Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Өмүрдү жогору баала
    Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
    • 3. Ден соолугуңа кам көр

      Биз Жахабага дайыма ал айткандай кылабыз деп убада бергендиктен, бүт өмүрүбүздү ага кызмат кылганга арнайбыз. Бул өмүрүбүздү Кудайга курмандык катары бергенге эле барабар. Окугула: Римдиктер 12:1, 2. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

      • Ден соолугуңа кам көргөнгө сага эмне түрткү бериши керек?

      • Ден соолугуңа кантип кам көрсөң болот?

      Боюнда бар келин доктуру менен сүйлөшүп жатат.
  • Сен чөмүлгөнгө даярсыңбы?
    Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр! Ыйык Китепти түшүнгөнгө жардам
    • 47-бөлүм. Ыйык Китепти изилдеп жүргөн киши жыйында бирөөнүн чөмүлүп жатканын карап, чөмүлүү жөнүндө ойлонуп жатат.

      47-БӨЛҮМ

      Сен чөмүлгөнгө даярсыңбы?

      Ыйык Китепти изилдегендин аркасында Жахаба жөнүндө көптү билдиң. Окуп-билгендериңе ылайык жашаш үчүн, балким, жашооңдо айрым нерселерди өзгөрткөндүрсүң. Ошентсе да өзүңдү Жахабага арнаганга жана чөмүлгөнгө тоскоолдук кылган нерселер бар болушу мүмкүн. Бул бөлүмдө ошондой тоскоолдуктардын айрымдарын жана аларды кантип жеңсең болорун карайбыз.

      1. Чөмүлгөнгө чейин канчалык деңгээлде билим алышың керек?

      Чөмүлүш үчүн «чындыкты так таанып-билгениң» маанилүү (1 Тиметей 2:4). Бирок бул Ыйык Китепке байланыштуу суроолордун баарынын жообун билишиң керек дегенди билдирбейт. Атүгүл Кудайдын узак убакыт мурун чөмүлгөн кызматчылары деле азыркыга чейин окуп-үйрөнүп жатышат (Колосалыктар 1:9, 10). Ошентсе да сен Ыйык Китептеги негизги окууларды жакшы түшүнүшүң кажет. Жыйналыштагы аксакалдар бул жагынан жетиштүү билим алган-албаганыңды аныктаганга жардам беришет.

      2. Чөмүлөрдөн мурун кайсы кадамдарды жасашың керек?

      Чөмүлгөнгө чейин өкүнүп, «Кудайга кайрылышың» кажет. (Оку: Элчилер 3:19.) Бул мурунку күнөөлөрүң үчүн чын жүрөктөн өкүнүп, Жахабадан кечирим суроону билдирет. Сенин ага жакпаган иштердин баарынан алыс болуп, ага жаккандай жашаганга чечкиндүү болуп калганың шексиз. Мындан тышкары, жыйналышка дайыма катышып, чөмүлө элек жарчы катары кызмат кыла баштадың.

      3. Коркуу сезиминин тушап алышына эмне үчүн жол бербешиң керек?

      Кээ бирөөлөр Жахабага берген убадамды аткара албай калам деп коркушат. Ооба, жаза басып, жаңылышың деле мүмкүн. Атүгүл Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары да ката кетиришкен. Бирок Жахаба өзүнүн кызматчыларынан жеткилең болушун талап кылбайт. (Оку: Забур 103:13, 14.) Ал колуңдан келишинче аракет кылып жатканыңды көрүп абдан сүйүнөт! Сенден жардамын такыр аябайт. Жахаба бизди анын сүйүүсүнөн эч бир нерсе ажырата албасына ынандырат. (Оку: Римдиктер 8:38, 39.)

      ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

      Жахабаны мындан ары да жакшыраак таанып-билип, анын жардамын кабыл алганың чөмүлүүгө тоскоол болгон нерселерди жеңгенге кандайча жардам берерин бил.

      Сүрөттөр: Чөмүлүшүнө жолтоо болгон тоскоолдуктарга багынбаган кыз. Бул сүрөттөр төмөндө дагы кайталанат.

      4. Жахабаны жакшыраак таанып-биле бер

      Жахабанын Күбөсү менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан кыз.

      Чөмүлгөнгө чейин Жахабаны канчалык жакшы билишиң керек? Аны сүйгөнчөлүк жана ага жаккың келгенчелик деңгээлде жакшы билишиң кажет. Муну көптөр кантип кылганын билиш үчүн ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.

      ВИДЕО: «Чөмүлүүгө алып барган жол» (3:56)

      • Видеодогу ишенимдештерибизге чөмүлүүгө даярданганга эмне жардам берген?

      Окугула: Римдиктер 12:2. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

      • Ыйык Китептеги окуулар же Жахабанын Күбөлөрүнүн окуткандары чындык экенине шектенбейсиңби?

      • Эгер шектенсең, эмне кылсаң болот?

      5. Чөмүлүшүңө жолтоо боло турган тоскоолдуктарды жең

      Апасынын урушканына карабай ал кыз Ыйык Китебин сумкасына салып жатат.

      Өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлөм деп чечкендердин баары кыйынчылыктарга туш болот. Буга мисал катары ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроолорду талкуулагыла.

      ВИДЕО: «Жахабаны сүйгөндүктөн баарын жеңдим» (5:22)

      • Видеодогу Нарангерел Жахабага кызмат кылыш үчүн кандай тоскоолдуктарды жеңген?

      • Жахабаны сүйгөнү ага ошол тоскоолдуктарды ашып өткөнгө кандайча күч берген?

      Окугула: Накыл сөздөр 29:25; 2 Тиметей 1:7. Анан бул суроону талкуулагыла:

      • Тоскоолдуктарга багынбаганга эмне жардам берет?

      6. Жахабага таян

      Ал кыз улгайган аялга кабар айтып жатат. Ага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген ишенимдешибиз аны кызматта коштоп жүрөт.

      Жахаба сага туура иш кылганга жардам берет. ВИДЕОНУ көрүп, бул суроолорду талкуулагыла.

      ВИДЕО: «Жахаба сага жардам берет» (2:50)

      • Видеодогу Ыйык Китепти изилдеп жүргөн кишиге чөмүлгөнгө эмне тоскоолдук кылган?

      • Анын эмнени түшүнгөнү Жахабага таянганга жардам берген?

      Окугула: Ышая 41:10, 13. Анан бул суроону талкуулагыла:

      • Өзүңдү Жахабага арнаганда берген убадаңа ылайык жашай аларыңа эмне үчүн шектенбесең болот?

      7. Жахабанын сүйүүсүнө ыраазычылыгыңды арттыр

      Ал кыз жалгыз отуруп алып тиленип жатат.

      Жахабанын сени канчалык жакшы көрөрү жөнүндө ойлонгон сайын, ага болгон ыраазычылыгың жана түбөлүккө кызмат кылууга болгон каалооң арта берет. Окугула: Забур 40:5. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла:

      • Жахабага кайсы баталары үчүн өзгөчө ыраазысың?

      Жеремия пайгамбар Жахабаны жана анын Сөзүн жакшы көргөн. Ошондой эле анын ысымын алып жүргөнүн сыймык деп эсептеген. Ал: «Сөзүң мени шаттандырып, жүрөгүмдү кубанычка бөлөдү. Анткени, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, сенин ысмыңды алып жүрөм»,— деген (Жеремия 15:16). Төмөнкү суроолорго жооп бер:

      • Жахабанын Күбөсү болуу эмне үчүн чоң сыймык?

      • Чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгуң келеби?

      • Чөмүлүшүңө эмне тоскоолдук кылып жатат деп ойлойсуң?

      • Чөмүлөм деген максатыңа жетиш үчүн эмне кылышың керек деп ойлойсуң?

      Ал кыз чөмүлүп жатат.

      АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Чөмүлгөндөн кийин убадамды аткара албай калам деп корком».

      • Сен да ушинтип ойлойсуңбу?

      НЕГИЗГИ ОЙ

      Жахабанын жардамы менен чөмүлгөнгө жолтоо болгон тоскоолдуктардын баарын жеңе аласың.

      Кайталоо

      • Чөмүлүш үчүн Ыйык Китепти канчалык деңгээлде жакшы билишиң керек?

      • Чөмүлгөнгө чейин сага эмнелерди өзгөрткөнгө туура келиши мүмкүн?

      • Коркуу сезими сени тушап алышына эмне үчүн жол бербешиң керек?

      Максат

      КӨБҮРӨӨК БИЛ

      Чөмүлгөнгө эмне түрткү бериши керектигин окуп көр.

      «Чөмүлүүгө даярсыңбы?» («Күзөт мунарасы», март, 2020)

      Чөмүлгөнгө тоскоолдук кылган нерселерди кантип жеңсең болот?

      «Чөмүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» («Күзөт мунарасы», март, 2019)

      Бир киши чөмүлүш үчүн тоодой болгон тоскоолдукту кантип жеңген?

      «Чөмүлүшүңө эмне тоскоолдук болуп жатат?» (1:10)

      Атээ деген киши чөмүлбөй, создуктуруп жүрө берген. Ага бул маанилүү кадамды жасаганга эмне түрткү берген?

      «Ушул жакшылыктарыңа чынында эле татыктуумунбу?» (7:22)

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү