Жамандыкты жеңүү
«АЛДАЯР падышаны мынабу өлгөн ит неге тилдейт? Мен барып, анын башын аламын». Бул сөздөрдү израиль аскер башчысы Авесса айткан. Мырзасына, Дөөт падышага, Вениамин тукумунан чыккан Семей аттуу бирөөнүн заар тил тийгизип жатканын угуп, анын каары кайнап кеткен (2 Падышалык 16:5—9).
Авесса бүгүнкү күндө кеңири кабыл алынган: «Саламына жараша жооп»,— дегендей мамиле жасамак. Ооба, Авесса Семейди Дөөттү тилдегендиги үчүн жазалагысы келген.
Ал эми Дөөт буга кандай караган? Авессаны ал: «Жайына койгула»,— деп токтотуп коёт. Семей жөнү жок жерден маскараласа да, Дөөт өч алуу азгырыгына алдырбагандыктан, жаза колдонгон эмес. Анын ордуна ишти Иегованын колуна тапшырган.
Козголоң чыгарган уулунун иши ордунан чыкпай калып, Дөөт кайрадан такка олтурганда, аны биринчилерден болуп куттуктап келгендердин арасында Семей да бар эле; ал кечирим сурап келген. Авесса аны кайрадан өлтүрөм деп ызырынат, Дөөт болсо мында да жазалоого жол бербей коёт (2 Падышалык 19:15—23).
Бул жерде Дөөт Ыйса Машайыктын мүнөзүн татыктуу түрдө көрсөткөн. Ыйса тууралуу: «Өзү жамандалып, Ал жообуна тил тийгизген эмес... Адилет Тергөөчүгө тапшырган»,— деген расул Павел (1 Пётр 2:23).
Бүгүнкү күндө Ыйсанын жолдоочулары да «ачууга ачуу менен, тилдөөгө тилдөө менен жооп бербөөгө» чакырылат (1 Пётр 3:8, 9). Дөөттүн жана Ыйса Машайыктын салган чыйыры боюнча басуу менен, биз дагы «жамандыкты жакшылык менен жеңе» алабыз (Римдиктер 12:17—21).