Изгиликтин жолунда жүрөсүңөрбү?
«Жакшылык [«изгилик», СК] жана мактагандык эмне болсо, ошолор жөнүндө ойлонгула» (ФИЛИППИЯЛЫКТАРГА 4:8).
1. Жамандык деген эмне жана эмне себептен ал Иеговага сыйынууну булгаган жок?
ЖАМАНДЫК — бул моралдык кемчилик же бузулгандык. Жамандык азыркы коомдун бардык тармактарына кирип жатат (Ефесалыктарга 2:1—3). Ошентсе да Иегова Кудай өзүнө болгон таза сыйынуунун адеп-ахлактыктын начарланышынан булганып калынышына жол бербейт. Христиандык адабияттар, жыйналыштар жана конгресстер бизди туура эмес жүрүш-туруштан өз учурунда абайлатып турат. Ыйык китептик туура кеңештер Кудай жакшы деп эсептеген ‘жакшыга жабышууга’ жардам берип турат (Римдиктерге 12:9). Ошондуктан Иегованын Күбөлөрү уюм катары таза жана изги болууга умтулушууда. Ал эми биздин ар бирибиз жөнүндө эмне дешке болот? Изги болуп жашоого сен аракеттенип жатасыңбы?
2. Изгилик деген эмне жана изги бойдон калууга эмне үчүн күч жумшоо зарыл?
2 Изгилик — бул адеп-ахлактык кадыр, жакшылык көрсөтүүчүлүк, туура жүрүм-турум жана ой жүгүртүү. Изгилик — бул мажүрөө сапат эмес, иштиктүү, оң сапат. Изги болуу үчүн, күнөө кылбоо аздык кылат, ан үчүн жакшылыкка умтулуу зарыл (1 Тимофейге 6:11). Апостол Пётр ишенимдештерин: «Ишенимиңерде ийгиликти [«изгилик», СК] көрсөткүлө»,— деп чакырган. Кантип көрсөтүүгө? «Бардык аракетиңерди ошого [Кудайдын кереметтүү убадаларына жооп катары] жумшап» (2 Пётрдун 1:5). Биздин күнөөлүү экенибизди эске алсак, изги бойдон калуу үчүн, олуттуу иш-аракеттер талап кылынат. Ошентсе деле өткөн замандын Кудайдан корккон адамдары, алдыларында чоң кедергилер чыкканда да, туура иш жасашкан.
Ал изгиликтин жолунда жүргөн
3. Ахаз падыша кайсы зулумдуктары үчүн күнөөлүү болгон?
3 Изгиликке умтулгандар тууралуу Жазмада нечен ирет айтылат. Мисалга изги Езекия падышаны алалы. Анын атасы — Иуда падышасы Ахаз — Молохко сыйынган көрүнөт. «Падышалыкка олтурганда Ахаз жыйырмада эле, анан Иерусалимде он алты жыл падышачылык кылган жана атасы Дөөттөй болуп Теңир Кудайынын көзүнө жагарлык иш жасаган эмес; тескерисинче Израиль падышаларынын жолу менен жүргөн, ал түгүл Теңир Израиль уулдарынын жүзүнөн кууп жиберген элдерди туурап, уулун оттон өткөзгөн. Бийик жерлерде жана дөңсөөлөрдүн үстүндө жана көлөкөлүү ар кыл бактын алдында түлөө чалган, жыпар жыт да чыгарган» (4 Падышачылыктардын 16:2—4). Кимдир бирөө ‘баланы оттон өткөзүү’ адамдарды түлөөгө чалуу болгон эмес, чындыгында, тазартуу ырымы эле болчу деп айтат. А бирок Жон Дей «Эски Осуяттагы Молох кудайы жана адамдарды түлөөгө чалуу» («Molech—A God of Human Sacrifice in the Old Testament») деген китепте мындай деп жазган: «Адамдарды түлөөгө чалуу... хананейлердин коомунда бар болгондугунуна классикалык жана пуникалык [карфагендик] булактардан далилдер, археологиялык күбөлүктөр бар, ошондуктан Эски Осуяттагы [ошондой түлөөгө чалуулар тууралуу] айтылгандардан шектенүүгө негиз жок». Андан тышкары, 2 Тарых китеби 28:3тө (БМК боюнча) Ахаз «өзүнүн уулдарын өрттөп, аларды түлөөгө чалган» деп даана айтылып турат. (5 Муса 12:31ди; Забур 105:37, 38-аяттарды салыштыргыла.) Кандай зулумдук!
4. Езекия жаман иштердин курчоосунда өзүн кандай алып жүргөн?
4 Езекия мындай жаман иштердин курчоосунда кантип жашады эле? Кээ бирөөлөр Забур 118ди Езекия өзүнүн падышачылык кыла элегинде түзгөн дешет, жоопту ушу бап бере алат (Забур 118:46, 99, 100). Езекиянын кандай абалда болгонун төмөнкү сөздөр боюнча баамдоого болот, анда: «Төрөлөр мага каршы сөз байлап отурушат; ал эми кулуң Сенин осуяттарың жөнүндө ойлонот. Кайгыдан жаным куруп барат»,— делет (Забур 118:23, 28). Езекияны курчап турган адамдар жалган динди туткандыктан, кыязы, падыша ордосунда ал тынч уктай албай калганчалык каардуу шылдыңга алынган. Ошондой болсо да Езекия өзүн изги алып жүрүүгө умтулган; арадан убакыт өткөн соң ал падыша болот жана «Кудайдын көз алдында... жакшы иш жасаган... Теңирге, Израилдин Кудайына, таянган» (4 Падышачылыктардын 18:1—5).
Изги бойдон калгандар
5. Даниилге жана анын үч жолдошуна кандай сыноолор менен беттешүүгө туура келген?
5 Ошондой эле Даниил менен анын үч еврей жолдошу — Анания, Мисаил жана Азария изги адамдардан болушкан. Алар өз ата мекенинен Вавилонго күч менен көчүрүлүп келишкен. Төрт жигитке Балтасар, Седрах, Мисах жана Авденаго деп вавилондуктардын аттарын коюп коюшкан. Аларга «падыша... дасторконунан» тамак берилген, тамакка Кудайдын Мыйзамы боюнча жегенге тыюу салынган нерселер да кошулган. Ошондой эле аларды үч жылдык ‘Хэлдей китептерин окууга, тилин үйрөнүүгө’ байланышкан окутуудан өтүүгө мажбурлашкан. Бул өзүнө жаңы тилде сүйлөгөндү билгенден көптү камтыган, «хэлдейлер» деген сөз менен билими бар адамдар аталганы бышык. Демек, бул жаш еврейлер вавилондук бузулган окутуулардын таасирине дуушар болушкан (Даниил 1:1—7, Р. П. Лепптин котормосу).
6. Эмне себептен Даниилди изгилик менен иш кылган деп айтууга болот?
6 Даниил жана анын үч жолдошу чоң кысымга алынышса да, жамандыктын эмес, изгиликтин жолун тандап алышкан. Даниил 1:21де: «Даниил анда падыша Кирдин биринчи жылына чейин болду»,— деп айтылат. Ооба, Даниил Иегованын изги кызматчысы катары 80 жылдан ашык ‘Вавилондо... болгон’ жана өзүнүн доорунда бир канча күчтүү башчылардын жогорулап, кайра кулаганын көргөн. Ал бийликтеги сатылма чиновниктердин шыкактарына, алардын өз ара жашыруун келишимдерине жана Вавилон дини баш-оту менен кирип алган жыныстык бузулгандыкка карабастан, Кудайга берилген бойдон калган. Даниил изгиликтин жолунда жүрө берген.
7. Диниилдин жана анын үч жердешинин кылгандарынан эмнени үйрөнүүгө болот?
7 Кудайдан корккон Даниилден жана анын жолдошторунан көп нерселерге үйрөнсө болот. Алар Вавилон маданиятын өзүлөрүнө сиңирүүдөн баш тартышып, изги жашоо өткөзүшкөн. Вавилондуктардын аттарын алышса да, алар ар дайым Иегованын кызматчылары болуп кала беришкен. Ошондуктан Вавилон падышасы 70 жылдай өткөндөн кийин Даниилге кайрылып, аны еврейче атынан атаган (Даниил 5:13). Даниил өзүнүн узак өмүрүндө бир да жолу, жадесе майда-чүйдө иштерде да, компромисске барган эмес. Ал боз улан кезинде эле ‘падыша дасторконунан тамак жеп... арам болбоону жүрөгүнө түйүп койгон’ (Даниил 1:8). Даниилдин жана анын үч жердешинин ээлеген мындай абалы, албетте, аларды кайраттандырган жана аларга өлүм менен өмүрдүн ортосундагы сыноону басып өтүүгө жардам берген (Даниил 3, 4-баптар).
Бүгүн изги жашоо өткөзүү
8. Христиан жаштары Шайтандын дүйнөсүнүн бөлүгү кылууга болгон кысымга кантип каршы тура алышат?
8 Даниилге жана анын үч жолдошуна окшоп, Кудайдын азыркы кездеги эли Шайтандын жамандыкка толгон дүйнөсүнүн аларды өзүнүн бөлүгү кылууга жасаган аракетине каршылык көрсөтүүдө (1 Иоанндан 5:19). Жаш христиансыңарбы, анда курбуларыңар өзүлөрүнүн кийим, сырткы көрүнүш жана музыка боюнча чектен аша кетүүлөрүн тууроого көндүрүү үчүн, катуу кысым көрсөтүп жатышкандыр. Бирок моданын ар бир жаңы багытынын артынан куугандын ордуна, кайраттуу болгула жана «бул кылым менен биригип кетпегиле» (Римдиктерге 12:2). ‘Дүйнөдөгү кумарларды жаратпай коюп, азыркы кылымда токтоо, адилеттүү жана такыбаа жашагыла’ (Титке 2:11, 12). Теңтуштарыңдын эмес, Иегованын жактыруусуна ээ болуу маанилүү (Үлгүлүү аңгемелер 12:2).
9. Христиандар бизнес жүргүзгөндө кандай кыйынчылыктарды кезиктириши мүмкүн жана алар өзүлөрүн кантип алып жүрүштөрү керек?
9 Жаш эмес христиандар да сыноолорго кезигишет жана алар изгилик менен иш жасоого тийиш. Бизнес жасашкан христиандар ишти шектүү усулдар менен жүргүзүү же өкмөттүн указдарынан жана салык мыйзамдарынан кайып өтүү азгырыгына түшүштөрү мүмкүн. Биз конкуренттерибиздин же эмгектештерибиздин өзүлөрүн кандай алып жүрүшкөнүнө карабайбыз, биз «бардык жагынан таза болуп жүрүүнү каалайбыз» (Еврейлерге 13:18). Жазма бизден жумуш берүүчүгө, кол алдыбыздагыларга, клиенттерге жана бийликте тургандарга ак ниеттүүлүк жана адилеттүүлүк менен мамиле кылышыбызды талап кылат (5 Муса 25:13—16; Матфейден 5:37; Римдиктерге 13:1; 1 Тимофейге 5:18; Титке 2:9, 10). Иштерибизди талапка ылайык алып барууга аракеттенели. Иш операцияларды жана келишимдерди жазуу түрүндө бекитип, түшүнбөстүктөрдү көбүнчө башынан эле болтурбай коюуга болот.
Сак болгула
10. Эмне себептен музыка тандап жатканда сак болуу зарыл?
10 Забур 118:9 Кудайдын көз карашы боюнча дагы эмне изги экенин көрсөтөт. Забурчу: «Жигитке жолун кантип таза алып жүрүүгө болот? Өзүн Сенин айтканың боюнча сактап»,— деп ырдаган. Шайтандын өтө күчтүү куралдарынын бири — музыка, анткени ал сезимдерди ойготууга жөндөмдүү. Музыка дегенде, кээ бир христиандар сактыгын жоготуп коюшуп, музыкадагы рэп жана хэви-метал сыяктуу чектен чыккан багыттарга кызыгышканы өкүнүчтүү. Кай бири мындай музыка мага зыян кылбайт же ырдын сөздөрүнө кызыкпайм деле деп талашышы мүмкүн. Башкалары болсо тез ритм же гитаранын үнүнүн катуу чыгышы жагат деп айтышат. Христиандар үчүн кеп өздөрүнүн бир нерсени жактырганында же жактырбаганында эмес. Аларга ошонун «Кудайга жаккандай» болушу маанилүү (Ефесалыктарга 5:10). Хэви-метал жана реп стилиндеги музыка кир сөздөр, никеден тышкаркы катышуу, ал түгүл Шайтанга сыйынуу сыяктуу жамандыктарды — Кудайдын элинин арасынан орун берилбөөгө тийиш болгон нерселерди — тарататa (Ефесалыктарга 5:3). Канчада экенибизге карабастан: менин тандап алган музыкам эмнени көрсөтүп жатат, менин изгилик жолунда жүргөнүмдүбү же жамандык жолунда жүргөнүмдүбү деген суроолордун үстүнөн ар бирибиз ойлонуп көрсөк болот.
11. Христиан телекөрсөтүү, видео жана кино тасмаларды тандоодо кантип сак боло алат?
11 Көптөгөн телекөрсөтүүлөр, видео жана кино тасмалар жамандыкты таратышат. Белгилүү психиатордун ою боюнча, бүгүнкү күндө чыгарылып жаткан тасмалардын көбүндө «ыракат алууну самоо, секс, зордук-зомбулук, ач көздүк жана өз пайдасын гана издөөчүлүк» басымдуулук кылууда. Ошондуктан сак болуу деген көрө турган тасмаларды тандоону камтыйт. Забурчу: «Көзүмдү оңбогондон оолактаттыр»,— деп тиленген (Забур 118:37, БМК). Ыйсаны жолдогон Жозеф аттуу бир жаш жигит ушу принципти колдонгон. Экранда эротика жана зордук-зомбулук көрсөтүлө баштаганда, ал кинотеатрдан чыгып кеткен. Чыгып кетерде ал ара бөк болду беле? «Жок, — дейт Жозеф,— анын кыйын деле жери жок. Мен баарынан мурун Иегованы жана ага жагууну ойлодум».
Окуп изилдөөнүн жана ой жүгүртүүнүн ролу
12. Изги жошоо өткөзүү үчүн, эмне себептен өз алдынча окуп изилдөө жана ой жүгүртүү зарыл?
12 Жамандан качуу аздык кылат. Изгиликке умтулуу Кудайдын Сөзүндө жазылган бардык жакшы нерселерди окуп изилдөөнү, ошо тууралуу ой жүгүртүүнү камтыйт; алар Ыйык Китептин такыбаа принциптерин жашоодо колдонууга жардам берет. Забурчу шаттуу үн менен: «Сенин мыйзамыңды ушунчалык жакшы көрөм! Күнү бою ал жөнүндө ой жүгүртөм»,— деген (Забур 118:97). Ыйык Китепти жана христиандык адабияттарды жекече окуп изилдөө сенин жумалык тартибиңе киреби? Кудайдын Сөзүн кылдаттык менен окуп изилдөөгө жана тиленүү менен ой жүгүртүүгө убакыт бөлүү оңой болбостугун эч ким талашпайт. Бирок көп учурда ага убакытты башка иштердин эсебинен табууга болот (Ефесалыктарга 5:15, 16). Эртең менен эрте туруп тиленүү, изилдеп окуу жана ой жүгүртүү ыңгайлуу болоттур. (Забур 118:147ни салыштыргыла.)
13, 14. а) Ой жүгүртүү эмне себептен ушунчалык маанилүү? б) Жазманын кайсы текистери тууралуу ой жүгүртүү бизге жыныстык адеп-ахлаксыздыкты жек көрүүгө жардам берет?
13 Ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгүн анчейин баалабай коюуга болбойт: ал окуп жаткан нерселерибизди эсибизге тутуп калууга жардам берет. Негизгиси — ой жүгүртүү аркылуу такыбаа көз караштарга ээ болсо болот. Мисалы, Кудайдын никеге чейинки жыныстык байланышууга тыюу салганын билүү — бир иш, ‘жамандыктан баш тартып, жакшыга жабышуу’ — таптакыр башка иш (Римдиктерге 12:9). «Ошентип, жердеги денеңердин мүчөлөрүн (кумарларын) өлтүрүп салгыла: аягы суюктукту, таза эместикти, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болгон дүнүйөкордукту»,— деп чакырган Колоссадагыларга 3:5 сыяктуу ыйык китептик маанилүү текистердин үстүнөн ой жүгүртүп, Иегованын жыныстык бузуктукка карата болгон оюна ортоктош боло алабыз. Өзүңдөн: мен кайсы жаман каалоолорумду өлтүрүшүм керек? Бузулган каалоолор пайда болбошу үчүн, эмнеден качышым керек? Башка жыныстагы адамга жасаган мамилемдин кээ бир жактарын өзгөртүшүм керекпи? деп сура (1 Тимофейге 5:1, 2-аяттарды [СК] салыштыргыла.)
14 Павел христиандарды ‘бурадарларыбызга карата эч кандай туура эмес же дүнүйөкор мамиле кылбоо’ үчүн, бузуктуктан — никеге чейинки жыныстык катышуудан — карманууга жана өзүн башкара билүүгө чакырган (1 Фессалоникалыктарга 4:3—7). Өзүңө төмөнкү суроолорду бер: бузуктук эмнеси менен зыяндуу? Андай иш жасай турган болсом, өзүмө же башка бирөөнө кандай зыян келтирем? Ал менин рухий, эмоциялык жана денелик саламаттыгыма кандай таасир тийгизет? Жыйналыштагы Кудайдын мыйзамын бузуп, кайра өкүнбөй койгон мүчөлөр эмне болушту? Ал алардын жошоосун кандайча өзгөрттү? Мындай жүрүм-турум жөнүндө Жазмадагы айтылгандарды көңүлгө алууга даяр болуу Кудайдын көз алдында жаман деп эсептелген иштерди дагы көбүрөөк жек көрүүгө жардам берет (2 Муса 20:14; 1 Коринфтиктерге 5:11—13; 6:9, 10; Галатиялыктарга 5:19—21; Иоанндын аяны 21:8). Павелдин айтымы боюнча, бузук адам «адамга эмес... Кудайга багынган жок» (1 Фессалоникалыктарга 4:8). Кайсы эле чыныгы христиандын асмандагы Атабыздын тилин албай койгусу келсин?
Изгилик жана пикир алмашуу чөйрөсү
15. Изги болууга умтулуубузда биздин пикир алмашкан чөйрөбүз кандай ролду ойнойт?
15 Изги бойдон калууга жакшы пикир алмашуу да жардам берет. Забурчу: «[Иегова] Сенден корккондордун жана Сенин буйруктарыңды сактагандардын баарына жолдошмун»,— деп ырдаган (Забур 118:63). Бизге христиандык жолугушуулардагы пайдалуу пикир алмашуу керектүү (Еврейлерге 10:24, 25). Бөлүнүп жалгыз боло берсек, кыязы, биз өзүбүз тууралуу көбүрөөк ойлоно беребиз жана бузукулукка оңой эле алдырып койгудай болуп калабыз (Үлгүлүү аңгемелер 18:1, МАК). Ал эми христиандык жылуу мамилелер изги бойдон калууну ого бетер каалоого жардам бере алат. Албетте, ошондой эле жаман пикир алмашуу чөйрөлөрүнөн сактануу зарыл. Биз кошуналарыбыз, бирге иштеген жана бирге окугандарыбыз менен жылуу мамиледе болсок болот. Бирок изги христиан болууга умтулбаган адамдар менен өтө жакын болуудан сактанган адам акылмандуулук кылат. (Колоссадагыларга 4:5ти салыштыргыла.)
16. 1 Коринфтиктерге 15:33төгү кеңешти колдонуу бүгүнкү күндө изгилик жолу менен жүрүүгө кандайча жардам берет?
16 Павел: ‘Жаман адамдар менен мамиледе болуу жакшы мүнөздөрдү бузат’,— деп жазган. Ошентип апостол Павел ишенимдештерине, эгер алар христиан динин тутуп, бирок Жазманын тирилүү жөнүндөгү окутуусун четке каккандар менен пикир алмашышса, ишенимдерин жоготуп коюштары мүмкүн экенин эскерткен. Павелдин сөздөрүндөгү принцип биздин жыйналыштан тышкаркы да, жыйналыштын ичиндеги да пикир алмашууларыбызга тийиштүү (1 Коринфтиктерге 15:12, 33). Албетте, биз рухий бир туугандарыбыздан алардын эмнегедир биздин жеке көз карашыбызга кошулушпаганы үчүн эле оолактай бербейбиз (Матфейден 7:4, 5; Римдиктерге 14:1—12). Анткен менен, эгерде жыйналышта кимдир бирөө өзүн шектүү алып жүрсө, ар дайым бир нерсеге нааразы боло берсе же кыжырлана берсе, этият болушубуз керек (2 Тимофейге 2:20—22). Пикир алмашканда биз ‘күч ала’ алган адамдар менен жакындашсак акылмандуулук болмок (Римдиктерге 1:11, 12, БМК). Бул бизге изгиликтин чыйыры менен жүрүүгө жана «өмүр жолунда» калууга жардам берет (Забур 15:11).
Изгилик жолунда жүрүүнү уланткыла
17. 4 Муса 25-баптын билдирүүсү боюнча, израиль эли кандай азап тарткан жана андан эмнеге үйрөнүүгө болот?
17 Израиль эли Убадаланган жерди басып аларына аз убакыт калганда, анын ичинен миңдегендери жамандык жолуна түшкөн, анан ошонусунун азабын тарткан (4 Муса, 25-бап). Бүгүн Иегованын эли адилеттүү жаңы дүйнөнүн босогосунда турат. Ага кирүү артыкчылыгы азыркы дүйнөнүн жамандыкка толгон жолдорунан качууну уланта бергендерге тиет. Биздин, жеткилең эмес адам болгондон кийин, туура эмес ийкемдүүлүктөрүбүз бар болушу мүмкүн, бирок Кудай бизге өзүнүн ыйык рухунун ишенимдүү жетекчилиги боюнча жүрүүгө жардам берет (Галатиялыктарга 5:16; 1 Фессалоникалыктарга 4:3, 4). Келгиле, ошондуктан Ыйса Набиндин израиль элин: «Иеговадан корккула да, Ага тазалыкта жана чын жүрөктөн кызмат кылгыла»,— деп чакырган сөздөрүнө назар салалы (Ыйса Набин 24:14, МАК). Иегованы урматтап, ага жакпай калуудан коркуу изгилик жолу менен жүрүүгө жардам берет.
18. Христиандардын баары жамандык менен изгиликке байланыштуу чечкиндүү түрдө эмнеге көңүлдөнүүгө тийиш?
18 Силер Кудайга жагууну чын ниетиңерден кааласаңар, Павелдин: «Жалаң чындык, ак ниет, адилеттик, тазалык, көркөмдүк, даңктуулук, жакшылык жана мактагандык эмне болсо, ошолор жөнүндө ойлонгула»,— деген кеңешин бекем кармагыла. Ошондо жыйынтыгы эмне болот? Павел: «Аны аткаргыла,— жана тынчтыктын Кудайы силер менен бирге болот»,— деп айткан (Филиппиялыктарга 4:8, 9). Ооба, Иегованын жардамы менен жамандыкты четке какса жана изги болуп жашаса болот.
[Шилтеме]
a «Күзөтчү мунаранын» (орус.) 1993-жылдын 15-апрелиндеги санынын 19—24-беттерин жана «Ойгонгула!» (орус.) журналынын 1993-жылдын 8-июлундагы санынын 3—11-беттерин карагыла.
Кайталоо үчүн суроолор
Изги болуп жашоо үчүн эмне талап кылынат?
Езекия, Даниил жана анын үч жолдошу кандай жагдайларда изги бойдон калышкан?
Даниилден үлгү алып, биз Шайтандын арам максаттарына кандайча каршы тура алабыз?
Эмне себептен христиандар көңүл ачууларда сак болууга тийиш?
Окуп изилдөө, ой жүгүртүү жана пикир алмашуу изгилик жолунда жүрүүдө кандай роль ойнойт?
[15-беттеги сүрөт]
Жаш Езекия Молохко таазим кылгандардын арасында жашаса да, изги болууга умтулган.
[17-беттеги сүрөт]
Христиандарга көңүл ачууларды тандаганда сак болуу кажет.