Иегова — жашыруун сырды ача турган Кудай
«Жашыруун сырды ача турган асманда Кудай бар» (ДАНИИЛ 2:28).
1, 2. а) Иегова өзүнүн башкы душманынан кандайча айырмаланып турат? б) Бул айырмачылыктарды адамдар кандайча чагылдырышууда?
ИЕГОВА — Ааламдагы эң жогорку, мээримдүү Кудай жана жалгыз Жаратуучу; ал — акылмандыктын жана адилеттүүлүктүн Кудайы. Ага өзүнүн ким экендигин, өзүнүн иштерин жана ниеттерин жашыруунун кереги жок. Иегова өз убагында жана өзүнүн каалоосу боюнча бардыгын ачып берүүдө. Кудай бул жагынан өзүнүн душманынан — чыныгы жүзүн жана оюндагыларын жашырган Шайтандан, айырмаланып турат.
2 Иегова жана Шайтан карама-каршылыкта, ошондуктан алардын сыйынуучулары да ошондой. Шайтандын жолдоочуларына эки жүздүүлүк жана калпычылык таандык. Алар өздөрүн жакшы кылып көрсөтүшөт жана ошол эле убакта караңгылыктын иштерин кылышат. Коринфтеги христиандарга буга таң калбагыла делген. «Ошондой жалган апостолдор, куу ишмерлер, Христостун апостолдорунун түрүн кабыл алышат. Бул эч кандай таң калаарлык эмес: себеби ибилистин өзү жарыктыктын периштесинин түрүн кабыл алат» (2 Коринфтиктерге 11:13, 14). Тескерисинче, христиандар Христостун жетекчилигине баш ийишет. Ал жерде жашаган кезде Атасынын, Иегова Кудайдын, сапаттарын жеткилеңдикте чагылдырган (Еврейлерге 1:1—3). Ошондуктан Христосту жолдоп, христиандар Иегованы — чындыктын, ачыктыктын жана жарыктыктын Кудайын, туурашат. Аларга дагы өздөрүнүн ким экендиктерин, иштерин жана максаттарын жашыруунун кереги жок (Ефесалыктарга 4:17—19; 5:1, 2).
3. Иегованын Күбөлөрү адамдарды «жашыруун сектага» кирүүгө мажбурлап жатышат дегендей ырастоону кантип жокко чыгарса болот?
3 Иегова өзүнүн ниети жана келечек жөнүндөгү мурун белгисиз болгон нерселерди адамдарга кайсы убакта билдирүү керек экенин билет. Ушундай мааниде ал жашыруун сырды ача турган Кудай. Ошондуктан Кудайга кызмат кылууну каалагандар ал ачып бергендерди билүүгө чакырылып жатышат, а түгүл үндөлүп жатышат. Европа өлкөлөрүнүн биринде 1994-жылы өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн билдирүүсү 145 миңден көбүрөөк Иегованын Күбөлөрүнүн ар бири Күбө болордон мурда Иегованын Күбөлөрүнүн окутуулары менен орто эсеп менен алганда үч жыл бою жекече таанышып чыкканын көргөзгөн. Алар мажбур кылуудан улам эмес, өздөрүнүн эрки менен жетектелип тандоо жасашкан. Аларда кийин деле ушундай эле эрк жана кандайдыр бир иш кылууга боштондук болгон. Кээ бирлери, мисалы, алар көп эмес болушса да, кийинчерээк христиандар үчүн берилген жогорку адеп-ахлак нормаларына башкача мамиле кыла башташкан жана андан кийин Күбө болууну каалабайбыз деп чечишкен. Бирок өткөн беш жылдын ичинде мурун Күбө болуп жүргөндөрдүн көпчүлүгү Күбөлөр менен пикирлешүүнү кайра баштоого жана алардын ишине катышууга кадамдарды шилтешкени кызыктуу.
4. Ишенимдүү христиандарды эмне тынчсыздандырбашы керек жана эмне себептен?
4 Албетте, мурун Күбө болуп жүргөндөрдүн баары эле уюмга кайра келип жатышкан жок; алардын арасында бир убакта христиандык жыйналышта жооптуу абалдарды ээлегендер да бар. Бул бизди таң калтырбашы керек: а түгүл апостол Иуда — Ыйсанын жакын жолдоочуларынын бири — андан кетип калган (Матфейден 26:14—16, 20—25). Бирок ага христиандык окутуу күнөөлүбү? Кимдир бирөөнүн ишенимсиздиги Иегованын Күбөлөрүнүн ийгиликтүү тарбиялык ишин жокко чыгарабы? Жок, Иуда Искариоттун чыккынчылыгы Кудайдын ниетине жолтоо кылган эмес.
Кудурети күчтүү, бирок мээримдүү
5. Иегованын жана Ыйсанын адамдарды сүйүп жатышканы эмнеден улам белгилүү жана алардын сүйүүсү эмне аркылуу көрсөтүлгөн?
5 Иегова — сүйүүнүн Кудайы. Ал адамдар үчүн кам көрөт (1 Иоанндын 4:7—11). Өзүнүн жогорку абалына карабастан, ал адамдарды өзүнүн достору кылууну каалайт. Анын байыркы кызматчыларынын бири жөнүндө биз: «„Ибраим Кудайга ишенген, бул ага адилеттик катарында эсептелген“; мына ошондуктан ал Кудайдын досу болуп аталат»,— дегенди окуйбуз (Жакыптын 2:23; 2 Тарых китеби 20:7; Исаия 41:8). Адамдар сырларын же жашыруун нерселерин достору менен бөлүшкөндөй эле, Иегова да достору менен бөлүшөт. Ушу жагынан Атасын туурап, Ыйса өзүнүн окуучуларына дос болгон жана алар менен сырларын бөлүшкөн. Ал: «Мен эми силерди кулдар деп атабаймын, анткени анын ээси эмне кылып жатканын кул билбейт; бирок Мен силерди жан жолдоштор деп атадым, себеби, Менин Атамдан укканымдын баарын силерге айтып бердим»,— деп айткан (Иоанндан 15:15). Иеговага, анын Уулуна жана алардын досторуна гана белгилүү болгон «сырлар» аларды сүйүүнүн жана берилгендиктин бузулбас түйүндөрү менен бириктирип турат (Колоссадагыларга 3:14, БМК).
6. Эмне себептен Иеговага өзүнүн ниеттерин жашыруунун кереги жок?
6 Иегованын ысмынын «ал болтурат» деген мааниси анын өз ниеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ролду өзүнө алууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турат. Адамдардан айырмаланып, Иеговага ниеттерин жашыруунун кереги жок, себеби аларды аткарууга ага кимдир-бирөө жолтоо болбойт. Ал ийгиликсиздикке учурашы мүмкүн эмес, ошондуктан өзүнүн Сөзүндө, Ыйык Китепте, Иегова жасаганы жатканынын көбүн ачып берүүдө. Ал: «Менин сөзүм — ал куру бекер текке кетип Мага кайтып келбейт, бирок Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, аны Мен эмне үчүн жиберсем, ошону кылат»,— деп убада берип жатат (Исаия 55:11).
7. а) Иегова Едемде эмнени алдын ала айткан жана Шайтан Иегова чындыктын Кудайы экенин кантип далилдеген? б) 2 Коринфтиктерге 13:8-аяттагы принцип кандайча ар дайым туура?
7 Едемдеги козголоңдон кийин Иегова тез эле өзү менен душманы Шайтандын ортосундагы укуктук маселенин жыйынтыгын жалпы жонунан сүрөттөп берген. Кудай убадалаган Тукум ооругудай чагылат, бирок өлбөйт, а Шайтан акыр аягы толук жана биротоло кыйроого дуушар болот (1 Муса 3:15). Дал ушундай болгон: б.з. 33-жылы Ибилис Тукумду — Ыйса Христосту чаккан, аны өлтүргөн. Ошентип, Шайтан өзү ошону каалабай туруп эле, Иегова — чындыктын Кудайы экенин далилдеп, Жазманы аткарган. Чындыкты жана адилеттүүлүктү жек көргөндүктөн, бой көтөргөндүктөн жана күнөөсүн мойнуна албагандыктан ал Кудай алдын ала айткандын так өзүн жасаган. Ооба, чындыктын бардык душмандарынын үстүнөн, алардын бири Шайтандын да үстүнөн: «Биз чындыкка каршы эч нерсе жасай албайбыз, а чындык үчүн гана»,— деген принцип туура болуп чыгууда (2 Коринфтиктерге 13:8, БМК).
8, 9. а) Шайтан эмне жөнүндө билет жана бул Кудайдын ниеттеринин ишке ашырылышына коркунуч туудурабы? б) Иеговага каршы болгондор кайсы ачык эскертүүнү капарларына албай жатышат жана эмне себептен?
8 Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы көзгө көрүнбөгөн түрдө орнотулгандан берки абал Иоанндын аяны 12:12де баяндалган: «Ошентип, асман жана асманда жашагандар көңүл көтөргүлө! Жерде жана деңизде жашагандарга кайгы, себеби өзүнүн убагынын аз калганын билип, силерге катуу каардуу шайтан түшүп келди!» Шайтан өзүнө кыска убакыт калгандыгын билет, бирок мындай кабардар болгондук ага өзүнүн жүрүм-турумунун багытын өзгөртүүгө түрткү берип жатабы? Шайтан үчүн ошентүү Иегова — чындыктын Кудайы жана Жогорку Башкаруучу, Ал гана сыйынууга татыктуу экенин моюнга алгандыкка барабар болмок. Бирок Ибилис, фактылардын алдында турса да, өзүнүн жеңилгенин моюнга алгысы келбейт.
9 Христос Шайтандын дүйнөлүк түзүлүшүнүн үстүнөн сот жүргүзгөнү келгенде, эмне болорун Иегова ачык билдирүүдө (Матфейден 24:29—31; 25:31—46). Дүйнөнүн башкаруучулары тууралуу Кудайдын Сөзү: «„Тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда, боюнда бар аял төрөт мезгилде азап тарткан сыяктуу, кокустан балаага кабылышат, жана андан кутула алышпайт»,— деп кабарлап жатат (1 Фессалоникалыктарга 5:3). Шайтандын артынан ээрчигендер бул ачык-айкын эскертүүнү капарларына албай жатышат. Алардын каардуу жүрөктөрүнүн сокурлугу жаман иштериндеги күнөөлөрүн моюнга алдыртпай жана Иегованын ниеттерине тоскоолдук кылган жолдору менен максаттарын оңдотпой жатат.
10. а) 1 Фессалоникалыктарга 5:3 канчалык деңгээлде аткарылды жана Иегованын эли буга кандай карашы керек? б) Эмне себептен ишенбеген адамдар келечекте Кудайдын элине дагы күчтүүрөөк каршылык көрсөтүшү мүмкүн?
10 Айрыкча БУУ аркылуу Эл аралык тынчтыктын жылы деп жарыяланган 1986-жылдан тартып, бардык жерде тынчтык жана коопсуздук жөнүндө гана айтып жатышат. Дүйнө жүзүндө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн кандайдыр бир ийгиликке жеткирген айкын кадамдар шилтенди. Пайгамбарлыктын аткарылышы ушуну эле камтыйбы же келечектеги кандайдыр-бир таң калтыра турган маалыматты дагы күтүү керекпи? Муну Иегова өз убагы келгенде ачып берет. Ошол убакыт келгенге чейин, «Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп», рухий жактан сергек бололу (2 Пётрдун 3:11). Убакыттын өтүшү менен тынчтык жана коопсуздук жөнүндө дагы көбүрөөк сүйлөшөт, Кудайдын эскертүүсүн билишкен, бирок капарларына алышпаган кээ бир адамдар, Иегова өзүнүн сөзүн аткарбайт же аткара албайт деген чечимге келип, өздөрүн дагы адепсизирээк алып жүрүшү ыктымал. (Насаатчы 8:11—13-аяттарды; 2 Пётрдун 3:3, 4-аяттарды салыштыргыла.) Бирок чыныгы христиандар Иегова өзүнүн ниетин жүзөгө ашыра турганын билишет.
Иегованын өкүлдөрүнө тийиштүү урмат
11. Иегова жөнүндө Даниил жана Жусуп эмнени билишкен?
11 Падыша Навуходоносор — Жаңы Вавилон империясынын бийлөөчүсү, эсинде калбаган, үрөй учурган түш көрүп, жардамга кайрылган. Анын курмандык чалуучу кызматчылары, сыйкырчылары жана төлгөчүлөрү ага түштү да, анын маанисин да айтып бере алышкан эмес. Бирок Кудайдын кызматчысы Даниил түштү жоруп берген жана өзүнүн акылмандыгынан улам жоруган эмес экенин момундук менен мойнуна алган. Даниил: «Жашыруун сырды ача турган асманда Кудай бар; жана Ал, акыркы күндөрдө эмне болоорун падыша Навуходоносорго ачты»,— деп айткан (Даниил 2:1—30, «Р.П. Лепптин котормосу»). Жүздөгөн жылдар мурун Кудайдын дагы бир пайгамбары Жусуп ушундай эле түрдө Иегованын жашыруун сырды ача тургандыгын көргөн (1 Муса 40:8—22; Амос 3:7, 8).
12, 13. а) Кудайдын эң улуу пайгамбары ким болгон жана эмне себептен силер минтип жооп берип жатасыңар? б) Бүгүнкү күндө кимдер «Кудайдын сыр иштерин башкаруучулары» болуп кызмат өтөп жатышат жана аларга кандай мамиле кылышыбыз керек?
12 Иегованын жердеги эң улуу пайгамбары Ыйса болгон (Апостолдордун иштери 3:19—24). Павел: «Байыртан бери аталарга пайгамбарлар аркылуу кайталап жана көп түрдүү сүйлөгөн Кудай, бул акыркы күндөрдө бизге, бардыгынын мураскору болуп коюлган Уулу аркылуу сүйлөгөн,— Уулу аркылуу ааламды да жараткан»,— деп түшүндүргөн (Еврейлерге 1:1, 2).
13 Иегова алгачкы христиандарга өзүнүн Уулу Ыйса аркылуу кайрылчу, Ыйса Кудайдын жашыруун сырларын ачкан, ал аларга: «Силерге Кудайдын Падышалыгынын жашырын сырын билүү укугу берилди»,— деп айкан (Лукадан 8:10). Павел майланган христиандарды «Христостун кызматчылары жана Кудайдын сыр иштерин башкаруучулары» деген кийинчерээк (1 Коринфтиктерге 4:1). Ошо ролдо майланган христиандар бүгүнкү күндө да, Жетекчи уютку аркылуу рухий тамакты өз убагында берүүчү ишенимдүү жана эстүү кулдун тобун түзүү менен, кызмат кылууну улантышууда (Матфейден 24:45—47). Эгерде биз Кудай шыктандырган өткөн күндөрдүн пайгамбарларын жана айрыкча Кудайдын Уулун терең урматтасак, анда ушул оор убакта өзүнүн элине ушунчалык зарыл ыйык китептик билимдерди ачуу үчүн бүгүнкү күндө Иегова пайдаланып жаткан адамдардан турган өкүлдү да урматтоого милдеттүү эмеспизби? (2 Тимофейге 3:1—5, 13).
Ачуу керекпи же жашыруу керекпи?
14. Христиандар качан жашыруун иш кылышат жана мындай учурларда кимдин үлгүсүн туурап жатышат?
14 Иегова жашыруун сырды ачат дегендик христиандардын дайыма, бардык кырдаалдарда билгендеринин бардыгын айтуулары керек экенин билдиреби? Христиандар Ыйсанын апостолдоруна «жыландай акылмандуу жана көгүчкөндөй ачык-айрым болгула» деген кеңеши менен жүрүшөт (Матфейден 10:16). Христиандарга абийири талап кылгандай дин тутууга тыюу салышса, адамдар түзгөн бир да уюм Иеговага сыйынууга тоскоолдук кылууга укугу жок экендигин түшүнүү менен, алар ‘Кудайга артык багынууну’ улантышат (Апостолдордун иштери 5:29). Мындай көз караштын тууралыгы Ыйсанын үлгүсүнөн көрүнүп турат. Биз: «Мындан кийин Ыйса Галилеяны тегеренип барды, анткени Иудейлер Аны өлтүрүүнү издеп жүрүшкөнү үчүн, Иудеяны тегеренип барууну каалабады. Иудейлердин чөптөн алачык жасоо (чатыр куруу) майрамы жакындаган болчу... Ыйса аларга [ишенбеген бир туугандарына] айтты: „...силер ушул майрамга баргыла, Мен болсом бул майрамга барбаймын, анткени Менин убагым азыр орундала элек“. Муну аларга айтып, Ал Галилеяда калды. Бирок анын бир туугандары кеткенден кийин, Ал да майрамга көрүнбөстөн жашыруун келди»,— дегенди окуйбуз (Иоанндан 7:1, 2, 6, 8—10).
Айтуу керекпи же жокпу?
15. Сырды сактоо кээде сүйүүнүн белгиси экенин Жусуп кантип көргөзгөн?
15 Кээде сырды сактоо акылга сыярдык гана болбостон, сүйүүнүн белгиси да болот. Мисалы, Ыйсанын асырап алган атасы, ага колукту болуп жарыяланган Мариямдын боюнда бар экенин билгенде эмне кылган? Биз: «Анын күйөөсү Жусуп адилеттүү турган киши болгон, аны элге угузбаймын деп, Мариамды жашырын коё берүүнү каалады»— дегенди окуйбуз (Матфейден 1:18, 19). Аны уятка калтыруу кандай гана кайрымсыздык болмок!
16. Насаатчы агаларда жана жыйналыштын башка мүчөлөрүндө конфиденциалдуу иштер боюнча кандай жоопкерчиликтер бар?
16 Дүрбөлөң салуучу же жүрөктү жаралантуучу сырларды аларды угууга дайындалбаган адамдарга ачууга болбойт. Насаатчы агалар жекече кеңеш берип же сооротуп же а түгүл Иегованын алдында олуттуу күнөө кылган ишенимдештеринин айыбын ачып жатышканда муну эстеринен чыгарышпайт. Мындай иштерде ыйык китептик мамиле зарыл; конфиденциалдуу маалыматтарды тиешеси жокторго кабарлоо таптакыр туура эмес жана сүйүүнүн белгиси болбойт. Албетте, христиандык жыйналыштын мүчөлөрү мындай маалыматтарды насаатчы агалардан сурамжылашпайт, а алардын сырды сактоо милдетин урматташат. Үлгүлүү аңгемелер 25:9да: «Атаандашың менен соттош, бирок башканын сырын ачпа»,— деп айтылган.
17. Эмне себептен христиандар көп учурларда конфиденциалдуу маалыматты жашыруун кармашат, бирок эмне себептен кээде алар муну жасабаштары керек?
17 Конфиденциалдуулуктун принцибин үй-бүлөлүк чөйрөдө жана жакын достордун арасында да сактоо зарыл. Сырды сактоо жаңылышуудан жана начар мамилелерден качууда маанилүү. «Түндүктөн урган шамал жаанды алып келет, ошондой эле ушак каарды алып келет» (Үлгүлүү аңгемелер 25:23, БМК). Албетте, Иеговага жана анын адилет принциптерине ишенимдүүлүк, ошондой эле күнөө кетиргендерге болгон сүйүүбүз бизди кээ бир жашыруун иштерди ата-энелерге, христиандык насаатчы агаларга же ошо жөнүндө билиштери керек болгон башка адамдарга билдирүүгө милдеттендиретa. Бирок көп учурларда христиандар бөлөк бирөөнүн өздүк иштерин, өздөрүнүкүндөй эле, жашыруун сакташат.
18. Христиандык кайсы үч сапат бизге эмнени айтууга болорун жана эмнени болбосун аныктоого жардам берет?
18 Ошентип, христиан белгилүү маалыматтарды жашыруун сактап, аларды зарыл болгондо гана ачкан болсо, Иегованы туураган болот. Эмнени айтууга болорун жана эмнени болбосун чечип жатканда, ал момундукту, ишенимди жана сүйүүнү жетекчи кылып алат. Момундук аны өзүн жогору көтөргөндөн, ага белгилүү болгондордун баарын айтып башкалардын көздөрүнө көрүнүүнү каалоодон же айтууга мүмкүн болбогон сырлар менен азгыруудан сактайт. Иегованын Сөзүнө болгон ишеним жана христиандык жыйналышка берилгендик адамга Кудай Ыйык Китепте ачып бергендерди кабарлоого түрткү берет; мындайда этият болуу керек жана аңгемелешүүнү башкаларды ыза кыла турган нерселерден баштабоо керек. Ооба, сүйүү ага Кудайдын даңкын чыгаруучу жана адамдарга жашоо үчүн зарыл болгон нерселерди ачык айтууга түрткү берет. Ошол эле убакта ал башкалардын өздүк сырларын элге таратпайт, анткени ал сырды ачуу көпчүлүк учурда сүйүүнүн жетишсиздигинин белгиси экенин түшүнүп турат.
19. Чыныгы христиандар кайсы иштери боюнча таанылышат жана бул эмнеге алып келүүдө?
19 Бул суроо боюнча мындай тең салмактуу көз караш чыныгы христиандарды таанууга жардам берет. Алар аты жок чүмбөттүн алдында же сырдуу, акыл жеткис Троица жөнүндөгү окутуунун артында Кудайдын ким экендигин жашырышпайт. Белгисиз кудайлар чыныгы эмес, жалган динге таандык. (Апостолдордун иштери 17:22, 23-аяттарды карагыла.) Рух менен майланган Иегованын Күбөлөрү «Кудайдын сыр иштерин башкаруучулары» болуу артыкчылыгын чындап баалашат. Бул сырларды башкаларга ачып, алар ак ниеттүү адамдарга Иегова менен достукту тапканга жардам берип жатышат (1 Коринфтиктерге 4:1; 14:22—25; Захария 8:23; Малахия 3:18).
[Шилтеме]
a «Күзөтчү мунаранын» (орус.) 1986-жылдын 15-апрелиндеги санындагы «Башкалардын күнөөлүү иштерине катышпа» деген макаланы карагыла.
Силер кантип жооп берет элеңер?
Эмне себептен Иеговага өзүнүн ниеттерин жашыруунун кереги жок?
Иегова өзүнүн жашыруун сырларын кимге ачып берүүдө?
Христиандарда конфиденциалдуу иштер боюнча кандай жоопкерчиликтер бар?
Христиандарга кайсы үч сапат, эмнени айтууга болорун жана эмнени болбосун аныктоого жардам берет?