын Иегова кантип жазалай алат?

18 Ар бир мээримдүү атага окшоп, Иегова бизди кечире алат, бирок ошол эле учурда ар кандай чараларды колдонуп жазалай да алат (Үлгүлүү аңгемелер 3:11, 12). Эгерде олуттуу күнөө жасалса, өкүнгөн Ыйсанын жолдоочусу насаатчы ага, кызмат өтөөгө көмөкчү же пионер боло албай калышы ыктымал. Ал үчүн кымбат болгон артыкчылыктардан убактылуу ажыроо ага баарынан кыйын болор. Бирок мындай жаза Иегованын өз кызматчысынан баш тартканын же аны кечирбей койгонун билдирбейт. Мындан сырткары, Иегованын жазасы анын бизге болгон сүйүүсүн далилдеп турганын унутпаганыбыз маанилүү. Биз Кудайдын жазасын кабыл алсак, бул биздин пайдабыз үчүн кызмат кылат жана түбөлүк өмүргө жетүүгө жардам берет (Еврейлерге 12:5—11).

19, 20. а) Эмне себептен күнөөлүү адам Иеговадан ырайым күтпөй эле койсом болот деп ойлобошу керек? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

19 «Ырайымдуу» Кудайга кызмат кылып жатканыбызды билүү — кандай гана бакыт! Иегова биздин күнөөлөрүбүздү жана каталарыбызды гана көрбөйт (Забур 129:3, 4). Ал биздин жүрөгүбүздө эмне бар экенин билет. Сенин жүрөгүң өткөн күнөөлөрдүн айынан капаланса жана кайгыга батса, Иегова мага ырайым көрсөтпөйт деп ойлобошуң керек. Өткөн кезде кандай гана каталарды кетирбе, чын жүрөктөн өкүнсөң, оңолуу үчүн колуңдан келгендин баарын жасасаң жана Ыйсанын төккөн канынын негизинде Иеговадан кечирим жөнүндө жан-дилиң менен тиленсең, 1 Иоанндын 1:9-аяттагы: «Эгерде биз күнөөлөрүбүздү моюнга алсак, анда Ал, ишенимдүү жана адилеттүү болуп, күнөөлөрүбүздү кечирип коёт жана ар түрдүү адилетсиздиктен бизди арылтат»,— деген сөздөр сага да тиешелүү экенине шек санабасаң болот.

20 Ыйык Китеп бизди, бири-бириңерди Иегова кечиргендей кечиргиле деп, Иегованы туураганга чакырат. Бирок, бизге каршы күнөө жасашканда, кантип кечире жана унута алабыз? Бул суроону эмки макалада талкуулайбыз.

[Шилтеме]

a «Эмнеден турганыбызды» деп которулган еврей сөзү карапачы жасаган чопо идиштерди элестетүү үчүн колдонулган (Исаия 29:16).

Кантип жооп берет элеңер?

◻ Эмне себептен Иегова «ырайымдуу»?

◻ Ыйык Китепте Иегованын толук кечире тургандыгы кантип сүрөттөлгөн?

◻ Иегова кечирип жатып, кандай мааниде унутуп коёт?

◻ Күнөөлөрүбүздүн айынан башкалар жапа чексе, Иегова бизден эмнени күтөт?

[10-беттеги сүрөт]

Күнөөлөрүбүздүн айынан кимдир бирөө жапа чексе, Иегова өз катабызды оңдоого аракет жасашыбызды күтөт.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү