Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • g20 № 3 6—7-бб.
  • Түшүнө билгиле

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Түшүнө билгиле
  • Ойгонгула!—2020
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Көйгөй
  • Ыйык Китептеги принцип
  • Түшүнө билүүнүн пайдасы
  • Эмне кылсаңар болот?
  • Түшүнө билүү
    «Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2021
  • Кудайдын силерге боору ооруйбу?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт (Жалпыга арналган чыгарылышы)—2018
  • Үй-бүлөлүк жашоо жана достук
    Ойгонгула!—2019
  • Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Падышалык жөнүндөгү кабарды кайраттуулук менен айтуу
    Падышалык кызматыбыз—2014
Дагы башкасы
Ойгонгула!—2020
g20 № 3 6—7-бб.
Учакта кетип бараткан кавказ киши менен сикх тобундагы киши. Экөө жыргап сүйлөшүп баратышат.

Түшүнө билгиле

Көйгөй

Эгер башкалар бизден канчалык айырмаланарына өтө эле көңүл топтоп алсак, ал айырмачылыктарды кемчилик же мүчүлүштүк катары көрүп калышыбыз мүмкүн. Мунун кесепетинде бизден айырмаланган адамдарды өзүбүздөн төмөнүрөөк эсептей баштайбыз. Ал эми мындай терс көз караш башкаларды түшүнө билүүгө тоскоолдук кылат. Эгер башкаларга түшүнүү менен мамиле кылганга аракет кылбасак, бул жүрөгүбүздүн түпкүрүндө көйгөй бар экенинен — бейкалыс экенибизден — кабар берет.

Ыйык Китептеги принцип

«Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла» (РИМДИКТЕР 12:15).

Бул эмнени билдирет? Эки сөз менен айтканда, түшүнө билгиле. Түшүнө билүү бул өзүбүздү башкалардын ордуна коюп көрүүнү жана алар сезгенди сезип көрүүнү билдирет.

Түшүнө билүүнүн пайдасы

Башкаларды түшүнө билсек, алардын бизге окшогон эле адамдар экенин байкайбыз. Алардын биздей эле сезимдерге чулганарын жана кайсы бир жагдайда биздей эле иш-аракет кыларын билебиз. Ошондой эле бул бардык адамдардын, алардын тек-жайы кандай болбосун, бир атадан тараганын түшүнгөнгө көмөк кылат. Башкалардын бизге окшош жактарына көңүл топтосок, алар жөнүндө оюбуз барган сайын жакшыра берет.

Андан сырткары, башкаларды түшүнө билгенибиздин аркасында аларды урматтап-сыйлай алабыз. Мисалга Сенегалдан болгон Энн-Марини алалы. Ал төмөнкү кастадан болгон адамдарды теңине алчу эмес. Башкаларды түшүнгөнгө аракет кылганы ага кандайча жардам берген? Ал мындай дейт: «Төмөнкү кастадагы адамдардын канчалык азап тартып жатканын көрүп, боорум ачыды. Мен: „Алардын ордунда болсом, эмне кылат элем?“ — деп ойлондум. Ошондон улам өзүмдү алардан артык көргөнгө менде эч кандай негиз жок экенин түшүндүм. Себеби алардан жогорураак кастадан болгонума өзүм таасир эте алган эмесмин». Ырас, башкалардын кыйынчылыктарын түшүнгөнгө аракет кылсак, аларга сын такпай, тескерисинче, жан тартабыз.

Эмне кылсаңар болот?

Эгер кайсы бир адамдардын тобу жөнүндө терс ойдо болсоңор, ортодогу айырмачылыктарды издебегиле. Анын ордуна, окшош жактарды тапканга аракет кылгыла. Мисалы, төмөнкү жагдайларда алар кандай сезимде болорун ойлонуп көргүлө:

Түшүнө билсек, бардык адамдардын бир атадан тараганын баамдайбыз

  • үй-бүлөсү менен чогуу тамактанганда

  • оор эмгектенип, жумушун аяктаганда

  • достору менен убакыт өткөргөндө

  • жакшы көргөн музыкасын укканда

Андан соң өзүңөрдү алардын ордуна коюп көргүлө. Анан мындай деп ой жүгүрткүлө:

  • Кимдир бирөө мени басынтса, эмне кылат элем?

  • Башкалар сыртыман тон бычса, кандай сезимде болот элем?

  • Алардын ордунда болсом, мага башкалардын кандай мамиле кылышын каалайт элем?

Ошол эле кавказ киши менен сикх тобундагы киши окшош нерселери, мисалы, үй-бүлөсүнүн сүрөттөрү менен бөлүшүп, жакшы көргөн спорту жана жумушу жөнүндө айтып берип жатышат.

Жашоодон алынган окуя. Роберт (Сингапур)

«Мурда кулагы укпаган адамдарды бир кызыктай, кем акыл, өтө эле таарынчаак деп ойлочумун. Ошон үчүн алардан оолактай берчүмүн. Мындай көз карашта болгонум эч кимге зыянын тийгизбей тургандай сезилгендиктен муну бейкалыстыкка жатпайт деп эсептечүмүн.

Кулагы укпаган адамдарды түшүнө билүүнүн аркасында алар жөнүндөгү терс ойлорумду жеңе алдым. Мисалы, алар жөнүндө акылы жагынан артта калган деген ойдо болчумун. Анткени бир нерсе десем, алар мени жалдырап тиктеп тура беришчү. Ошон үчүн өзүмдү алардын ордуна коюп көрдүм. Эгер мага сүйлөп жаткан адамды укпасам, эмне кылат элем? Мен деле жалдырап турмакмын да! Атүгүл угуу аппаратым болсо да, жүзүмөн аны түшүнмөк турсун, уга албай жатканым көрүнмөк болуш керек.

Өзүмдү кулагы укпаган адамдардын ордуна коюп көргөндө бейкалыс көз карашым буудай тарап кетти».

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү