Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • w99 1/6 23—28-бб.
  • «Адам түрүндөгү белектерди» баалайлы

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • «Адам түрүндөгү белектерди» баалайлы
  • Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • ‘Кубанычыңар үчүн силерге эмгектешпиз’
  • Баарына кубанычта кызмат кылууга жардамдашуу
  • «Тил алчаак, баш ийүүчү болгула»
  • «Аларга артыкча кадырлоо менен мамиле кылгыла»
  • Иегованын койлоруна кам көрүүчү «адам түрүндөгү белектер»
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
  • «Араңарда талыкпай эмгектенип жаткандарды... сыйлагыла»
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2011
  • Аксакалдар — кубанышыбызга өбөлгө түзгөн кызматташтар
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2013
  • Аксакалдар, мындан ары да элчи Пабылдан үлгү ала бергиле
    Күзөт мунарасы Жахабанын Падышалыгын жарыялайт—2022
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—1999
w99 1/6 23—28-бб.

«Адам түрүндөгү белектерди» баалайлы

«Өзүңөрдөгү эмгекчилерди... сыйлагыла. Алардын иши үчүн артыкча сүйүп, аларды кадырлагыла» (1 ФЕССАЛОНИКАЛЫКТАР 5:12, 13).

1. Расул 20:35ке ылайык, берүү кандай кудуретке ээ? Мисал келтиргиле.

«АЛГАНДАН көрө, берүү жакшы» (Расул 20:35). Ыйсанын бул сөздөрүнүн калетсиздигине акыркы жолу качан ынанганыңды эстей аласыңбы? Балким, андай сезимди жакшы көргөн адамыңа белек бергенде туйгандырсың. Ал белектин ошо адам үчүн баалуу болушун каалап, сен аны тандап жүрүп алгансың. Ошол адамдын жүзүндөгү сүйүнүч жүрөгүңдү кандай гана кубанткан! Чын пейилден бир нерсе берүү сүйүү көрсөткөндүк эмеспи, ал эми сүйүү көрсөтүү бакыт алып келерлик кудуретке ээ.

2, 3. а) Эмнеге Иеговадан бактылуу эч ким жок деп айтууга болот жана «адам түрүндөгү белектерди» берүү анын жүрөгүн кандайча кубандырат? б) Иегованын белегине кандай мамиле жасагыбыз келбейт?

2 «Бардык жакшы сыйлык [«белек», ЖД]» Берешен Кудайдан келсе, анда Иеговадан да бактылуу ким бар? (Жакып 1:17; 1 Тимофей 1:11). Ал бардык белектерин сүйүүсүнөн тартуулайт (1 Иоанн 4:8). «Адам түрүндөгү белектерди» да Кудай жыйналышка Ыйса аркылуу сүйүүсү менен берген (Ефесалыктар 4:8). Короону кайтарууга насаатчы агаларды дайындоо менен Кудай өз элине терең сүйүүсүн көрсөтүүдө. Бул эркектер кылдат тандалат: алар Ыйык Китептеги талаптарга жооп бериши керек (1 Тимофей 3:1—7; Тит 1:5—9). Алар короого аяр мамиле жасоо керектигин билишет, себеби ошондо гана койлор мындай мээримдүү кайтаруучулар үчүн ыраазы боло алышат (Расул 20:29; Забур 99:3). Койлорунун жүрөгү мындай ыраазычылыкка толуп турганын көргөндө, арийне, Иегованын да жүрөгү кубанат! (Аңгемелер 27:11).

3 Албетте, биз Кудайдын белегин баалабай коюуну каалабайбыз жана ошол белекке болгон ыраазычылыгыбызды жоготкубуз келбейт. Ошол себептүү эки суроо туулат: насаатчы агалар жыйналыштагы ролуна кандай кароого тийиш? Короодогулар «адам түрүндөгү белектерди» баалашарын кантип көрсөтө алышат?

‘Кубанычыңар үчүн силерге эмгектешпиз’

4, 5. а) Павел жыйналышты эмнеге салыштырган жана эмне үчүн бул — ылайыктуу мисал? б) Бири-бирибизге карата көз карашыбызга жана жасаган мамилелерибизге байланыштуу Павелдин сүрөттөөсү эмнени көрсөтүп турат?

