-
«Ыйлагандар менен ыйлагыла»Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган)—2017 | июль
-
-
14. Жакынынан айрылгандарды соороткон сөздөрдү кайдан тапса болот?
14 Кээде кайгыга баткан кишини эмне деп сооротушту билбешибиз мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте «акылдуулардын тили айыктырары» айтылат (Накыл 12:18). Көптөр соороторлук ойлорду «Жакын адамыңан айрылганда...» деген китепчеден табышатc. Көп учурда «ыйлагандар менен ыйлаганыбыз» аларга эң чоң жардам болору күмөнсүз (Рим. 12:15). Жолдошунан ажырап калган Габи: «Көз жашым жүрөгүмдүн тили болуп калды. Ошондуктан досторум мага кошулуп ыйлаганда, жеңилдей түшөм. Андайда кайгым менен күрөшүүдө жалгыз эмес экенимди сезем»,— деген.
-
-
«Ыйлагандар менен ыйлагыла»Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган)—2017 | июль
-
-
20. Жахабанын убадалары бизди эмне үчүн абдан сооротот?
20 «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [Машаяктын] үнүн угуп», «мүрзөдөн чыга» турган убак келгенде, ар кандай жагдайларда сооротуучу Кудай ый-муңду түп-тамыры менен жок кылат. Бул бизди кандай гана сооротот! (Жкн. 5:28, 29). Ыйык Китепте убада кылынгандай, Кудай «өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ыш. 25:8). Азыр «ыйлагандар менен ыйлап» жатсак, ал убакта баарыбыз «кубангандар менен кубанабыз»! (Рим. 12:15).
-