Ишениш керекпи?
АЛГЕБРАНЫ түшүнүүгө аракет кылып жаткан он эки жашар окуучуну элестетели. Мугалим класска туура-так көрүнгөн алгебралык теңдеме көрсөтүп жаткан болот:
— Х = У дейли, булардын экөө тең 1ге барабар деп коёлу,— деп баштайт ал.
— Азырынча түшүнүктүү,— деп ойлойт алиги окуучу.
Байланышы түшүнүктүү көрүнгөн теңдемени төртүнчү сабына чейин чыгарып келип эле мугалим: «Ошентип, 2=1 болот» — деп, акылга сыйбас жооп чыгарып коёт.
Анан айран-таң калган окуучусуна кайрылып: «Катасын таап, оңдоп бер»,— дейт.
Алгебра боюнча билими аз жаш окуучу анын катасын кантип таап беришти билбей айласы кетет. Теңдеменин чыгарылышы туурадай эле көрүнөт ага. Анда жанагы жыйынтыкка туура деп кошула бериш керекпи? Канткен менен, мугалими андан жакшы билет да математиканы. Жок, албетте, ал андай жоопту туура көрбөшү керек. Ичинен: «Мунун ката экенин далилдеп олтуруунун кереги деле жок,— деп ойлойт.— Мындай деле ойлонуп көргөндө жообу туура эместиги түшүнүктүү болуп турбайбы» (Аңгемелер 14:15, 18). Мугалими да, классташтарынын бири да 2 сомун 1 сомго алмашпасын ал билет.
Бара-бара алгебрага тиши өтө баштаганда окуучу ал теңдеменин «сырын» оңой эле табар. Ал эми ошондой маал келгиче, ал болуп өткөн окуядан зарыл бир нерсеге үйрөнөт: билими жогорураак кимдир бирөө төгүнгө чыгарылгыс сезилген далилдерди чебердик менен келтирип жаткан күндө да, анын айткандарынын туура эместигин ошол учурда далилдеп бере албасаң эле, акылга сыйбас нерсеге ишенип калбашың керек. Окуучу, чынында, Ыйык Китептеги 1 Иоанн 4:1де жазылган керектүү принципти колдонгон болот. Анда беделдүү-барктуу бирөөдөн уккан ой-пикирлердин баарына эле ишене берүүгө шашылбаш керектиги айтылат.
Бул өзүнүкүн бербей коюу дегенди билдирбейт дечи. Натуура көз карашты оңдоочу маалыматты барк албай коюу жаңылыштык болмок да. Бирок, ошол эле учурда, билими же аброю чоңураак көрүнгөн кимдир бирөөнүн таасири менен «акылдан адашып бат эле олку-солку болуу» да жарабайт (2 Фессалоникалыктар 2:2, «Инжил»). Жогоруда мисалга келтирилген мугалим окуучусун жөн гана сынап койду. А бирок жашоодогунун баары эле жөн гана сыноо боло бербейт. Анткени өтө «алдамчы, куу» адамдар бар (Ефесалыктар 4:14; 2 Тимофей 2:14, 23, 24).
Билимдүүлөрдүн ою дайыма туурабы?
Илимдин кайсы тармагында болбосун адистердин каршылаш пикирлери жана өзгөрүп турган түшүнүктөрү болот. Медицина илиминдеги талаш-тартыштарды туудуруп келаткан негизги суроолордун бирин — оорунун пайда болуш себебин — мисалга алалы. «Оору тукум кууп келеби же аны айланадагы факторлор пайда кылабы деген суроо окумуштуулар ортосунда кызуу талаш туудуруп келет»,— деп жазган Гарвард университетинин медицина бөлүмүнүн профессору. Детерминисттер лагери деп аталып жүргөн топтун өкүлдөрү ооруга туруштук бере албоочулук, эң алды, адамдын гендеринен болот деп ишенишет. Дагы башкалары оорулардын пайда болуш себеби адамдын курчап турган чөйрөсүнө, алып барган жашоосуна байланыштуу деп ырасташат. Эки тарап тең ар кандай илимий изилдөөлөргө жана өзүлөрүнүкүн ырастаган статистикаларга таянууга шашышат. Анткен менен талаш дагы деле басыла элек.
