-
Адамдык алсыздыкты жеңүүКүзөт мунарасы—2001 | апрель 1
-
-
4. Павел 1 Коринфтиктер 10:12, 13-аяттарда кандай эскертүү берген?
4 Павел адеп-ахлаксыздыгы менен атагы чыккан Коринф шаарында жашаган ишенимдештерине жазган катында азгырык менен күнөөнүн күчтүүлүгүн айтып, орундуу эскертүү берген. «Ким өзүн туруп турам деп ойлосо, кулап кетпесин үчүн сак болсун. Силерге бардык адамдардын башынан өткөн сыноолор туш келди, башка сыноолор эмес; бирок Кудай ишенимдүү, Ал силерге алыңар жетпей турган сыноо жибербейт, бирок сыналып кеткен учурда силер чыдай ала тургандай кылып, чыгыш жолун да берет»,— деген ал (1 Коринфтиктер 10:12, 13, «Инжил»). Мектептен, жумуштан же дагы башка жерлерден жаш-карыбыз, аял-эркегибиз дебей, көп сыноого кабылабыз. Ошол себептүү Павелдин айткандарын талдап, анын биз үчүн кандай мааниси бар экенин көрөлү.
-
-
Адамдык алсыздыкты жеңүүКүзөт мунарасы—2001 | апрель 1
-
-
7. Башкалардын азгырыктарга туруштук бериши эмне үчүн бизди жубатат?
7 Павелдин: «Силерге бардык адамдардын башынан өткөн сыноолор туш келди, башка сыноолор эмес»,— деген сөздөрүнөн биз кандай гана жубануу алабыз! (1 Коринфтиктер 10:13, «Инжил»). Ал эми расул Пётр мындай деп жазган: «Бекем ишенимиңер менен ага [Шайтанга] такаат тургула, ушундай эле азаптарды дүйнөдөгү бурадарларыңар да тартып жатканын билгиле» (1 Пётр 5:9). Ооба, биздин ишенимдештерибиз сыноолорго кабылышканда Кудайдын жардамы менен туруштук берип жатышат. Демек, туруштук берүү биздин колубуздан да келет. Биз Ыйсанын чыныгы жолдоочулары болгондуктан жана бузуку дүйнөдө жашап жаткандыктан, баарыбыз эртели-кеч сыноого кабыларыбыз турган иш. Адамдык алсыздыкты жана күнөө жасоо азгырыгын жеңүү мүмкүн экенине эмнеден улам ишенүүгө болот?
-