Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Иегованын жолунда мындан ары да жүргүлө
    Күзөт мунарасы—1999 | июнь 1
    • 6, 7. Иегова Кудайдын сыйынуучулары болушса да, израилдиктер кайсы учурларда ишенимсиздик көрсөтүшкөн жана эмне үчүн?

      6 Павел байыркы израиль эли менен ошондой болгонун айткан. Ал төмөнкүчө баяндайт: «Бул окуялар бизге үлгү болуп, жаман нерселерге, ошолор сыяктуу, биз ач көз болбоо үчүн эле. Алардын кээ бирөөлөрү сыяктуу бурканга табынуучу да болбогула, алар жөнүндө мындай деп жазылган: „Эл жеп-ичкенге олтурду, андан соң оюн-зоокко турду“. Алардын кайсы бири бузуктук кылган сыяктуу бузуктук кылбайлы, жана алардан жыйырма үч миңи бир күндө жок болуп калган» (1 Коринфтиктер 10:6—8).

      7 Павел оболу Синай тоосунун этегинде израиль эли алтын музоого сыйынган учурга кайрылат (2 Муса 32:5, 6). Бир нече эле жума мурун Кудайдын осуятына баш ийүүгө макул болгон элдин мындай жоругу түздөн-түз тил албастыкка жаткан (2 Муса 20:4—6; 24:3). Анан Павел Израилдин Моав кыздары менен кошо Ваалга табынган убагына токтолот (4 Муса 25:1—9). Музоого сыйынуу адепсиз түрдө кумар кандыруу, «оюн-зоок», менен өткөрүлгөнa. Ваалга сыйынуу да сексуалдык барып турган уят-сыйытсыздык менен коштолчу (Аян 2:14). Эмне үчүн израилдиктер мындай күнөөлөрдү жасашкан? Себеби алар буркандарга сыйынып, же болбосо, аны коштогон адеп-ахлаксыз иштерге катышып, жүрөктөрүнүн ‘жаман нерселерге ач көз’ болуп калышына жол беришкен.

      8. Израиль менен болгон окуялардан кандай сабак алсак болот?

      8 Павел бул окуялардан сабак алышыбыз керектигин айткан. Кандай сабак? Ыйсанын жолдоочусунун алтын музоого же эзелки моавдардын кудайына табынып калары ойго келбес нерсе. Бирок адеп-ахлаксыздык же ооздукталбаган кумар жазуулар тууралуу эмне десе болот? Алар бүгүн кеңири таралган, эгер жүрөгүбүздө аларга болгон каалоонун өсүшүнө жол берсек, Иегова менен болгон мамилелерибиз сууйт. Мунун натыйжасы бурканга сыйынуучулуктун натыйжасындай: Кудайдан алыстоо. (Салыштыргыла Колоссадагылар 3:5; Филиппиялыктар 3:19.) Мына ошондуктан Павел ошол окуялар жөнүндөгү талкуулоосун ишенимдештерин: «Бурканга табынуучулуктан качкыла»,— деп үндөө менен аяктаган (1 Коринфтиктер 10:14).

  • Иегованын жолунда мындан ары да жүргүлө
    Күзөт мунарасы—1999 | июнь 1
    • a Бир иликтөөчү бул жерде «оюн-зоок» деп которулган грек сөзүнүн бутпарастык майрамдардагы бийлер менен байланышы бар болгондугун айтып: «Белгилүү болгон бул бийлердин көбү түздөн-түз эң эле бузуку каалоолорду пайда кылуу үчүн өткөрүлчү»,– деп кошумчалаган.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү