Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • g21 № 1 6—7-бб.
  • Ынтымакка өбөлгө түзгөн кеңештер

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Ынтымакка өбөлгө түзгөн кеңештер
  • Ойгонгула!—2021
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • Кечиримдүү болгула
  • Момун, сылык болгула
  • Баарына калыс карагыла
  • Жумшак болгула
  • Берешен болгула жана ыраазы боло билгиле
  • Берешен киши бактылуу
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2018
  • «Бири-бириңерди чын дилиңерден кечиргиле»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—1998
  • Бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирели
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2012
  • Үй-бүлөлүк жашоо жана достук
    Ойгонгула!—2019
Дагы башкасы
Ойгонгула!—2021
g21 № 1 6—7-бб.
Конок тосуп жаткан үй-бүлө.

Ынтымакка өбөлгө түзгөн кеңештер

Жаратканыбыз биздин башкалар менен үйдөн болобу, жумуштанбы же досторубуз менен болобу, ынтымакта болушубуз керектигин насаат кылган. Көптөр анын даанышман кеңештерин колдонуп пайдасын көрүп жатышат. Келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Кечиримдүү болгула

«Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да,.. бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:13).

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Кээде биз башкаларды таарынтып алсак, кээде алар биздин жүрөгүбүздү оорутуп коёт. Кандай болбосун, баарыбыз кечиримдүү болушубуз керек. Ошондой эле башкалардын бизди кечиришине муктажбыз. Чын жүрөктөн кечиргенибизде таарынткан кишини ичибизден жаман көрбөй калабыз. «Жамандыкка жамандык менен жооп бербейбиз», ката-кемчиликтерин да эскерте бербейбиз (Римдиктер 12:17). Көңүлүбүз калып, болгон окуяны такыр унута албай жатсак, эмне кылсак болот? Андайда бизди таарынткан кишинин өзү менен жылуу-жумшак сүйлөшүшүбүз керек. Максатыбыз анын күнөөлүү экенин далилдөө эмес, ынтымакты сактоо болушу кажет (Римдиктер 12:18).

Момун, сылык болгула

«Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө» (ФИЛИПИЛИКТЕР 2:3).

Эгер момун, сыйчыл болсок, тегерегибиздегилер бизге тартылып турат. Алар биздин боорукер, башкаларды ойлогон киши экенибизди жана атайлап эле жүрөгүн оорутпай турганыбызды билишет. Эгер өзүбүздү башкалардан артык ойлоп, баары биз каалагандай болушун талап кылсак, чыр-чатак чыгат. Мунун кесепетинде эл бизден качып калат. Досторубуз аз же такыр эле жок болот.

Баарына калыс карагыла

Кудай «бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, ага жагат» (ЭЛЧИЛЕР 10:34, 35).

Жаратканыбыз баарына тегиз карайт. Ал эч кимди улутуна, тилине, коомдогу абалына же терисинин түсүнө карап бөлбөйт. «Бүт жер жүзүндө жашасын деп, ал бир кишиден бардык элдерди жараткан» (Элчилер 17:26). Демек, бардык адамдарды бир үй-бүлө десе болот. Ар бир кишинин сыйлап, жумшак мамиле кылсак, бул аларга кубаныч тартуулайт. Натыйжада, бактылуу болобуз, Жаратканга да жагабыз.

Жумшак болгула

«Жумшактыкты... кийгиле» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:12).

Жумшак болсок, башкалар биздин жаныбызда өздөрүн эркин сезишет. Бизге эркин кайрыла алышат, атүгүл кеңеш да бере алышат. Анткени биздин жакшы кабыл аларыбызды билишет. Кимдир бирөө бизге ачууланганда, ага жылуу-жумшак жооп берсек, бул анын ачуусун басат. Накыл сөздөр 15:1де: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деп айтылган.

Берешен болгула жана ыраазы боло билгиле

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧИЛЕР 20:35).

Бүгүнкү күндө көптөр ач көз келет жана өз көмөчүнө эле күл тартат. Бирок берешендер гана чындап бактылуу боло алышат (Лука 6:38). Анткени алар дүнүйө-мүлккө караганда көбүрөөк адамдарды жакшы көрүшөт. Бул ыраазы болгонго, ошондой эле аларга марттык көрсөткөндөрдү баалаганга түрткү берет (Колосалыктар 3:15). «Мага сараң, жакшылыкты баалабаган кишилер менен мамилелешкен жагабы? Же март, ыраазы боло билгендер мененби?» — деп ойлонуп көргүлө. Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Башкалардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, өзүңөр да аларга ошондой мамиле кылганыңар маанилүү (Матай 7:12).

Кишилерди басынтпай калдым

«Ыйык Китепте: „Өзүңөр жөнүндө кандай ойдо болсоңор, башкалар жөнүндө да ошондой ойдо болгула... Акылдуусунбагыла“,— деп айтылган (Римдиктер 12:16). Бул сөздөр мага текебердикти жеңгенге жана башкаларга өктөм мамиле кылбаганга жардам берди. Мен азыр өзүмдүн этностук тобум башкалардыкынан жакшыраак деп ойлогондон алысмын. Ошондой эле бөлөк диндеги кишилерди басынтпай калдым. Мунун аркасында көбүрөөк досторду күтүп, башкалар менен сүйлөшкөнгө дилгир болуп калдым» (Аша).

Аша.

Көбүрөөк билиш үчүн:

Башкалар менен мамилеңерди дагы да жакшыртканга кандай кеңештер жардам берерин билгиңер келсе, jw.org/ky сайтына кирип, ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ТЫНЧТЫК ЖАНА БАКЫТ > МАМИЛЕ деген бөлүктү карагыла.

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү