Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • br2 15/3 13—17-бб.
  • Кудайга арналуу жана тандоо эркиндиги

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

  • Кудайга арналуу жана тандоо эркиндиги
  • Күзөт мунарасы—1998 (изилдөө үчүн макалалар 2)
  • Бөлүмчөлөр
  • Окшош материалдар
  • «Израилдин Кудайына» арналуу
  • «Кудайдын Израилинин» арналуусу
  • Кудай берген эркиндикти акылмандык менен пайдалангыла
  • Кимдин кулу болуу керек?
  • Жекече пайда үчүн билим алуу
  • Алар Кудайдын тандалган эли катары төрөлүшкөн
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2006
  • Арналууңарга ылайык жашап жатасыңарбы?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2001
  • Өзүбүздү эмне себептен Жахабага арнашыбыз керек?
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2010
  • Иеговага бекем жүрөк менен кызмат кыла бергиле
    Күзөт мунарасы Жахабынын Падышалыгын жарыялайт—2002
Дагы башкасы
Күзөт мунарасы—1998 (изилдөө үчүн макалалар 2)
br2 15/3 13—17-бб.

Кудайга арналуу жана тандоо эркиндиги

«Христос бизге берген эркиндикте бекем тургула» (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 5:1).

1. «Арналуу» жана «ыйыкталуу» деп которулган еврей жана грек сөздөрү негизинен эмнелерге тиешеси бар?

ЫЙЫК максаттар үчүн бөлүнгөн же обочолотулган деген эмнени билдирерин көрсөтүүгө еврей жана грек сөздөрүнүн бир нечесин Ыйык Китептин жазуучулары колдонушкан. Ал сөздөр Ыйык Китепте «арналуу» же «ыйыкталуу» делип кыргыз тилине которулган. Кээде ал сөздөрдүн имараттарга, негизинен Кудайдын байыркы Иерусалимдеги ийбадатканасына жана анда өткөзүлгөн кызматка тиешеси бар. Ал сөздөр диний эмес чөйрөдө чанда кезигет.

«Израилдин Кудайына» арналуу

2. Эмне себептен Иегова «Израилдин Кудайы» деп аталууга укуктуу болгон?

2 Кудай израиль элин б. з. ч. 1513-жылы Египеттеги кулдуктан куткарган. Андан көп өтпөй Кудай алар менен келишим түзүп, аларды өз эли кылып тандап алган. Кудай израиль элине: «Эгерде силер Менин үнүмө кулак салып, Менин осуятымды кармасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар: анткени бүт жер Меники»,— деп айткан (2 Муса 19:5; Забур 134:4). Израиль элин өзүнүн энчиси кылгандыктан, Иегова өзүн «Израилдин Кудайымын» деп атоого укуктуу болгон (Иса Навин 24:23).

3. Иегованын израиль элин тандап алышы эмне үчүн бет карамалык эмес болгон?

3 Бирок Иегованын израиль элин өз эли кылып тандап алышы бет карамалыкка жаткан эмес: ал израиль эместерге да кам көргөн. Иегова өз элине мындай деген: «Келгин киши көчүп келип, жериңерге отурукташса, аны куугунтукка алып кыспагыла. Көчүп келген келгин адам силер үчүн жергиликтүү адамдай болсун; аны өзүңдү сүйгөндөй сүй; анткени силер да Египет жеринде келгин болчусуңар. Мен Теңириңер, силердин Кудайыңармын» (3 Муса 19:33, 34). Арадан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин Кудай Пётрга өзүнүн көз карашын айкын көрсөткөн, ошондуктан Пётр: «Чынын билдим, Кудайда бет карамалык жок, бирок ар бир элден Кудайдан корккон жана туура иш кылгандары Ага жагымдуу»,— деп айткан (Расул 10:34, 35).

4. Кудай менен изриль элинин ортосундагы өз ара мамилелер кандай талаптарга жооп бериши керек эле жана израилдиктер ошол талаптарды аткарышканбы?

4 Израиль эли Кудайдын айткандарын аткарып жана анын осуятын сактап турса гана, Кудайга арналган, башкача айтканда, анын «энчиси» болгон эл бойдон кала алмак экенине да көңүл бурсаңар. Тилекке каршы, израилдиктер бул талаптарды аткарбай коюшкан. Алар б. з. I кылымында Кудай жиберген Мессияны четке кагуу менен Кудайдын алдындагы өзгөчө абалын жоготушкан. Иегова «Израилдин Кудайы» болуусун токтоткон. Ал эми денелик израиль эли Кудайга арналган эл болбой калган. (Салыштыргыла: Матфей 23:23.)

«Кудайдын Израилинин» арналуусу

5, 6. а) Ыйсанын Матфей 21:42, 43-аяттардагы пайгамбардык сөздөрү эмнени билдирет? б) «Кудайдын Израили» качан жана кантип пайда болгон?

5 Ошондой абал Иеговага арналган эл эми эч качан пайда болбойт дегенди билдиргенби? Жок. Ыйса Машайык, забурчунун айткандарынан цитата келтирип, алдын ала мындай деген: «„Курулушчулар жаратпай койгон таштын өзү бурчтун негизи болуп коюлду: бул — Теңирден, жана биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт“,— деген Жазууну эч качан окуган жок белеңер? Ошондуктан силерге айтам, Кудайдын Падышалыгы силерден алынат да анын жемиштерин берүүчү элге берилет» (Матфей 21:42, 43).

6 «Кудайдын Падышалыгынын жемиштерин берүүчү эл» Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы болуп чыкты. Ал элге Ыйса өзү жерде жүргөндө тандагандар биринчилерден болуп киришкен. Бирок Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынын негизин Иегова Кудай өзү б. з. 33-жылы, Эгин оруп-жыйноо майрамында жыйналыштын 120га жакын алгачкы мүчөлөрүнө өзүнүн ыйык рухун төккөндө, түзгөн (Расул 1:15; 2:14). Расул Пётр кийинчерээк жазгандай эле, ошол жыйналыш негизделери менен «тандалган уруу, падышалыктын ыйык кызматчылары, ыйык эл, таандыкка тандалма [«энчиге алынган», Инжил] ысандар» болгон. Бирок алар эмне максат менен тандалышкан? «Караңгылыктан Өзүнүн укмуш жарыкчылыгына [аларды] Чакыргандын даңктуу ийгиликтерин жарыялоо» үчүн (1 Пётр 2:9). Эми Ыйсанын рух менен майланган жолдоочулары Кудайга арналган эл — «Кудайдын Израили» — болуп калган (Галатиялыктар 6:16).

7. Кудайдын Израилине таандык болгондор эмнеге ээ болушту жана ошондуктан алар эмнеден сактанышы керек?

7 Ыйык элге таандык болгондор «энчиге алынган инсандар» болушса да, бул алар кул болуп калышты дегенди билдирген эмес. Тескерисинче, алардын эркиндиги Кудайга арналган денелик израиль элинин эркиндигине караганда көбүрөөк болгон. Ыйса жаңы элдин болочок өкүлдөрүнө: «Чындыкты билип аласыңар жана чындык силерди эрктүү [«эркин», СК] кылат»,— деп убада берген (Иоанн 8:32). Ыйсанын жолдоочулары Мыйзам келишиминин талаптарынан бошотулушканын Расул Павел көрсөткөн. Галатиядагы ишенимдештерин Павел: «Христос бизге берген эркиндикте бекем тургула жана кулчулуктун эзүүсүнө кайрадан түшпөгүлө»,— деп чакырган (Галатиялыктар 5:1).

8. Ыйсаны жолдоо адамдарга Мусанын мыйзамы тартуулаган эркиндикке караганда кандай мааниде көбүрөөк эркиндик берет?

8 Байыркы изриль элинен айырмаланып, Кудайдын Израили Кудайга арналуу талап кылгандын баарын биздин күндөргө чейин эле кыйшаюусуз аткарып келатышат. Мунун таң каларлык жери деле жок, себеби ошол элдин өкүлдөрү Кудайга баш ийүүгө өз ыктыярлары менен макул болушкан. Израиль уулдары еврей болуп төрөлгөндүктөн эле Кудайга арналып калышкан болсо, ал эми Кудайдын Израилин түзгөндөр өздөрүнүн каалооолору боюнча Кудайга арналышкан. Ушуну менен христианчылык Мусанын мыйзамынан айырмаланган. Мусанын мыйзамына ылайык, еврейлердин баары тандооо укугу жок эле Кудайга арналышкан.

9, 10. а) Кудайга арналууга байланыштуу өзгөрүү боло турганы тууралуу Иеремия эмне деген? б) Эмне үчүн азыр Ыйсанын Кудайга арналган жолдоочуларынын баары эле Кудайдын Израилинин өкүлдөрү эмес деп айтууга болот?

9 Кудайга арналууга байланыштуу өзгөрүүнүн боло турганын Иеремия пайгамбар алдын ала минтип айтып кеткен: «Израилдин үйү жана Иуданын үйү менен жаңы осуятты (келишимди) түзө турган күндөр келатат, дейт Теңир,— алардын аталарын Египет жеринен чыгарыш үчүн колдорунан алган күнү, мен алар менен түзгөн осуяттай бул осуят эмес; алар менен бирдикти бузбай турсам да, алиги Менин осуятымды алар бузуп коюшту, дейт Теңир. Бирок мына, ал күндөрдөн кийин, Израилдин үйү менен мындай жаңы осуятты (келишимди) Мен түзөм, дейт Теңир; Мен мыйзамды алардын ичине салам, алардын жүрөктөрүнө аны жазам жана алардын Кудайы болом, алар Менин элим болот» (Иеремия 31:31—33).

10 Кудайдын Израилине киргендерде Кудайдын мыйзамы «алардын ичинде» болгондуктан же «жүрөктөрүндө жазылгандыктан», алар Кудайга арналганына жараша жашоого түрткү берүүчү ички күчтү туюшат. Алардын ичиндеги ошол күч жекече тандоо жасабастан жана төрөлөрү менен эле Кудайга арналып калган израилдердикинен күчтүүрөөк. Бүгүнкү күндө Кудайдын Израили гана эмес, а алардын дүйнө жүзүндөгү беш миллиондон ашуун ишенимдештери да Кудайдын эркин чын жүрөктөн аткарууну каалашат. Иегова Кудайдын эркин аткаруу үчүн, алар да өз өмүрлөрүн Иеговага арнашат. Бул адамдар Кудайдын Израилинен айырмаланып, асманда жашабай турган болушса да, Кудайдын асмандагы Падышалыгынын башкаруусунун алдында жерде түбөлүк жашай ала тургандыктарына кубанышууда. Алар рухий Израилди тааный тургандыктарын рухий израилдиктердин жерде калган кичинекей тобуна аларга тапшырылган ишти — «караңгылыктан Өзүнүн укмуш жарыкчылыгына [аларды] Чыкыргандын даңктуу ийгиликтерин жарыялоо» ишин — аткарууга жигердүү жардам берүү менен көрсөтүшүүдө.

Кудай берген эркиндикти акылмандык менен пайдалангыла

11. Адамдар жаратылганда эле аларга кандай жөндөмдүүлүк берилген жана аны кантип пайдалануу керек?

11 Кудай адамдарды эркиндикти баалоо жөндөмдүүлүгү менен кошо жараткан. Ал аларга эрк боштондугун берген. Адамзаттын биринчи түгөйү тандоо эркиндигин пайдаланышкан. Бирок алар өздөрүнө да, тукумдарына да азап алып кегендей тандоо жасап, сүйүүнү жана эстүүлүктү көрсөтүшкөн эмес. Адам жана Ово менен болгондун өзү эле Иегованын аң-сезимдүү жандарды өздөрүнүн каалоолоруна жана максаттарына каршы иш жасоого мажбурлабасын көрсөтүп турат. Кудай «чын көңүлү менен бергендерди» жакшы көргөндүктөн, тандоо эркиндигин туура пайдаланып, сүйүүсүнөн улам, өз ыктыяры менен кубанычтуу түрдө ага өзүн арнагандарды гана кабыл алат (2 Коринфтиктер 9:7). Мындан башкача түрдөгү арналууну Кудай колдобойт.

12, 13. Тимофей менен болгон окуя балдарга тарбияны туура берүүгө кандайча жардам берет жана ал көптөгөн жаштарга кандай жардам берди?

12 Иегованын Күбөлөрү муну түшүнгөн соң, Кудайга арналууну туура кадам деп эсептешсе да, кимдир бирөөнү, атүгүл өз балдарын да Кудайга арналууга эч качан мажбурлашпайт. Башка диндерден айырмаланып, Күбөлөр өз балдарын кичинекейинде чөмүлтүшпөйт, себеби өз ыктыяры менен тандоо мүмкүнчүлүктөрүнөн ажыратуу менен балдарды Кудайга арналууга мажбурлоо туура эмес экенин түшүнүшөт. Биз Тимофейдин үлгүсү бонча жүрүп, Ыйык Китепке ылайык келгидей иш кылууга тийишпиз. Бойго жетип, чоң киши болгон Тимофейге расул Павел: «Эмнени үйрөнсөң жана сага эмне ишенип тапшырылса, ошондо кал, кимден үйрөнгөнүңдү сен билесиң; анын үстүнө сен бала чагыңдан бери Ыйык Жазууларды билесиң, Ыйса Христоско ишеним аркылуу куткарылуу үчүн, алар сага акыл үйрөтөт»,— деп айткан (2 Тимофей 3:14, 15).

13 Тимофей бала чагынан эле Ыйык Жазууну окугандыктан, аны жакшы билгенин айтып кетүү керек. Тимофейдин апасы менен тай энеси аны Ыйса окуткан окууларды кабыл алууга мажбурлабастан ынандырышкан (2 Тимофей 1:5). Ошонун натыйжасында Тимофей Ыйсанын жолун жолдоо акылмандык экенин түшүнүп, өз ыктыяры менен Ыйсанын жолдоочусу болгон. Ата-энелери Иегованын Күбөлөрү болгон он миңдеген жаштар бүгүнкү күндө Тимофейдин жолун жолдошууда (Забур 109:3). Бирок антпегендер да бар. Кантишпесин, ар бири чечимди өзү чыгарат.

Кимдин кулу болуу керек?

14. Римдиктер 6:16да толук эркиндик тууралуу эмне деп айтылат?

14 Бир да адам толук эркиндикке ээ эмес. Биздин эркиндигибиз физикалык закондор менен чектелген. Мисалы, жерге тартылуу законун алалы, аны бузуу менен зыянсыз калуу мүмкүн эмес. Ошол сыяктуу эле рухий жактардан да толук эркиндикке ээ адам жок. Павел: «Кулдукка өзүңөрдү кимге тапшырсаңар, ошонун кулу экениңерди силер билбейсиңерби? Кимге багынып жатасыңар, же өлүм үчүн күнөөнүн кулусуңарбы, же адилеттик үчүн баш ийген кулсуңарбы?» — деген жүйөөлүү суроо берген (Римдиктер 6:16).

15. а) Кул болуу дегенге адамдар кандай карашат, бирок алардын көбү чындыгында кандай абалда? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду бергенибиз абзел?

