23-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
«Сак болгула, кимдир бирөө... силерди тузакка түшүрүп албасын»!
«Сак болгула, кимдир бирөө... адамдар чыгарган салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын» (КОЛ. 2:8).
96-ЫР: Кудайдын Сөзү — асыл кенч
БУЛ МАКАЛАДАa
1. Колосалыктар 2:4, 8ге ылайык, Шайтан акылыбызды туткундоого кантип аракет кылат?
ШАЙТАН биздин Жахабага каршы иш кылышыбызды каалайт. Максатына жетиш үчүн ал ой жүгүртүүбүзгө таасир этүүгө, каймана мааниде айтканда, акылыбызды туткундап, өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылат. Ошондой эле бизди ага жаккандай иш кылуу туура экенине ынандырыш үчүн же азгырыш үчүн каалоолорубузду колдонот. (Окугула: Колосалыктар 2:4, 8.)
2, 3. а) Колосалыктар 2:8деги эскертүүгө эмне үчүн кулак кагышыбыз керек? б) Бул макалада эмнелер каралат?
2 Биз да Шайтанга алданып калышыбыз мүмкүнбү? Албетте! Пабылдын Колосалыктар 2:8деги эскертүүнү Исанын жолдоочусу болбогондорго эмес, ыйык рух менен майланган ишенимдештерине жазганын унутпайлы (Кол. 1:2, 5). Кудайдын ал кызматчылары Шайтандын торуна түшүп калуу коркунучу алдында турган. Бүгүнкү күндө бизге андан да чоң коркунуч туулууда (1 Кор. 10:12). Эмне үчүн? Шайтан жерге кулатылгандан бери Кудайдын берилген кызматчыларын адаштырууга мурункудан да көп күч жумшоодо (Аян 12:9, 12, 17). Андан тышкары, биз кара өзгөй адамдар менен алдамчылар барган сайын «бузулуп бараткан» мезгилде жашап жатабыз (2 Тим. 3:1, 13).
3 Бул макалада Шайтандын ой жүгүртүүбүзгө таасир этиш үчүн «курулай калпты» кантип колдонорун талкуулайбыз. Ошондой эле анын айла-амалдарынын үчөөнө токтолобуз (Эф. 6:11). Кийинки макалада болсо акылыбызды Шайтандын тийгизген терс таасирлеринен кантип тазалай аларыбызды билебиз. Бирок, келгиле, адегенде Шайтандын Убадаланган жерге кирген ысрайылдыктарды кантип адаштырганын жана ал жөнүндөгү билдирүүдөн эмнелерди билсек болорун карап чыгалы.
ЖАЛГАН КУДАЙГА СЫЙЫНУУГА АЗГЫРЫЛЫШКАН
4—6. Мыйзам 11:10—15-аяттардан көрүнүп тургандай, Убадаланган жерге киргенден кийин ысрайылдыктар жер иштетүү жагынан кандай өзгөрүүлөрдү кылышы керек болгон?
4 Шайтан амалкөйлүк менен ысрайылдыктарды жалган кудайга сыйынууга азгырган. Кантип? Ал ысрайылдыктардын тамак-ашка болгон муктаждыгын өзүнүн максатын ишке ашыруу үчүн пайдаланган. Убадаланган жерге киргенден кийин ысрайыл эли жер иштетүүдө башка ыкмаларды колдонушу керек болгон. Мисирде жүргөндө алар жерин Нил дарыясынын суусу менен сугарышчу. Ал эми Убадаланган жерде чоң дарыялар жок болгондуктан, жер жамгырдын суусу жана шүүдүрүм менен сугарылчу. (Окугула: Мыйзам 11:10—15; Ыш. 18:4, 5.) Ошондуктан ысрайыл элине дыйканчылыктын жаңы жолдорун өздөштүрүүгө туура келген. Бул оңойго турмак эмес. Себеби жер иштетүү жагынан тажрыйбасы барлардын көбү чөлдө өлгөн.
Шайтан ысрайылдыктардын ой жүгүртүүсүн кантип бурмалаган? (4—6-абзацтарды карагыла)b
5 Жахаба элине алардын жагдайы өзгөргөнүн түшүндүргөндөн кийин, бир караганда, дыйканчылык менен эч кандай байланышы жок төмөнкүдөй эскертүү берген: «Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып кетпесин. Менден четтеп, башка кудайларга таазим кылып, аларга сыйынып кетпегиле» (Мыйз. 11:16, 17). Эмне үчүн Жахаба жер иштетүү жөнүндө айтып жатып жалган кудайларга сыйынуудан сак болууга үндөгөн?
6 Ал ысрайылдыктардын башка кудайларга сыйынган кошуна элдерден жер иштетүү боюнча айрым нерселерди үйрөнүүгө азгырыларын билген. Себеби кошуна жашаган ал элдер айыл чарба иштерин жүргүзүүдө бир топ тажрыйбалуу болушкан жана ысрайылдыктар алардан пайдалуу нерселерди үйрөнө алышмак. Анткен менен мунун коркунучтуу жагы да болгон. Канаан жериндеги дыйкандар Баалга сыйынгандыктан, алардын көз карашы ошого жараша калыптанган болчу. Алар Баалды асмандын кожоюну деп эсептешчү жана жамгырды ошол жаадырат деп ишенишчү. Жахаба өзүнүн элинин ошондой жалган нерселерге алданып калышын каалаган эмес. Бирок, өкүнүчтүүсү, ысрайылдыктар тарых бою кайра-кайра Баалга сыйына беришкен (Сан. 25:3, 5; Бий. 2:13; 1 Пад. 18:18). Анда эмесе, Шайтандын ысрайыл элин тузакка кантип түшүргөнүнө көңүл буралы.
ШАЙТАНДЫН ЫСРАЙЫЛДЫКТАРДЫ ТУЗАККА ТҮШҮРҮҮ ҮЧҮН КОЛДОНГОН ҮЧ ЫКМАСЫ
7. Убадаланган жерге киргенде ысрайылдыктардын ишеними кантип сыналган?
7 Шайтандын биринчи ыкмасы тууралуу айта турган болсок, ал ысрайылдыктардын кадимки каалоосун колдонгон. Алар жер сугарылышы үчүн жамгырдын жаашын эңсеген. Убадаланган жерде апрелдин аяк ченинен сентябрга чейин жаан-чачын аз болчу. Элдин тиричилиги жана түшүмдүн канчалык көп болору октябрдан тартып жааган жамгырдан көз каранды болгон. Шайтан ысрайылдыктарды жалган кудайларга сыйынган кошуна элдердин каада-салттарын аткарышса, жеринен мол түшүм аларына ишендирген. Канаан жериндегилер, кудайлары жаан жаадырышы үчүн, белгилүү бир диний расмилерди кылышыбыз керек деп эсептешчү. Жахабага толук таянбагандар муну адаттагыдан узагыраак убакытка созулган кургакчылыкты токтотуунун бирден бир жолу деп ойлоп, Баалга арналган каадаларга катышчу.
8. Шайтан колдонгон экинчи ыкма кайсы? Түшүндүргүлө.
8 Шайтан ысрайылдыктарды кылтагына түшүрүш үчүн дагы бир ыкманы колдонгон. Ал аларды ыпылас каалоолоруна жетеленүүгө азгырган. Бутпарас элдер кудайларына сыйынганда жийиркеничтүү адеп-ахлаксыз иштерди кылышчу. Ибадатканаларда аялдардын сойкулук кылганы жана эркектердин бузуктук кылганы алардын сыйынуусунун бир бөлүгү болгон. Ал элдер гомосексуализм жана башка адеп-ахлаксыз иштерге жол бермек турсун, аларды туура нерседей көрүшкөн (Мыйз. 23:17, 18; 1 Пад. 14:24). Алар диний каадаларды аткаруу менен кудайларыбызга жерибиздин түшүмүн мол кылууга түрткү беребиз деп ойлошкон. Көптөгөн ысрайылдыктар бутпарас элдердин адеп-ахлаксыздык менен коштолгон ошондой каада-салттарын жакшы көрүп, натыйжада жалган кудайларга сыйынып кетишкен. Ошентип, Шайтандын кылтагына түшүп калышкан.
9. Ошуя 2:16, 17ден көрүнгөндөй, Шайтан ысрайылдыктардын Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүн бурмалоого кантип аракет кылган?
9 Шайтан ысрайылдыктарды өзүнө баш ийдириш үчүн үчүнчү ыкманы колдонгон, тактап айтканда, алардын Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүн бурмалаган. Жеремия пайгамбардын күндөрүндө Жахаба жалган пайгамбарлардын элди адаштырып, «Баалдын айынан» анын ысымын унуттуруп салышканын айткан (Жер. 23:27). Кудайдын эли, кыязы, Жахабанын ысымынын ордуна «кожоюн» дегенди билдирген «Баал» деген ысымды колдонуп калышкан. Бул алардын Жахаба менен Баалдын айырмасын билбей калышына, Баалга сыйынууну Жахабага сыйынуу менен аралаштырып салышына алып келген көрүнөт. (Окугула: Ошуя 2:16, 17 жана шилтемеси.)
АЗЫРКЫ КҮНДӨГҮ ЫКМАЛАРЫ
10. Шайтан бүгүнкү күндө кандай ыкмаларды колдонот?
10 Шайтандын ыкмалары андан бери өзгөргөн жок. Ал адамдарды тузагына түшүрүү үчүн азыр да алардын табигый каалоолорун, жыныстык адеп-ахлаксыздыкты колдонот. Ошондой эле Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүн бурмалоого аракет кылат. Келгиле, адегенде анын ушул ыкмасына токтололу.
11. Шайтан адамдардын Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүн кантип бурмалоодо?
11 Шайтан адамдардын Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүн бурмалайт. Элчилердин көзү өткөндөн кийин, өздөрүн Исанын жолдоочусубуз деп ырастагандардын айрымдары жалган окууларды тарата башташкан (Элч. 20:29, 30; 2 Тес. 2:3). Чындыктан четтеген ал адамдар жалгыз чыныгы Кудай жөнүндөгү түшүнүктү бурмалай башташкан. Мисалы, Ыйык Китептин өздөрү жасаган көчүрмөлөрүнөн Кудайдын ысмын алып салып, ордуна «Теңир» деген сыяктуу наамдарды колдонушкан. Бул Ыйык Китепти окугандардын Жахабанын ысмын жана анын башка кудайлардан болгон айырмачылыгын билбей калышына алып келген (1 Кор. 8:5). Ошондой эле «Теңир» деген наамды Жахабага да, Исага да колдонушкандыктан, көптөр экөөнүн эки башка экенин түшүнүшпөйт (Жкн. 17:3). Бул Ыйык Китепке каршы келген Үчилтик окуусунун келип чыгышына себеп болгон. Натыйжада көп адамдар Кудайды таанып-билүү мүмкүн эмес деген карандай калпка ишенип калышкан. Кандай гана өкүнүчтүү! (Элч. 17:27).
Шайтан жалган дин аркылуу адамдарды адеп-ахлаксыздыкка кантип түртүүдө? (12-абзацты карагыла)c
12. Жалган дин эмнеге үндөйт жана Римдиктер 1:28—31-аяттарда түшүндүрүлгөндөй, анын кесепети кандай болот?
12 Шайтан адамдарды ыпылас каалоолоруна жетеленүүгө үндөйт. Байыркы учурда Шайтан жалган динди колдонуп, адамдарды адеп-ахлаксыздыктын сазына белчесинен батырган. Ал бүгүн деле ошондой кылууда. Жалган дин адеп-ахлаксыз иштерге жол берип эле койбостон, аларды туура нерседей көрсөтүүдө. Ошол себептен Кудайга сыйынабыз деп ырастагандардын көбү анын бийик адеп-ахлак нормаларын четке кагууда. Жалган диндин ыпылас иштерге үндөгөнүнүн кесепети тууралуу элчи Пабыл римдиктерге жолдогон катында жазган. (Окугула: Римдиктер 1:28—31.) Ал айткан «жаман иштерге» жыныстык адеп-ахлаксыздыктын бардык түрү, анын ичинде гомосексуализм да кирет (Рим. 1:24—27, 32; Аян 2:20). Андыктан Ыйык Китептеги айкын-так окууларга бек карманып жашаганыбыз кандай гана маанилүү!
13. Шайтан дагы кандай ыкманы колдонот?
13 Шайтан кадимки эле каалоолорубузду колдонот. Баарыбыз эле өзүбүздү же үй-бүлөбүздү жашоого зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн керектүү жөндөмдөрдү өздөштүрүүнү каалайбыз (1 Тим. 5:8). Ан үчүн көп учурда мектептен жакшы билим алганга аракет кылабыз. Бирок бир нерседен сак болушубуз керек. Көп өлкөлөрдөгү мектептерде пайдалуу нерселер үйрөтүлгөндөн сырткары, адамдык ой толгоолор да окутулат. Маселен, мугалимдер окуучуларга Кудайдын бар экенине шек туудурган, Ыйык Китептин баалуулугун төмөндөткөн ойлорду таңуулашат. Ошондой эле илимдүү-билимдүү адамдардын баары тиричиликтин эволюция жолу менен пайда болгонуна ишенерин айтышат (Рим. 1:21—23). Мындай окуулар «Кудайдын акылмандыгына» каршы келет (1 Кор. 1:19—21; 3:18—20).
14. Дүйнөнүн акылмандыгы эмнеге үндөйт?
14 Дүйнөнүн акылмандыгы Жахабанын адил нормаларын баркка албоого, атүгүл аларды четке кагууга үйрөтөт. Ал Кудайдын ыйык рухунун жемишине кирген сапаттарды өрчүтүүгө эмес, «дененин иштерин» аткарууга түртөт (Гал. 5:19—23). Ошондой эле менменсингендикке, текебердикке үндөгөндүктөн, анын таасирине алдыргандар «өзүн өзү сүйгөн» адамдар болушат (2 Тим. 3:2—4). Мындай сапаттар Кудайдын кызматчылары чагылдырышы керек болгон жумшактыкка, момундукка таптакыр каршы келет (2 Шем. 22:28). Бир убакта жогорку билимге умтулган айрым бир туугандар ой жүгүртүүсү Кудайдыкына эмес, адамдардын философиясына ылайык калыптана баштаганын байкашкан. Буга байланыштуу бир эле мисалга токтололу.
Ой жүгүртүүбүз кандайча адамдык ой толгоолорго сугарылып калышы мүмкүн? (14—16-абзацтарды карагыла)d
15, 16. Бир ишенимдешибиздин окуясынан эмнени үйрөндүңөр?
15 Толук убакыт кызмат кылып жатканына 15 жылдан ашкан бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Чөмүлгөндөн бери жогорку билим алууга умтулуунун коркунучтары жөнүндө көп эле окуп, угуп жүрчүмүн. Бирок андай эскертүүлөргө кулак какчу эмесмин. Ал кеңештер мага тиешелүү эмес деп ойлочумун». Кийин ал кандай кыйынчылыкка кабылган? Ишенимдешибиз сөзүн мындай деп улайт: «Окуум убактымдын, күчүмдүн көбүн алгандыктан, Жахабадан мурункудай бат-бат тиленбей калгам. Суй жыгыла чарчагандыктан кызматтан башкалар менен Ыйык Китептин негизинде көп талкуу жүргүзбөй, жыйналышка да жакшы даярданбай калгам. Бактыга жараша, бир күнү жогорку билимге баш-отум менен берилип баратканым Жахаба менен болгон мамилеме терс таасир этип жатканын түшүндүм. Мен окуумду ташташым керектигин билчүмүн. Ошентип, аны таштадым».
16 Жогорку билим анын ой жүгүртүүсүнө кандай таасир эткен? Ал мындай дейт: «Алган билимимден улам башкаларды, өзгөчө, ишенимдештеримди сындап, алардан өтө эле көптү талап кылып, обочолоно баштагам. Андай терс көз караштан арылганга бир топ убакыт талап кылынды. Ошол ачуу тажрыйбамдан асмандагы Атабыздын өзүнүн уюму аркылуу берген эскертүүлөрүнө кулак какпоо канчалык залакалуу болорун түшүндүм. Жахаба мени өзүмө караганда жакшыраак билчү экен. Убагында анын тилин алсам кана!»
17. а) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек? б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?
17 Шайтандын дүйнөсү үгүттөгөн «философия менен курулай калпка» ишенип, тузакка түшүп калбоого чечкиндүү болушубуз керек. Мындан ары да Шайтандын ыкмаларын четке кага берели (1 Кор. 3:18; 2 Кор. 2:11). Анын Жахаба жөнүндөгү түшүнүгүбүздү бурмалашына эч качан жол бербейли. Дайыма Жахабанын бийик адеп-ахлак нормаларына бек карманалы. Шайтанга алданып, Жахаба берген кеңештерге кулак салбай калуудан сак бололу. Бирок бул дүйнөнүн ой жүгүртүүсү таасир этип койгон болсо, эмне кылышыбыз керек? Кийинки макалада талкуулай турганыбыздай, Кудайдын Сөзү атүгүл бекем чептей сезилген ойлор менен адаттарды да «талкалай» алат (2 Кор. 10:4, 5).
49-ЫР: Жахабанын жүрөгүн кубанталы
a Шайтан адамдарды адаштырууга маш. Ал анын тузагына түшүп калган көптөгөн адамдарды амалкөйлүк менен ишендирип койгондуктан, алар өздөрүн эркинбиз деп ойлошот. Бул макалада Шайтандын адамдарды адаштыруу үчүн колдонгон бир нече ыкмасын талкуулайбыз.
b СҮРӨТ. Канаандыктар менен мамилелешкен ысрайылдыктар Баалга сыйынууга жана адеп-ахлаксыз иштерге азгырылууда.
c СҮРӨТ. Жарнама тактасындагы түстөрдөн чиркөөнүн гомосексуализмге үндөөрү көрүнүп турат.
d СҮРӨТ. Жаш ишенимдешибиз жогорку окуу жайынан билим алууда. Ал жана аны менен чогуу окугандар адамзаттын бүт көйгөйүн илим менен технология чечерин айтып жаткан мугалимин кунт коюп угуп отурушат. Ал эми Падышалык залында ал ишенимдешибиз айтылгандарга көп кызыкпай, башкаларды сындап отурат.