Атактуу ойчулдардын учурунда толук негиздүү көрүнүп келген көз караштары да кайра-кайра сынга алынып жатат. Алсак, Аристотелди философ Бертран Расселл «философтордун эң таасирдүүсү» деген. А бирок Аристотелдин окууларынын көбү «баштан-аяк ката» болгон деп да белгилеп кеткен Рассел. «Азыркы замандын,— деп жазган ал,— илим, ой-пикир же философия жагындагы жетишкендиктеринин кайсынысы болбосун Аристотелдин жолдоочуларынын талоосунда калат» («History of Western Philosophy»).
«„Билим“ деп туура эмес аталган ойлор»
Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Сократ, Платон жана Аристотель сыяктуу көрүнүктүү грек философторунун көз караштарын жактагандарга көп кезигишсе керек. Ошол маалдын билимдүү адамдары өзүлөрүн Ыйсанын жолдоочуларынын көбүнөн кыйла билимдүү көрүшкөн чыгар. Ыйсанын жолдоочуларынын азы гана «адам ою боюнча акылдуу» деп эсептелишкен (1 Коринфтиктер 1:26, «Инжил»). Чынында, ошол кездин философиялык окуусунан билим алгандар Ыйсанын жолдоочуларынын ишенимин болбогон бир «наадандык» же «сандырактык» деп да ойлошкон (1 Коринфтиктер 1:23, Филлипстин котормосу).
Эгер Ыйсанын биринчи жолдоочуларынын арасында сен да болсоң, ошол маалдагы ойчулдардын ынанымдуу далилдери сага таасир этет беле же алардын акылмандуулугу сени суктандырат беле? (Колоссадагылар 2:4). Павелдин айтуусу боюнча, антүүгө себеп жок эле. Ал ишенимдештерине Иегова Кудайдын «даанышмандардын даанышмандыгын» жана «акылмандардын акылын» акылсыздык деп эсептээрин эскерткен (1 Коринфтиктер 1:19). «Дүйнөнүн философунун, жазуучусунун же сынчысынын болгон акылмандыгын көрсөткүдөй эмнеси бар?» — деп сурайт ал (1 Коринфтиктер 1:20, Филлипстин котормосу). Павелдин күндөрүндөгү философтор, жазуучулар жана сынчылар, канчалык акылгөй болушпасын, адамдардын жашоосун жеңилдете алышкан эмес.
Ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары, Павел айткандай, «„билим деп туура эмес аталган ойлордон“» качышат (1 Тимофей 6:20, БМК). Павелдин ал билимди «туура эмес аталган» деп айтышына андагы бир кемчилик себеп болгон: андай билимди чындык катары кабыл алгыдай, ал Кудайдан келген эмес жана анын ой-пикирлерине дал келбеген (Аюб 28:12; Аңгемелер 1:7). Ошондой билимге таянгандар чындыкты табабыз деп үмүттөнбөй эле койсо болмок, анткени алардын билими чектелүү эле, ары акылдары чебер алдамчы Шайтан тарабынан сокур кылынган болчу (1 Коринфтиктер 2:6—8, 14; 3:18—20; 2 Коринфтиктер 4:4; 11:14; Аян 12:9).
Ыйык Китепте Кудайдын жетекчилиги берилет
Ыйык Жазмада Кудай өзүнүн эркин, ой-ниеттерин, жол-жоболорун билдиргенине Ыйсанын алгачкы жолдоочулары эч качан күмөн санашпаган (2 Тимофей 3:16, 17). Мунун өзү аларды «адамдардын ылакаптары боюнча... ыгы жок ой жүгүрткөн сөздөр менен жана курулай адаштыруусунан» коргогон (Колоссадагылар 2:8). Бүгүнкү күндө да ошондой. Адамдын бүдөмүк, каршылаш ой-пикирлеринен айырмаланып, Кудайдын Сөзү ишенимибизге бекем негиз берет (Иоанн 17:17; 1 Фессалоникалыктар 2:13; 2 Пётр 1:21). Ошондой негиз болбосо, биз адамдардын эшилме кум сыяктуу эч качан бир орунда турбаган теориялары менен философиялык көз караштарына урагыс бекем нерсе курууга аракеттенгендей эле болмокпуз (Матфей 7:24—27).
«А бирок окумуштуулар Ыйык Китепте айтылгандардын илимге дал келбесин далилдеп беришпедиби. Ошондуктан Ыйык Китептин деле адамдардын өзгөрмө теорияларынан артык ишенүүгө татыбасы калппы?» — дей тургандар бардыр. Мисалы: «Коперник, Кеплер, Галилеолорго Аристотелдин Жер Ааламдын борбору деген көз карашы менен күрөшүүгө туура келгенде, алар Ыйык Китеп менен да күрөшүшкөн»,— деп жазган Бертран Расселл (жантайыңкы ариптер биздики, ред.). Бардык далилдер Жердин жаралганына миллиарддаган жылдар болгонун көрсөтүп турса да, креационисттер Ыйык Китепте Жер 24 сааттан турган жети күндө жаратылган делет деп ырастап жатышкан жокпу?
Чынында, Ыйык Китепте Жер Ааламдын борбору деп айтылбайт. Антип Кудайдын Сөзүнө бек карманбаган чиркөө жетекчилери үйрөтүшкөн. 1 Муса китебиндеги маалыматтар Жердин миллиарддаган жылдар мурун жаралганын төгүндөбөйт да, жаратуунун ар бир күнү 24 саатка барабар болгон деген ойду жактабайт (1 Муса 1:1, 5, 8, 13, 19, 23, 31; 2:3, 4). Ыйык Китептин калыстыгы ал илимий китеп болбосо да, «сандырактык» эмес экенин көрсөтүп турат. Ал далилдүү илимий ачылыштарга эч каршы-кайчылаш келбейтa.
Акылдуулук
Ыйсанын окуучуларынын көбү карапайым, алган билимдери чектелүү гана адамдар болушса да, аларга Кудай башкача дөөлөт берген. Мурда кандай билим алышпасын, алардын баарында акылдуулук, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү бар болчу. Расул Павел ишенимдештерин «Кудайдын жакшы, жагымдуу жана жеткилең каалоосу эмне экенин таанып билүү үчүн өз акылдарын» толук колдонууга үндөгөн (Римдиктер 12:1, 2).
Кудайдын Сөзүнө бап келбеген философиялык көз караш же теориянын бири да суу кечпей каларын Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Кудайдан келген акылдуулугу менен ачык-айкын көрүшкөн. Кээде ошол кездин акылмандары «чындыкты... басып», Кудайдын барын таасындап турган далилдерге көңүл бурушпаган. «[Алар] өздөрүн акылдуубуз дешип, акылдан ажырашты»,— деп жазган расул Павел. Ооба, Кудай жана анын ниети жөнүндөгү чындыкты четке каккандыктан, «курулай ой жүгүрткөн, алардын акылсыз жүрөктөрү караңгыланган» (Римдиктер 1:18—22; Иеремия 8:8, 9).
Билимдүү болууга талаптангандар көбүнесе «Кудай жок» же «Ыйык Китепке ишенүүгө болбойт», же «азыр акыркы күндөр эмес» деген тыянакка келишет. Мындай ойлор Кудайдын көз алдында «2=1» деген акылга сыйбас теңдемеге окшош (1 Коринфтиктер 3:19). Кандай гана барктуу адам болбосун, оюнун тыянагы Кудайдыкына карама-каршы, Анын Сөзүнө дал келбеген жана акылга сыйбас болсо, анын айтканына кошулбоо дурус. Баарыдан да: «Адамдардын баары калпычы болсо да, Кудай ар дайым чынчыл»,— деген сөздү эстен чыгарбоо абзел (Римдиктер 3:4, ЖД).
[Шилтемелер]
a Көбүрөөк маалымат алыш үчүн, Күзөт Мунарасы Коому тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп Кудайдын Сөзүбү же адамдыкыбы?» (ор.) жана «Камкор Жараткан барбы?» деген китептерди карагыла.
[32-беттеги сүрөт]
Адамдардын өзгөрмө көз караштарына караганда Ыйык Китеп ишенимге бекем негиз берет.
[32-беттеги булак]
Солдо Епикур: British Museum уруксаты менен; ортодо Платон: National Archaeological Museum, Athens, Greece; оңдо Сократ: Roma, Musei Capitolini