Унутчаак угуучу болбогула
«Силер сөздү угуучулар эле болбой, өзүңөрдү өзүңөр алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула» (Жакып 1:22).
1. Байыркы израил эли кайсы кереметтерди өз көзү менен көргөн?
«Унутулгус». Бул сөз Иегованын байыркы Египетте жасаган кереметтерин сыпаттоого ылайыктуу. Он жазанын ар бири жүрөктүн үшүн аларлык болгон. Ал алааматтардан кийин, израил эли экиге бөлүнгөн Кызыл деңизди басып өтүп, таң каларлык түрдө куткарылган (5 Муса 34:10—12). Эгер ал иштерди силер өз көзүңөр менен көрсөңөр, аларды Жасаганды эч качан унутмак эмес болушуңар керек. Бирок израилдиктер тууралуу забурчу: «Египетте улуу ишти жасаган Кудайды, аларды Куткарганды унутушту, Хам жеринде кереметтерди, камыштуу деңиздеги шумдуктарды унутушту»,— деп ырдаган (Забур 105:21, 22).
2. Кудайдын кубаттуу иштерине карата Израилдин ыраазычылыгы узакка созулбаганын эмне көрсөтүп турат?
2 Кызыл деңизден өткөн соң израилдиктер «Кудайдан коркуп... Теңирге... ишенип» калышат (2 Муса 14:31). Израилдин эркектери Мусага кошулуп Иегованы мактап, жеңиш ырын ырдашса, Мариам жана башка аялдар дап кагып, бийлеп чыгышат (2 Муса 15:1, 20, «Тоорат»). Ооба, Кудайдын элине Иегованын кубаттуу иштери зор таасир калтырган. Бирок израилдиктердин ал иштерди Жасаганга болгон ыраазычылыгы көпкө созулган эмес. Ошол окуядан көп узабай көптөрү өздөрүн эске тутуулары катуу жабыркагандай алып жүрүшкөн. Алар Иеговага каршы наалып, нааразы болуп чыгышат. Кээ бирлери сөлөкөттөргө табынып, адеп-ахлаксыздыкка берилип кетишет (4 Муса 14:27; 25:1—9).
Эмнеден улам унутчаак болуп калышыбыз мүмкүн?
3. Жеткилең эместигибизден улам эмнелерди унутуп коюшубуз мүмкүн?
3 Израилдин жакшылыкты билбегени чынында эле таң калыштуу. Бирок андайга биз да чалдыгып калышыбыз мүмкүн. Кудайдын андай кереметтерин өз көзүбүз менен көрбөсөк да, аны менен болгон өз ара мамилелерибизде эсте каларлык окуялардын болгону шексиз. Айрымдарыбыз Ыйык Китептеги чындыкты кабыл алган күнүбүздү, ошондой эле тиленүү аркылуу Иеговага арналган учурубузду, Ыйсаны жолдоп сууга чөмүлтүлгөнүбүздү эстей алабыз. Көбүбүз жашообуздун ар кайсы учурларында Иегованын жардам бергенин сезгенбиз (Забур 117:15). Баарынан мурда, биз Кудайдын Уулу Ыйса Машайыктын курмандык өлүмү аркылуу куткарылууга үмүт алдык (Иоанн 3:16). Ошентсе да натуура каалоолор пайда болгондо же турмуш түйшүктөрү тооруганда, жеткилең эместигибизден улам Иегованын бизге кылган жакшылыктарын оңой эле унутуп коюшубуз ыктымал.
4, 5. а) Унутчаак угуучу болуп калуу коркунучу тууралуу Жакып эмне деп эскерткен? б) Жакыптын адам менен күзгү жөнүндөгү мисалын кантип колдонсок болот?
4 Ыйсанын энелеш бир тууганы Жакып ишенимдештерине жазган катында унутчаак угуучу болуп калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Ал: «Силер сөздү угуучулар эле болбой, өзүңөрдү өзүңөр алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула. Себеби сөздү угуп, бирок аткарбаган адам өз кебетесин күзгүдөн караган адамга окшош. Ал күзгүдөн өзүн карап алып, кетер замат өзүнүн кандай экенин унутуп коёт»,— деп жазган (Жакып 1:22—24). Муну менен Жакып эмне айткысы келген?
5 Эртең менен турганда, өңү-башыбызды оңдош үчүн, адатта күзгүгө каранабыз. Ал эми күндөлүк иштерге сүңгүп кирип, көңүлүбүз башка нерселерге бурула баштаганда, күзгүдөн көргөндөрүбүз тууралуу ойлобой калабыз. Рухий мааниде да ошондой болушу мүмкүн. Кудайдын Сөзүнө кайрылып, биз өзүбүздүн рухий акыбалыбызды Иегованын койгон талап-нормалары менен салыштыра алабыз. Ошондо алсыздыктарыбыз көзүбүзгө даана көрүнөт. Бул болсо өзүбүздү өзгөртүүгө түрткү бериши керек. Бирок күндөлүк турмуш-тиричилик менен алек болуп, кыйынчылыктар менен алышып жүрүп, рухий нерселер жөнүндө оңой эле ойлобой калышыбыз мүмкүн (Матфей 5:3; Лука 21:34). Бул Кудайдын бизге жасаган мээримдүү иштерин унутуп койгонго тете. Мындай унутчаактык бизди күнөө кылууга жакындатат.
6. Ыйык Жазманын негизиндеги кандай талдоо Иегованын сөзүн унутпоого жардам берет?
6 Расул Павел коринфтиктерге жазган биринчи катында чөлдөгү унутчаак израилдер тууралуу сөз козгогон. Павелдин сөздөрү Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына пайдалуу болгондой эле, бизге да Иегованын сөзүн унутпоого жардам берет. Келгиле анда, 1 Коринфтиктер 10:1—12-аяттарды талдап көрөлү.
Дүйнөлүк кумарларды четке каккыла
7. Израилдиктер Иегованын сүйүүсүнүн кандай ачык-айкын далилине күбө болушкан?
7 Павелдин израилдиктер жөнүндө жазганы Ыйсанын жолдоочуларына эскертүү болуп саналат. Павел: «Боордоштор, биздин аталарыбыз баары булуттун астында болушту жана баары деңизден өткөндүгү жөнүндө силерди билбестикте калтырууну каалабаймын; бардыгы булут жана деңиз ичинде Мусанын урматына чөмүлүшкөн»,— деп жазган (1 Коринфтиктер 10:1—4). Мусанын күндөрүндөгү израил калкы Кудайдын зор күч-кубатын, анын ичинде күндүз жол көрсөтүп жүргөн жана Кызыл деңизден аман-эсен өтүүгө жардам берген кереметтүү булут түрмөгүн көрүшкөн (2 Муса 13:21; 14:21, 22). Ооба, ал израилдиктер Иегованын аларга болгон сүйүүсүнүн ачык-айкын далилине күбө болушкан.
8. Израилдин унутчаактыгы эмнеге алып келген?
8 «Бирок,— деп сөзүн улайт Павел,— алардын көпчүлүгүнө Кудай ыраазы болгон жок; ошондуктан алар чөлдө жок болуп калган» (1 Коринфтиктер 10:5). Кандай өкүнүчтүү! Египеттен чыккан израилдиктердин көбү Убадаланган жерге кирүүгө татыксыз болуп калышкан. Алар ишенимдеринин жетишсиздиги үчүн Кудайдын жактыруусунан айрылып, чөлдө өлүшкөн (Еврейлер 3:16—19). Мындан биз кандай сабак алсак болот? «Аларга окшоп, жаман нерселерди каалабашыбыз үчүн, бул [окуялар] бизге үлгү болгон»,— дейт Павел (1 Коринфтиктер 10:6, СК).
9. Иегова өз элине эмне кылып кам көргөн, бирок израилдиктер кандай жооп кайтарган?
9 Чөлдө жүргөндө израилдиктердин рухий бойдон калышына себептер арбын эле. Иегова Израил менен келишим түзүп, аларды өз эли кылган. Андан тышкары, алар үчүн дин кызматчылык, табынуунун борбору болгон жыйын чатыры жана Иеговага курмандык чалуу чарасы караштырылган болчу. Бирок бул рухий белектерге кубангандын ордуна, алар Кудайдын берген нерселерине нааразы болушкан (4 Муса 11:4—6).
10. Эмне үчүн Кудайды эч качан оюбуздан чыгарбашыбыз керек?
10 Чөлдөгү израилдиктерден айырмаланып, Иегованын бүгүнкү эли Анын жактыруусуна ээ. Бирок ар бирибиздин Кудайды оюбуздан чыгарбаганыбыз маанилүү. Ошондо рухий көрүүбүздү караңгылата ала турган өзүмчүл кумарларды четке кага алабыз. Биз «арамзалыкты жана дүйнөлүк кумарларды жаратпай коюп [«четке кагып», СК], азыркы кылымда (заманда) пакиза, адилеттүү жана такыбаа жашоо» өткөрүүгө чечкиндүү болушубуз керек (Тит 2:12). Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы менен жаштайынан пикирлешип келаткандар кандайдыр бир жыргалдардан кур калып жатабыз деген ойлордон оолак болушу керек. Андай ойлор пайда болгондо, Иегованы жана анын бизге камдап турган сонун баталарын эстегенибиз абзел (Еврейлер 12:2, 3).
Иеговага толук баш ийүү
11, 12. Адам сөлөкөткө таазим кылбаса да, кантип бурканга табынуучу болуп калышы мүмкүн?
11 Павел: «Алардын кээ бирөөлөрү сыяктуу бурканга табынуучу да болбогула, алар жөнүндө мындай деп жазылган: „Эл жеп-ичкенге олтурду, андан соң оюн-зоокко турду“»,— деп жазып, дагы бир эскертүү берген (1 Коринфтиктер 10:7). Павел израилдиктер Аарунду алтын музоо жасоого моюн сундургандагы окуяга кайрылган (2 Муса 32:1—4). Биз түз мааниде сөлөкөткө табынып кетпесек да, өзүмчүл кумарлардын Иеговага жан-дилден кызмат кылышыбыздан алаксытышына жол берүү менен бурканга табынуучулардан болуп калышыбыз ыктымал (Колоссадагылар 3:5).
12 Ошондой эле Павел, рухий иштер менен эмес, көбүнесе материалдык нерселерге байланышы бар иштер менен алек болгон айрым адамдар жөнүндө сөз кылган. «Христостун айкашкан жыгачынын [«кыйноо мамысынын», ЖД] душмандарынча мамиле кылгандарга» карата Павел: «Алардын бүтүшү — жок болуу, алардын кудайы — курсагы»,— деп жазган (Филиппиялыктар 3:18, 19). Алардын бурканга табынуучулугу колдон жасалган сөлөкөткө таазим кылууга эмес, материалдык нерселерди каалоого байланыштуу эле. Албетте, бардык эле каалоолор натуура эмес. Иегова бизди адамдык муктаждыктарыбыз менен жараткан, ар кандайча ырахаттанууга жөндөм берген. Бирок ырахатка умтулууну Кудай менен болгон мамилелеринен жогору койгондор, чынында, бурканга табынуучулар болуп саналат (2 Тимофей 3:1—5).
13. Алтын музоо тууралуу билдирүүдөн биз кандай сабак алсак болот?
13 Египеттен чыккандан кийин израилдиктер өздөрү табынганга алтын музоо жасашкан. Бул билдирүүдө бурканга табынуучулукка каршы берилген эскертүүдөн тышкары, дагы бир маанилүү сабак бар. Израил эли Иегованын айкын көрсөтмөсүнө баш ийбей койгон (2 Муса 20:4—6). Бирок аларда Иегованы, өздөрүнүн Кудайын, четке кагуу ниети жок эле. Алар жасалма музоого курмандыктар чалып, ал окуяны «Теңирге майрам» деп аташкан. Кандай болбосун, алар өздөрүн алдап, Кудай баш ийбестикти көңүлгө албайт деп ойлошкон. Муну менен Израил Иегованын кадыр-баркына шек келтирип, анын каарын кайнаткан (2 Муса 32:5, 7—10; Забур 105:19, 20).
14, 15. а) Израилдиктердин унутчаак угуучу болуп калганы эмне үчүн кечиримсиз эле? б) Биз унутчаак угуучулардан болбоого чечкиндүү болсок, Иегованын буйруктарына байланыштуу эмне кылабыз?
14 Иегованын Күбөсүнүн жалган динге кошулуп кетиши жат көрүнүш. Ошентсе да жыйналыштагы айрым бирөөлөр Иегованын көрсөтмөлөрүн башка жолдор менен четке кагып коюшу мүмкүн. Израил элинин унутчаак угуучу болуп калганы кечиримсиз эле. Алар Он парызды угуп, Кудайдын Муса аркылуу: «Менин алдымда күмүштөн болобу, алтындан болобу, өзүңөргө кудай жасабагыла»,— деп буйруганына өздөрү күбө болушкан эле (2 Муса 20:18, 19, 22, 23). Буга карабастан, израилдиктер алтын музоого табынып кетишкен.
15 Эгер биз да унутчаак угуучу болуп калсак, бизде актанууга эч негиз болбойт. Кудай Ыйык Жазма аркылуу жашоонун көп тармактарына карата көрсөтмөлөрдү берген. Мисалы, Иегованын Сөзүндө карызга алып, кайрып бербей коюу ачык айыпталат (Забур 36:21). Балдардан ата-энелерине баш ийүүсү талап кылынат, аталардан болсо балдарын «Теңирдин насаат айткан үйрөтүүсүндө» тарбиялашы күтүлөт (Ефесалыктар 6:1—4). Ыйсанын жалгыз бой жолдоочулары «Теңирде гана» никелешүүгө үндөлөт, ал эми Кудайдын никеде турган кызматчыларына: «Бардыгыңардын никеңер ак ниеттүү болуп, төшөгүңөр бузуктуктан булганбаган болсун; нике бузгандарды жана бузуктарды Кудай соттойт»,— деп айтылат (1 Коринфтиктер 7:39, СК; Еврейлер 13:4). Биз унутчаак угуучулардан болбоого чечкиндүү болсок, Кудайдын ушул жана башка көрсөтмөлөрүнө абдан олуттуу карап, аларга ылайык жашайбыз.
16. Алтын музоого табынуунун арты эмне менен бүткөн?
16 Иегова израилдиктердин ага өздөрү каалагандай табынуу аракетин колдогон эмес. Ошондуктан алтын музоого табынууга байланышкан козголоңдо, болжолу, көрүнүктүү роль ойношкону үчүн 3 000 адам кыйратылган. Башка күнөөкөрлөр да Иегованын колунан кыргынга учураган (2 Муса 32:28, 35). Кудай Сөзүн окуганы менен, Ага өздөрү туура көргөндөй баш ийүүнү каалагандарга бул кандай зор сабак!
«Бузуктуктан качкыла»
17. 1 Коринфтиктер 10:8-аятта кайсы окуяга шилтеме жасалат?
17 Өтмө маанидеги унутчаактыкка шарт түзө ала турган денелик кумарларга байланыштуу Павел: «Алардын кээ бирөөлөрү сыяктуу бузукчулук кылбайлы, ошол себептен алардан жыйырма үч миңи бир күндө жок болуп калган»,— деген (1 Коринфтиктер 10:8, «Инжил»). Бул жерде Павел израилдиктердин чөлдөгү 40 жылдык сапарынын соңунда Моав түздүгүндө болгон окуяга кайрылган. Израил жакында эле Иордандын чыгыш тарабындагы жерлерди басып алууда Иегованын жардамын көргөн болчу. Буга карабай, муну көптөрү унутуп, бейыраазылык көрсөтүшкөн. Убадаланган жерге аз калганда, алар жыныстык адеп-ахлаксыздыкка азгырылып, Ваал-Фегорго сыйынып арамдалышкан. Натыйжада 24 000дей адам кырылган, алардын 1 000и желиктирүүчүлөрү эле (4 Муса 25:9).
18. Кандай жүрүм-турум жыныстык жактан адеп-ахлаксыз иштерге алып барат?
18 Бүгүн Иегованын эли адеп-ахлактык бийик нормаларга кармангандыгы менен белгилүү. Бирок, адеп-ахлаксыз азгырыктар пайда болгондо, Ыйсанын айрым жолдоочулары Кудай жана анын принциптери жөнүндө ойлобой, унутчаак угуучулардан болуп калышкан. Азгырык адегенде эле бузуктукка алып барбашы мүмкүн. Башында адам порнографияга кызыгып, орунсуз азил-тамашалардан же тийишүүлөрдөн ырахат таап, адеп-ахлактыгы начар бирөөлөр менен жакын мамиле түзүүгө азгырылышы ыктымал. Мунун баары Ыйсанын кээ бир жолдоочуларын күнөө кылууга түрткөн (1 Коринфтиктер 15:33; Жакып 4:4).
19. Ыйык Жазманын кайсы кеңеши «бузуктуктан качууга» жардам берет?
19 Адеп-ахлаксыз азгырыктар пайда болгондо, Иегованы оюбуздан чыгарбай, анын Сөзүндөгү эскертүүлөрүнө ылайык иш кылышыбыз керек (Забур 118:1, 2). Албетте, Ыйсанын жолдоочулары катары көбүбүз адеп-ахлактык жактан таза бойдон калууга мүмкүн болушунча аракет кылабыз, бирок Кудайдын көз алдында туура болгон нерселерди кылуу үчүн үзгүлтүксүз күч-аракеттер талап кылынат (1 Коринфтиктер 9:27). Павел Ыйсанын Римдеги жолдоочуларына: «Ишенимге силердин баш ийгениңер баарына белгилүү; ошондуктан мен силер үчүн кубанып жатам, бирок силердин жакшы нерсеге акылман, жаман нерсеге жөнөкөй болууңарды каалаймын»,— деп жазган (Римдиктер 16:19). Израил элинен күнөөлөрү үчүн 24 000 адам өлүмгө кыйылгандай, жакында бузукулар менен башка күнөөкөрлөргө Иегова катаал өкүм чыгарат (Ефесалыктар 5:3—6). Эмесе, биз унутчаак угуучулардан болбой, мындан ары да «бузуктуктан качышыбыз» керек (1 Коринфтиктер 6:18).
Иегованын камкордуктарын дайым баалагыла
20. Израилдиктер Иегованы кантип сынашкан жана мунун кесепети кандай болгон?
20 Ыйсанын жолдоочуларынын басымдуу көпчүлүгү жыныстык адеп-ахлаксыздыкка эч убакта моюн сунбайт. Бирок биз Кудайдын жактыруусунан айрылып калбаш үчүн наалыгандыктан сак болушубуз керек. «[Израилдиктердин] кээ бирөөлөрүндөй болуп Иегованы сынабайлы; аны сынагандар жыландардан каза табышкан. Алардын кээ бирөөлөрүндөй болуп наалыбагыла; наалыгандар ойрондогучтун [колунан] каза табышкан»,— деп насыяттаган Павел (1 Коринфтиктер 10:9, 10, ЖД). Израилдиктер Муса менен Аарунга — ал түгүл, Иеговага — каршы наалып, керемет жолу менен берилген маннага нааразыланышкан (4 Муса 16:41; 21:5). Алардын бузукулуктарына караганда наалыганы Иегованы азыраак кордогонбу? Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, наалыгандардын кыйласы жыландардын чагуусунан өлгөн (4 Муса 21:6). Мурунураак болсо 14 700дөн ашык наалыган козголоңчу опот болгон (4 Муса 16:49). Ошондуктан, келгиле, Иегованын чыдамын сынабай, анын камкордуктарын барктай билели.
21. а) Павел кандай чакырык жазууга Кудайдан шыктандырылган? б) Жакып 1:25ке ылайык, биз канткенде чындап бактылуу боло алабыз?
21 Павел ишенимдештерине жазган эскертүүлөрүн мындай чакырык менен аяктаган: «Мунун бардыгы алардын башынан үлгү катары өткөрүлгөн; бирок бизге, акыркы кылымдарга жеткендерге, эскертүү катары жазылган. Ошондуктан, ким өзүн туруп турам деп ойлосо, сак болуп, кулап кетпесин [«кулап кетпесин үчүн сак болсун», «Инжил»]» (1 Коринфтиктер 10:11, 12). Израилдиктерге окшоп, биз Иеговадан көп баталарды алдык. Бирок, алардай болуп, Кудайдын бизге кылып жаткан жакшылыктарын унутуп, баалабай калбайлы. Турмуш түйшүктөрү басмырлаганда, келгиле, Ыйык Жазмадагы сонун убадалардын үстүнөн ой жүгүртөлү. Ошондой эле Иегова менен өз ара баалуу мамилеге ээ экенибизди унутпай, өзүбүзгө тапшырылган ишти — Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин — аткара берели (Матфей 24:14; 28:19, 20). Ушул жол гана бизге чыныгы бакыт-таалай тартуулайт, анткени Ыйык Китеп: «Ким жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына ынтаа коюп карап, аны сактап жүрсө, ал жөн эле унутчаак угуучу болбостон, ишти аткаруучу болуп, өз аракетинде бактылуу болот»,— деп убадалайт (Жакып 1:25).
Эмне деп жооп бермексиңер?
• Эмнеден улам унутчаак угуучулардан болуп калышыбыз мүмкүн?
• Эмне үчүн Кудайга толук баш ийүү маанилүү?
• Кантип «бузуктуктан кача» алабыз?
• Иегованын камкордуктарына карата кандай маанайда болушубуз керек?
[9-беттеги сүрөт]
Израилдиктер Иегованын алар үчүн жасаган кубаттуу иштерин унутуп коюшкан.
[10-беттеги сүрөт]
Иегованын эли адеп-ахлактык бийик нормаларды сактоого чечкиндүү.