9-бөлүк
Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды кайдан билебиз?
1, 2. Акыркы убакта жашап жатканыбызды эмнеден билсек болот?
КУДАЙДЫН Падышалыгы адамзат коомунун азыркы башкаруу түзүлүштөрүнө каршы чара көрө турган маалдын алдында жашап жатканыбызга бизди эмне ынандырат? Кудайдын бардык жамандыкты жана азап-кайгыны жок кылар убагына аз калганын кайдан билебиз?
2 Буларды Ыйса Машайактын шакирттери да билгиси келген. Ошон үчүн алар Ыйсадан анын падышалык бийлигине ээ болуп катышып жатканын жана «дүйнөнүн акыры келип калганын» кандай белгиден билүүгө болорун сурашкан (Матай 24:3). Аларга жооп берип Ыйса дүйнө жүзүнө дүрбөлөң сала турган окуяларды жана бардыгы биригип адамзат үчүн «мезгилдин акыры», «акыркы убак» же акыркы күндөр башталганын көрсөтө турган бир топ шарттарды кылдат сүрөттөп берген (Даниел 11:40; 2 Тиметейге 3:1). Азыркы убакта ошол курама белги аткарылып жатабы? Ооба, болуп көрбөгөндөй!
Дүйнөлүк согуштар
3, 4. Биздин убактагы согуштар кандайча Ыйсанын пайгамбарлыгына дал келет?
3 Ыйса «бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөрүн» алдын ала айткан (Матай 24:7). 1914-жылы дүйнө жүзүндөгү «элдер» менен «падышачылыктарды» өзүнө тартышы менен мурунку согуштардын баарынан айырмаланган жана тарыхчылар «Улуу согуш» деп атаган согуш тутанган. Ал, чынында эле, тарыхтагы ошондой көлөмдөгү согуштардын алгачкысы, башкача айтканда, биринчи дүйнөлүк согуш болгон. Андагы набыт болгон жоокерлер менен бейкут элдин саны мурунку жаңжал-согуштарда курман болгондордун санынан алда канча ашып түшүп, 20000000го жеткен.
4 Биринчи дүйнөлүк согуштун тутанышы менен акыркы күндөр башталган. Ыйса андай согуштар жана башка окуялар «кыйынчылыктардын башталышы» гана болорун белгилеген (Матай 24:8). Чын эле, ошондой болуп чыкты. Себеби андан да бүлгүндүү Экинчи дүйнөлүк согушта 50000000го жакын жоокер менен бейкут эл кырылган. Жалпы жонунан, XX кылымдагы согуштук кагылышууларда 100000000дон ашуун адам өлтүрүлгөн. Бул ага чейинки 400 жылдын ичинде курман болгондордун жалпы санынан төрт эсеге көп! Адамзат башкаруусу кандай гана күнөөгө баткан!
Дагы башка окуя-шарттар
5—7. Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды дагы кайсы окуялар көрсөтөт?
5 Ыйса акыркы убакты айгинелеген дагы башка окуяларды жана шарттарды атап өткөн: алар — «жер-жерлердеги катуу жер титирөөлөр, ачкачылык, жугуштуу оорулар» (Лука 21:11). Анын айткандарына 1914-жылы башталган окуялар толугу менен дал келет, анткени алар кыйынчылыктардын болуп көрбөгөндөй көбөйүшүнө алып келүүдө.
6 Чоң жертитирөөлөр байма-бай болуп, көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кетүүдө. Ал эми Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин тараган «испанка» гриппинен эле 20000000го жакын (айрым эсептер боюнча, 30000000 же андан да көп) адам өлүмгө дуушарланган. Ошондой эле СПИДдин айынан жүз миңдегендердин өмүрү үзүлүүдө, келечекте алар миллиондоп саналышы мүмкүн. Жыл сайын миллиондогондор жүрөк ооруларынан, рактан жана башка оорулардан көз жумат. Ачарчылыктан набыт болуп жаткандардын да саны ошого барат. Ошентип, согуштарды, азык-түлүктүн жетишсиздигин, жугуштуу оорулардын таралышын алып келген «Апокалипсис атчандары» 1914-жылдан бери адамзаттын басымдуу бөлүгүн кырып келүүдө (Аян 6:3—8).
7 «Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат» — деп, Ыйса дүйнө жүзү боюнча кылмышкерликтин көбөйөрүн да белгилеген (Матай 24:12).
8. 2 Тиметейге 3-баптагы пайгамбарлык биздин учурга кандайча дал келет?
8 Андан соң Ыйык Китептеги пайгамбарлыкта учурдагы адеп-ахлактыктын кеңири бузулушу тууралуу мындай деп айтылган: «Акыркы убакта оор күндөрдүн келерин бил. Анткени адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, бой көтөргөн, менменсинген, заар тилдүү, ата-энесине баш ийбес, жакшылыкты билбеген, ыймансыз, таш боор, элдешпес, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, кара мүртөз, жакшы нерсени жек көргөн, чыккынчы, кара өзгөй, көөдөнүн көтөргөн, Кудайга караганда, ыракатты сүйгөн, такыбаа болуп көрүнгөн, бирок такыбаалыктын күчүнөн баш тарткан адамдар болушат... Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка батышат» (2 Тиметейге 3:1—13). Бул айтылгандардын баары биздин көз алдыбызда аткарылууда.
Дагы бир жагдай
9. Асманда болгон кайсы окуя жердеги акыркы күндөрдүн башталышы менен дал келген?
9 Азыркы убактагы кыйынчылыктардын көбөйүшүнүн дагы бир себеби бар. 1914-жылы акыркы күндөрдүн башталышына дагы бир окуя дал келгендиктен, адамзаттын тарткан азап-кайгысы ого бетер күчөгөн. Ошол кезде, Ыйык Жазманын акыркы китебиндеги пайгамбарлыкта маалымдалгандай, «асманда согуш чыкты: Михаел [асманда бийлик жүргүзгөн Машайак] жана анын периштелери ажыдаарга [Шайтанга] каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту, бирок жеңилип калышты, алар өздөрүнүн асмандагы ордунан ажырашты. Ошентип, чоң ажыдаар — бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулады» (Аян 12:7—9).
10, 11. Шайтан менен жин-перилердин жерге куулуп түшүшү адамзаттын жашоосуна кандай таасир тийгизген?
10 Ал окуя адамзатка кандай таасир тийгизди? «Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!» — деп уланат жогорудагы пайгамбарлык. Ооба, Шайтан башкарган дүйнөсүнүн акыры жакындап келатканын билет. Ошон үчүн ал дүйнөсү менен кошо жок болгонго чейин адамдарды Кудайдан алыстатууга бүт күчүн жумшап жатат (Аян 12:12; 20:1—3). Эрк боштондугун кыянат колдонгондуктан, ошол рухий жаратуулар кандай гана бузулушкан! Ошондуктан алардын таасиринен улам жер үстүндө, өзгөчө, 1914-жылдан бери оор шарт өкүм сүрүп келатат.
11 Ошон үчүн биздин маал тууралуу Ыйсанын эмне себептен: «Коркунучтуу көрүнүштөр жана асмандан зор жышаандар болот»,— деп айтканы түшүнүктүү (Лука 21:11).
Адамзаттын жана Шайтандын башкаруусу аяктаар убакка аз калды
12. Бул дүйнө кыйратылар алдында акыркы пайгамбарлыктардын кайсынысы аткарылууга тийиш?
12 Кудай азыркы дүйнөнү жок кылардан мурун ыйык китептик пайгамбарлыктардын дагы канчасы аткарылууга тийиш? Саналуусу гана. Алардын акыркыларынын бири 1 Тесалоникалыктарга 5:3тө жазылган. Ал аяттан: «„Тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда [«тууралуу сүйлөп жатышканда», «ЖД»]... алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат»,— дегенди окуйбуз. Демек, алар «сүйлөп жатышканда» дүйнөнүн кыйратылуусу башталат. Дүйнө тынчтык менен коопсуздукту адамдар орнотот деп үмүттөнүп жатканда, күтүлбөгөн жерден кыйратылуу келет.
13, 14. Ыйса эмне болгон оор мезгил тууралуу айткан жана ал кандайча аяктайт?
13 Шайтандын кол алдында жаткан азыркы дүйнөгө белгиленген убак аягына чыгып баратат. Жакында ал Ыйса: «Ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот»,— деп айткан алааматта жок болот (Матай 24:21).
14 Армагедон — Кудайдын согушу — «чоң алааматтын» туу чокусу болот. Даниел пайгамбардын айтуусу боюнча, дал ошол маалда Кудай «бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт». Демек, азыркы адамдардын Кудайдан көзкарандысыз башкаруу жолдорунун баары жок болот. Анын асмандагы Падышалыгы адамзаттын бардык иштерин толугу менен өзү башкара баштайт. Даниел пайгамбарлык кылгандай, башкаруу укугу андан соң эч качан «башка элге» берилбейт (Даниел 2:44; Аян 16:14—16).
15. Шайтан менен жиндер эмне болот?
15 Ошондо Шайтан менен жин-перилердин бардык таасири токтотулат. Ал козголоңчул рухий жаратуулар экинчи «бүткүл ааламды азгырууга» мүмкүнчүлүгү болбошу үчүн четтетилет (Аян 12:9; 20:1—3). Аларга өлүм өкүмү чыгарылган, ошон үчүн келечекте жок кылынышат. Адамзат алардын бузуку таасиринен кутулганда кандай гана жеңилдене түшөт!
Кимдер аман калып, кимдер жок кылынат?
16—18. Дүйнө жок кылынганда, кимдер аман калып, кимдер жок болушат?
16 Кудайдын азыркы дүйнөгө чыгарган өкүмдөрү ишке ашырылганда, кимдер аман калып, кимдер жок кылынат? Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, Кудайдын башкаруусун каалагандар аман калышат. Ал эми анын башкаруусуна каршы болгондор куткарылбай, Шайтандын дүйнөсү менен кошо жок кылынат.
17 Накыл сөздөр 2:21, 22-аяттарда: «Жерде адил адамдар [Кудайдын башкаруусуна баш ийгендер] жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар өмүр сүрүшөт. Ыймансыздар [Кудайдын башкаруусуна баш ийбегендер] болсо жер үстүнөн жок кылынышат, жүзү каралар жер үстүнөн тукум курут болушат»,— деп айтылган.
18 Забур 36:10, 11-аяттарда да: «Бир аз убакыт өткөндөн кийин ыймансыз жок болот... Ал эми момундар болсо жерди мураска алышат да, тынч турмушка ыракаттанышат»,— деп белгиленет. Ошондой эле 29-аятта: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүккө жашашат»,— деп айтылган.
19. Кайсы кеңешке өзгөчө көңүл бурушубуз керек?
19 Биз Забур 36:34төгү төмөнкү кеңешке өзгөчө көңүл бурушубуз керек: «Теңирден үмүт кыл, Анын жолунан чыкпа. Ошондо жерди мурастап калышың үчүн, Ал сени сактап жүрөт. Ыймансыздардын кырылып жатканын өз көзүң менен көрөсүң». Ошондой эле 37, 38-аяттарда: «Күнөөсүз адамды байкап жүр, адил адамды карап жүр, анткени андай адамдын келечеги тынчтык. Ал эми мыйзамсыздардын баары кырылат, ыймансыздардын келечеги ойрон болот»,— деп айтылган.
20. Эмне себептен биз жашап жаткан маалды олуттуу дей алабыз?
20 Кудайдын кам көрөрүн жана жакында бардык жамандыкты, кайгы-муңду жок кыларын билүү кандай сонун сооронуч! Айтылган пайгамбарлыктардын аткарылар убагы жакындап калганын аңдоо кандай гана толкундантат!
[20-беттеги сүрөт]
Ыйык Китепте акыркы күндөрдүн «белгисин» түзгөн окуялар алдын ала айтылган.
[22-беттеги сүрөт]
Жакында Армагедондо Кудайдын башкаруусуна баш ийбегендер жок кылынат, ал эми баш ийгендер аман калып, адилеттүү жаңы заманда жашашат.