4 «Адам түрүндөгү белектерге» жыйналышта Иегова тарабынан кандайдыр бир өлчөмдөгү бийлик берилген. Албетте, насаатчы агалар өздөрүнүн бийлигин кыянаттык менен колдонууну каалашпайт, бирок жеткилең эместиктин айынан антүү опоңой экенин алар билишет. Анда короого мамиле жасоодо алар өзүлөрү жөнүндө кандай көз карашта болушу керек? Расул Павел колдонгон көрсөтмөлүү мисалга кайрылып көрөлү. «Адам түрүндөгү белектер» эмне себептен берилгенин талкуулаган соң, Павел мындай деп жазган: «Башы болгон Христоско бардык жагынан окшоп өсөлү, ошондон ар кайсы муундун жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене, бардык мүчөлөрдүн өз чени менен аракетине жараша өсүп, өзүн сүйүүдө бекемдейт» (Ефесалыктар 4:15, 16). Ушинтип Павел жыйналышты, анын ичинде насаатчы агаларды жана башка мүчөлөрдү адамдын денеси менен салыштырат. Эмне үчүн бул — ылайыктуу мисал?

5 Адамдын денеси көптөгөн ар башка мүчөлөрдөн турат, бирок башы бирөө эле. Ага карабастан, денеде эч нерсе: же булчуң, же нерв же кан тамыр керексиз болуп саналбайт. Ар бир мүчө асыл жана бүт дененин саламаттыгына, сулуулугуна кандайдыр бир салымын кошот. Ушу сыяктуу, жыйналыш да көптөгөн ар кандай мүчөлөрдөн турат, бирок ар бир мүчө, жаш же кары, бакубат же бейкаруу болсо да, жыйналыштын бүтүндөй рухий саламаттыгына жана сулуулугуна өз салымын кошо алат (1 Коринфтиктер 12:14—26). Эч ким өзүн санда жок адам деп эсептебеши керек. Ошону менен бирге эч ким өзүн башкалардан артык сезбөөгө тийиш, эмне дегенде биз баарыбыз: кайтаруучулар да, койлор да — дененин бөлүгүбүз, ал эми бир баш — Ыйса. Ошентип, Павел биз бири-бирибизге көрсөтүшүбүз керек болгон сүйүүнү, камкордукту жана урмат-сыйды сүрөттөгөн. Муну баамдоо насаатчы агаларга жыйналыштагы өздөрүнүн ролуна момундук, тең салмактуулук менен кароого жардам берет.

6. Расулдук бийликке ээ болсо да, Павел кантип момундук көрсөткөн?

6 «Адам түрүндөгү белектер» ишенимдештеринин жашоосун же ишенимин көзөмөлгө алууга умтулушпайт. Павел расулдук бийликке ээ болгону менен, коринфтиктерге момун түрдө: «Силердин ишенимиңерге биз бийлик кылбайбыз, бирок кубанычыңар үчүн силерге эмгектеш болуп жатабыз; себеби силер ишенимиңер аркылуу бекем турасыңар»,— деген (2 Коринфтиктер 1:24). Павел боордошторунун ишениминин жана жашоо-турмушунун үстүнөн үстөмдүк жүргүзгүсү келген эмес. Чындыгында, ал минтүүнүн кажетин да көргөн эмес, себеп дегенде Павел алардын Иегованын уюмунда туура иш кылууга ынтызар ишенимдүү эркектер жана аялдар экенине ишенген. Ошондуктан Павелдин өзү жана шериги Тимофей жөнүндөгү сөздөрүн мындайча берүүгө болот: ‘Биздин иш — Кудайга кубанычта кызмат кылуу үчүн силер менен эмгектешүү’ (2 Коринфтиктер 1:1). Кандай гана момундук!

7. Жыйналыштагы ролуна байланыштуу момун насаатчы агалар эмнени түшүнүшөт жана эмгектештерине кандай ишеним көрсөтүшөт?

7 Бүгүнкү «адам түрүндөгү белектер» ошондой эле ишти аткарышат. Алар — ‘кубанычыбыз үчүн бизге эмгектеш’. Момун насаатчы агалар башкалардын Кудайга кызмат кылууда канча кыла алышарын аныктабай турганын өздөрү түшүнүшөт. Алар бөлөктөргө кызматын кеңейтүүгө же жакшыртууга күч-кубат беришсе да, Кудайга кызмат кылууга адамга анын өз жүрөгү түрткү бериши керектигин билишет. (Салыштыргыла 2 Коринфтиктер 9:7.) Эмгектештери кубанычтуу жүрүшсө, алардын колдон келгендин баарын кылышарына насаатчы агалар бекем ишенишет. Мына ошондуктан алар бир туугандарына ‘Теңирге кубаныч менен кызмат кылууга’ жардам берүүнү чын жүрөктөн каалашат (Забур 99:2).

Баарына кубанычта кызмат кылууга жардамдашуу

8. Бир туугандарынын Иеговага кубанычта кызмат кылышына насаатчы агалар кандай жолдор менен жардам бере алышат?

8 Насаатчы агалар, бир туугандарыңарга кубаныч менен кызмат кылууга кантип жардам бере аласыңар? Аларга үлгү көрсөтүү менен (1 Пётр 5:3). Кызматта ынталуу жана кубанычтуу болгула, ошондо башкалар силерди тууроого көңүлдөнүшөт. Аларды жан-дилден жасаган аракеттери үчүн мактагыла (Ефесалыктар 4:29). Жылуу жана чын дилден чыккан мактоо башкаларга өздөрүн пайдалуу, керектүү сезүүгө жардам берет. Мактоо койлорду Кудайга болгон кызматта алы жеткендин бардыгын жасоого ынтызар кылат. Ыксыз салыштыруулардан качкыла (Галатиялыктар 6:4). Салыштыруулар башкаларга илгерилөөгө түрткү бербестен, алардын ындынын суутат. Мындан сырткары, Иегованын койлору — бири-биринен шарттары жана жөндөмдөрү менен айырмаланып турган адамдар. Павелге окшоп, бир туугандарыңарга ишеним көрсөткүлө. Сүйүү «бардыгына ишенет», ошондуктан бир туугандарыбыздын Кудайды сүйөрүнө жана ага жаккысы келерине ишенгенибиз дурус (1 Коринфтиктер 13:7). Урматтоо менен силер аларга өздөрүнүн жакшы сапаттарын көрсөтүүгө түрткү бересиңер (Римдиктер 12:10). Койлор кубаттандыруучу, сергитүүчү сөз угушканда, алардын көбү Кудайга кызмат кылууда колдон келгендин баарын кылышат жана ал кызматта кубаныч табышат — буга ишенип койсоңор болот (Матфей 11:28—30).

9. Башка насаатчы агаларга карата кандай көз караш ар бир насаатчы агага кубанычта кызмат кылууга жардам берет?

9 Өзүңөрдү момундук менен «эмгектеш» катары көргөнүңөр силерге кубанычта кызмат кылууга жана башка насаатчы агалардын мыкты шыктарын баалоого жардам берет. Ар бир насаатчы аганын жыйналыштын пайдасына колдонорлук таланттары жана жөндөмдөрү болот (1 Пётр 4:10). Бири окутууга шыктуу. Башкасы жакшы уюштургуч келет. Дагы бири жумшак жана боорукер адам болгондуктан өзүнө тартып турат. Бардык шыктары бирдей төп келишкен насаатчы ага жок. Бирок өзгөчө бир шыкка, мисалы, окутуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон насаатчы ага башкалардан жогору болуп эсептелеби? Түк да! (1 Коринфтиктер 4:7). Экинчи жагынан, башка бир насаатчы ага жөндөмдүүлүгүнөн улам башкалардын мактоосуна арзып жатса, өзүңөрдү жөндөмсүз деп эсептөөнүн же бирөөнүн шыгына көз артуунун кажети жок. Силер өзүңөр Иегова көрүп-билип турган шыктарга ээ экениңерди унутпагыла. Ал силерге ошол жөндөмдөрүңөрдү өстүрүүгө жана аларды боордошторуңардын пайдасына колдонууга жардам кыла алат (Филиппиялыктар 4:13).

«Тил алчаак, баш ийүүчү болгула»

10. «Адам түрүндөгү белектер» үчүн ыраазычылык билдиргенибиз эмне үчүн орундуу?

10 Белек алганыбызда ыраазычылык билдирүү абдан орундуу эмеспи. «Ыраазы болгула»,— деп айтылат Колоссадагылар 3:15те. Анда «адам түрүндөгү белектер», Иегованын бизге берген баалуу тартуулары, туурасында эмне айтууга болот? Албетте, биринчи кезекте биз Берешен Иеговага ыраазыбыз. А «адам түрүндөгү белектергечи»? Биз аларды бааларыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11. а) «Адам түрүндөгү белектерди» бааларыбызды кантип көрсөтө алабыз? б) «Тил алчаак болуу» жана «баш ийүү» деген сөз айкаштарынын маанилери кандай?

11 «Адам түрүндөгү белектерди» бааларыбызды алардын Ыйык Китепке негизделген кеңештерине жана чечимдерине көңүл коюу менен көрсөтө алабыз. Ыйык Китепте мындай кеңеш берилет: «Өзүңөрдүн насаатчыларыңарга баш ийип [«тил алчаак», ЖД], момун [«баш ийген», ЖД] болгула, анткени алар тынымсыз силердин жаныңар үчүн, жооп бергендей болуп, кам көрүп турушат; муну алар кубаныч менен жасасын, эгерде муну кайгырып жасаса, бул силерге пайдасыз болот» (Еврейлер 13:17). Биз жетекчиликти колго алгандарга карата «тил алчаак» эле болбостон, «баш ийген» адамдардан да болушубуз керектигине көңүл бурсаңар. «Баш ийүү» деп берилген грек сөзү түзмө-түз «ийкемдүү болуу» дегенди билдирет. «Тил алчаак болуу» жана «баш ийүү» деген сөз айкаштарына карата Ыйык Китепти изилдөөчү Р. Ленски мындай дейт: «Кимдир бирөө ишти анын тууралыгына жана пайдалуулугуна көзү жеткенде гана аткарууга тил алат; кимдир бирөө... карама-каршы пикири болгондо да ийкемдүү болууга даяр». Жетекчиликти колго алгандардын көрсөтмөсүн түшүнүп, аны туура деп тапканда, көңүлдөнүү менен тил алаттырбыз. Бирок эмне себептен мындай чечим чыгарылганын түшүнбөй жатсакчы?

12. Чыгарылган кайсы бир чечимдин себебин түшүнбөй жатсак да, эмне үчүн баш ийишибиз, атап айтканда, ийкемдүү болушубуз керек?

12 Мына ошондо баш ийгендик, атап айтканда, ийкемдүүлүк зарыл. Эмне себептен? Баарынан мурда, рухий жактан жөндөмдүү бул эркектер биздин кызыкчылыктарыбыз үчүн жан-дилден аракеттенип жатышканына ишенишибиз керек. Өздөрүнө тапшырылган койлор үчүн акыры Иегованын алдында жооп беришерин алар жакшы билишет (Жакып 3:1). Андан тышкары, биз жарыяланбай турган маалыматтарды билбешибиз мүмкүн экенин жана алар чечимди ошол маалыматтардын негизинде чыгарышканын унутпаганыбыз абзел (Аңгемелер 18:13).

13. Насаатчы агалардын чечимине баш ийүүгө бизге эмне жардам берет?

13 Ал эми жыйналыштын укуктук комитетинин чечимдерине баш ийүүгө келгендечи? Албетте, бул оңойго турбастыр, айрыкча эгер жакшы көргөн адамыбыз — тууганыбыз же жакын досубуз — пикирлешүүдөн четтетилип жатса. Мында да «адам түрүндөгү белектердин» чечимине баш ийүү туура. Алар бизге караганда ишти калысыраак карап чыкканга жарамдуу жана иштин чоо-жайын жакшыраак билишет. Бул бир туугандар үчүн ушу сыяктуу чечимдерди кабыл алуу жеңил-желпи иш эмес; «Теңирдин өкүмүн чыгаруу» — олуттуу жоопкерчилик (2 Тарых 19:6). Кайрымдуу болууга бардык аракеттерди жасап, алар Кудайдын «боорукер» экенин эстен чыгарышпайт (Забур 85:5). Аны менен бирге алар чогулушту таза кармоого тийиш, ошондуктан Ыйык Китептин көрсөтмөсү боюнча алар өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү пикирлешүүдөн четтетишет (1 Коринфтиктер 5:11—13). Чыгарылган чечимди көп учурда күнөөкөр өзү да туура көрөт. Мүмкүн, аны акылына келтирүүгө жаза гана жетишпей жаткандыр. Эгерде биз, жазалангандын жакын адамдары, чыгарылган чечимге баш ийсек, анын жазадан сабак алышына көмөктөшкөн болобуз (Еврейлер 12:11).

«Аларга артыкча кадырлоо менен мамиле кылгыла»

14, 15. а) 1 Фессалоникалыктар 5:12, 13-аяттарга ылайык, эмне себептен насаатчы агалар биздин кадырлообузга татыктуу? б) Эмне үчүн насаатчы агалар жөнүндө ‘биздеги оор эмгектенгендер’ деп айтса болот?

14 «Адам түрүндөгү белектер» үчүн ыраазычылыгыбызды аларды кадырлоо менен да көрсөтө алабыз. Фессалоникадагы жыйналышка жазган катында Павел: «Силерден өтүнөрүбүз, боордошторум: өзүңөрдөгү оор эмгектенгендерди, силерди Теңирде жетектегендерди жана силерге насыят берүүчүлөрдү сыйлагыла; алардын иши үчүн сүйүүдө аларга артыкча кадырлоо менен мамиле кылгыла»,— деген (1 Фессалоникалыктар 5:12, 13, БМК). «Оор эмгектенгендер» — бул сөздөр биз үчүн өздөрүн аябаган, берилген насаатчы агаларды сыпаттап турган жокпу? Ушул кадырман агалардын көтөрүп жүргөн оор жүгүнө бир аз токтоло кетели.

15 Алардын көптөрү үйлүү-жайлуу болгондуктан, үй-бүлөнү багуу үчүн иштөөгө тийиш (1 Тимофей 5:8). Насаатчы аганын бала-бакырасы бар болсо, алар атасынын убакыт жана көңүл бөлүшүнө муктаж. Мүмкүн, аларга сабактарын даярдоого жардам берүү керектир, ошондой эле күчүн кайда жумшаарын билбей жаткан өспүрүмдөрү үчүн пайдалуу эс алууга убакыт арноо зарыл (Үгүтчү 3:1, 4). Андан да маанилүү нерсе, дайыма үй-бүлө ичинде ыйык китептик изилдөө өткөрүп, бүлөлөрү менен кабарга чыгып жана жыйналышка бирге барып, ал үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыктарына кам көрөт (5 Муса 6:4—7; Ефесалыктар 6:4). Биздин көбүбүзгө тиешелүү болгон бул жоопкерчиликтерден сырткары, насаатчы агалардын мойнунда жолугушуулардын программасын өткөрүүгө даярдык көрүү, кайтаруучулук барыш жасоо, чогулуштун рухий саламаттыгы үчүн кам көрүү жана керек учурда укуктук маселелерди чечүү сыяктуу башка да милдеттер бар экенин унутпайлы. Айрымдары облустук жана райондук конгресстерге, Падышалык залынын курулушуна, Ооруканалар менен байланышуу боюнча комитеттерге байланыштуу кошумча жоопкерчиликтерди аткарышат. Бул боордоштор чынында эле ‘оор эмгектенишүүдө’!

16. Насаатчы агаларды кадырлоонун жолдорун айтып бергиле.

16 Аларды кантип кадырласак болот? Ыйык китептик бир нускалуу аңгемеде: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — деп айтылат (Аңгемелер 15:23; 25:11). Демек, чын ыкластуу ыраазылык жана кубаттоо сөздөрүбүз алардын оор эмгегин кадимки нерседей кабыл албаарыбызды көрсөтө алат. Аны менен бирге алардан көптү күтүү жарабайт. Бир жагынан, аларга жардам сурап кайрылганыбызда, биз өзүбүздү эркин сезгидей болушубуз керек. Кээде ‘жүрөгүбүз опколжуп, титиреши’ ыктымал, ошондо Кудайдын Сөзүн «үйрөтүүгө шыктуу» (ЖД) агалардын Жазмадан күч-кубат, жетекчилик же кеңеш беришине муктажбыз (Забур 54:4; 1 Тимофей 3:2). Ошол эле учурда муну да эске алышыбыз керек: насаатчы ага бизге көп убакыт бөлө албайт, анткени ал үй-бүлөсүнүн же жыйналыштагы башка бир туугандардын муктаждыктарына көз жумуп коё албайт да. Бул мээнеткеч агаларга «боорукер» болуп, акылга сыйбаган талаптарды коюудан качалы (1 Пётр 3:8). Ашыкча талап коюунун ордуна, алардын бизге аздыр-көптүр убакыт жана көңүл бөлүп атышканына ыраазы бололу (Филиппиялыктар 4:5).

17, 18. Көптөгөн насаатчы агалардын зайыптары кандай курмандыктарга барышууда жана бул ишенимдүү эже-карындаштарды урматтай тургандыгыбызды кантип көрсөтө алабыз?

17 Насаатчы агалардын зайыптарычы? Алар да биздин кадырлашыбызга татыктуу эмеспи? Бул зайыптар өздөрүнүн күйөөлөрүн жыйналыш менен «бөлүшүп» жатышпайбы. Көп учурда бул алардан курмандыктарга барууну талап кылат. Кай бир учурда насаатчы агаларга кечки убакыттарын жыйналыштын иштерине арноого туура келет; а ал убакытты алар үй-бүлөсү менен өткөрсө деле болмок да. Күйөөлөрү Иегованын койлоруна кам көрсүн үчүн, көптөгөн жыйналыштарда Ыйсаны жолдогон ишенимдүү аялдар даярдык менен ошондой курмандыктарга барышууда. (Салыштыргыла 2 Коринфтиктер 12:15.)

18 Бул ишенимдүү эже-карындаштарды урматтай турганыбызды кантип көрсөтө алабыз? Албетте, алардын күйөөлөрүнөн өтө көптү талап кылбоо менен. Ошондой эле, келгиле, ыраазылык билдирүүдөгү жөнөкөй сөздөрдүн күчүн эстен чыгарбайлы. Аңгемелер 16:24тө: «Жагымдуу сөз — тартыла элек бал, жанга ширин жана сөөккө дары»,— деп айтылат. Бир мисал карап көрөлү. Жыйналыш жолугушуусу аяктагандан кийин, никелешкен бир түгөй насаатчы агага келип, аны менен өздөрүнүн өспүрүмү тууралуу сүйлөшүүгө болор бекенин сурашат. Насаатчы ага ал жубайлар менен сүйлөшүп бүткүчө анын аялы сабырдуулук менен күтүп турат. Андан кийин өспүрүмдүн энеси насаатчы аганын аялына жакын келип: «Биздин үй-бүлөгө жардам берүү үчүн күйөөңдүн убакыт бөлгөнүнө сага да ыраазычылыгымды билдирип койгум келет»,— деген. Ошол жөнөкөй, жагымдуу сөздөр насаатчы аганын түгөйүнүн жүрөгүн чындап козгогон.

19. а) Насаатчы агалар жалпы жонунан кандай тапшырмаларды аткарышууда? б) Баарыбыз эмне кылууга даяр болушубуз керек?

19 Иегованын койлоруна кам көрүү үчүн коюлган насаатчы агалар Кудайдын ‘жакшы белектеринин’ (СК) бир түрү болуп саналат (Жакып 1:17). Ооба, алар жеткилең эмес; баарыбызга окшоп, алар да ката кетиришет (3 Падышалык 8:46). Анткен менен, дүйнө жүзүндөгү жыйналыштардагы насаатчы агалар Иегова берген тапшырмаларды жалпысынан ишенимдүү аткарышууда, атап айтканда, койлорду оңдоп, бекемдеп, коргоп, анын биримдигин сакташууда. Анда эмесе, бир туугандарына белек, мындайча айтканда, бата болуп, ар бир насаатчы ага Иегованын койлоруна жакшы кам көрө берсин. Келгиле анда, баарыбыз аларга тил алуу, баш ийүү жана оор эмгеги үчүн аларды кадырлоо менен «адам түрүндөгү белектер» үчүн ыраазылык көрсөтүүгө даяр бололу. ‘Биздин иш — Теңирге кубанычта кызмат кылууга силерге жардам берүү’,— деп Иегованын койлоруна айтып жаткандай көрүнгөн эркектерди мээриминен берген Кудай Таалага кандай гана ыраазы болсок болот!

Кантип жооп бермексиңер?

Эмне үчүн жыйналышты денеге салыштырууга болот?

Насаатчы агалар ишенимдештеринин Иеговага кубаныч менен кызмат кылышына кантип жардам көрсөтө алышат?

Эмне себептен биз жетекчиликти колго алгандарга тил алчаак гана болбостон, баш ийишибиз да керек?

Насаатчы агаларды кандай жолдор менен кадырлай алабыз?

[24-беттеги сүрөт]

Насаатчы агалар башкаларды жан-дилден жасаган аракеттери үчүн макташат.

[25-беттеги сүрөт]

Ынталуу кызматы менен үлгү көрсөтүп, насаатчы агалар үй-бүлө мүчөлөрүнө жана башкаларга кубанычта кызмат кылууга жардам бере алышат.

[26-беттеги сүрөт]

Биз мээнеткеч насаатчы агаларыбызды баалайбыз!

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү