«Азгырылып кетпеш үчүн...»
Азгырылып кетпеш үчүн сергек болгула жана сыйынгыла» (Матай 26:41).
КУДАЙДЫН УУЛУ Ыйса Машайак буга чейин мынчалык катуу кысымга дуушар болгон эмес эле. Анын жердеги кызматы аяктап бараткан. Ыйса жакында камакка алынып, өлүм жазасына тартыларын жана кыйноо мамысына кадаларын билген. Ал чыгарган ар бир чечими менен кылган иши Атасынын атына таасир этерин, ошондой эле өзүнөн адамзаттын келечеги да көзкаранды экенин түшүнүп турган. Ушундай оор абалда ал эмне кылган?
2 Ыйса шакирттери менен Гетсемани багына барат. Ал ошол жерде болууну жакшы көрөр эле. Аяктан шакирттеринен бир аз аралыкка обочолонуп, асмандагы Атасына үч ирет жалындуу тиленип күч сурайт. Ыйса жеткилең болсо да сыноону өз күчүм менен көтөрө алам деп эсептеген эмес (Матай 26:36—44).
3 Бүгүн бизге да кысым көрсөтүлүүдө. Ушул китепченин алгачкы бөлүктөрүндө азыркы каардуу дүйнөнүн акыркы күндөрүндө жашап жатканыбызды көрсөткөн далилдерди карап чыкканбыз. Шайтандын дүйнөсүндө стресске дуушар кылган нерселер жана азгырыктар барган сайын күч алууда. Чыныгы Кудайдын кызматчыларынын иш-аракеттери менен чыгарган чечимдери Кудайдын ысмына жана өздөрүнүн жаңы заманда жашоого болгон үмүтүнө абдан таасир этет. Биз Жахабаны сүйөбүз жана өмүрүбүздүн же бул түзүлүштүн акырына чейин «чыдагыбыз» келет (Матай 24:13). Мындан ары да убакыттын аз калганын сезип сергек бойдон калышыбызга эмне жардам берет?
4 Ыйса жолдоочуларынын баарына — алгачкыларына да, акыркы убактарда жашай тургандарына да — кысым көрсөтүлөрүн билгендиктен: «Азгырылып кетпеш үчүн сергек болгула жана сыйынгыла [«тиленгиле», СК]»,— деп чакырган (Матай 26:41). Бул сөздөр биз үчүн эмнени билдирет? Кандай азгырыктарга кабылуудабыз жана «сергек болууга» эмне жардам берет?
Кандай азгырык?
5 Баарыбыз күн сайын «Шайтандын торуна» түшүп калуу коркунучуна дуушар болобуз (2 Тиметейге 2:26). Ыйык Китепте Шайтандын биринчи кезекте Жахабанын кызматчыларына кол салары эскертилет (1 Петир 5:8; Аян 12:12, 17). Анын максаты кандай? Сөзсүз эле бизди өлтүрүү эмес. Эгер Кудайдын алдында берилгендигибизди сактап өлсөк, Шайтан жеңишке жеткен болбойт. Анткени ал Жахабанын убагы келгенде өлгөндөрдү тирилтерин билет (Лука 20:37, 38).
6 Шайтан өмүрүбүздөн да баалуу болгон нерсени — Кудай алдындагы актыгыбыздан тайдырууну — каалайт. Ал бизди Жахабадан баш тарттыра аларын далилдөө үчүн болгон күчүн жумшоодо. Андыктан жакшы кабар айтуубузду токтотуунун же Кудайдын жүрүм-турумга байланыштуу нормаларын буздуруунун аркасында Жахабага болгон берилгендигибизден тайдыра алса, Шайтан үчүн бул чыныгы жеңиш болот! (Эфестиктерге 6:11—13). «Азгыруучунун» бизди азгырууга аракет кылып жатканынын себеби ушунда (Матай 4:3).
7 Шайтандын «айла-амалдары» ар түрдүү (Эфестиктерге 6:11). Ал бизди дүнүйөкордук, коркоктук, шектенүү жана ыракатка умтулуу сыяктуу нерселер аркылуу азгырышы мүмкүн. Бирок анын өзгөчө натыйжалуу ыкмаларынын бири — көңүлдү чөктүрүү. Шайтан мындай сезим бизди анын кысымына туруштук бере албагыдай деңгээлде алсырата аларын билет (Накыл сөздөр 24:10). Ошондуктан ал айрыкча эмоциялык жактан «кыйналып жатканыбызда» багындырууга аракет кылат (Забур 37:9).
8 Акыркы күндөр аяктап бараткандыктан, көңүл чөгөттүккө алпаруучу себептер көбөйгөндөн көбөйүүдө. Кээде бир нерседен улам биздин да ындыныбыз өчүшү ыктымал. («Көңүл чөгөрөрлүк айрым себептер» деген кутучаны карагыла). Кандай себептен улам көңүлүбүз чөкпөсүн, андай учурда шайыбыз кетиши мүмкүн. Ал эми денелик жана эмоциялык жактан ушундай абалга дуушарланган болсоңор, Ыйык Китепти изилдөө, жыйналыш жолугушууларына баруу, кызматка катышуу сыяктуу рухий иштер үчүн «убакытты пайдалана билүү» кыйын болуп калышы ыктымал (Эфестиктерге 5:15, 16). Шайтан силерди багындырууну каалаарын эсиңерден чыгарбагыла. Азыр жүрүштү басаңдатып, өзгөчө мезгилде жашап жатканыбызды эстен чыгара турган убак эмес! (Лука 21:34—36). Канткенде азгырыкка алдырбай сергек бойдон кала алабыз? Бул жагынан жардам берерлик төрт кеңешти карап көрөлү.
Тынымсыз тиленгиле
9 Тиленүү аркылуу Жахабага таянгыла. Ыйса Гетсемани багында кандай үлгү калтырганын эстейли. Эмоциялык жактан кыйналганда ал эмне кылды эле? Жахабага жардам сурап ушунчалык жалбаргандыктан, анын «тери кандын тамчысына окшоп жерге тамган» (Лука 22:44). Ушул тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Ыйса Шайтанды абдан жакшы билген. Ал асмандан Кудайдын кызматчыларын торго түшүрүү үчүн Шайтан кандай азгырыктарды колдонгонун көргөн. Ошентсе да ал «Азгыруучунун» сыноолоруна туруштук берүү жеңил деп эсептеген эмес. Эгер Кудайдын жеткилең Уулу андан күч жана жардам суроого муктаж болсо, анда биз андан бетер муктаж эмеспизби?! (1 Петир 2:21).
10 Шакирттерин тынымсыз тиленүүгө чакырган соң Ыйсанын: «Рух сергек, дене алсыз»,— деп да айтканын эстесеңер (Матай 26:41). Ал кимдин денеси тууралуу айткан? Албетте, өзүнүкү тууралуу эмес, анткени анын жеткилең адамдык денесинин эч кандай алсыз жагы болгон эмес (1 Петир 2:22). Бирок шакирттери менен иштин жөнү бөлөкчө болчу. Адамдарга жеткилеңсиздик менен күнөө тукум кууп өткөндүктөн, алар азгырыкка алдырбаш үчүн жардамга өзгөчө муктаж болушкан (Римдиктерге 7:21—24). Ошондуктан Ыйса аларды жана бардык жолдоочуларын азгырыктарга кабылганда жардам сурап тиленүүгө чакырган (Матай 6:13). Жахаба андай тиленүүлөргө жооп берет (Забур 64:3). Кантип? Бери дегенде эле, эки жол менен.
11 Биринчиден, Кудай азгырыкты таанып-билүүгө жардам берет. Шайтандын азгырыктары караңгы жерге жайылган тордой. Эгер аны көрбөсөңөр, ага түшүп каласыңар. Ыйык Китеп жана ага негизделген адабияттар аркылуу Жахаба Шайтандын тору кандай болорун көрсөтүп, азгырылбашыбызга жардам берет. Көп жылдардан бери бизге адабияттар, облустук жана райондук жыйындар аркылуу Шайтандын адамдан коркуу, адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүү, дүнүйөкордук өңдүү ар кыл азгырыктары тууралуу эскертүүлөр берилип келүүдө (Накыл сөздөр 29:25; 1 Корунттуктарга 10:8—11; 1 Тиметейге 6:9, 10). Шайтандын арам ойлорун ачып берип жатканы үчүн Жахабага ыраазы эмеспизби? (2 Корунттуктарга 2:11). Ушундай эскертүүлөрдүн бардыгы азгырыктарга туруштук берүүгө байланыштуу тиленүүлөрүбүзгө жооп болуп эсептелет.
12 Экинчиден, Жахаба азгырыкка алдырбоого күч берүү менен да тиленүүлөрүбүзгө жооп берет. Анын Сөзүндө: «Кудай... силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— деп айтылат (1 Корунттуктарга 10:13). Эгер ар дайым Кудайга таянсак, ал сыноолорду көтөрүүгө рухий күчүбүз калбай калышына эч качан жол бербейт. Жахаба «чыгуу жолун» кандайча берет? Ал «Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет» (Лука 11:13). Ыйык рух болсо андан ары да туура иш кылууга күч берерлик ыйык китептик принциптерди эстөөгө жана акылдуу чечим чыгарууга көмөк кылат (Жакан 14:26; Жакып 1:5, 6). Ал натуура нерселерди кылууга болгон жакындыгыбызды жеңүүгө зарыл сапаттарды өстүрүүгө да жардам берет (Галаттыктарга 5:22, 23). Ошондой эле ишенимдештерибизге бизге «жөлөк» болууга түрткү бере алат (Колостуктарга 4:11, «ЖД»). Жардам сурап тиленгенибизде, дайыма ушунчалык мээримдүүлүк менен жооп берген Жахабага ыраазы эмессиңерби?
Күткөн нерселериңер реалдуу болсун
13 Сергек бойдон калышыбыз үчүн, күткөн нерселерибиз реалдуу болушу керек. Баарыбыз эле жашоодогу кыйынчылыктардан улам кээде алсырашыбыз ыктымал. Бирок Кудайдын азыркы дүйнөдө телегейи тегиз жашоо убадалабаганын унутпашыбыз абзел. Байыркы убактарда да Кудайдын кызматчылары оору, куугунтук, жакырчылык, депрессия сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды баштарынан кечиришкен (Элчилер 8:1; 2 Корунттуктарга 8:1, 2; 1 Тесалоникалыктарга 5:14; 1 Тиметейге 5:23).
14 Азыр биз да кыйынчылыктарга кездешебиз. Мисалы, куугунтукталышыбыз, акча жагынан кыйналышыбыз, депрессиядан же башка оорудан же дагы бөлөк себептерден улам азап тартышыбыз мүмкүн. Эгер Жахаба бизди ушундай кыйынчылыктардын баарынан керемет жолу менен коргой берсе, анда бул Шайтанга аны жамантылаганга себеп бермек (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»). Жахаба кызматчыларынын түрдүү азгырыктарга кабылып сыналышына, айрым учурда атүгүл куугунтуктоочулардын колунан өлүшүнө жол берет (Жакан 16:2).
15 Анда Жахаба бизге эмнени убадалайт? Буга чейин айтылып өткөндөй, ага толугу менен таянгандарга бардык азгырыктарга туруштук берүүгө жардам берүүнү убадалайт (Накыл сөздөр 3:5, 6). Ал өзүнүн Сөзү, ыйык руху жана уюму аркылуу бизди рухий жактан коргоп, аны менен болгон мамилебизди сактоого жардам берип келүүдө. Аны менен тыгыз мамиледе болсок, өмүрүбүздөн айрылган күндө да жеңүүчү болобуз. Ишенимдүү кызматчыларын «тиешелүүсүн берүү» менен алкоого Кудайга эч нерсе, жадагалса өлүм да тоскоолдук кыла албайт (Эврейлерге 11:6). Ал эми жакында орной турган жаңы заманда Жахаба өзүн сүйгөндөргө убадалаган эң сонун баталарын сөзсүз берет (Забур 144:16).
Талаш суроо тууралуу унутпагыла
16 Акырына чейин чыдоо үчүн, Кудайдын жамандыкка кандай маанилүү себептер менен жол берип жатканын унутпашыбыз керек. Кыйынчылыктарга андан ары чыдоого мүмкүн эместей сезилген учурларда Шайтандын Жахабанын Эгедер болууга укуктуулугуна шек туудурганын эстегенибиз дурус. Ал Кудайдын кызматчыларынын берилгендиги менен актыгына да шек туудурууда (Аюб 1:8—11; 2:3, 4). Бул талаш суроолор жана Жахабанын аларды чечүү үчүн тандаган жолу биздин өмүрүбүздөн алда канча маанилүү. Кандай мааниде?
17 Кудай жамандыкка убактылуу жол берип жаткандыктан, адамдарда чындыкты билүүгө убакыт бар. Ойлоп көрсөңөр, Ыйса биздин өмүр алышыбыз үчүн азап чеккен (Жакан 3:16). Бул үчүн ыраазы эмеспизби? Анда дагы башка адамдар чындыкты таанып, куткарылышы үчүн, кыйынчылыктарга дагы бир аз убак чыдап коюуга даяр эмеспизби? Акырына чейин чыдоо үчүн, Жахаба бизден алда канча акылман экенин түшүнүшүбүз керек (Ышайа 55:9). Жахаба жамандыкты талаш суроону биротоло чечүүгө эң эле ылайыктуу учурда жоюу менен биздин түбөлүк жыргалчылыгыбызга өбөлгө түзөт. Жахаба башкача иш-аракет кылышы мүмкүнбү? Жок, анткени ал адилетсиз Кудай эмес! (Римдиктерге 9:14—24).
«Кудайга жакындагыла»
18 Убакыттын аз калганын эстен чыгарбоо үчүн, Жахаба менен тыгыз мамиледе болушубуз зарыл. Аны менен болгон мамилебизди бузуу үчүн Шайтан колунан келгендин бардыгын кылууга даяр экенин унутпайлы. Ал азыркы дүйнөнүн акыры такыр келбейт дегенге, ошондой эле кабар айтуунун жана ыйык китептик принциптерге ылайык жашоонун эч мааниси жок дегенге ишенишибизди каалайт. Бирок ал — «жалганчы жана жалгандын атасы» (Жакан 8:44). Ошондуктан «Шайтанга каршы турууга» бел байлашыбыз керек. Жахаба менен болгон мамилебизди анча деле маанилүү эмес нерседей көрбөшүбүз абзел. Ыйык Китепте сүйүү менен айтылган: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деген чакырык бар (Жакып 4:7, 8). Канткенде Жахабага жакындай аласыңар?
19 Тиленүү менен ой жүгүртүү абдан маанилүү. Кыйынчылыктарга кабылганыңарда Жахабага жалындуу тиленгиле. Канчалык конкреттүү тиленсеңер, Жахабанын берген жообун ошончолук айкын көрөсүңөр. Жооп бардык учурда эле биз күткөндөй боло бербейт, бирок Жахабаны даңктоону жана анын алдында актыгыңарды сактоону кааласаңар, ал чыдай алышыңар үчүн зарыл болгон нерселердин баарын берет (1 Жакан 5:14). Анын жашооңордо жетекчилик берип жатканын көрүп ага мурункудан да көбүрөөк жакындайсыңар. Мындан сырткары, Ыйык Китепти окуу, Жахабанын сапаттары менен жолдору тууралуу ой жүгүртүү да маанилүү. Андай ой жүгүртүү Кудайды жакшыраак таанып-билүүгө жардам берет да, жүрөгүңөргө таасир этип, Жахабага болгон сүйүүңөрдү арттырат (Забур 18:15). Дал ошол сүйүү азгырыкка алдырбай сергек бойдон калууга башка нерселердин баарынан жакшы жардам берет (1 Жакан 5:3).
20 Жахаба менен болгон жакшы мамилебизди сактоо үчүн ишенимдештерибиз менен да жакын мамиледе болушубуз керек. Бул ушул китепченин акыркы бөлүгүндө талкууланат.
ИЗИЛДӨӨ ҮЧҮН СУРООЛОР
• Ыйса жердеги кызматы аяктап баратканда дуушар болгон оор абалда эмне кылган жана шакирттерин эмне кылууга чакырган? (1—4-абз.).
• Шайтан Жахабанын кызматчыларына кандай максатта кол салат жана ал бизди кандай жолдор менен азгырат? (5—8-абз.).
• Азгырылбаш үчүн эмне себептен тынымсыз тиленишибиз (9—12-абз.), күткөн нерселерибиз реалдуу болушу (13—15-абз.), талаш суроо тууралуу унутпашыбыз (16, 17-абз.) жана «Кудайга жакындашыбыз» керек? (18—20-абз.).
[25-беттеги кутуча]
Көңүл чөгөрөрлүк айрым себептер
Денсоолук/карылык. Өнөкөт оорунун же карылыктын айынан Кудайга ойдогудай кызмат кыла албагандыктан ындыныбыз өчүшү мүмкүн (Эврейлерге 6:10).
Көңүл кайттык. Кудай Сөзүндөгү жакшы кабарга адамдардын көпчүлүгү кошкөңүл карашканда, капаланышыбыз мүмкүн (Накыл сөздөр 13:12).
Өзүн эч нерсеге татыксыз сезүү. Көп жылдардан бери жаман мамиле көрүп келген адам өзүн эч ким, атүгүл Жахаба да сүйбөйт деп ойлошу мүмкүн (1 Жакан 3:19, 20).
Ыза болуу. Адам ишенимдешине таарынганынан улам жыйналыш жолугушууларына барбай жана кабарга чыкпай калышы ыктымал (Лука 17:1).
Куугунтук. Башка диндегилер сага каршы болуп, куугунтукташы же шылдыңдашы мүмкүн (2 Тиметейге 3:12; 2 Петир 3:3, 4).
[26-беттеги сүрөт]
Ыйса азгырыктар менен күрөшүүдө тынымсыз тиленүүгө чакырган.