Ыйса Машайык менен жүргүлө
«Ошондуктан, Теңир Ыйса Христосту кандай кабыл алсаңар, ошондой Анда [«Аны менен», ЖД] жүрө бергиле» (КОЛОССАДАГЫЛАР 2:6).
1, 2. а) Ыйык Китепте Иегованын ишенимдүү кызматчысы Енохтун өмүр жолу кандайча баяндалат? б) Колоссадагылар 2:6, 7-аяттарга ылайык, Иегова бизге аны менен жүрүүшүбүзгө кантип жардам берет?
КИЧИНЕКЕЙ уулу атасы менен басып жүргөнүнө байкоо жүргүздүңөр беле? Жаш бала атасынын ар бир кыймыл-аракетин туурайт, жүзүнөн кубанычтын нуру тамат; анын басып жүрүшүнө атасы жардам берет, атасынын да сүйүү менен кубанычка батканы көрүнүп турат. Так ушу салыштырууну Иегова ага кызмат кылууга арналган жашоо жөнүндө билдирүү үчүн колдонот. Мисалы, Кудайдын Сөзүндө ишенимдүү Енохтун «Кудай алдында... жүргөнү» айтылат (1 Муса 5:24; 6:9, «Тоорат»).
2 Камкор ата өзүнүн жанында жүрүшүнө уулуна жардам бергендей эле, Иегова да бизди колдоп турат, эч ким Иегованыкынан жакшы колдоо көрсөтө алмак эмес. Иегова Өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберген. Ыйса Машайык жашоосундагы ар бир кадамын асмандагы Атасын туурап шилтеген (Иоанн 14:9, 10; Еврейлер 1:3). Демек, Кудай менен жүрүш үчүн, биз Ыйса менен жүрүшүбүз керек. Расул Павел: «Ошондуктан, Теңир Ыйса Христосту кандай кабыл алсаңар, ошондой Анда [«Аны менен», ЖД] жүрө бергиле; силер үйрөтүлгөндөй, Анын ичинде тамырлап, бекемделип, ишенимге чыңдалып, ишенимде чоң ийгиликке жетип, алкыш айткыла»,— деп жазган (Колоссадагылар 2:6, 7).
3. Колоссадагылар 2:6, 7-аятарга ылайык, Ыйса Машайык менен жүрүү чөмүлтүлгөндөн да көптү билдирет деп эмне себептен айтса болот?
3 Ыйса Машайык менен «жүрүүнү» каалап жана анын жеткилең жолун жолдоого аракеттенип, Ыйык Китепти чын жүрөктөн изилдегендер өздөрүн Кудайга арнагандыгын чөмүлтүлүү менен билдиришет (Лука 3:21; Еврейлер 10:7—9). Ушундай маанилүү кадамды 1997-жылы эле 375 000ден ашуун адам жасаган, орто эсеп менен күн сайын 1 000ден ашык адам чөмүлтүлгөн. Бул көңүл көтөргөндөй өсүш! Бирок Павелдин Колоссадагылар 2:6, 7-аяттардагы сөздөрү Ыйса Машайык менен жүрүү чөмүлтүлүүдөн да көптү билдирерин көрсөтүп турат. «Жүрүү» деп которулган грек тилиндеги этиш дайыма болуучу, үзгүлтүксүз кыймыл-аракетти билдирет. Андан ары Павел Ыйса Машайык менен жүрүү дагы төрт нерсени: Ыйса Машайыкта тамырланууну, бекемделүүнү, ишенимге чыңдалууну жана ишенимде чоң ийгиликке жетип алкыш айтууну камтый тургандыгын кошумчалайт. Келгиле, бул айтылгандардын ар бирин талкуулайлы жана Ыйса Машайык менен жүрүүнү улантууга бизге талкуулаганыбыз кандай жардам берерин карап көрөлү.
Силер Машайыкта «тамырландыңарбы»?
4. Ыйса Машайыкта «тамырлануу» деген эмнени билдирет?
4 Павел, адегенде, биз Машайыкта тамырланышыбыз керек экенин жазат. (Салыштыргыла: Матфей 13:20, 21.) Адам Машайыкта кантип тамырлана алат? Өсүмдүктүн тамыры көрүнбөсө да, ал өсүмдүктүн жашоосу үчүн абдан зарыл: тамыр өсүмдүктү жыгылбас кылат жана ага азыктанууга жардам берет. Ушу сыякту эле, Машайыктын үлгүсү жана анын окуулары акылыбыздан жана жүрөгүбүздөн орун алып, адегенде, байкалбастан таасир этет. Алар бизди бекемдеп жана азыктандырып турат. Качан Машайыктын үлгүсүнө жана анын окууларына биздин ой жүгүртүүбүзгө, иш-аракеттерибизге жана чечимибизге таасир этишине жол берсек, жашообузду Иеговага арноого каалоо пайда болот (1 Пётр 2:21).
5. Рухий тамакка болгон табитибизди кантип күчөтсөк болот?
5 Ыйса Кудайдан алган билимди баалаган. Атүгүл аны Ыйса тамак менен салыштырган (Матфей 4:4). Тоодогу насаатында Ыйса Еврей Жазмаларындагы ар башка сегиз китептен 21 жолу цитата келтирген. Ыйсанын жолун жолдоо үчүн, биз расул Пётурдун кеңешине ылайык иш кылышыбыз керек, ал: «Жаңы төрөлгөн балдар катарында, таза сөздүн уузун [рухий тамакты] сүйгүлө [«эңсегиле», «Жаңы котормо», ор.], аны менен силер куткарылууга өсүп жеткиле»,— деп чакырган (1 Пётр 2:2). Ымыркай баланын курсагы ачса, ал ачка болгондугун ачык «билдирет». Рухий тамакка болгон табитибиз азыр анча күчтүү эмес болсо, Пётрдун сөздөрү ошол табитибизди күчөтүүгө түрткү берет. Кантип күчөтүүгө? Бул боюнча Забур 33:9дагы: «Даамын татып көргүлө, Теңирдин кандай ырайымдуу экенин ошондо көрөсүңөр!» — деген принцип бизге жардам бере алат. Биз Иегованын Сөзүн — Ыйык Китепти — бир аздан болсо да күндө окуп, анын даамын татып турсак, анын бизди рухий жактан азыктандырып жана пайда алып келип жатканын көрөбүз. Рухий тамакка болгон табитибиз бара-бара күчөйт.
6. Окуганыбыздын үстүнөн ой жүгүртүшүбүз эмне үчүн маанилүү?
6 Бирок жегенибизди сиңиришибиз да маанилүү. Демек, окууганыбыздын үстүнөн ой жүгүртүшүбүз керек (Забур 76:12, 13). Мисалы, «Качандыр бир убакта жашаган эң улуу адам» деген китепти окуу, ар бир бапты окуп бүткөндөн кийин өзүбүзгө: «Окуганымдан Ыйса Машайыктын кайсы сапаттарын билдим жана жашоомдо ошол сапаттарды кантип чагылдыра алам?» — деген суроолорду бергенибизде гана, көбүрөөк пайдалуу болот. Мындай ой жүгүртүү билгенибизди колдонууга жардам берет. Кандайдыр бир чечим чыгарып жатып, өзүбүздөн: «Ыйса мындай учурда эмне кылат эле?» — деп сурасак болот. Эгерде ошону эске алуу менен чечим чыгарсак, биз чынында эле Машайыкта тамырланганыбызды көрсөтөбүз.
7. Катуу рухий тамакка кандай карашыбыз керек?
7 Павел бизди «катуу тамакты» — Кудайдын Сөзүндөгү тереңирээк чындыктарды, кабыл алууга да чакырат (Еврейлер 5:14). Адегенде, Ыйык Китепти толук окуп чыгууну алдыбызга максат кылып койсок болот. Андан кийин Ыйса Машайыктын куткаруу курмандыгы, Иегованын өз эли менен түзгөн келишимдери же Ыйык Китептеги пайгамбарлыктар деген белгилүү темаларды изилдөөгө киришүүгө болот. Көптөгөн материалдар бизге рухий «катуу тамакты» сиңирүүгө жана аны түшүнүүгө жардам берет. Мындай билимди эмне үчүн алышыбыз керек? Мактануу үчүн эмес, а Иеговага болгон сүйүүбүздү өстүрүү жана Ага жакындоо үчүн (Жакып 4:8; 1 Коринфтиктер 8:1). Эгерде ошондой билимди чын көңүлүбүз менен кабыл алсак, жашообузда колдонсок жана анын жардамы менен башкаларга көмөк көрсөтсөк, анда биз чынында эле Ыйса Машайыктан үлгү алган болобуз. Мына ушинтип биз Анда туура тамырлана алабыз.
Силер Ыйса Машайыкта «бекемделдиңерби»?
8. Ыйса Машайыкта «бекемделүү» деген эмнени билдирет?
8 Ыйса Машайык менен жүрүү үчүн андан ары эмне кылыш керек экенин көрсөтүп жатып, Павел өсүмдүк жөнүндөгү мисалдан имарат жөнүндөгү мисалга өтөт. Салынып жаткан үй жөнүндө сөз болуп жатканда, пайдубал эле эмес, а үзүрлүү эмгектенүүдөн улам пайда болгон жана «бекемделген» имарат да көз алдыга келет. Ыйсанын жолдоочуларына таандык болгон биздеги сапаттар да ошо имараттай: ал сапаттарды пайда кылуу үчүн, биз абдан көп эмгектенишибиз керек. Ошондой аракеттер, Павел Тимофейге: «Сенин ийгилигиң бардыгына анык болуш үчүн»,— деп жазгандай эле, байкалбай калбайт (1 Тимофей 4:15; Матфей 5:16). Кудайга жаккан кайсы иштер бизди «бекемдейт»?
9. а) Ыйса Машайыкты кызматыбызда туурашыбыз үчүн, алдыбызга кандай максаттарды койсок болот? б) Кызмат кылуубуз бизге кубаныч алып келишин Иегова кааларын биз кайдан билебиз?
9 Ыйса жакшы кабарды таратууну жана адамдарды окутууну буюрган (Матфей 24:14; Матфей 28:19, 20). Тайманбастан жана үзүрлүү кабар айтып, Ыйса эң сонун үлгү калтырган. Албетте, биз ага эч качан тең келе албайбыз. Бирок расул Пётр: «Жүрөгүңөрдө Кудай Теңирди ыйык туткула; өзүңөрдүн үмүттөнүүңөр жөнүндө силерден эсеп талап кылган ар кимисине момундук жана урмат менен жооп берүүгө ар дайым даяр болгула»,— деп айткан (1 Пётр 3:15, 16). Эгерде «жооп берүүгө» дайым эле даяр эмес экениңди сезсең, сен капаланба. Каалаганыңа жетүүгө жардам бергидей максаттарды өз алдыңа кой. Алдын ала даярдануу ар түрдүү сунуштоолорду даярдоого же ыйык китептик аяттардын мурун сен колдонгондон башка бир-экөөсүн колдонууга жардам берет. Ыйык Китепке негизделген адабияттарды көбүрөөк таратууга, кайра жолугушууларды көп жасоого же ыйык китептик изилдөө баштоого аракеттенсе болот. Иштин жөнү санда — таратылган адабиятттардын же ыйык китептик окуулардын санында эмес, а сапатта. Туура максаттар жана аларга жетүүгө аракеттенүү кызматыбыздан кубаныч табышыбызга жардам берет. Дал ошентип кубаныч табышыбыз Иеговага жагат, себеби Ал биздин «кубаныч менен» кызмат кылышыбызды каалайт (Забур 99:2; салыштыргыла: 2 Коринфтиктер 9:7).
10. Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан, биздин дагы эмне кылышыбыз маанилүү жана анткенибиз бизге кандайча жардам берет?
10 Жыйналышта жасаган иштерибиз да бизди Ыйса Машайыкта «бекемдейт». Эң эле маанилүү нерсе — бир-бирибизге сүйүү көрсөтүү, себеби ошол сапат Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын башка адамдардан айырмалап турат (Иоанн 13:34, 35). Албетте, биз менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жүргөн адамга ынак болуп калганыбыздын таң калыштуу жери жок. Бирок Павелдин кеңешин эске алып, жыйналыштын башка мүчөлөрү менен таанышып, аларга да «жүрөгүбүздү кең ачууга» эмне үчүн болбосун? (2 Коринфтиктер 6:13.) Насаатчы агалар да сүйүүгө жана урматтоого татыктуу. Алар менен кызматташып, кеңеш сурап жана Ыйык Китептин негизинде берген кеңештерин аткаруу менен биз алардын оор милдетин жеңилдетебиз (Еврейлер 13:17). Ошол эле учурда бул Ыйса Машайыкта «бекемделүүбүзгө» өбөлгө түзөт.
11. Чөмүлтүлүүгө карата кандай көз карашта болушубуз керек?
11 Чөмүлтүлүү — унутулгус окуя! Бирок чөмүлтүлүүдөн кийинки жашообуздун бардык эле учуру ошондогудай салтанаттуу боло бербейт. Биз Ыйса Машайыкта негизинен «биз тааныган чындык боюнча жүрүүнү» улантышыбыз менен «бекемделе» алабыз (Филиппиялыктар 3:16, БМК). Бул болсо жашообуз көңүлсүз жана бир түрдүү болуп өтүшү керек дегенди билдирбейт. Болгону, артка кылчайбастан алдыны көздөй умтулуу керек, башкача айтканда, рухий жактан жакшы сапаттарды өстүрүшүбүз жана күндөн-күнгө, жылдан-жылга ошол сапаттарга ылайык жашашыбыз керек. «Акырына чейин чыдаган гана куткарылат» экенин эсиңерден чыгарбагыла (Матфей 24:13).
Ишенимге «чыңдалдыңарбы»?
12. Ишенимге «чыңдалуу» деген эмнени билдирет?
12 Ыйса Машайык менен кантип жүрүшүбүз керек экенин баяндап жатып, Павел бизди «ишенимге чыңдалууга» чакырган. Бир котормодо бул сөз айкашы «ишенимиңди далилдеп» деп которулган, анткени Павел колдонгон грек сөзү «ырастоо, кепил кылуу жана мыйзамдуу түрдө бекитүү» дегенди билдириши мүмкүн. Билимибиз тереңдеген сайын биздин Иегова Кудайга болгон ишенимибиздин негизделген жана акталган болушуна көңүл бурсак болот. Натыйжада, биз ишенимге чыңдалабыз. Шайтан дүйнөсүнүн таасирин барган сайын тоготпой калабыз. Ошондуктан, Павелдин: «Жеткилеңдикке шашып баралы [«жетилгеңдикке өтөлү», БМК]»,— деген чакырыгын эсибизден чыгарбаганыбыз дурус (Еврейлер 6:1). Жетилгендик менен бекем ишеним бири-бири менен ажырагыс байланышта.
13, 14. а) Биринчи кылымда Ыйсанын Колоссадагы жолдоочуларынын ишениминин чыңдыгы же бекемдиги кантип сыналган? б) Расул Павелди эмне тынчсыздандырса керек?
13 Биринчи кылымда Ыйсанын Колоссадагы жолдоочуларынын ишениминин чыңдыгы же бекемдиги сыналган. Павел: «Байкагыла, боордоштор, силерди Христос боюнча эмес, адамдардын ылакаптары боюнча, дүйнөнүн табигый күчтөр негиздери боюнча, ыгы жок ой жүгүрткөн сөздөр [«философия», СК] менен жана курулай адаштырып, кимдир бирөөлөр азгырып кетпесин»,— деп эскерткен (Колоссадагылар 2:8). Павел Кудайдын «сүйүктүү Уулунун Падышалыгынын» бөлүгү болуп калган колоссалыктардын ишенимди ташташын, баталарды алып келген рухий абалдан алыстап калышын каалаган эмес (Колоссадагылар 1:13). Аларды жолдон эмне адаштырышы мүмкүн эле? Павел «философия» деп айткан, Ыйык Китепте бул сөз бир жерде гана кездешет. Павел Платон же Сократ сыяктуу грек философтору жөнүндө айтты беле? Алардын окуулары Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына коркунуч келтирсе да, ал убакта «философия» деген сөздүн мааниси кенен эле. Бул сөздү көп нерсеге, атүгүл диний топторго жана ойчулдардын мектептерине карата да колдонушчу. Мисалы, еврей маданиятынын Иосиф Флавий жана Филон сыяктуу өкүлдөрү өздөрүнүн динин, балким, динди өзүнө тартып тургандай кылыш үчүн, философия деп аташкан.
14 Павелди диний философиялар тынчсыздандырса керек. Ыйсанын өлүмү аркылуу жараксыз болуп калган Мусанын мыйзамына таянып, «тийбе», «жебе» деп үйрөткөндөргө Павел Колоссадагыларга жазган катынын ошол эле бабында кайрылган (Римдиктер 10:4). Бутпарастардын философиясынан тышкары, жыйналыштын рухий жагына коркунуч туудурган таасирлер да жайылган эле (Колоссадагылар 2:20—22). Павел «дүйнөнүн табигий күчүнүн» бөлүгү болгон философияга берилип кетүү коркунучу тууралуу эскерткен. Мындай туура эмес окууларды адамдар ойлоп чыгарышкан.
15. Рухий жактан пайда алып келбеген көптөгөн таасирлерге кантип туруштук бере алабыз?
15 Адамдардын Кудайдын Сөзүнө бекем негизделбеген ойлору жана пикирлери Кудайга болгон бекем ишенимди алсыратышы мүмкүн. Алардан сак болуу керек. Расул Иоанн: «Бурадарларым! Ар кандай рухка ишенбегиле, бирок рухтарды, алар Кудайдан бекен, сынап көргүлө»,— деген насаат айткан (1 Иоанн 4:1). Ошондуктан классташың ыйык китептик нормалар менен жашоо эскирип калганына сени ишендиргиси келсе, же коңшуң жашоонун материалдык жагына көбүрөөк көңүл бурууга чакырса, же чогуу иштеген адам Ыйык Китеп менен тарбияланган абийириңе каршы болгон ишке барууга акырындан үндөсө, же атүгүл ишенимдешиң жыйналыштагы башкаларды сындаса жана жамандаса, алардын сөздөрүн чындык катары кабыл ала бербе. Кудайдын Сөзүнө каршы болгондорду четке как. Мына ушинтип ишенимибизди бекем бойдон сактап калабыз жана Машайык менен жүргөн болобуз.
Ишенимде чоң ийгиликке жетип алкыш айтуу
16. Ким Ыйса Машайык менен жүрүүнү кааласа, кайсы төртүнчү ойду эсинен чыгарбашы керек жана ар бир адам өзүнө эмне деген суроону берсе болот?
16 Ыйса Машайык менен жүрүү үчүн «ишенимде чоң ийгиликке жетип, алкыш айтуу» керек — бул Павел көрсөткөндөрдүн төртүнчүсү (Колоссадагылар 2:7). Павелдин бул сөздөрү алкыш айтуу же ыраазы болууу Ыйсанын жолдоочулары үчүн узакка созулуучу жана ажыратылгыс сезим болушу керектигин көрсөтүп турат. Ар бир адам: «Мен өзүмдү ыраазычылык билдирген адаммын дей аламбы?» — деп өзүнөн сураса болот.
17. а) Эмне үчүн бизде ыраазы болууга көптөгөн себептер бар, атүгүл жашоонун эң оор мезгилинде да? б) Иегованын кайсы тартуулары бизде өзгөчө ыраазылыкты туудурат?
17 Чындыгында, күндө Иеговага ыраазы болууга бизде көптөгөн себептер бар. Атүгүл жашоонун эң оор мезгилдеринде да жөнөкөй нерселер бизди кубанычка бөлөп, жеңилдик алып келиши мүмкүн. Досубуз кайгыбызды бөлүшөт. Сүйгөн адамыбыз бизди жубатат. Жакшы уйку күчүбүздү калыбына келтирет. Даамдуу тамак ачкан курсакты тойгузат. Чымчыктардын сайраганын, балдардын кыраан каткырыгын, көп-көк асманды, сергитүүчү жумшак желди жана башка көптөгөн нерселерди бир күндүн ичинде эле туюуга болот. Булардын баарын баалабай коюу кандай гана оңой. Бирок бул тартууларга ыраазы болуунун жөнү жокпу? Булардын баары Иеговадан — «бардык жакшы сыйлык жана жеткилең жөндөмдүүлүктүн» Булагынан (Жакып 1:17). Бирок бул тартуулардан Анын бизге берген өмүр белеги абдан баалуу (Забур 35:10). Анын үстүнө, Кудай бизге түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Бизге мындай тартуу жасаш үчүн, Иегова өзүн «ар дайым шаттыкка бөлөөчү» жалгыз уулун жиберип, эң эле баалуу курмандык чалган (Аңгемелер 8:30; Иоанн 3:16).
18. Иеговага ыраазычылыгыбызды кантип билдире алабыз?
18 Забурчунун: «Эң Жогорку Теңирди даңктоо — жыргал»,— деген сөздөрү абдан туура (Забур 91:2). Павел Ыйсанын Фессалоникадагы жолдоочуларына да: «Бардыгы үчүн алкыш айткыла»,— деп айткан (1 Фессалоникалыктар 5:18; Ефесалыктар 5:20; Колоссадагылар 3:15). Кайсы жактардан көбүрөөк ыраазычылык билдириш керек экенин ар бирибиз таба алабыз. Биздин тиленүүлөр бир гана сураныч-өтүнүчтөрдөн турбашы керек. Кудайдан сураганыбыз, албетте, жакшы. Бирок өзүнө бир нерсе керек болгондо гана, силерге кайрылган досуңарды элестетсеңер! Тиленүүлөрдө Иегованы мактоого эмне үчүн болбосун? Асмандан ал бул ыраазы болбогон дүйнөгө көз салганда, алкыш айтылган кайрылууларды угуу Иегова үчүн кандай кубанычтуу! Мындай тиленүүлөрдүн маанилүүлүгүнүн дагы бир жагы — алардын кандай баталарды алганыбызды эстөөгө жана жашоонун жакшы жактарына көңүл бурууга жардам берип тургандыгы.
19. Павелдин Колоссадагылар 2:6, 7-аяттардагы сөздөрү Ыйса Машайык менен жүрүүбүздө мындан ары да ийгиликтерге жете аларыбызды кандайча көрсөтүп турат?
19 Кудайдын Сөзүндөгү бир гана аяттан ушундай акылман жетекчилик тапса боло тургандыгы таң калтырарлык эмеспи? Ар бирибиз Павелдин Ыйса Машайык менен жүрүүнү улантууга карата берген кеңешине олуттуу көңүл бурушубуз керек. Андыктан Ыйса Машайыкта «тамырланып, бекемделип, ишенимге чыңдалып, ишенимде чоң ийгиликке жетип алкыш айтып», Ыйса менен жүрө берүүгө чечкиндүү түрдө көңүлдөнөлү. Павелдин кеңештери айрыкча жакында эле чөмүлтүлгөндөргө пайдалуу. Бирок алардын биз үчүн да мааниси олуттуу. Өсүмдүктүн таамыры улам тереңделе берерин жана курулуп жаткан үй утур бийиктей берерин эстесеңер. Андыктан Ыйса Машайык менен жүрө берүүнү эч качан токтотпойбуз. Биз көп жактан өсүшүбүз керек. Иегова бизге жардамын жана баатасын берет, себеби Ал биздин Аны менен жана Анын сүйүктүү Уулу менен жүрө беришибизди каалайт.
Эмне деп жооп берет элеңер?
Ыйса Машайык менен жүрүү өзүнө эмнелерди камтыйт?
Ыйса Машайыкта «тамырлануу» деген эмнени билдирет?
Ыйса Машайыкта биз кантип бекемделе алабыз?
Эмне үчүн ишенимге чыңдалуу өтө маанилүү?
Эмнелердин негизинде биз чын жүрөктөн ыраазы болушубуз керек?