15 Кимдир бирөөнүн кулу болуу деген ой адамдардын көбүнө жагымсыз. Бирок азыркы заманда адамдар миң түркүн таасирлерге, кээде оңой менен көзгө көрүнбөгөн таасирлерге көп учурларда моюн сунушууда, ошентип өздөрү каалашпаса деле кимдир бирөөнө баш ийип жүрүшөт. Мисалы, реклама индустриясы жана көңүл ачуулар дүйнөсү өз нормаларын киргизүү менен өздөрү каалагандай калыпка адамдарды салууга аракеттенип жатат. Саясий жана диний уюмдар көпчүлүк учурларда ынандырарлык эч бир далилдерди келтирбестен эле, тек гана тилектештикке жана берилгендикке чакыруу менен адамдарга өз идеяларын жана максаттарын таңуулашууда. Павел биз кимге баш ийсек ошонун кулу экенибизди жазгандыктан, ар бирибиз: «Мен кимдин кулумун? Менин чечим чыгарышыма жана кантип жашап жатканыма кимдер көбүрөөк таасир этет? Алар дин башчылары, саясий ишкерлер, финансы магнаттары же поп-жылдыздар болуп жүрбөсүн? Мен Кудайга баш ийип жүрөмбү же адамдарга баш ийип жүрөмбү?» — деп өзүбүздөн сураганыбыз абзел.

16. Ыйсанын жолдоочулары кандай мааниде Кудайдын кулдары жана ошондой кулчулукка кандай кароо керек?

16 Кудайга баш ийүүнү Ыйсанын жолдоочулары эркиндиктен ажырагандык деп эсептешпейт. Алар Ыйсанын жолун өз ыктыярлары менен жолдоп, каалоолорун жана тандоолорун Кудайдын эркине дал келтиришүүдө (Иоанн 5:30, 6:38). Алар Ыйсаны Жыйналыштын Башчысы катары кабыл алышып, «Христостун акылына» ээ болушууда (1 Коринфтиктер 2:14—16 «Инжил»; Колоссадагылар 1:15—18). Муну аялдын күйөөгө чыгып, жакшы көргөн күйөөсүнө даярдык менен жардам берүүсүнө окшоштурууга болот. Ыйсанын майланган жолдоочулары жөнүндө Ыйсага колукту кылууга убадаланган таза кыз делип айтылат (2 Коринфтиктер 11:2; Ефесалыктар 5:23, 24; Аян 19:7, 8).

17. Иегованын ар бир Күбөсү кандай чечим чыгарган?

17 Иегованын Күбөлөрүнүн ар бири, асманда жашоого үмүттөнсө да, жерде жашоого үмүттөнсө да, Кудайдын эркин аткаруу үчүн жана ага Башчы катары баш ийүү үчүн арналууга карата чечимин өздөрү чыгарат. Алардын ар бири адамдардын кулу болуп кала берүүнүн ордуна Кудайдын кулу болууну өз керт башы менен чечкен. Күбөлөр апостол Павелдин: «Силер кымбатка сатылып алынгансыңар; адамдарга кул болбогула»,— деген кеңешин аткарышат (1 Коринфтиктер 7:23).

Жекече пайда үчүн билим алуу

18. Адамга чөмүлтүлүүгө качан жол берилет?

18 Иегованын Күбөсү болуш үчүн, адам ыйык китептик талаптарга ылайык келиши керек. Ошондуктан насаатчы агалар: «Күбө болгусу келген адам Кудайга арналуу деген эмнени билдирерин чын эле түшүнөбү? Ал чын эле Иегованын Күбөсү болууну каалайбы? Ал адам Кудайга арналганына жараша жашоого даярбы?» — деген суроолор боюнча текшерүү жүргүзүүнү каалашат. Эгер бул суроолорго оң жооп алынбаса, чөмүлтүлүүгө ал адам даяр эмес болот.

19. Кудайга арналууну жана анын кызматчысы болууну чечкен адамды айыптоого эмне үчүн негиз жок?

19 Ал эми адам бардык талаптарга ылайык келип, Кудайдын эрки жана Анын өзү шыктандырып жаздырган Сөзү менен жетектелип жашоону өз ыктыяры менен тандап алса, анда мындай адамды айыптоого болобу? Кудайга баш ийгенден көрө адамдарга баш ийген артыкпы? Же Кудайга баш ийгендин пайдасы азыраакпы? Иегованын Күбөлөрү андай деп эсептешпейт. Алар Исаия жазган: «Сен бара турган жолдо сени алып бараткан, сени пайдалуу ишке үйрөткөн Мен Теңир [«Иегова», МАК], сенин Кудайың»,— деген Кудайдын сөздөрү калетсиз экенине толук кошулушат (Исаия 48:17).

20. Ыйык Китептеги чындык адамдарды эмнелерден эркин кылыт?

20 Тозок отунда түбөлүк кыйналуу болот деген сыяктуу диний түшүнүктөрдүн таасиринен адамдарды Ыйык Китептеги чындык эркин кылат (Үгүтчү 9:5, 10). Чындык алардын жүрөгүн өлгөн адамдарда Ыйсанын куткаруу кунунун негизинде тирилүүгө болгон чыныгы үмүт бар экенин билүүдөн келген ыраазычылыкка толтурат (Матфей 20:28; Расул 24:15; Римдиктер 6:23). Ыйык Китептеги чындык адамдарды саясатчылардын убадаларына болгон үмүттүн үзүлүшүнөн болуучу көңүл калуулардан алыс кылат. Адамдар Иегованын Падышалыгы асманда башкарып жатканын жана жакында бүт жер жүзүнүн үстүнөн бийлик кыла турганын билишкенде, алардын жүрөктөрү кубанычка бөлөнөт. Күнөөлүү денебизге жагымдуу сезилгени менен, Кудайды жаман атты кылган жана башка адамдар менен болгон мамилелерибиздин бузулушуна алып келген, ооруларга жана мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу сыяктуу олуттуу натыйжаларга алып келүүчү жүрүм-турумдан сактанууга Ыйык Китептеги чындык жардам берет. Адамдарга кул болуудан көрө Кудайга кул болуу канчалык артык экенин көрүүдөбүз. Ооба, Кудайга арналуу жакшылыкты — «бул мезгилде... а келечекте түбөлүк өмүр» алып келүүнү убада кылат (Марк 10:29, 30).

21. Кудайга арналуу Иегованын Күбөлөрү үчүн эмнени билдирет жана алар эмнеге умтулушат?

21 Иегованын азыркы убактагы Күбөлөрү байыркы израиль элинен айырмаланып, төрөлгөнүнөн тартып Кудайга арналган эл эмес. Алар Ыйсанын Кудайга арналган жолдоочуларынын жыйналышынын мүчөлөрү. Алардын ар бири тандоо укугун колдонуп, Кудайга арналуу менен чөлүмтүлгөн Күбө болгон. Өз жашоосун Кудайга арноо Иегованын Күбөлөрү үчүн Кудай менен өз ара жылуу мамиледе болууну жана Ага даярдык менен кызмат кылууну билдирет. Алар ар дайым ушундай кубанычтуу мамиледе болууну жана Ыйса Машайык чакырган эркиндикте түбөлүккө калууну чын дилден каалашат.

Эмне деп жооп берет элеңер?

Кудайдын изриль элин өзүнө «энчи» кылып тандап алышы эмне үчүн бет карамалык эмес?

Кудайга арналуу адамды эркиндиктен ажыратпайт деп эмне үчүн айтууга болот?

Иегова Кудайга арналуу кандай пайдаларды алып келет?

Адамдардын кулу болгондон көрө Иегованын кулу болуу эмне эмне себептен жакшы?

    Кыргызча адабияттар (1997-2025)
    Чыгуу
    Кирүү
    • кыргыз
    • Бөлүшүү
    • Жөндөө
    • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
    • Колдонуу шарттары
    • Купуялуулук саясаты
    • Колдонуу шарттарын жөндөө
    • JW.ORG
    • Кирүү
    Бөлүшүү